Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 16-ноябрындагы № 779 токтомуна
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 27-августу № 492
Киев көчөсү 96, "Б" корпусунун имаратында
мамлекеттик башкаруу органдарын
жайгаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 4-февралындагы № 58 буйругуна ылайык мамлекеттик башкаруу органдары ээлеген мамлекеттик фондунун административдик имараттарын ирээтке келтирүү жана натыйжалуу колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик коому белгиленген тартипте:
- Бишкек шаары, Киев көчөсү 96, "Б" корпус дареги боюнча жайгашкан имараттын үчүнчү кабатын кызмат бөлмөлөрүндөгү № 301-302 кабинеттерди Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаал министрлигинин Мамлекеттик экология көзөмөлү жана жаратылышты колдонуу боюнча департаментине бекитип берсин.
- Бишкек шаары, Киев көчөсү 96, "Б" корпус дарегиндеги имаратында төмөндөгүлөр жайгаштырылсын:
№ 321, 322 кабинеттерде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоо боюнча технология борбору;
№ 323, 324 кабинеттерде Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүү боюнча Улуттук борбору.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети административдик имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрге өзгөртүү киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетине ташпырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |