Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 27-июлу № 379
2001-жылдын 16-мартында Москва шаарында кол коюлган
метеорологиялык жана башка геофизикалык
процесстерге активдүү таасир берүү
жаатындагы кызматташтык жөнүндө
макулдашууну бекитүү
тууралуу
2001-жылдын 16-мартында Москва шаарында кол коюлган метеорологиялык жана башка геофизикалык процесстерге активдүү таасир берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 9-статьясына ылайык мамлекеттик ички процедураларды аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2001-жылдын 16-мартында Москва шаарында кол коюлган метеорологиялык жана башка геофизикалык процесстерге активдүү таасир берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө тиркелген Макулдашуу бекитилсин.
2. Бул Макулдашуудан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын 10-январга карата Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратына ушул Макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин;
- бул Макулдашуунун аткарылышын контролдосун.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | К.Бакиев |