Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-майы № 244
Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруунун тартибин бекитүү жөнүндө
Салык отчетун берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Окмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адмдын бирдиктүү салык декларациясынын формасы, (FORM STI-100);
- Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адмдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби, (FORM STI-100);
- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын формасы, (FORM STI-101);
- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби, (FORM STI-101);
- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын формасы, (FORM STI-102);
- Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби, (FORM STI-102).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 179 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |