Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 13-июлу № 346
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин 1-өзүнчө мобилдүү-куткаруучу
бригадасынын Күжүрмөн туусунун
баяндамасын бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1-өзүнчө мобилдүү-куткаруучу бригадасынын Күжүрмөн туусунун тиркелген баяндамасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1-өзүнчө мобилдүү-куткаруучу бригадасынын Күжүрмөн туусун даярдоо менен байланышкан сарптоолорду Министрликке 2001-жылга бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 346 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1-өзүнчө мобилдүү-куткаруучу бригадасынын Күжүрмөн туусу тик бурчтуу формадагы эки жактуу кездемеден турат. Ал кызыл түстөгү кездемеден үч тарабы сары түстөгү жибек чачы менен жээктелип жасалат. Кездеменин узундугу 1900 мм, эни 1100 мм.
Кездеменин оң жагынан борборуна шооласынын узундугу 250 мм болгон беш жылдыз түшүрүлөт. Жылдыздын астына кыргыз тилинде "Кыргыз Республикасы" деген жазуу жазылат. Символика белгисинин диаметри - 500 мм, тамгалардын бийиктиги - 80 мм, эни - 60 мм. Символика сүрөттөлүшү жана жазуу сары жип менен саймаланат.
Күжүрмөн туунун сабы жыгач, сары түстө, диаметри - 40 мм, узундугу - 2500 мм.
Күжүрмөн туунун учу дат баспас болоттон жасалып, анын ортосуна беш жылдыз түшүрүлгөн. Анын узундугу - 250 мм.
Күжүрмөн туунун боосу учтарында эки чачысы бар сары түстөгү өрүлгөн жибек жиптен жасалат. Боонун узундугу чачысы менен кошо 2500 мм.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 13-июлу № 346
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин 1-өзүнчө мобилдүү-куткаруучу
бригадасынын Күжүрмөн туусунун
баяндамасын бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1-өзүнчө мобилдүү-куткаруучу бригадасынын Күжүрмөн туусунун тиркелген баяндамасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1-өзүнчө мобилдүү-куткаруучу бригадасынын Күжүрмөн туусун даярдоо менен байланышкан сарптоолорду Министрликке 2001-жылга бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 346 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин 1-өзүнчө
мобилдүү-куткаруучу бригадасынын
Күжүрмөн туусунун
БАЯНДАМАСЫ