Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2016-жылдын 17-февралы № 2-р
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун конституциялуугун текшерүү жөнүндө Н.Б.Кочкорбаеванын "Фармация" ачык акционердик коомунун кызыкчылыгындагы кайрылуусу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, К.М.Киргизбаев, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында, сот жыйналышынын катчысы С.А.Джолгокпаеванын,
кайрылуучу тараптын өкүлү - ишеним каттын негизинде аракеттенген "Фармация" ачык акционердик коомунун кызыкчылыгын көздөгөн Нуриля Байышевна Кочкорбаеванын;
жоопкер-тараптын өкүлү - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыгын көздөгөн Айгуль Ашырбековна Джорупбекованын;
башка жактар - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Камиль Алияскарович Чоткараевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Жылдыз Сейитбековна Бокошованын катышуусунда
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун конституциялуугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого Н.Б.Кочкорбаеванын "Фармация" ачык акционердик коомунун кызыкчылыгындагы өтүнүчү себеп болду.
Арыздануучу менен конституциялуугу талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы К.М.Киргизбаевдын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 15-сентябрында "Фармация" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Фармация" ААК) өкүлү Н.Б.Кочкорбаеванын Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 199-беренесинин 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна карама-каршы келет жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 1, 2-пункттары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыз ээсинин өтүнүчүнөн келип чыккандай, 1998-жылдын июль айында "Фармация" ААК менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда 396057,64 АКШ доллары, сомдук эквивалентте 11620331 сом суммасына дары-дармек түрүндө товардык насыя берүүгө № 17/02 насыя келишими түзүлгөн. Ошону менен бирге, арыздануучу "Фармация" ААКка сатуу үчүн берилген дары-дармектердин ассортименти базардын конъюнктурасы жана "Фармация" ААКтын пикирин эсепке албай түзүлгөнүн, ал эми дары-дармектерди сатып алуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адистери тарабынан ишке ашырылганын белгилейт. Мунун натыйжасында, арыздануучунун пикири боюнча, "Фармация" ААК аталган дары-дармектерди сата албай калган. Андан сырткары, дарылардын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен, ал эми товар насыясына эсептелген пайыздар карыздын негизги суммасынан жогору болгон.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду (мындан ары - ЭӨМФ) "Фармация" ААКка карата жоопкерден Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Фонддун пайдасына 20802540 сом суммасындагы мөөнөтүнөн кечиктирилген карызды өндүрүп берүү жөнүндө доо арыз менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылган.
Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 14-майындагы аныктамасы менен бул иш "Фармация" ААКтын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине карата № 17/02 насыя келишимин жана 1998-жылдын 16-февралындагы карыз милдеттенмени жараксыз деп таануу жөнүндө доосу боюнча жана "Фармация" ААКтын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине карата 1997-жылдын 6-февралындагы карыздык милдеттенме аткарылды деп таануу жөнүндө доосу боюнча тектеш иштер менен бир өндүрүшкө бириктирилген.
Соттун 2015-жылдын 1-сентябрындагы аныктамасы менен "Фармация" ААКтын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине карата доосу боюнча өндүрүш доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу токтотулган.
Соттун аныктамасында иш боюнча өндүрүштү токтотуунун негизи катары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесине шилтеме келтирилген, ага ылайык укук бузгандыкты сот тартибинде коргоо жөнүндө талаптар доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейин сотко берилиши мүмкүн. Ишкердик иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары), жарандардын, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талаптарын койгон башка жактардын, ошондой эле ишкердик иш-аракеттин объекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктардын бузулгандыгын коргоо боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт.
Ошол эле учурда, Н.Б.Кочкорбаева № 17/02 насыя келишими мыйзамды бузуу менен түзүлгөн деп эсептейт. Негиздеме катары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 179-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасын келтирет, ага ылайык бүтүмгө нотариалдык жактан күбөлүк мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 181-беренесинин 1-пунктуна ылайык, бүтүмдүн нотариаттык формасын сактабоо анын жараксыздыгына алып келет. Мындай бүтүм жокко эсе бүтүм деп, ал эми укугу жараксыз деп табылат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 725-беренесинин 4-пунктуна ылайык, эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу, Н.Б.Кочкорбаева, жокко эсе бүтүм ал түзүлгөн учурдан баштап жараксыз жана ага доонун эскиришинин мөөнөтү жайылтылбайт деп эсептейт.
Бирок, Н.Б.Кочкорбаеванын пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 199-беренесинин 1-пункту, 215-беренесинин 1, 2-пункттары, "Фармация" ААКты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык эч кандай чектөөгө жатпаган соттук коргонуу укугунан ажыратат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин көрсөтүлгөн ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 23-октябрындагы аныктамасы менен, бул өтүнүч Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган. Арыздануучу менен доонун эскиришинин үч жылдык мөөнөтү формасындагы бузулган укукту соттук коргоону убактылуу чектөө маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 199-беренесинин 1-пункту жана 215-беренесинин 1-пунктунун конституциялуугу талашылып жаткан бөлүгүндө, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук позициясынын бар болгондугуна байланыштуу өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.
Сот отурумунда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын тактады жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацын гана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранды. Ушуну менен бирге талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүүнү суранды.
Жоопкер-тараптын өкүлү А.А.Джорупбекова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт. Жоопкер-тараптын өкүлү өзүнүн позициясын негиздөө үчүн төмөнкү жүйөөлөрдү келтирди.
Мыйзам чыгаруучу, адам доонун эскирүү мөөнөтү башталган учурдан баштап үч жылдын ичинде, башкача айтканда, адам өз укугу бузулгандыгы жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон учурдан баштап бузулган укугун коргоо үчүн сотко кайрыла алат деп бекиткен Кыргыз Республикасынын Жарандык мыйзамдары бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана алардын соттук корголуусун камсыз кылуу зарылдыгына негизделген. Доонун эскириши жарандык карым-катнаштардын катышуучуларынын өз укуктарын убагында жүзөгө ашыруу жана аларды коргоого багытталган ишмердүүлүгүнө өбөлгө түзөт. Демек, доонун эскириши жарандык карым-катнаштардын туруктуулугуна шарт түзөт жана укукту кыянаттык менен пайдаланууну жокко чыгарат, ошондой эле укук мамилелеринин катышуучуларына тартипке көндүрүүчү таасир көрсөтөт.
Соттук тажрыйба, тараптар өзүлөрүнүн сотко кайрылуу укугун кыянаттык менен пайдаланып ишти көптөгөн жылдарга коюп жүрө берээрин күбөлөндүрүп турат, бул бардыгы үчүн тең укуктар, эркиндиктер жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылууга чакырылган сот адилеттиги жөнүндө жарандардын түшүнүктөрүнө терс таасирин тийгизет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Ж.С.Бокошова Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацы Конституциянын 20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-берененин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси менен доонун эскиришинин жалпы мөөнөтү бекитилген, ал адам өз укугунун бузулгандыгын билген же билүүгө тийиш болгондон күндөн баштап эсептелет. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу талаш-тартыштарды чечүү жарандардын, ошондой эле юридикалык жактардын тартиптүүлүгүн жогорулатуу максатында талаш-тартыштарды жана кызыкчылыктарды коргоо үчүн конкреттүү убакыт чектерин орноткон. Доонун эскирүү мөөнөтү далилдер сакталып турган, эл эми күбөлөр калыс көрсөтмөлөрдү бере алган убакытта ишти чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ушуну менен бирге, бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги жөнүндө конституциялык принцип сакталышы керек, ошондуктан ал Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацынын конституциялуулугу тууралуу баа берүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароосуна калтырат.
Ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү К.А.Чоткараев талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт жана кайрылуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын ойлорун угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү тыянактарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацы эсептелет:
"215-статья. Доонун эскиришин колдонуу
2. Ишкердик иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары), жарандардын, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талаптарын койгон башка жактардын, ошондой эле ишкердик иш-аракеттин объекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктардын бузулгандыгын коргоо боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Эгерде сотко көрсөтүлгөн талаптар боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе, сот мындай бузулган укуктарды коргоо боюнча талаптарды кароого кабыл алуудан баш тартууга милдеттүү".
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысынын 1996-жылдын № 6, 80-б. жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген соттук коргоону укугу эч чектелүүгө тийиш эмес (20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту). Ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет (40-берененин 1-бөлүгү).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көрсөтүлгөн ченемдери "Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө" Эл аралык пактынын жоболору менен макулдашылган, алар менен адамдын ар бир укугу жана милдеттери жөнүндө талаш келип чыккан учурда кыска мөөнөттүн ичинде мыйзамдуулуктун негизинде түзүлгөн акыйкат жана көз карандысыз сот тарабынан иштин ачык жана акыйкаттуу каралышына болгон укугуна кепилдик бекитилет.
Соттук коргонуу укугу кызыкдар келип чыккан укуктук талаш-тартышты жөнгө сала албаган же юридикалык маанилүү кырдаалды соттук эмес тартипте тастыктай албаган учурлар ишке ашырылат. Ушуга байланыштуу, кызыкдар тарап, өзүнүн укуктарын коргоо үчүн жана мыйзамда бекитилген учурларда башкалардын да, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу менен соттон укуктук жардамды жана коргоону талап кылат.
Жарандык иш сот тарабынан маңызы боюнча чечим чыгаруу аркылуу каралат, аны менен кызыкдар тараптардын ортосундагы тиешелүү мамилелер ирээтке салынат, анын натыйжасында сот тарабынан бекитилген укуктар, милдеттер жана укуктук мамилелер акыркы, кол тийбес жана талашсыз болуп калат. Бул чечимдин мыйзамдуу күчүнө кирүүсүнүн натыйжасында жетилет.
Аны менен бирге, жарандык карым-катнаштардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында жогоруда аталган соттук коргонуу укугун ишке ашыруу бөгөт коюучу мөөнөттөр менен чектелип турууга тийиш. Ушуга байланыштуу, аталган укукту ишке ашырууга байланышкан доонун эскирүү институту коомдук мамилелерди жөнгө салууда өзгөчө ролду ойнойт.
Бул институт өзүнүн укуктук табигаты боюнча өзгөчө мааниге ээ, анын негизги милдети болуп жарандык карым-катнаштардын жарандык-укуктук келишимдердин туруктуулугун, граждандык укук мамилелердин катышуучуларынын укуктарынын өз убагында корголушун камсыз кылуу саналат. Доонун эскириши жарандык карым-катнаштардын катышуучуларын тартипке салууга, жарандык укук мамилелеринин катышуучуларын субъективдүү коргоо укугун натыйжалуу ишке ашырууга шарт түзүүгө багытталган.
Доонун эскириши мыйзамдардын негизги институттарынын бири болуп эсептелинет, анткени соттук тартипте бузулган субъективдүү укукту коргоонун убакыттык чектерин аныктап турат. Доонун эскиришинин маанилүү көрүнүшү болуп, анын жарандык укук мамилелеринин укуктук аныктыгына жана туруктуулугуна шарт түзүүсү эсептелет, анткени бузулган укукту мажбурлап коргоону чектей турган мөөнөтсүз, укук ээси өз укугун бузуучуну соттук таасир көрсөтүү коркунучу алдында каалаганындай узак кармоо мүмкүндүгүн алмак. Сотко кайрылууну өтө узакка созуу далилдердин жок болуп кетүү коркунучун туудурмак, ошону менен жарандык иштерди өз убагында чечүү кыйынчылык жаратып же такыр мүмкүн эмес болмок.
3. Өз кезегинде, бузулган укукту коргоо үчүн сотко кайрылууга байланышкан, доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү маселеси маанилүү болуп саналат. Укук колдонуу тажрыйбасында жарандык укук мамилелеринин ак ниеттүү субъектилери үчүн олуттуу кыйынчылыктарды доонун эскиришинин мөөнөттөрүн калыбына келтирүү маселелерин жөнгө салган укук ченемдерин колдонуу, ошондой эле доонун эскиришинин укук колдонуу маселелери үчүн маанилүү башка суроолор кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Ошентип, укук колдонуу тажрыйбасында, кызыкдар тарап укуктун бузулуу фактысы жөнүндө билбей жана ал факты жөнүндө билүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү жок, доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу өз укуктарына соттук коргоонун натыйжалуу механизмдерин колдоно албай калган учурлар кездешет. Бул, жарандык мыйзамдардын айрым ченемдеринде тиешелүү адамдар үчүн доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу менен шартталат. Демек, муну өтүп кеткен доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүгө тоскоолдук кылган мыйзамдык чектөө катары кароого болот.
Ошону менен бирге, мындай чектөө болуп Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацынын талашылып жаткан жобосу саналат, ал юридикалык жактар менен ишкерлер, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талаптарын койгон башка жактардын, жана ишкердик иш-аракеттин объекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктардын бузулгандыгын коргоо боюнча доонун эскиришинин мөөнөтүн калыбына келтирүүгө тыюу салат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин талашылып жаткан ченеминде камтылган жарандык мыйзамдарда доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укугу жок адамдардын тизмеси жарандык карым-катнаштардын бардык ак ниеттүү катышуучуларын коргоого мүмкүндүк бербейт деп белгилейт.
Жарандык укук мамилелеринин катышуучуларына мындай тандалма мамиле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболоруна карама-каршы келет, ага ылайык Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболоруна каршы келет, аларга ылайык Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жоболоруна ылайык жарандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкандардын теңдигин, эркинин автономиялуугун жана мүлктүк өз алдынчалыгын таанууга, менчиктин кол тийгистигине, келишимдин эркиндигине, жеке иштерге кимдир-бирөөнүн зомбулук менен кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, жарандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун зарылдыгына, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону камсыз кылууга негизделет (2-берененин 1-пункту).
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацынын ченемдик жобосу граждандык карым-катнаштардын катышуучуларынын теңдигин таанууну, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу, аларды соттук коргоо принциптерин тиешелүү түрдө ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, сотко кайрылууга доонун өтүп кеткен эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, соттук коргонуу укугунун чектелиши болуп саналат деп белгилейт. Талашылып жаткан ченемге ылайык аталган мөөнөттүн аякташы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацында саналып өткөн субъекттер үчүн бузулган укугун коргоо үчүн өз убагында сотко кайрылуу мүмкүн болбогондугун күбөлөндүрүүчү жагдайлар бар болсо да өзүлөрүнүн бузулган укуктарын коргоо мүмкүн эместигин түшүндүрөт.
Сотко арыз менен кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча негизги суроо, соттук коргонуу укугун мындай чектөө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келүүсүндө камтылат.
Ушуга байланыштуу, укуктун аталган субъекттерин, доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү укугунан, аны өткөрүп жиберүүнүн себебине карабастан толук жана сөзсүз ажыратуу негизсиз болуп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргонуу укугун чектейт (20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту, 40-берененин 1-бөлүгү) деп белгилей кетүү керек.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацында саналып өткөн адамдардын категориясы үчүн сотко кайрылуу укугун жүйөөлүү себептер боюнча калыбына келтирүү мүмкүн эместигин эске алып, аталган абзацтын доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүгө тыюу салууну жөнгө салган ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, мыйзам чыгаруучуга Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацында каралган субъекттерге белгилүү жагдайларда өтүп кеткен доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктук мүмкүнчүлүк берген жана аларды бул жагынан жарандык укук мамилелеринин башка калган катышуучулары менен теңдеген тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ушул чечимдин жүйөлөөчү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө милдеттендирилсин.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы