Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 13-июлу № 348
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик
негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө
2001-жылдын 30-майында Минск шаарында
кол коюлган макулдашууну бекитүү
жана ишке ашыруу
тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына ылайык мамлекеттик ички процедураларды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө 2001-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө 2001-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигине билдирсин.
3. "Кыргыз Республикасында тышкы соода иш-аракеттерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө макулдашууну аткарууга жооптуу орган болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2001-2005-жылдарда эквиваленттик негизде товарларды өз ара берүүлөр жөнүндө макулдашуунун 1-статьясына ылайык оператор дайындоо укугу берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратына тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |