Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 3-августу № 408
"Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик көркөм
сүрөт колледжин Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт
академиясына өзгөртүп түзүү жөнүндө" 1995-жылдын
8-ноябрындагы Указын ишке ашыруу тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1996-жылдын 29-февралындагы
№ 86 токтомуна өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясынын кызматкерлеринин иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана материалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик көркөм сүрөт колледжин Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясына өзгөртүп түзүү жөнүндө" 1995-жылдын 8-ноябрындагы Указын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1996-жылдын 29-февралындагы № 86 токтомунун 3-пунктундагы "1,5" коэффициенти "1,8" коэффициентине алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн максаттарга кошумча каражат издеп тапсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |