Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 19-июлу № 364
Мамлекеттик асыл тукумдук жана үрөнчүлүк
чарбалардын абалын оңдоо боюнча
кечиктирилгис чаралар
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 28-майындагы № 344 токтомунун,
2002-жылдын 19-декабрындагы № 860 токтомунун,
2004-жылдын 27-сентябрындагы № 721 токтомунун
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийинки жылдарда дыйканчылыкта да, ошондой эле мал чарба тармагында да айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүш тенденциясы байкалганын белгилейт. Жерлерди пайдалануу бир топ жакшырды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулады, малдын саны жана продуктулуулугу көбөйүп жатат.
Ошону менен бирге эле айыл чарбасындагы абал дагы эле татаал бойдон калууда, ал кобунче товардык фермер чарбаларды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү үрөндөрү жана продуктулуулугу жогорку ремонттук төл менен камсыздоого багытталган мамлекеттик асыл тукумдук жана үрөнчүлүк чарбалардагы иштин канааттанарлык эместиги менен түшүндүрүлөт.
Үрөнчүлүк чарбалардын жана мамлекеттик асыл тукумдук заводдордун республиканын айыл чарбасын көтөрүүдөгү маанилүү ролун эске алып жана алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, ошондой эле товардык фермер чарбаларды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кайтарымдуулугу жогору үрөндөрү жана мал чарбасын кайтарымдуулук потенциалы жогорку генетикалык материал менен камсыздоо боюнча нормалдуу иштешине шарттарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик асыл тукум, үрөнчүлүк, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбалар:
- чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик жер пайдалануучулар болуп эсептелээри;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алып коюуга жана бөлүштүрүүгө тийиш болбогон Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан аларга берилген жердин 1/4 бөлүгүндө иштей тургандыгы;
- пайдаланууга берилген жер участоктору үчүн жер салыгын гана төлөй тургандыгы белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-сентябрындагы № 721 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство белгиленген тартипте мамлекеттик асыл тукум, үрөнчүлүк, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбаларга пайдаланууга берилген жер участокторуна мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу жөнүндө укук ырастоочу документтерди тариздесин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-сентябрындагы № 721 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аймагында мамлекеттик асыл тукумдук жана үрөнчүлүк чарбалар жайгашкан айыл өкмөттөрү Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун айдоо жерлерин аларга селекция, үрөнчүлүк жана асыл тукумдук иштер боюнча мамлекеттик программаны аткарууну камсыздоочу көлөмдө № 1 тиркемеге ылайык биринчи кезекте, жеңилдетилген шартта узак мөөнөттүү ижара келишимдерин түзүү менен бөлүп берүүнү караштырышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги мамлекеттик асыл тукумдук жана үрөнчүлүк чарбалар 1992-1997-жылдарда алышкан бюджеттик ссудалар боюнча:
- негизги карызды төлөөнү 2003-жылдын үчүнчү кварталынан баштоо менен жоюу мөөнөтү 2005-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын;
- узартуу үчүн карыз каражаттар боюнча бересенин суммасынын калдыгы 2001-жылдын 1-январына карата аныкталары, ал эми карыз каражаттарды пайдалалгандык үчүн проценттерди эсептоо жоюлган сумманы № 2 тиркемеге ылайык минустоо менен, кредиттик келишимде карыз каражаттарды төлөөлүн графигинде белгиленген мөөнөт үчүн жүргүзүлөөрү белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-декабрындагы № 860 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттик асыл тукумдук жана үрөнчүлүк чарбалардын камсыздандыруу взностору боюнча береселерди жоюу мөөнөтүн № 3 тиркемеге ылайык кийинкиге жылдыруу (бөлүштүрүү) маселесин карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" акционердик коомдору төмөнкү маселелерди аныкталган тартипте карашсын, алар:
- мамлекеттик асыл тукумдук жана үрөнчүлүк чарбалардын электр энергиясы жана сууну пайдалангандык үчүн төлөнбөгөн карыздарды төлөө мөөнөттөрүн 5 жылга узартуу жөнүндө;
- мамлекеттик асыл тукумдук жана үрөнчүлүк чарбаларга продукцияны сатуудан каражаттардын түшүү мөөнөтүн жана өндүрүлчү продукциянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чарбалардан электр энергиясын пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү алуунун тартибин макулдашылган графикке ылайык белгилөө мүмкүндүгү жөнүндө.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 28-майындагы № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд мамлекеттик асыл тукумдук жана үрөнчүлүк чарбалар менен карыздын калдыгынын суммасына кредиттик келишимдерди № 2 тиркемеге ылайык, төмөнкүдөй шарттарда болгон өтүмдүү мүлкүн, аныкталган тартипте кайрадан тариздесин:
- бюджеттик ссудалар боюнча ссудаларды пайдалангандык үчүн - төлөм мөөнөтү жылдырылганда процент эсептебестен - жылдык 10 процент;
- чет өлкөлүк кредиттер боюнча - айылдык товар өндүрүүчүлөр менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдердин шартына ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-декабрындагы № 860 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" акционердик коомдоруна ушул токтомду аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жыйынтыгы боюнча жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат беришсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 28-майындагы № 344 токтомунун, 2004-жылдын 27-сентябрындагы № 721 токтомунун редакцияларына ылайык)
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплексин жана жаратылышты пайдаланууну өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |