Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2016-жылдын 21-сентябры N 4-р
жаран Т.И.Иманкуловдун кайрылуусуна байланыштуу "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн, 10, 30, 31-беренелеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,
судьялар - К.Абдиев, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы - М.Ж.Азарованын катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап - Тимур Иманкулович Иманкулов жана анын ишеним катынын негизинде аракеттенген өкүлү Токтайым Джумаковна Уметалиеванын,
жоопкер тараптын өкүлдөрү - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыгын ишеним каттын негизинде көздөгөн Света Садыковна Болджурованын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним катынын негизинде аракеттенген өкүлү Айгерим Иманбековна Жумалиеванын,
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын ишеним катынын негизинде аракеттенген өкүлдөрү Нурлан Мокушевич Байбосуновдун, Талант Сейитмуратович Калыковдун, жарандык укук жаатындагы адис - Азамат Рахимбердиевич Салиевдин катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9 жана 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн, 10, 30, 31-беренелеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш ачык соттук отурумда каралып чыкты.
Жаран Т.И.Иманкуловдун өтүнүчү ишти кароого себеп болду.
Арыздануучу тараптан конституциялуугу талашылып жаткан "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга дайындаган судья-баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын, тараптардын жана башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
2016-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына жаран Т.И.Иманкуловдун "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин, 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2- пунктун, 5-беренесинин 1-4-бөлүктөрүн, 6, 7, 10, 11, 12, 13, 20, 21, 28, 30, 31-беренелерин конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласына, 1-беренесинин 1-бөлүгүнө, 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 6-беренесинин 1, 2, 5-бөлүктөрүнө, 12-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 13-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16, 17-беренелерине, 20- беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө, 25-беренесинин 1-бөлүгүнө, 26-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35, 39-беренелерине, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 42, 55-беренелерине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген кайрылуудан келип чыккандай, арыздануучунун пикири боюнча Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилик аманатын камсыздандыруу боюнча жалпыга тиешелүү милдетти орнотуу менен (административдик-укуктук чара көрүү коркунучу бар жана бул милдеттенме аткарылбаган учурда автотранспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынган учурда да) менчик ээлеринин өз мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана колдонуу, анын ичинде ишкерчилик жана мыйзамда тыюу салынбаган башка экономикалык ишмерлик боюнча да укуктарды чектеп келет, ал эми мындай чектөө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгарган же кемсинткен мыйзамдарды чыгаруу мүмкүн эмес деген конституциялык принципти бузуу болуп саналат дейт.
Т.И.Иманкулов бул Мыйзамды кабыл алууга негиздер жок болуучу, анткени кооптуулуктун артыкча булагы катары автотранспорт каражаты тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаштар кошумча Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин зыяндын ордун толтуруу жөнүндө жалпы ченемдери (1007, 1011-беренелери) менен жөнгө салынат. Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдерине ылайык келбейт, асыресе, келишимдин эркиндигин орноткон 382-беренесине жана жеке камсыздандыруунун өз ыктыярдуулук принцибин даңазалаган 926-беренесине ылайык келбейт.
Арыздануучунун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жоопкерчилик жагында камсыздандыруу боюнча милдеттенмесин аткарбаган автотранспорт каражаттарынын ээлерине тыюу салуу жана аталган унаа каражаттарын каттоого тыюу салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренесинин 1-бөлүгүндө кепилдикке алынган ар бир адамдын эркин жүрүүгө, убактылуу турган жана жашай турган жерин тандоо укугун бузуу болуп саналат.
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында өз мүлкүнө ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана колдонууга белгиленген ченемдеринде автотранспорт каражатына ээ болуу укугу пайда болгон учурдан тарта 5 жумушчу күн ичинде (менчикке алганда, анын ичинде автотранспорт каражатын ишеним каттын негизинде сатуу укугу менен алганда же башка мыйзамдуу негиздерде оперативдик башкарууга алган учурларда) жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча милдеттердин таңууланышында жана белгиленген Мыйзамга (10-берененин 2-бөлүгүнө) ылайык жарандык- укуктук жоопкерчиликти камсыздандырууну андан ары дайыма камсыз кылып турууда конституциялык укуктун бузулушу байкалып турат.
Арыздануучу аталган Мыйзамдын 1-беренесинин 12-пунктунда, 19-беренесинин 4-бөлүгүндө, 21-беренесинин 2-бөлүгүндө так камсыздандыруу суммаларын бекитүү автотранспорт каражаттарынын ээлери камсыздандыруу учуруна туш келгенде аларга зыяндын ордун толугу менен толтурууга аталган Мыйзамдын беренелери кепил болуп бере албайт жана мыйзам чыгаруучунун камсыздандыруу тарифтерин белгилөө ыйгарым укуктарын Өкмөткө (21-берененин 1-бөлүгү) өткөрүп бергени камсыздандыруу тарифтеринин экономикалык жактан негизсиз өлчөмдөрүнө алып келди, ал натыйжада автотранспорт каражаттарынын ээлеринин - жарандардын абалын начарлатып жиберди дейт. Аталган жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет, ага ылайык адамдын жоопкерчилигин белгилеген же оорлоткон мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган иш-аракети үчүн эч ким жоопкерчилик тартпашы керек. Эгер укук бузуу жасалгандан кийин, ал укук бузуу үчүн жоопкерчилик жоюлган же жумшартылган болсо, анда жаңы мыйзам колдонулат.
Кайрылуунун субъекти "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ар бир автотранспорт жарандык жоопкерчилик боюнча камсыздандыруу боюнча милдеттенме алууну белгилейт, ал эми менчик ээсине ошол эле учурда бир нече автотранспорт каражатын пайдаланууга жол бербей жаткандыгында да жогоруда аталган Мыйзамдын конституциялуу эмес жери бар дейт.
Арыздануучу, мыйзам чыгаруучу милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарын аныктоо критерийлерин бекитпей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына таштаганы, келишимдин көлөмүн жана мазмунун ой келди түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн берген, ал эми бул жагдай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актында жарандын укуктары менен эркиндиктерине чек коюлуу менен чагылдырылып, бул жагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектеген мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын тыюу салган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына карама-каршы келет деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигинин милдеттүү камсыздандыруу келишимин өзү билип аныктоосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 39-беренесине, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет.
Т.И.Иманкуловдун пикири боюнча, "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда автотранспортту камсыздандыруучулар үчүн базарда артыкча шарт түзүп берүүсү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет, анткени мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө гана кызмат кылбастан, бүткүл коомго кызмат кылышы керек дейт.
Арыздануучу, кошумча түйшүктү жана укуктар менен эркиндиктерге чектөө белгилеген талашылып жаткан Мыйзам жабыр тарткандын абалын жеңилдетпейт жана колдонуудагы жарандык мыйзамдарга салыштырмалуу коюлган максатка жетишүүнү жеңилдетпейт, бул жагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө карама- каршы келет, ага ылайык жаңы милдеттенмелерди же кош жоопкерчиликти белгилеген мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын өткөн мезгилге карата күчү жок деп белгилейт. Менчик ээсинин укуктарынын көрсөтүлгөн түйшүктөрү жана чектөөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган максаттарга толук деңгээлде жооп бербейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-бөлүгүндө мыйзам чыгаруучу кепилдикке алган укуктар менен эркиндиктерди кемсинтүүгө болгон тыюу салууну бузуп турат.
Т.И.Иманкулов белгилегендей, талашылып жаткан Мыйзамдын ченемдеринде Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмеси туурасында да укуктук так эместик бар, асыресе, 7-беренеде, 8-берененин 2-бөлүгүндө, 17-берененин 1 жана 7-пункттарында көрүнүп турат. Арыздануучунун айтымында, талашылып жаткан Мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынуучу ченемдик-укуктук актыларда милдеттүү камсыздандыруу иши менен алектенүүгө лицензия алуу шарты катары Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесинде милдеттүү мүчөлүк талабы пайда болуп калат. Ал эми мындай талап адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери, баардыгынын мыйзам алдында теңдиги, жарандардын жана коомдук бирикмелердин ыктыярдуу жана эркин биригүүсү маселесинин тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 35-беренесине карама-каршы келип калат.
Андан тышкары, арыздануучунун кыялында автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу концепциясы Конституциянын негизине - күнөөсүздүк презумпциясына карама-каршы келет дейт. Андан тышкары, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу менчик укугун (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгү), келишимдин эркиндигин (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 383-беренеси), ишкерчилик жана башка экономикалык ишмерлик эркиндигин (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренеси, 13-беренесинин 3-бөлүгү, 42-беренеси) чектөө болуп саналат.
Баяндалганды негизинде кайрылуучу тарап "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын көрсөтүлгөн ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну сурайт.
2016-жылдын 27-апрелиндеги судьялар коллегиясынын аныктамасы менен бул өтүнүч "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык- укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, 10, 30, 31-беренелерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 2-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө сот өндүрүшүнө кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын талашылып жаткан 2-беренесинин, 5-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 6, 7, 11, 12, 13, 20, 21, 28-беренелеринин ченемдеринин конституциялуу эместигинин тийиштүү укуктук негиздемеси болбогондуктан, судьялар коллегиясы тарабынан кайрылуунун бул бөлүгүн өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.
Соттук отурумда кайрылуучу тарап жана анын өкүлү өз талаптарын колдоп, аларды канагаттандырууну сурашты.
Жоопкер тараптын өкүлдөрү С.С.Болджурова жана А.И.Жумалиева кайрылуучу тараптын жүйөөлөрү менен макул болгон жок жана "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келбейт деп эсептешет.
Ошентип, С.С.Болджурованын айтымында, мыйзам чыгаруучу зыян келиши мүмкүн болгон жактын пайдасына жарандык жоопкерчилик аманатын автотранспорт каражаттарынын ээлерине камсыздандыруу милдетин киргизүү менен зыян келтирген жактын материалдык абалына карабастан баардык учурларда жабыр тарткан жакка келтирген зыяндын ордун толтурууну мыйзамдар белгилеген чектерде камсыз кылат, бул Кыргыз Республикасы тарабынан социалдык укуктук мамлекет катары иш- милдеттеринин бири, ушуну менен ал адамдын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылган шарттарды жаратууга багытталган, мындай багыттагы иш-милдеттер болбосо жабыр тарткандардын укуктарын коргоо механизмин толук деңгээлде камсыз кылуу кыйын болот эле, анткени замандын ыргагына жараша автотранспорт каражаттарынын сандык жана сапаттык өнүгүүсү алардын коомдук кооптуулугун арттырып келатат.
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу процессинде пайда болуучу укуктук жөнгө салуу мамилелеринин багытын аныктоо учурунда теңдиктин конституциялык принцибине жана анын тыгыз байланышта болгон адилеттүүлүктүн конституциялык принцибине карай жабыр тарткандардын укуктарын коргоонун атайын укуктук кепилдиктерин кароо керек, алар автонуу каражаттар ээлеринин жарандык жоопкерчиликтин камсыздандыруунун укуктук табиятына жана максаттарына, ошондой эле тийиштүү укуктук мамилелердин мүнөзүнө ылайык болуусу керек.
Демек, "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жарандык жоопкерчилик аманатын милдеттүү камсыздоо институтун киргизүү жана анын баардык автотранспорт каражаттарынын ээлеринин ар бир автотранспорт каражатына жайылтуу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө автотранспорт каражаттарынын ээлерине өзүнүн жарандык жоопкерчилик аманатын милдеттүү камсыздандыруу жана мындай милдеттенмени аткарбаган автотранспорт каражаттарынын ээлерине Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражатын пайдалануу мүмкүн эместиги Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт.
Менчик укугунун мазмунун иреттеп, менчикке ээлик кылууга байланыштуу кошумча милдеттер менен түйшүктөрдү жүктөө аркылуу башка жактардын саламаттыгын, укуктар менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылып, мыйзам чыгаруучу тарабынан менчик ээлеринин пайдалануусундагы обьектинин тегеректегилер үчүн артыкбаш кооптуу өзгөчө мүнөздөмөлөрү да эске алынган. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1007-беренесине ылайык тегеректегилер үчүн артыкбаш кооптуулук менен байланыштуу ишмерлиги бар юридикалык жактар жана жарандар, асыресе, автотранспорт каражатын пайдалануу менен байланышкан болсо, алар кооптуулуктун булагы келтирген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, ал эми мындай зыян эбегейсиз күчтөрдүн же жабыр тарткандын арамдыгынын натыйжасында келтиргенин далилдеп бере алган болсо, анда юридикалык жактар жана жарандар мындай келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүдөн баш тартат. Ал эми, аталган Кодексте автотранспорт каражаттарынын ээлерине артыкча жоопкерчиликти бекитүү жабыр тарткандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүнүн кепилдиги болуп бере албайт.
Мыйзамда автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилик аманатын милдеттүү камсыздандыруусун белгилөө адамдын өмүрү жана саламаттыгы, анын мүлкүн сактоо сыяктуу коомдун баардыгы үчүн ажырагыс конституция тарабынан бекитилген өзгөчө маанилүү талаптар менен шартталган (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү, 47-беренесинин 1-бөлүгү).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним каттын негизинде аракеттенген өкүлү, А.И.Жумалиева автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну киргизүү тараптар үчүн мүлк кызыкчылыктарынын натыйжалуу корголушун, ал автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйакылардын негизинде түзүлгөн каражаттар эсебинен камсыздандыруу төлөмдөр аркылуу түзүүгө жардам берет, ошентип жабыр тарткандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүнү камсыз кылат деп белгилеп кетти.
Камсыздандыруунун жаңы тутуму жолдордогу чырды чечүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт, натыйжада автотранспорт каражаттарынын ээлеринде жол кырсыгы натыйжасында жарандык милдеттүү камсыздандыруусу бар автотранспорт ээси башка жарандарга зыяндын ордун толугу менен же жарымдатып ордун тургузуп берем деген ишеним пайда болот.
Милдеттүү автотранспорт камсыздандыруусу жол кырсыгы натыйжасында үчүнчү жактардын мүмкүнчүлүгү болгон учурда да жол кырсыгынын катышуучусуна зыяндын ордун толтуруп берүүнүн кепили болуп берет.
Каралып жаткан иш боюнча башка жак катары катышкан Н.М.Байбосунов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана ага көзөмөл жүргүзүүнүн Мамлекеттик кызматынын өкүлү мындай деп түшүндүрмө берди:
Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгондон тарта өлкө жол жүрүү коопсуздугун жана жол кырсыгынын натыйжасында жабыр тарткандардын укуктары менен кызыкчылыктарын корголушун камсыз кылуу жагында кандайдыр ийгиликтерге жетише алган жок. Арыздануучу шилтеме кылган Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган учурдагы коргоонун бул укуктук механизмдери жабыр тарткандардын кызыкчылыктарын толук деңгээлде камсыз кылбайт.
Ушуга байланыштуу, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу институтун киргизүүнүн өзөгү баардык мыйзамдуу автотранспорт каражаттарынын ээлерине жарандык жоопкерчилик аманатына туш келген учурда жагымсыз кесепеттерди бөлүштүрүүдө турат, өзөгүндө болсо, жабыр тарткандын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун кепилдиги сыяктуу милдеттүү камсыздандыруунун мындай принцибин эске алуу менен зыяндын ордун толтуруу боюнча жабыр тарткандардын укуктарын коргоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган.
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилик аманатын милдеттүү камсыздандыруусун бекитүү бүткүл коом үчүн маанилүү болгон адамдын өмүрү жана саламаттыгы менен анын мүлкүн коргоо сыяктуу ажыратылгыс байгерликтерди конституцияда бекитилген өзгөчө коргоо талабы менен шартталган.
Башка жак катары катышкан жана жарандык укук жаатында адис болгон А.Р.Салиев жазуу жүзүндө мындай түшүндүрмө берген.
Мамлекет жарандарды жана уюмдарды социалдык жактан орчундуу кесепеттерге алып келүүчү белгилүү бир аманаттарды камсыздандырууга акысы бар, автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруусу да ушундай жагдайлардын бири, анткени көп сандаган адамдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Ал эми бул жерде коом тарабынан тийиштүү ыйгарым укуктары ыйгарылган бийликтин институту катары мамлекеттин жөнгө салуу, коргоо жана алдын алуу ролу тууралуу кеп болуп жатат.
Камсыздандыруу ишмерлиги, асыресе, автотранспорт каражаттарына ээлик кылган жактарга жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу камсыздандыруучу-камсыздандырылуучу ортосундагы жөнөкөй ыктыярдуу келишим мамилелер алкагынан чыгып турат. Автотранспорт каражатына ээлик кылуучу адам, демек башкаруу объектине мүнөздүү өзгөчөлүгүнө жараша аны башкаруучу автотранспорт каражатынын ээси жана жол кырсыгы болгон учурда аны башкаруучу менен эч кандай укуктук мамилеси жок башка жактын мүлктүк же мүлктүк эмес кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин беренелеринин ченемдери жол кырсыгынын натыйжасында жабыр тарткандардын укугун калыбына келтирүүдө жогорулатылган ишенимдүүлүккө ээ болгон аманаттарды камсыздандыруудан айырмаланып, жол кырсыгы болгон учурда жарандардын укугун толук деңгээлде коргой албайт. Бул жагдайды алып караганда, зыяндын ордун толтуруу жөн гана жарандык-укуктук мамилелерден, автотранспорт каражаттардын көптүгүн эске алганда, мамлекеттин социалдык көйгөйүнө айланууда. Мына ошон үчүн, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттер бул көйгөйдү чечүүнүн жолу катары милдеттүү камсыздандыруу тутумун кабыл алышкан.
Баардык автотранспорт каражаттар ээлерине камсыздандыруунун жайылтылган талаптары милдеттүү камсыздандыруунун зарыл болгон белгиси. Талашылып жаткан Мыйзамдын көптөгөн беренелеринде "милдеттүүлүк жана жалпыга бирдей" деген сөздөр көп жеринде жолугат. Ченемдик-укуктук актынын укуругун кеңири адамдар чөйрөсүнө жайылтуу чыныгы акыркы чара, юриспруденция тармагында коомдук кызыкчылыктарды коргоо болуп саналат. Мындай учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине шилтеме жасалгандын өзү учурга ылайык, себеби дал ушул берене жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөнүн өзөктүү критерийлерин аныктап берген. Бул сыяктуу чектөөлөр кийинки учурларда сакталат: биринчиден, улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адебин, башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максаттарына тең чамалаш болгондо, экинчиден, укуктар менен эркиндиктерди чектөө Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган даражадан ашык болушу мүмкүн эмес. "Өзүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча ушул Мыйзамда белгиленген милдетти аткарбаган ээлик кылуучулардын автотранспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат" деп ченемдеринин биринде (Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүндө) айтылганы менен Мыйзам автотранспорт ээсинин жеке эркиндигине шек келтирген жок. Мыйзамдын бул ченеми жүрүү укугун чектөө катары саналышы мүмкүн эмес. Себеби бул жерде адамдын жүрүү эркиндигине эмес, автотранспортту пайдаланууга чектөө коюлуп жатат, ошондуктан бул ченемди жеке эркиндикти чектөө катары кароо мүмкүн эмес (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренеси).
Мыйзамда эки максат аныкталган - бул жабыр тарткандардын жана пайда көрүүчүлөрдүн мүлктүк укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо. Ошентип, Мыйзам күчүнө кириши үчүн максат катары жол кырсыгынан жабыр тартчу тарапты (пайда көрүүчүнү) жана мындай жол кырсыгына туш боло турган мүлктүк жоопкерчиликти тартчу автотранспорт каражатынын ээсин экинчи тарап деп, укуктук мамилелердин эки катышуучусунун кызыкчылыктарын аныктайт.
Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 1-бөлүгүн мүмкүн болуучу бузуу жагын эске алганда, А.Р.Салиев мындай дейт, Мыйзам менчик объектисине ээлик кылууга, аны колдонууга тыюу салбайт, аны пайдаланууга гана чек коёт. Бул чектөө коомдук кызыкчылыктарды коргоо максатында жарандын айрым укуктарын чектөөчү мыйзамдарды кабыл алуу мүмкүндүгүн караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык келет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдын изилдеп чыгып, төмөнкү тыянактарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү, 10, 30, 31-беренелери саналат.
"3-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана принциптери
2. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
2) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруунун жалпыга бирдейлиги жана милдеттүүлүгү;
5-берене. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги милдеттүү камсыздандырылууга жаткан жактар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылган бардык транспорт каражаттарынын ээлерине милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттүүлүк жайылтылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги жана башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттары милдеттүү түрдө камсыздандырылууга жатат.
10-берене. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттери
1. Автотранспорт каражаттарынын ээлери автотранспорт каражаттарын пайдаланууда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигинин тобокелдигин өз эсебинен камсыздандыруучу катары камсыздандырууга милдеттүү.
2. Автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатына ээлик кылуу укугу пайда болгондон кийин (аны менчикке сатып алса, анын ичинде автотранспорт каражатын менчиктен ажыратуу укугун берген ишеним кат алса, чарба жүргүзүү үчүн же ыкчам пайдаланып турууга же болбосо башка мыйзамдык негизде алса) 5 жумуш күндүн ичинде өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыз кылууга жана андан кийин ушул Мыйзамга ылайык жарандык-укуктук жоопкерчиликти туруктуу камсыздандырууга милдеттүү.
30-берене. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдетти аткаруусун контролдоо
1. Өзүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча ушул Мыйзамда белгиленген милдетти аткарбаган ээлик кылуучулардын автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга тыюу салынат.
2. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча милдетти аткаруусун контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
31-берене. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузган, ошондой эле камсыздандыруу окуясын атайылап жасоого жана камсыздандырып ордун толтурууну мыйзамсыз алууга багытталган укукка каршы башка аракеттерди жасаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.".
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2015-жылдын 7-августунда № 72-73 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана күчүндөгү мыйзам болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүнүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын Конституциясы менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат деп белгилейт (12-берененин 6-бөлүгү).
Кыргыз Республикасынын Конституциясы аныктаган чектерде менчик укугу менчик ээсинин мүлкүнө ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн гана эмес, ага таандык мүлктү кароо түйшүгүн да божомолдойт.
Менчик объектисинин сапаттуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен башка жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу зарылдыгы менчик ээсинин эркиндигин белгилүү бир чектерге бекитүүнү болжойт жана мындай чектөөлөрдү анын мазмунунан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Менчик укугунун чектөөлөрү анын мазмунун ажыратылгыс элементи болуп саналат, алар менчик укугунун мазмунунан айрым ыйгарым укуктарды жокко чыгарбастан, менчик ээсинин субъективдүү укугун жүзөгө ашырууда мүмкүнчүлүктөрүн куушурат .
Ошону менен бирге, мыйзам чыгаруучу менен менчик мамилелерин укуктук жөнгө салуунун алкагында киргизип жаткан менчик укугуна болгон чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттарга ылайык келүүсү керек.
3. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде аталган конституциялык ченемдерди ишке ашыруу үчүн, менчик укугу - бул өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө субъекттин мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу укуктары деп каралган, ошондой эле менчик ээсине таандык мүлктү күтүү маселелери регламенттештирилген (222-берененин 1, 5-бөлүктөрү). Демек, менчик ээси мыйзамга ылайык өзүнүн мүлккө болгон чарбалык үстөмдүгүнөн келип чыккан мүлккө ээлик кылуунун пайдасын гана көрбөстөн, ошол эле убакта өзүнүн менчик буюмдарын күтүү милдетин да алат. Мында мүлктү күтүү түйшүгү ага ээлик кылууга байланышкан чыгымдарды көтөрүү зарылдыгы түрүндө да, субъектти мындай мүлккө карата тигил же бул аракеттерди жасоого мажбурлоо түрүндө да болушу мүмкүн.
Мүлктү күтүү түйшүгүнүн конкреттүү өзгөчөлүктөрү биринчи кезекте тиешелүү милдеттердин субъектисинен эмес, пайдалануусу айлана чөйрөдөгүлөр үчүн артыкча кооптуулук менен байланышкан менчиктеги мүлктүн түрү жана мүнөзүнөн көз каранды.
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу, башка жактардын саламаттыгын, укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылууда, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде айлана чөйрөдөгүлөр үчүн артыкча коркунуч жаратуучу ишмердүүлүк менен келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти караган (1007-берене). Аталган кодекстин бул беренесине ылайык иши айлана чөйрөдөгүлөр үчүн өтө коркунуч келтирүү менен байланышкан (транспорт каражаттарын, механизмдерди, электроэнергиясын, жарылгыч заттарды, катуу таасир берүүчү ууларды ж.б. колдонуу; курулуш жана аны менен байланышкан башка иштерди жүргүзүү) юридикалык жактар жана граждандар, эгерде зыян келтирүү жеңе алгыс күчтүн же жабыр тартуучунун кыңыр оюнун кесепетинен келип чыккандыгы далилденбесе, өтө коркунучтун булагы болуп саналгандар зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде өтө коркунучтун булагы болуп саналган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин бекитүүнүн өзү жабыр тарткандарга зыяндын ордун толтуруу маселесин толугу менен чечкен жок.
4. Камсыздандыруу коомдук мамилелердин ар кандай субъектилеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргой ала турган институт болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси ыктыярдуу камсыздандыруу менен катар мүлктүк камсыздандыруунун бир формасы катары милдеттүү камсыздандырууну да караштырат, анда камсыздандыруучуга башка адамдардын өмүрүн, ден соолугун же мүлкүн камсыздандыруу милдети же өзүнүн эсебинен же болбосо таламдаш жактардын эсебинен башка адамдардын алдындагы граждандык жоопкерчилиги жүктөлгөн (921-берене). Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясы берген ыйгарым укуктардын алкагында жарандардын жана уюмдардын укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу сыпатында тиешелүү жактарды аларда болгон тобокелдерди камсыздандырууга милдеттендирген мыйзамдарды кабыл алат. Мындайлардын катарына, автотранспорт каражаттарын пайдаланууда жарандык жоопкерчилиги пайда болуу тобокелдиги да кирет, аны камсыздандыруу милдети "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган. Мындай камсыздандыруу мыйзамдарда жаңылык эмес, анткени таламдаш Мыйзамды кабыл алууга чейин автотранспорт каражаттарынын ээлери өзүнүн жоопкерчилигин ыктыярдуу түрдө камсыздандыра алышчу. Мыйзам менен камсыздандыруунун бул түрү болгону милдеттүүлөрдүн катарына гана киргизилди, себеби Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде өтө коркунучтун булагы каражаттар, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын ээлерин жабыр тарткан тарапка зыяндын ордун толтурууга милдеттендирген ченемдердин (1007-берене) болушу жабыр тарткан тарапка мындай ордун толтуруунун кепилдиги болуп бере албайт. Бул акылга сыя турган жагдай, анткени зыянкечтин зыяндын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон каражаты жана мүлкү болбой калышы мүмкүн же зыянкеч зыяндын ордун толтуруудан качышы мүмкүн.
Мындай укук талашылып жаткан Мыйзам менен камсыздандыруучу тарабынан жабырлануучуга камсыздандырууну төлөп берүү милдетин бекитүү жолу менен кепилденет же адам жол-транспорт кырсыгы болгон жерден качып кеткенде жана табылбаганда, ошондой эле камсыздандыруучу мажбурланып жоюлганда кепилдик төлөмдөр фондунун каражаттарынан төлөнөт. Анын үстүнө камсыздандыруу төлөмдөрү зыянкечтин материалдык абалынан көз карандысыз жана ошону менен жабырлануучулардын укуктарын коргоо боюнча өзгөчө механизмди түзөт.
Автотранспорт каражаттарынын бардык мыйзамдуу ээлерине жарандык жоопкерчиликтин кесепеттүү тобокелдигин бөлүштүрүү автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигинин милдеттүү камсыздандыруу институтунун мазмуну ушунда, мында жабыр тарткандардын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдиги катары милдеттүү камсыздандыруунун мындай принцибин эске алуу менен, "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы белгилеген чектерде жабыр тарткандардын зыяндын ордун толтурулушуна укуктарынын коргоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган (3-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту). Ошону менен бирге, аталган Мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтин жалпы жана милдеттүү камсыздандыруу принциби Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен киргизилүүдө.
Арыздануучу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуп жаткан "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн принципти жана андан келип чыккан 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүндө, 10-беренесинде каралган ченемдердин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө маселе коюуда.
Белгиленген Мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруунун жалпы жана милдеттүүлүк принциби жогоруда каралган зыяндын ордун толтуруу кепилдиги принцибинин туундусу болуп саналат. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруунун жалпы жана милдеттүүлүк принцибин киргизмейин жабыр тартканга зыяндын ордун толтуруп берүү мүмкүн эмес. Жалпы деген сөз материалдык, социалдык жана башка Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен абалына карабастан бардык автотранспорт каражаттарынын ээлерине жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууну милдетин жайылтуу деп саналат.
Өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу милдетин орнотуу менчик ээсинин мүлкүнө ээлик кылууга жана аны тескөөгө укугун чектөө болуп саналбайт. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 222-беренесине ылайык менчик ээси мыйзамдарга каршы келбеген жана башка жактардын мыйзам менен корголуучу укуктары менен кызыкчылыктарын бузбаган бардык аракеттерди мүлкүнө карата жасоого укуктуу. Ушундан улам, коомдук мамилелердин бардык катышуучуларына алардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо механизмдерин ишке ашыруу үчүн менчик ээсине менчикти күтүү укуктарына чектөөлөр коюлууда.
Жогоруда белгиленгендей, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адебин, башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максаттарында Конституция жана мыйзамдар чектөө коюшу мүмкүн. Мында, киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү).
Таламдаш Мыйзамда автотранспорт каражаттарын иштетүүдө жол кырсыгы натыйжасында жабыр тарткандарга жана (же) пайда табуучуларга келтирген зыяндын ордун толтурууга болгон укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өз жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат (3-берененин 1-бөлүгү). Мыйзам чыгаруучу, автотранспорт каражаттарынын ээлерине өзүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу милдетин зыян келиши мүмкүн болгон жактардын пайдасына жүктөө менен, зыянкечтин материалдык абалына карабастан, кайсы гана учурда болбосун жабыр тарткан тарапка зыяндын ордун толтуруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу менен социалдык мамлекеттин иш-милдеттеринин бирин ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адамдын өмүрү жана саламаттыгы, анын мүлкүнүн корголушу сыяктуу бүткүл коом үчүн маанилүү ажыратылгыс баалуулуктарды өзгөчө коргоо талабы автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилик тобокелдигинин жалпы жана милдеттүүлүгүн "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен шарттайт, бул жагдай жарандардын конституциялык укуктарын өлчөмсүз чектөө катары каралышы мүмкүн эмес.
Арыздануучу "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда аталган ченемдеринин конституциялуулугун талашып жатып, келишим эркиндигин жана жеке камсыздандыруунун ыктыярдуулук принцибин орноткон Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 382 жана 926-беренелерин далил катары келтирет.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 926-беренесине ылайык милдеттүү камсыздандыруу мүлктүк камсыздандыруунун формаларынын бири, мында мыйзам камсыздандыруучуга өзүнүн же башка кызыкдар тараптын эсебинен башка жактардын алдында өмүрдү, саламаттыкты же мүлктү же болбосо өзүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууну жүктөйт, бул Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 382-беренесинин эрежесине ылайык келет, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде, башка мыйзамда же ыктыярдуу түрдө кабыл алынган милдеттенмеде каралган учурлардан тышкары келишим түзүүгө мажбур кылууга жол берилбейт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси жарандык жоопкерчилик аманатын милдеттүү камсыздандыруусун киргизүү мүмкүндүгүнө тыюу салган жери жок. Көрсөтүлгөн Кодекс келишимдин эбегейсиз эркиндигине жол бербейт, жана келишимдин эркиндиги келишим мамилелеринин катышуучуларынын милдеттенмелери менен байланыштуу болуп, андай келишим мамилелерде укук тараптардын милдеттенмелери менен эриш-аркак болот.
5. "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30 жана 31-беренелери Мыйзамдын шартын бузган жактарга карата санкцияларды карайт. Биринчи кезекте, ал өзүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандырбаган автотранспорт ээлерине унаасын пайдаланууга тыюу салууга байланыштуу. Бул механизм камсыздандыруунун жалпыга бирдей экендигин камсыз кылууга тийиш, мындай каражаттын жоктугу бардык автотранспорт каражаттарынын ээлерине Мыйзамды жайылтууда күчүнүн таасирдүүлүгү жокко чыгарышы мүмкүн.
Экинчи ченем болсо, алдын алуу мүнөзүнө ээ жана аталган Мыйзамды бузууда күнөөлүү жактарга, ошондой эле жарандык жоопкерчилигин камсыздандырып, бирок мыйзамга каршы аракеттер менен камсыздандыруу төлөмүн алууга аракеттенген жактарга да багытталган.
Белгилеп кетчү жагдай, кайсы мыйзам болбосун, анын аткарылуусунун милдеттүүлүгү мажбурлоо ыкмасына негизделет, ал эми мыйзамдардын буйруусун бузуунун аркасынан санкция келип түшөт. Бул жагынан "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзам чыгаруу техникасына таанымал ыкмаларды колдонууда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган мыйзам алдында теңдик талаптарына каршы келбейт (16-берененин 3-бөлүгү).
Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин менчик укугунун бузулуусунун мүмкүндүгү жагында, Мыйзам менчик объектисине ээлик кылууга, аны тескөөгө тыюу салган жери жок, жөн гана пайдаланылышына чектөө коюуда. Бул чектөө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине толугу менен шайкеш келет, ага ылайык адамдын өмүрү жана саламаттыгы, анын мүлкүнүн кайтарылышы сыяктуу бүткүл коом үчүн ажыратылгыс маанилүү баалуулуктарды коргоо максаттарында жарандын айрым укуктарын чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилет, жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынан келип чыгуучу теңдик жана адилеттик талаптарына каршы келбейт жана жарандардын конституциялык укуктарын өлчөмсүз чектөө катары каралышы мүмкүн эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 5-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү, 10, 30, 31-беренелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө, 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 42 беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы