Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 21-августу № 472
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан
мамлекеттердин Мамлекеттер аралык радионавигациялык
программасы жөнүндө 2001-жылдын 16-мартында
Москва шаарында кол коюлган
Чечимди бекитүү
тууралуу
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекеттер аралык радионавигациялык программасы жөнүндө 2001-жылдын 16-мартында Москва шаарында кол коюлган Чечиминин 2-пунктуна ылайык мамлекет ичиндеги процедураларды аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекеттер аралык радионавигациялык программасы жөнүндө 2001-жылдын 16-мартында Москва шаарында кол коюлган Чечими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда аталган Мамлекеттер аралык радионавигациялык программаны ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы ушул Чечимдин күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткарганы жөнүндө билдирсин;
- бул Чечимдин ишке аткарылышын көзөмөлдөсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | К.Бакиев |