Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилген |
1. Бул Тартип Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI – 100) (мындан ары- Декларация) толтуруунун эрежелерин аныктайт, ал төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары – Салык кодекси) VII бөлүгүнө ылайык, киреше салыгын төлөө;
2) экономикалык иши, анын ичинде жер участокторуна/мүлк объектилерине ээ болуу жана/же аларды пайдалануу тууралуу финансылык жана башка маалыматтарды берүү;
3) киреше булактарын ырастоо.
2. Жеке адам Декларация тапшыруучу (мындан ары - Декларация тапшыруучу) болуп саналат, Декларацияны (FORM STI – 100) түзүүгө жана берүүгө милдеттүү, эгерде ал:
1) отчеттук жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгонуна же болбогондугуна карабастан ишкердик иш жүргүзбөгөн, бирок ошол эле учурда бул экономикалык иштер Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен сырткары жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, башка экономикалык иштин бир жана бир канча түрлөрүн жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жараны болсо;
2) ишкердик иш жүргүзбөгөн, бирок ошол эле учурда бул экономикалык иш Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен сырткары жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, башка экономикалык иштин бир жана андан көп түрлөрүн жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын резиденти - чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болсо;
3) ишкердик иш жүргүзбөгөн, бирок ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын аймагында башка экономикалык иштин бир жана андан көп түрлөрүн жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болсо.
3. Декларация отчеттук жыл үчүн түзүлөт жана Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин, Декларация тапшыруучунун тандоосу боюнча: катталган жери же туруктуу жашаган жери боюнча салык органына берилет.
4. Декларациянын формасы төмөнкү тиркемелерди өзүнө камтыйт:
1) 1-тиркеме “Жылдык жыйынды киреше” (FORM STI – 100-001). Көрсөткүчтөр жок учурда тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
2) 2-тиркеме “Салык салынбай турган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер” (FORM STI–100-002). Көрсөткүчтөр жок учурда тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
3) 3-тиркеме “Мүлк салыгы жана жер салыгы” (FORM STI–100-003). Бул тиркеме эгерде, Декларация тапшыруучунун ишкердик ишинде колдонулбаган жер участоктору жана мүлкү бар болгон учурда толтурулат жана берилет;
4) 4-тиркеме «Активдердин кыймылы» (FORM STI – 100 - 004). Бул тиркеме бардык Декларация тапшыруучулар тарабынан толтурулууга тийиш.
5. Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндөгү салык төлөөчү толтурган тиркемелер «Х» белгиси менен белгиленип, ал тигил же бул тиркеменин берилгендигин ырастайт.
Мисал: 2013-жылы Декларация тапшыруучу Абдылдаев уюмда жалданма жумушчу катары иштеген. Бишкек шаарында 4 бөлмөлүү батирде жашайт, батирге менчик укугу жубайына катталган, ал 2013-жылдын 1-майына чейин салык органына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмеси көрсөтүлгөн, “1-топтогу объект боюнча мүлк салыгынын маалыматтык эсебин” (FORM STI – 086) берген. Абдылдаевдердин үй-бүлөсүндө башка кирешелери жана мүлк объектилери жок.
2012-жыл үчүн Декларацияга Абдылдаев төмөндөгүлөрдү толтурат жана берет:
1) Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын формасын (FORM STI – 100);
2) «Жылдык жыйынды кирешелер» (FORM STI – 100-001) 1-тиркемесин;
3) «Активдердин кыймылы» (FORM STI – 100-004) 4-тиркемесин.
6. Декларациянын 102, 103, 104, 201 жана 202-уячаларында, ошондой эле, тиркемелердин ушуларга окшош уячаларында чагылдырылган маалыматтар бирдей болууга тийиш.
7. 3-тиркемени кошпогондо, Декларациянын жана тиркемелердин тиешелүү уячаларында көрсөткүчтөр жок болсо, «0» цифрасы көрсөтүлөт. 3-тиркемеде Декларация тапшыруучунун менчигиндеги мүлк объектилери жана жер участоктору боюнча көрсөткүчтөр көрсөтүлгөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар узун-туурасы боюнча “Z” белгиси менен чийилет.
8.Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларга болгон укукту, ошондой эле, чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын эсепке алууну ырастаган документтерди кошпогондо, киреше алууну, салыкты төлөм булагынан кармоону, Декларация тапшыруучунун салык төлөгөндүгүн, ошондой эле, анын эсептен чыгарууга, жеңилдиктерге жана/ же салыкты төлөөдөн бошотулгандыгын ырастаган документтер Декларация тапшыруучунун сактоосунда болот жана Декларацияга тиркелбейт.
9. Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларды, ошондой эле, чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасынан эсепке алууну каалаган Декларация тапшыруучу, Декларацияга эсептен чыгарууга/эсепке алууга карата анын укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн эсептен чыгаруу/эсепке алуу арызына тиркейт. Ырастоочу документтердин түп нускалары эсептен чыгарууну берүү жөнүндө чечим чыгаруу учурунда салык төлөөчүнүн документтерин изилдеген салык органынын кызмат адамына көрсөтүлөт жана Декларация тапшыруучунун сактоосунда калат.
10. Декларацияны толтурган учурда, акча каражатынан башка активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, алар жок болсо, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде учурдагы базар баалары боюнча көрсөтүлөт.
11. Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү (аты, фамилиясы, атасынын аты) көрсөтүлөт. Декларацияга жана анын тиркемелерине төмөнкүлөр кол коюшат:
1) Декларацияны өз алдынча берген учурда, Декларация тапшыруучу;
2) жашы жетпеген балдардын жана аракетке жөндөмсүз башка адамдардын ата-энесинин же камкорчуларынын бири;
3) Салык кодексинин 46-беренесине ылайык, Декларация тапшыруучу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берген Декларация тапшыруучунун салык өкүлү. Декларация тапшыруучунун кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан Декларация түзүлгөн жана берилген учурда, Декларацияга Декларация тапшыруучунун өзү же ишеним катта көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктарга ылайык ишенимдүү адам/ уюмдун жетекчиси-өкүлү кол коёт. Мөөрү болгон учурда, коюлган кол Декларацияга кол койгон адамдын/уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
12. Декларация салык органына колмо-кол берилиши, тапшырылгандыгы жөнүндө тапшырык каты кабарлоо менен почта аркылуу, ошондой эле, электрондук формада жиберилиши мүмкүн:
1) Декларация колмо-кол берилген учурда эки нускада толтурулат. Салык органынын кызмат адамы Декларацияны алган датасын коюу менен тийиштүү уячаларды толтурат, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин жана салык органынын штампын коёт. Декларациянын экинчи нускасы салык органынын белгиси менен Декларация тапшыруучуга кайтарылат жана анын сактоосунда калат;
2) Декларация салык органына кабарлоосу менен тапшырык каты почта аркылуу жиберилген учурда эки нускада жөнөтүлөт. Бул учурда:
а) салык төлөөчү тапшырык катынын жеткендиги тууралуу почта байланышынын кабарлоосун алат, ал Декларация берилгендигинин ырастоосу болуп саналат;
б) салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн тапшырык катын алгандан кийин Декларацияны алган датасын, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин коюу менен тийиштүү уячаларды толтурат жана салык органынын штампын коёт;
в) Декларациянын бир нускасы (салык органынын белгиси менен) кабарлоосу менен тапшырык кат түрүндө салык төлөөчүгө жөнөтүлөт;
3) Декларация электрондук формада берилген учурда, Декларация тапшыруучу салык органы тарабынан Декларациянын кабыл алынгандыгы жөнүндө электрондук почта аркылуу кабарлоо алат.
Эскертүү: салык органына электрондук түрдө келип түшкөн Декларация юридикалык күчкө ээ, ал эми документтерди электрондук формада берген салык төлөөчү отчет берген болуп саналат жана аны кагаз жузүндө кайталоодон бошотулат.
Эгерде, Декларация тапшыруучуда төмөнкүдөй электрондук билдирүүлөр болсо, отчеттун бергендигинин фактысы болуп таанылат:
- сервистин адистештирилген операторунун (салык төлөөчү тарабынан салык отчетунун жөнөтүлгөн убактысы жана датасы камтылган электрондук документ) ырастоосу;
- салык кызматынын отчетту алгандыгы жөнүндө ырастоосу (кирүү контролунун протоколу).
Декларацияны электрондук түрдө берүү тартибине тийиштүү толук маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтына жайгаштырылган.
13. Декларациянын 001-уячаларын толтуруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) эгерде, Декларация календардык жыл үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса, «Х» түрүндөгү белги «Алгачкы» уячасына коюлат;
б) эгерде, Декларация мурда ушул эле салык мезгили үчүн тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү Декларацияда оңдолсо, «Х» түрүндөгү белги «Такталган» уячасына коюлат;
14. Декларациянын уячаларын толтуруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) 102-уячада Декларация тапшыруучунун Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ыйгарылган ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада Декларация тапшыруучунун паспорттогу маалыматтарына ылайык аты-жөнү көрсөтүлөт;
3) 104-уячада салыктык катталган жери (катталгысы) боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
4) 106-уячада Декларация тапшыруучунун паспортунун номери жана сериясы көрсөтүлөт;
5) 107-уячада Декларация тапшыруучунун паспортун берген өлкө көрсөтүлөт;
6) 108-уячада Декларация тапшыруучунун салыктык катталган жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт;
7) 110-уячада Декларация тапшыруучунун салыктык катталган жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
8) 111-уячада Декларация тапшыруучунун салыктык катталган жери боюнча дареги (кичи району/ көчөсү, үйүнүн, батиринин номери) көрсөтүлөт;
9) 112-уячада Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча байланыш бөлүмүнүн почта индекси көрсөтүлөт;
10) 113-уячада Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
11) 114-уячада Декларация тапшыруучунун иш жүзүндө жашаган жеринин дареги (кичи району/ көчөсү, үйүнүн, батиринин номери) көрсөтүлөт;
12) 115-уячада Декларация тапшыруучунун байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
13) 116-уячада эгерде, Декларация тапшыруучунун электрондук почтасы болсо, анын дареги көрсөтүлөт.
Эскертүү: 108, 111, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячалардын көрсөткүчтөрү декларация берилген датага карата толтурулат.
15. 201-уячада Декларация тапшыруучу үчүн салык мезгили кайсыл айдан башталгандыгы көрсөтүлөт:
1) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде башка экономикалык ишти жүргүзүүнү улантса, бул уячада салык мезгили отчеттук жылдын башталышынан тартып көрсөтүлөт: 01.01.20___-ж.;
2) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылга чейин башка экономикалык иш жүргүзбөсө, ал эми отчеттук жылда аны жүргүзө баштаса, анда бул уячада салык мезгили башка экономикалык иштин жүргүзүлө баштаган күнүнөн тартып көрсөтүлөт.
Эскертүү: башка экономикалык иштин жүргүзүлө башташына мисал катары Кыргыз Республикасынын аймагында жер участогун, кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алууну, Кыргыз Республикасынын жаранынан мурас алууну алсак болот.
16. 202-уячада салык мезгили аяктаган дата көрсөтүлөт:
1) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде башка экономикалык ишин жүргүзүүнү уланткан болсо, анда бул уячада отчеттук жылдын аякташы көрсөтүлөт: 31.12.20___-ж.
2) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде башка экономикалык ишин жүргүзүүнү токтоткон болсо, анда бул уячада иштин токтогон датасы көрсөтүлөт;
3) эгерде Декларация тапшыруучу - Кыргыз Республикасынын жараны отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо жана өлкөнүн чегинен чыгып кетсе, анда бул уячада жарандыгын жоготкон датасы көрсөтүлөт.
4) эгерде, Декларация тапшыруучу - Кыргыз Республикасынын жараны отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо, бирок ошол эле учурда Кыргыз Республикасында жашап жатса, анда бул уячада өлкөдөн иш жүзүндө чыккан датасы же отчеттук жылдын аягы көрсөтүлөт.
17. Декларацияны толтуруу үчүн алгач Декларация тапшыруучунун көрсөткүчтөрү бар Декларациянын тиркемелерин толтуруу зарыл.
Декларацияны толтуруу толтурулган тиркемелерден көрсөткүчтөрдү көчүрүүдөн башталат жана Декларациянын көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
18. 050-уячасына ушул Тартиптин 1-тиркемесинин 164-уячасында көрсөтүлгөн жылдык жыйынды кирешенин суммасы көчүрүлөт.
19. 051-уячада отчеттук жылдын ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтөрдүн 6,5 өлчөмүндөгү жеке эсептен чыгаруулардын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: салык салынуучу киреше алган Декларация тапшыруучу, ал жыл ичинде иштегенине же иштебегенине же болбосо жыл ичинде толук эмес айларда иштегенине карабастан, отчеттук жылдын ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтөрдүн 6,5 өлчөмүнө (6,5х100 сом = 650 сом) барабар жеке эсептен чыгарууга укуктуу. Мындай эсептен чыгаруу 2013-жыл үчүн 7800 сомго (650 сом х 12 ай) барабар.
20. 052-уячада отчеттук мезгилдеги ар бир ай үчүн Декларация тапшыруучунун багуусундагы адамдардын ар бирине бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт:
1) эгерде, Декларация тапшыруучунун багуусундагы адамдары болсо, ал бул уячага алардын ар бирине отчеттук жылдын ар бир айы үчүн 100 сом өлчөмүндөгү (жылына бирөөнө эң чоң өлчөмү 1200 сом) эсептен чыгаруулардын суммасын көрсөтүүгө укуктуу, бул үчүн ырастаган документтердин болушу зарыл.
2) эгерде, Декларация тапшыруучу эсептен чыгарууну алган, багуудагы адам Декларация тапшыруучунун асыранды баласы болсо, ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
а) туулгандыгы тууралуу күбөлүк/баланы жашы жеткенге чейин асырап алуу тууралуу документ. 18 жаштан кийин багып алуу документ түрүндө ырасталышы керек;
б) эгерде, асыранды бала окуу жайында окуса жана анын жаш курагы 24 жаштан ашпаса, анын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдын маалымкатын;
в) Декларация тапшыруучунун каражатынын эсебинен жашаган жана эч кандай киреше албаган башка адамдарга карата маалымкат. Мисалы, пенсия албаган ата-энеси, жубайы-үй кожейкеси, камкордугундагылар мындай адамдар болуп саналышы мүмкүн. Багуудагы адам катары маалымкат төмөнкү органдардын бири тарабынан берилиши мүмкүн: айыл өкмөтүнөн, үй башкармалыгынан, турак-жай ээлеринин шериктештигинен, кварталдык комитеттен, турак-жай кооперативинен, башка турак жай – коммуналдык уюмдарынан.
Эскертүү: эгерде багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда багуудагы адамга карата эсептен чыгарууну жеке адамдардын биринин гана алуусуна уруксат берилет.
Салык салуу максатында багуудагы адам болуп, Декларация тапшыруучунун кирешесинин эсебинен жашаган жана кирешеси жок анын жакын тууганы саналат.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алгандар жана асырандылар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдар, толук бир тууган жана толук эмес бир тууган ага-инилер жана эже-карындаштар, чоң аталар, чоң энелер, неберелер жакын туугандар деп таанылат.
21. 053-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсептен чыгаруунун суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага жумуш берүүчү жумушчунун эмгек акысынан кармап калган суммалар киргизилет. Бул сумманы төлөө Декларация тапшыруучу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн башка субъекттин жумуш берүүчүдөн алган маалымкаты менен ырасталат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн адамдар, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу квитанцияларды сактоосу зарыл.
22. 054-уячада мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга кеткен чыгашалар боюнча эсептен чыгарууларды берүү үчүн: 054 = 050-051-052-053 эсеп жолу менен салык базасы аныкталат. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу келишимин түзгөн жана Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төгүмдөрдү төлөгөн Декларация тапшыруучу бул чегерүүлөр боюнча эсептен чыгарууларга укуктуу. Уруксат берилген эсептен чыгаруулардын суммасы Декларация тапшыруучунун салык салынган кирешесинин 8 пайызы менен чектелет. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарып алууну каалаган Декларация тапшыруучу, ушул Тартиптин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн Декларацияга тиркейт.
Мисал: Декларация тапшыруучу Искаков Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен келишим түзгөн. Отчеттук жыл ичинде бул фондго төлөнгөн чегерүүлөрдүн суммасы 22 000 сомду түздү. Бир жыл үчүн ага 300 000 сом суммасында эмгек акы эсептелген. Декларация тапшыруучу иштеген салык агенти-жумуш берүүчү тарабынан жүргүзүлгөн, уруксат берилген эсептен чыгаруулар 37 800 сомду түздү, анын ичинде:
7 800 сому – бир жыл үчүн жеке эсептен чыгаруулар;
2) 30 000 сому – эсептелген эмгек акынын 10 пайыз өлчөмүндө жумуш берүүчү тарабынан кармалган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр.
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылууга эсептен чыгарууларды жана кийинки эсептен чыгарууларды эсепке албагандагы киреше салыгынын суммасын эсептөө үчүн салык базасы 262 200 сомду (300 000 – 37 800) түзөт.
262 200 сом суммасынын 8 пайызын эсептөө зарыл, ал 20 976 сом болот. Бул сумма Декларация тапшыруучу тарабынан Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн, уруксат берилген эсептен чыгаруулардын суммасын чектөө катары кызмат кылат. Бул төлөнгөн 22 000 сомдун ичинен 20 976 сому гана эсептен чыгарылат дегенди түшүндүрөт.
23. Эгерде, Декларация тапшыруучу Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөгөн болсо жана бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алгысы келсе, анда:
1) 055-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн сумма боюнча эсептен чыгарууларды чектөөнүн суммасы: 055 = 054 х 8/100 эсептик жолу менен аныкталат;
2) 056-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго иш жүзүндө төлөнгөн сумма көрсөтүлөт;
3) 057-уячада 057 = 055 - 056 уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы эсептелип чыгат.
4) Эгерде, 057-уячасынын мааниси терс болсо, 057-уячасынын алдындагы атайын уячага “-” кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 055-уячасынын мааниси 058-уячага көчүрүлөт.
5) Эгерде 057уячасынын мааниси оң болсо, 057-уячасынын алдындагы атайын уячага белги көрсөтүлбөйт жана 056-уячасынын мааниси 059-уячага көчүрүлөт.
6) 060-уячада социалдык эсептен чыгаруу үчүн салык базасынын өлчөмү төмөнкүдөй эсептөө жолу менен аныкталат:
эгерде, 058-уяча толтурулган болсо, 060 = 054-058;
эгерде, 059-уяча толтурулган болсо, 060 = 054-059 .
24. Эгерде Декларация тапшыруучу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларды алгысы келбесе же Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөбөсө, анда 055, 056, 057, 058, 059-уячаларда “0” цифрасы көрсөтүлөт жана 054-уячасынын мааниси 060-уячага көчүрүлөт.
25. Ушул Тартиптин 23 жана 24-пункттарына ылайык алынган 060-уячанын мааниси, социалдык эсептен чыгаруулардын суммасын аныктоо үчүн салык базасы катары кызмат кылат.
Эскертүү: Декларация тапшыруучу өзүнүн жеке окуусуна жана/же жаш курактары 24 жаштан ашпаган өзүнүн багуусундагы адамдардын окууларына жумшаган сумма социалдык эсептен чыгаруулар болуп саналат. Бул эгерде, балдар бакчалары, мектептер, жогорку окуу жайлары Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болушса, алар үчүн төлөнгөн төлөмдөр болушу мүмкүн.
Демек, эгерде Декларация тапшыруучуну жана/же анын багуусундагы адамды окутуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ата мекендик уюмда жүргүзүлсө, анда мындай окуу жана тарбиялоо мекемелерине төлөнгөн суммалар эсептен чыгарууга жатпайт.
26. Ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык, билим берүү үчүн эсептен чыгарууга болгон укук Декларация тапшыруучунун кат жүзүндөгү арызынын негизинде Декларацияларды жана Декларацияга тиркелген чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн берген учурда берилет.
27. Ошону менен бирге, эгерде окуп жаткан багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда анын окуусуна кеткен чыгашаларды эсептен чыгарууну жеке адамдардын бирине гана алууга уруксат берилет.
28.Эсептен чыгаруулардын суммасы билим алууга эсептен чыгарууну жана мүлктүк эсептен чыгарууларды кошпогон салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызы менен чектелет.
29. Эгерде, окууга эсептен чыгаруунун суммасы чектөө суммасынан ашып кетсе, анда кийинки жылдардагы Декларацияларды берүү учурунда бул ашып түшүү эсептен чыгарууга жатпайт.
Мисал: ушул Тартиптин 22-пунктунда мисал келтирилген Декларация тапшыруучу Искаков өзүнүн билим деңгээлин жогорулатуу чечимин кабыл алган жана Салык консультанттарынын палатасына үч айлык курска барган. Искаков өз каражатынан окууга 15 000 сом төлөгөн. Салык консультанттарынын палатасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген тартипте берилген окутуу лицензиясына ээ болот. Ушул Тартиптин 22-пунктундагы мисалда Искаковдун киреше салыгы боюнча салык базасы стандарттуу эсептен чыгарууларын эске алуу менен 241 224 сомду (262 200 – 20 976) түзгөн, көрсөтүлгөн салык базасынан билим алууга эсептен чыгаруунун суммасын чектөө өлчөмүн эсептеп чыгуу зарыл. Социалдык эсептен чыгаруу боюнча чектөөнүн суммасы 24 122 сомду (241 224х10%) түзөт. Анткени, Искаков окуу үчүн төлөгөн 15 000 сом эсептеп чыгарылган өлчөмдөн (24 122 сом) аз, анда билим алуу үчүн төлөнгөн баардык сумма эсептен чыгарылат.
30. Эгерде, Декларация тапшыруучу билим берүүгө төлөмдөрдү жүргүзсө жана жана бул төлөм боюнча эсептен чыгаруу алууну кааласа, анда:
1) 061-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн сумма боюнча эсептен чыгарууну чектөө суммасы: 061 = 060х10/100 эсептик жолу менен аныкталат.
2) 062-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан ата мекендик билим берүү мекемесине иш жүзүндө төлөнгөн сумма көрсөтүлөт.
3) 063-уячада 063=061-062 уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы эсептелип чыгат.
4) Эгерде 063-уячасынын мааниси терс болсо, 063-уячасынын алдындагы атайын уячага “-“ кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 061-уячасынын мааниси 064-уячага көчүрүлөт.
5) Эгерде 063-уячасынын мааниси оң болсо, 063-уячасынын алдындагы атайын уячага “-” кемитүү белгиси көрсөтүлбөйт жана 062-уячасынын мааниси 065-уячага көчүрүлөт.
31. Эгерде, Декларация тапшыруучу билим берүүгө төлөмдөрдү төлөбөсө же бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалабаса, анда 061, 062, 063, 064, 065- уячаларында “0” цифрасы көрсөтүлөт.
32. 066-уячада Салык кодекси тарабынан белгиленген мүлктүк эсептен чыгаруулар үчүн чектөө чагылдырылат. Ипотекалык насыя алып, Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз турак жай мүлкүн сатып алган жана/же кыймылсыз турак жай объектисин курган Декларация тапшыруучу бул эсептен чыгарууну ала алат. Ипотекалык насыя сатып алынган же курулуп жаткан мүлк күрөөгө коюлган учурда берилет. Уруксат берилген мүлктүк эсептен чыгаруунун өлчөмү жылына 230 000 сом сумма менен чектелет.
33. Мүлктүк эсептен чыгаруу укугу Декларация тапшыруучунун кат жүзүндөгү арызынын негизинде Декларация берүүдө жана ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык тиркелүүчү кеткен чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрү берилгенде берилет.
Мисал: ушул Тартиптин 22 жана 29-пункттарында мисал келтирилген Декларация тапшыруучу Искаков 2012-жылдын январында турак үй куруу үчүн банктан 1 000 000 сом өлчөмүндө 5 жылдык мөөнөткө ипотекалык насыя алган. Ипотекалык насыя келишиминин шарттары боюнча алгачкы эки жыл жеңилдик берилген жылдар болуп саналып, насыянын негизги суммасы төлөнгөн эмес. Ошондуктан Искаков 2012 жана 2013-жылдарда насыя боюнча жыл сайын 150 000 сом өлчөмүндө пайыздарды гана төлөп турган.
Декларация тапшыруучу 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация берген учурда 2013-жылда төлөнгөн пайыздардын толук суммасын эсептен чыгарууга укугу бар, анткени ал ипотекалык насыя боюнча эсептен чыгаруулардын белгиленген максималдуу чегинен аз.
Ушул Тартиптин 22 жана 29-пункттарында келтирилген мисалдардын маалыматтарына ылайык, Искаковдун киреше салыгынын салык базасы билим алууга эсептен чыгарууну эске алганда 241 224 – 15 000 = 226 224 сомду түзгөн.
2013-отчеттук жыл үчүн Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Искаковдун төлөмгө карата киреше салыгын эсептеп чыгуу үчүн салык базасы 226 224 – 150 000 = 76 224 сомду түзөт. Эсептелген киреше салыгынын суммасы 76 224*10%/100% = 7 622 сомго барабар болот.
Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго өзүнүн чегерүүлөрү боюнча документтерди жумуш берүүчүнүн бухгалтериясына бербегенин эске алып, жумуш берүүчү салык агенти катары отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу үчүн 262 200х10%/100%=26 220 сом өлчөмүндө жеке эсептен чыгарууларды жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча эсептен чыгарууларды эске алуу менен гана эсептелип чыккан салык базасынан киреше салыгынын суммасын төлөгөн.
Декларация тапшыруучу Искаков мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга, өзүнүн квалификациясын жогорулатууга кеткен чыгашалар боюнча, ошондой эле ипотекалык насыя боюнча пайыздарды төлөөгө эсептен чыгарууларды алып, 2013-жыл үчүн төлөй турган киреше салыгынын эсептелген суммасын 26 220 – 7 622 = 18 598 сомго төмөндөткөн.
Декларация берүүнүн жыйынтыгы боюнча 18 598 сом өлчөмүндөгү сумма Декларация тапшыруучу Искаковдун киреше салыгы боюнча ашык төлөгөн суммасы болуп саналат жана:
1) Декларация тапшыруучу тарабынан жер салыгын, кыймылсыз мүлк салыгын, унаа каражаттарынын салыгын төлөө үчүн пайдаланылышы;
2) Декларация тапшыруучунун салыктык катталган жери, башкача айтканда катталган дареги боюнча салык органына берген арызынын негизинде ага кайтарылып берилиши мүмкүн.
Кайтарып алуу үчүн Декларация тапшыруучу арызына кеткен чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркейт.
34. Эгерде Декларация тапшыруучу мүлктүк эсептен чыгарууга укуктуу болсо жана аны алууну кааласа, анда:
1) 067-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан ипотекалык насыя боюнча отчеттук жыл ичинде төлөнгөн пайыздардын иш жүзүндөгү суммасы көрсөтүлөт.
2) 068-уячада 068=066-067 уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы эсептелет.
3) Эгерде 068-уячанын мааниси терс болсо, 068-уячасынын алдындагы атайын уячага “-“ кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 066-уячасынын мааниси 069-уячага көчүрүлөт.
4) Эгерде 068-уячасынын мааниси оң болсо, 068-уячасынын алдындагы атайын уячага белги көрсөтүлбөйт жана 067-уячасынын мааниси 070-уячага көчүрүлөт.
35. Эгерде, Декларация тапшыруучу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалабаса же ипотекалык насыя боюнча төлөмдөрдү жүргүзбөсө, анда 067, 068, 069 жана 070-уячаларында “0” цифрасы көрсөтүлөт.
36. 071-уячада Декларация тапшыруучунун киреше салыгынын салык базасынан уруксат берилген эсептен чыгаруунун толук суммасы көрсөтүлөт:
071=051+052+053+(058 же 059)+(064 же 065)+(069 же 070).
37. 072-уячада Декларацияны толтуруунун натыйжасы боюнча Декларация тапшыруучунун салык салынган кирешеси: 072=050-071 көрсөтүлөт. 072-уячанын мааниси оң же терс, ошондой эле нөлгө барабар болушу мүмкүн:
1) эгерде мааниси терс болсо, 072-уячасынын алдында сол тарабында жайгашкан атайын уячага “-“ кемитүү белгиси көрсөтүлөт.
2) эгерде мааниси терс болсо же “0”гө барабар болсо анда 073-081-уячаларда “0” цифрасы көрсөтүлөт.
3) эгерде мааниси оң болуп калса,анда атайын уячада белги коюлбайт жана 073-081- уячалар толтурулат.
38. 073-уячада Салык кодексинин 173-беренесине ылайык киреше салыгынын коюму көрсөтүлөт.
39. 074-уячада (072-уячасынын мааниси х 073-уячасынын мааниси)/100 пайыз формуласы боюнча эсептелип чыккан киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
40. 075-уячада отчеттук жыл үчүн салык агенттери тарабынан (сыйакы, пайыздык жана башка кирешелерди төлөшкөн жумуш берүүчүлөр, субъекттер) кармалган киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Кирешени төлөп жаткан жумуш берүүчүнүн/субъекттин төлөнгөн сумма жана киреше салыгынын кармалган суммасы жөнүндөгү маалымкаты бул сумманын ырастоосу болуп саналат. Маалымкатта көрсөтүлгөн киреше салыгынын суммасы ушул уячада чагылдырылат жана төлөнүүчү салыктын суммасын азайтат.
41. 076-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жыл ичинде өз алдынча төлөнгөн киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумманы төлөө төлөмдү кабыл алгандыгы жөнүндөгү белгиси бар квитанция/ төлөм тапшырыгы менен ырасталат. Бул төлөм документтери Декларация тапшыруучуда сакталат.
42. 077-уячада чет мамлекетте төлөнгөн жана эсепке алууга жаткан киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Декларация тапшыруучу тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортолорунда түзүлгөн Кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу болсо жана мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынганда, киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесин эсептөө учурунда эсепке алынат. Эсепке алынган сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган коюмдар боюнча төлөнгөн болсо, салыктын суммасынан ашпоосу керек. Эсепке алуунун суммасын төмөнкүлөр ырастайт:
1) чет мамлекеттин булактарынан алынган кирешелердин жана чет мамлекеттин салык органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөнгөн киреше салыгынын суммалары жөнүндө маалымкат;
салык төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтери.
Эскертүү: Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуунун бар экендиги жөнүндө маалыматты Декларация тапшыруучу Декларациясын берген салык органынан, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.qov.kq) расмий сайтынан алса болот.
Мисал: Декларация тапшыруучу Россия Федерациясында 100 000 сомго барабар суммада киреше алган, андан 13% киреше салыгынын коюму боюнча 13 000 сомго барабар өлчөмдөгү киреше салыгы кармалган. Кыргыз Республикасында төлөнгөн киреше салыгынын эсебине Россия Федерациясында төлөнгөн киреше салыгынын бардык суммасы эмес, Кыргыз Республикасында колдонулган коюм боюнча төлөнө турган бөлүгү 10%, б.а. 10 000 сом гана эсепке алынат. 10 000 сом өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасында төлөнүүчү киреше салыгын азайтат.
43. 078-уячада 078 = 074 - 075 – 076 - 077-уячаларда көрсөтүлгөн суммалардын ортолорундагы оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырма түрүндөгү киреше салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. 078-уячанын терс мааниси мурда кармалган же төлөнгөн киреше салыгынын бөлүгүн кайтарып алууга Декларация тапшыруучунун укугу бар экенин көрсөтөт. 078-уячанын алдындагы атайын уячага “-” кемитүү белгиси көрсөтүлөт. “0” гө барабар болгон 078-уячанын мааниси Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Декларация тапшыруучунун бюджет алдындагы милдеттенмелери так аткарылганын көрсөтөт. 078-уячанын оң мааниси Декларация тапшыруучу отчеттук жыл үчүн киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесине кошумча төлөө жүргүзүүгө милдеттүү экенин көрсөтөт.
44. Декларациянын 079-уячасына 078-уячанын “Кайтаруу салыгы” терс мааниси көчүрүлөт. Декларация тапшыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) күндөлүк мезгил үчүн анын башка салыктарын төлөөнүн эсебинен жана/же келечектеги мезгилдердеги салыктардын, мисалы, жер салыгынын же мүлк салыгынын эсебинен киреше салыгынын ашык төлөнгөн суммасын эсепке кошууга;
2) анын салык карыздарын төлөөнүн, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөнүн эсебинен киреше салыгынын ашык төлөнгөн суммасын эсепке кошууга;
3) бул сумманы бюджеттен алууга, бул үчүн ашык төлөнгөн сумманы кайтаруу жөнүндө салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган документтерди тиркөө менен, салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берүү зарыл. Арыз салык органы тарабынан кайтаруу тууралуу арыз түшкөн күндөн кийинки 40 календардык күндүн ичинде каралат жана кайтарылат. Ашык төлөнгөн салыктын суммасы накталай акча менен кайтарылбастан, Декларация тапшыруучунун эсеп-чотуна акча каражаттарын накталай эмес которуу жолу менен жүргүзүлөт.
Эскертүү: салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын эсепке алуу же кайтаруу жөнүндөгү арыз Декларация тапшыруучу тарабынан ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки алты жылдан кечиктирилбей берилиши мүмкүн.
45. 080-уячага 078-уячанын оң мааниси, б.а. “Төлөнүүчү салык” көчүрүлөт. Бул сумманы Декларацияны берген күнгө чейин төлөө зарыл.
46. 081-уячада киреше салыгы төлөнгөндөн кийин Декларация тапшыруучунун бөлүштүрүүсүндө калган анын кирешесинин суммасы 081=050-074 эсептөө жолу менен аныкталат. 081-уячасынын мааниси 4-тиркеменин 450-уячасына көчүрүлөт.
47. Декларация тапшыруучу тарабынан толтурулган Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндөгү тиркеме “Х” белгиси менен белгиленет, бул тигил же бул тиркеменин берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
48. 150-уячада Декларация тапшыруучунун жумуш берүүчү менен болгон эмгек мамилелеринен алынган кирешелери көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акы төлөмү, анын ичинде сыйлыктар, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;
2) эмгектик компенсация катарында жумушчуга көрсөтүлгөн кызмат, жумушчунун кызыкчылыгында аткарылган иш, жумушчу тарабынан алынган товарлардын наркы;
3) жумушчу тарабынан үчүнчү жактан алынган, товарлардын, жумуштардын, кызматтардын наркын жумуш берүүчү тарабынан төлөө;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдердин чегинде суткалык жана дайындалган жерге чейин барып, кайра келүү, турак жай жалдоо боюнча өз милдеттерин аткарууда уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан келтирилген компенсациялык чыгымдардан башка, башкаруу уюмуна катышкандыгы үчүн алынган сыйлык жана компенсация түрүндөгү кирешелерге салык салынбайт жана 2-тиркеменин 270-уячасына киргизилет;
5) жумуш берүүчү тарабынан милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүүчү сыйакыдан башка, өзүнүн жумушчуларына камсыздандыруу келишими аркылуу төлөнүүчү камсыздандыруучу сыйакылардын суммасына киреше салыгы салынбайт жана 2-тиркеменин 267-уячасына киргизилет.
Эскертүү: бул тиркемени толтурууда:
1) акча каражаттарынан сырткаркы активдердин наркы, Декларация тапшыруучу тарабынан ырасталган документтердин негизинде, ал эми алар жок учурда, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде декларация мезгилинин аягына карата колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт;
2) чет өлкөлүк активдердин наркы декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт;
3) акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт
49. 151-уячада материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер көрсөтүлөт:
1) жумуш берүүчүнүн жумушчуга берген товардын арзандатылган суммасы;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюмунан төмөн пайызда же пайызсыз зайымдардан жана насыядан алынган кирешелер.
Мисал: жеке адам отчеттук жылдын 1-мартында 6 айга 50 000 сом суммада пайызсыз зайым алган. Зайым алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсеп коюму 8% түзгөн. Зайым отчеттук жылдын 31-августунда толук өлчөмдө кайтарылган.
Жеке адам тарабынан алынган пайданын суммасын эсептейбиз:
50 000 сомду × 8% / 100% / 365 күн×184 зайым колдонулган күн = 2016 сом.
Ошентип, жеке адам зайымды колдонууда төлөнбөгөн 2016 сом суммасында материалдык пайда алган. Бул сумма 1-тиркеменин 151-уячасына киргизилиши керек жана Декларация тапшыруучунун кирешесин көбөйтөт. Эгерде, материалдык пайда жумуш берүүчү тарабынан алынса, анда салыкты жумуш берүүчү кармайт. Кармалган жана төлөнгөн салыктын суммасы жумушчуга Декларацияны толтуруу үчүн берилген жумуш берүүчүнүн маалымкатында көрсөтүлөт. Эгерде материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынбаса, анда материалдык пайданын суммасындагы киреше Декларацияга өз алдынча киргизилиши керек.
50. 152-уячада акысыз алынган активдердин наркы көрсөтүлөт. Бул жерде жакын туугандарынан алынбаган (мисалы, кесиптештеринен же уюмдан алынбаган) товарлар жана башка активдер түрүндөгү белектер чагылдырылышы керек. Жакын туугандарынан калган мурастар же белектердин наркы салык салынбай турган киреше катары 2-тиркеменин 262-уячасында көрсөтүлөт.
51. 153-уячада чет өлкөдөгү банктарга салынган салымдардан, берилген зайымдардан алынган пайыздык киреше көрсөтүлөт, анын суммасы төмөнкүдөй аныкталат:
1) эгерде, пайыздык киреше Кыргыз Республикасынын башка булактарынан алынса жана киреше салыгы төлөм булактарынан кармалса жана бул жөнүндө ырастоочу документтер бар болсо, Декларация тапшыруучу тарабынан алынган, кармалган салыкты эсептен чыгарып салгандан кийин пайыздык кирешенин суммасы 2-тиркеменин 272-уячасында төлөм булактарынан салык салынган киреше катары көрсөтүлөт. Эгерде мындай киреше боюнча төлөм булактарынан пайыздык салык кармалбаса, анда алынган пайыздык сумма ушул уячага киргизилет;
2) эгерде, пайыздык киреше чет өлкөлүк уюмдардан (анын ичинде банктардан) алынган болсо, ал салык салынуучу болуп саналат. Ошону менен бирге, бул уячага пайыздык кирешенин кошуп эсептелинген толук суммасы киргизилет;
3) эгерде, чет өлкөлүк уюмдан алынган пайыздык кирешеге киреше булактарынан салык салынган болсо же Декларация тапшыруучу салыкты өз алдынча чет мамлекетте төлөсө, киреше булактарынан кармалган салыктын же өз алдынча төлөнгөн салыктын суммасы ушул Тартиптин 42-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты төлөө же кармоо жөнүндөгү документ тарабынан ырасталышы керек;
4) эгерде, мындай келишимдин суммасы, макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болсо, декларация тапшыруучу тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн Кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуу болгон учурда салык милдеттенмесин эсептөөдө чегерилет.
5) кошуп эсептелинген пайыздык кирешенин суммасы, анын ичинде кармалган салык 153-уячада чагылдырылат. Макулдашууга ылайык чегерүүгө жаткан салык Декларациянын 077-уячасына киргизилет, бирок Кыргыз Республикасында бекитилген киреше салыгынын коюмунан ашпаган коюм боюнча. Чет мамлекетте төлөнгөн/ кармалган жана Кыргыз Республикасында киреше салыгынын төлөө эсебинде чегерилүүгө тийиштүү салыктын суммасын эсептөөнүн мисалы ушул Тартиптин 42-пунктунда келтирилген.
6) Декларациянын 077-уячасында көрсөтүлгөн салык суммасы төлөнө турган киреше салыгынын суммасын азайтат.
Эскертүү: бул уячаны толтуруу учурунда ата-мекендик банктардан жана чет өлкөлүк банктардан алынган, анын ичинде киреше булактарында мурда салык салынган жана салык салынбаган пайыздык кирешелерди өз өзүнчө кароо зарыл.
Ата мекендик банктарга салынган салымдардын пайыздык кирешеси салык салынбаган болуп саналат, ошондуктан бул уячада чагылдырылбастан, 2-тиркеменин 269-уячасында көрсөтүлөт.
Эгерде, мындай пайыздык кирешени алуучу жеңилдетилген категорияга кирбесе жана алынган пайыздык кирешеге пайыздын суммасын төлөгөн банк тарабынан киреше салыгы салынса, анда пайыздык кирешенин алынган суммасы 2-тиркеменин 272-уячасында төлөм булактарында салык салынган кирешелер катары чагылдырылат.
Эгерде, мындай пайыздык кирешени алуучу жеңилдетилген категорияны алуучуларга кирбесе жана алынган пайыздык кирешеге пайыздын суммасын төлөгөн банк тарабынан киреше салыгы салынбаса, анда киреше салыгынын алынган суммасы ушул уячада Декларация тапшыруучунун жылдык жыйынды кирешесинин бир бөлүгү катары чагылдырылат.
Бул тиркемеге, сатуу күнү листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингинде жаткан пайыздан алынган киреше жана баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше киргизилбейт. Бул киреше салык салынбай турган болуп саналат жана 2-тиркеменин 268-уячасына киргизилет.
52. 154-уячада дивиденддер түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт, алардын суммасы төмөнкүдөй аныкталат:
1) ата мекендик уюмдардан алынган дивиденддер эсептелбейт, анткени Салык кодексине ылайык аларга салык салынбайт.
Эскертүү: ата мекендик уюмдан алынган дивиденддер 2- тиркеменин 258-уячасында салык салынбаган кирешелер катары чагылдырылат;
2) чет өлкөлүк уюмдардан алынган дивиденддердин толук суммасы, бул суммадан салык кармалганына/төлөнгөнүнө карабастан эске алынат;
3) эгерде, чет өлкөдө алынган дивиденддердин суммасынан салык кармалган/төлөнгөн болсо, анда салыктын бул суммасы Декларацияга, Декларация тапшыруучу дивиденд алган мамлекет менен Кыргыз Республикасынын Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу болсо, чет мамлекетте төлөнгөн салык катарында киргизилиши мүмкүн. Башка мамлекетте кармалган/төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасында белгиленген коюм боюнча гана эсепке алынышы мүмкүн. Салык суммасын кармоонун же аны төлөөнүн ырастоосу катары ушул Тартиптин 42-пунктунда көрсөтүлгөн, салыкты төлөө же кармоо тууралуу документ кызмат кылат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөө эсебине чегерилүүгө жаткан жана чет мамлекетте кармалган/төлөнгөн салыктын суммасынын эсебинин мисалы ушул Тартиптин 42-пунктунда келтирилген.
Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөө эсебине чегерилүүгө тийиштүү жана чет мамлекетте кармалган/ төлөнгөн салыктын суммасы Декларациянын 077-уячасында көрсөтүлөт жана төлөнө турган киреше салыгынын суммасын төмөндөтөт.
53. 155-уячада сатуунун наркы менен сатып алуунун наркынын ортосундагы арифметикалык айырма катары аныктала турган салык салынбаган кирешелерден башка, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган кирешенин өсүшүнүн суммасы төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
1) жеке пайдалануу үчүн эмес сатып алынган жана мурда сатуучу тарабынан ишкердик ишинде колдонулбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан;
2) автоунааларды сатуудан, эгерде ал менчигинде бир жылдан аз болсо;
3) турак жай фондуна таандык (батирлер, үйлөр, дачалар) деп эсептелген кыймылсыз объектилерди сатуудан, эгерде ал менчигинде эки жылдан аз болсо.
Эгерде, киреше Декларация тапшыруучунун менчигинде бир жылдан ашык жана эки жылдан ашык болгон, турак жай фондуна караган автоунааларды же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган болсо, анда бул кирешелер салык салынбоочу болуп саналат жана 2-тиркеменин 265-уячасына толук киргизилет.
Мисал: 2012-жылы Декларация тапшыруучу ата-энесинен бир бөлмөлүү батирди белекке алган. Ал батирди ата-энеси 2008-жылы сатуу-сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн 1 000 000 сом өлчөмүндөгү суммага сатып алышкан. Эгерде Декларация тапшыруучу 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация толтурса, ал 2-тиркемеде 1 000 000 сом өлчөмүндөгү салык салынбаган киреше деп көрсөтмөк, анткени, жакын туугандарынан алынган белектер салык салынбаган кирешеге тиешелүү болот.
Декларация тапшыруучунун менчик үйү болгондуктан, отчеттук 2013-жылы ал белекке алган, сатуу убагында баасы 1700 000 сомду түзгөн батирин сатууну чечти. Батирди белекке алган (ээ болгон) убактан бери эки жылдан аз убакыт өткөндүгүн эске алып, батирдин өсүшүнүн наркы Декларация тапшыруучунун салык салынуучу кирешеси болуп саналат.
Батирди сатуудан түшкөн 1 700 000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларация тапшыруучу төмөндөгүдөй үлгүдө Декларацияда чагылдырат:
1) Декларация тапшыруучу бул Тиркеменин 155-уячасында батирди сатып алуу жана сатуу наркынын ортосундагы арифметикалык айырмага барабар 700 000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт.
2) Батирди сатып алуу наркына барабар, документтер менен ырасталган 1 000 000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларация тапшыруучу салык салынбаган киреше катары 2-тиркеменин 265-уячасында көрсөтөт.
Белекке берүүчүнүн (Декларация тапшыруучунун ата-энесинин) чыгымын, белектин наркын ырастаган документтер жок болсо, анда батирди сатып алуу нөлгө барабар болот. Ошондуктан, эки жылдан аз мөөнөттө батирди сатууда Декларация тапшыруучу ушул тиркеменин 155-уячасында батирди сатуудан алынган бардык 1700 000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтүүгө жана анын киреше салыгын төлөөгө тийиш.
54. 156-уячада сатып алуу наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт, анын суммасы төмөнкүчө аныкталат:
1) эгерде, Декларация тапшыруучу отчеттук жылда баалуу кагаздарды сатуудан киреше алса (киреше = сатуу суммасынан сатып алуу наркын кемитүү), анда бул сумма ушул уячага киргизилет. Сатуу күнүндө листингдин жогорку жана жогоркудан кийинки категориясы боюнча фондулук биржанын листингинде турган баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше буга кирбейт. Бул киреше салык салынбоочу болуп саналат жана 2- тиркеменин 268-уячасында көрсөтүлөт;
2) үлүштүк баалуу кагаздардын баштапкы наркынын жана/же катышуучунун киргизген үлүшүнүн жана/ же пайынын өлчөмүндөгү баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн сумма, башкача айтканда аларды сатып алуу наркы салык салынбай турган болуп саналат жана 2-тиркеменин 266-уячасына киргизилет.
55. 157-уячада субсидия катары алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: субсидия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан декларация тапшыруучуга анын экономикалык ишине байланыштуу, өткөн же келечекте белгилүү шарттарды аткаруусунун ордуна активдерди берүү түрүндөгү жардам.
56. 158-уячада моралдык зыяндын компенсациясы түрүндө алынган сумма көрсөтүлөт, мындай сумма соттун чечими боюнча же тараптардын өз ара келишими боюнча төлөнүшү мүмкүн.
Мисал: Көп кабаттуу турак жайдын 4-кабатында жайгашкан батирдин ээси Асанов ылдыйкы кабатта жайгашкан, Сыдыковго таандык батирге суу каптатып алат. Өз ара келишим боюнча Асанов Сыдыковдун батирин оңдоону жүргүзөт жана оңдоо иштеринин наркына кошумча Сыдыковго келтирилген 10 000 сом өлчөмдө моралдык зыянды компенсациялайт. Мында Асанов оңдоо иштерине жумшаган сумма материалдык зыяндын ордун толтуруу деп эсептелинип, Сыдыковдун кирешесине кирбейт, ал эми 10 000 сом өлчөмүндөгү компенсациянын суммасы Сыдыковдун кирешеси болуп саналат жана киреше салыгы салынууга жатат.
57. 159-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндөрдү кошпогондо, алынган пенсиялардын, стипендиялардын, жөлөкпулдардын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууга ылайык, төлөнгөн өлкөдө гана салык салынган чет мамлекетте алынган пенсиялардын суммасы көрсөтүлөт.
Мисал: Россия Федерациясынын жараны Иванов Кыргызстанда туруктуу жашайт жана Россиянын мыйзамдарына ылайык пенсия алып, ал анын банктык эсебине түшөт. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуунун шарты боюнча Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык төлөнгөн пенсияга бир гана Россия Федерациясында салык салынгандыктан, бул пенсия анын салык салынуучу кирешеси болуп саналбайт жана бул уячага киргизилбейт.
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган, жогоруда көрсөтүлгөн пенсия 2-тиркеменин 270-уячасына киргизилет.
Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасы менен Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу жок чет мамлекеттин (мисалы, Америка Кошмо Штатынын) Кыргызстанда туруктуу жашоочу жана АКШ мыйзамдарына ылайык пенсия алуучу чет мамлекеттин жараны бул уячага бир жылда алынган пенсиянын бардык суммасын киргизиши жана андан киреше салыгын төлөшү керек болот.
58. 160-уячада утуш түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан алынган, утуштун суммасы же наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашкан, утуш түрүндө алынган бардык кирешелер чагылдырылат. Эгерде утуштун суммасы 10 эсептик көрсөткүчтөн, башкача айтканда 1 000 сомдон аз болсо, ал салык салынбоочу болуп саналат жана 2- тиркеменин 264-уячасына киргизилет.
59. 161-уячада Декларация тапшыруучунун милдеттенмесин токтотуудан түшкөн кирешенин суммасы көрсөтүлөт, ал төмөнкү учурларда пайда болот:
1) насыя берүүчү карызды кечкенде;
2) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси тарабынан белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгарганда;
3) жеке адамдын милдеттенмелери, анын ичинде үчүнчү тараптан салык милдеттенмелери аткарылганда.
Эскертүү: эгерде, жарандык мыйзам тарабынан белгиленген, анын төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү - үч жыл өткөндөн улам милдеттенмелери токтотулган же карызы кечирилген болсо же үчүнчү тарап утурлама талаптарын койбостон, Декларация тапшыруучу үчүн ал төлөй турган сумманы төлөгөн болсо, анда кайтарылбаган же үчүнчү жакка төлөнбөгөн карыздын суммасы Декларация тапшыруучунун кирешеси болуп саналат. Көрсөтүлгөн кирешенин суммасын ушул уячада көрсөтүү зарыл.
Мисал: ижара келишиминин шарты боюнча ижарачы өз каражатынан ижара берүүчү – жеке адам үчүн киреше салыгын, төлөнгөн ижара суммасынан Социалдык фондго чегерүүсүн, жер салыгын, мүлк салыгын төлөйт. Мындай учурда бардык бул төлөмдөрдүн суммасы ижара берүүчү-жеке адамдын салык салынуучу кирешеси деп эсептелинет жана толугу менен 161-уячага киргизилет.
60. 162-уячада отчеттук жылда камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмү түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Кирешенин суммасы, жумуш берүүчү тарабынан жумушчунун пайдасына түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жумушчу тарабынан алынган камсыздандыруучу төлөмүн кошпогондо, камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандырылган адам тарабынан жүргүзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдүн суммасынын жана камсыздандырылган ордун толтуруунун алынган суммасынын ортосундагы айырма катары эсептелинет.
Мисал: Декларация тапшыруучу Айдаров 2010-жылдын 1-январынан тартып 5 жылга турак жайын (батирин) ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзгөн. Камсыздандыруу келишими боюнча Айдаров ай сайын 200 сомдон төлөп келген. 2013-жылдын ноябрь айында турак жайдын жылуулук тармагынын кыйроого учурашынан Айдаровдун батирин суу каптап кеткен. Камсыздандыруучу компания түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасын белгилеген жана Айдаровго 25 000 сом төлөп берген. 2010-жылдын январынан тартып, 2013-жылдын ноябрына чейинки 47 айда Айдаров камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу компаниянын камсыздандыруу төгүмүн төлөө эсебине 47 х 200=9 400 сом өлчөмүндө акча төлөгөн. Айдаров тарабынан алынган салык салынуучу киреше камсыздандыруу төлөмүнөн алынган сумманын жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнгөн суммасынын ортосундагы арифметикалык айырма катары эсептелинет: 25 000 – 9 400 = 15 600 сом. Ошентип, Айдаров 162-уячада 15 600 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт.
Эскертүү: милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү салык салынбаган киреше болуп таанылат жана 2- тиркеменин 267-уячасына киргизилет.
61. 163-уячада 150-162-уячаларда көрсөтүлбөгөн башка салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт. Мындай киреше катары, мисалы, отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу алган, мурда аларга берилген зайымдар, ошондой эле роялти боюнча пайыздардын суммасы болушу мүмкүн.
Эскертүү: роялти бул, сыйлык катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр:
а) бардык адабий, искусство же илимий чыгармаларга, анын ичинде компьютердик программаларга, кино, теле, видеофильмдерге же радио жана телеберүү үчүн жаздырууларга автордук укугун пайдалануу же укугун пайдаланууга берүү үчүн;
б) өнөр-жайлык менчик объектисине, соода маркасына, дизайн же моделге, планга, жашыруун формула же процесске же өнөр жайлык коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматтарга (ноу-хау), болгон укугун ырастаган бардык патент үчүн.
Роялтиге финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сыйлыктар кирбейт.
62. 164-уячада отчеттук жылда алынган жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 150 - 163-уячалардын бардык жалпы суммасы кирет. 164-уячанын мааниси Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.
63. Бул Тиркемени толтурууда акча каражаттарын кошпогондо, активдердин наркы, Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, ал эми алар жок болсо, Декларация тапшыруучунун өз алдынча берген баалоосунун негизинде декларация толтуруу мезгилинин аягындагы колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Эскертүү: чет элдик валютадагы мүлктүн наркы декларация толтуруу мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт. Акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет элдик валютадагы акча каражаттары декларация толтуруу мезгилинин аягындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
64. Салык салынбаган кирешелердин суммасы Декларация тапшыруучунун киреше булактарын ырастоо максатында Декларацияда көрсөтүлөт.
65. 250-уячада Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фонддорунан төлөмдөр түрүндө Декларация тапшыруучу тарабынан алынган киреше көрсөтүлөт.
66. 251-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Декларация тапшыруучу тарабынан алынган жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт.
67. 252-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган жана Декларация тапшыруучу тарабынан алынган пенсия, стипендия, жөлөкпулдар көрсөтүлөт.
68. 253-уячада мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде бюджеттин каражаттарынын эсебинен Декларация тапшыруучуга дайындалган жана төлөнүп берилген жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт.
69. 254-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан ага келтирилген материалдык чыгымдын же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу максаттарында ал жеткис күчтөрдүн шарттарына байланыштуу кайтарымсыз алынган суммалар көрсөтүлөт.
Эскертүү: ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны же башка шарттар сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө, четтетүүгө мүмкүн болбогон же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок четтетүүгө болбой турган бөлөк кырдаалдардын натыйжасында чукул жана четтетилбөөчү жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка ыкмалардын негизинде аныкталат.
70. 255-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан - аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органынын, укук коргоо органынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматкерлердин өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда дене-боюнун жабырлануусуна байланыштуу, мамлекеттик бюджеттин каражатынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары көрсөтүлөт. Мындай учурда, Декларация тапшыруучу - аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органынын, укук коргоо органынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматкерлердин жакын тууганы, алардын курман болгондугуна байланыштуу мамлекеттик бюджеттин каражатынан алынган компенсациялык төлөмдөрүнүн жана жөлөкпулдарынын суммасын бул уячада чагылдырат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алуучулар жана асыранды балдар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдары, бир тууган жана аталаш (энелеш) ага-инилер, эже-сиңдилер, чоң ата, чоң энелер, неберелер жакын тууганы деп эсептелинет.
71. 256-уячада жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу Декларация тапшыруучу жумуш берүүчүдөн алган кайтарымсыз жардамдын суммасы көрсөтүлөт. Каза болгон жумушчунун жалдоочусунан кайтарымсыз жардам алган, каза болгон жумушчунун жакын тууганы – Декларация тапшыруучулар бул уячага алынган жардамдын суммасын көрсөтүшөт.
72. 257-уячада ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун жабуу эсебинен, ошондой эле, эмгектик милдеттерин аткаруу учурунда майып болгондо, анын ичинде моралдык зыяндын компенсациясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жалданган жумушчу - Декларация тапшыруучу тарабынан алынган сумма көрсөтүлөт. Жалданган жумушчунун көрсөтүлгөн жакын тууганы - Декларация тапшыруучу өзүнүн Декларациясынын бул уячасында зыяндын ордун толтуруунун, анын ичинде моралдык зыяндын компенсациясынын, жалданган жумушчунун эмгектик милдетин аткаруу учурунда курман болгондугуна байланыштуу, Декларация тапшыруучу тарабынан алынган суммасы чагылдырылат.
73. 258-уячада ата мекендик уюмга катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт. Алынган дивиденддердин суммасы жөнүндө төлөм булактарынан алган маалымкат бул сумманы ырастоосу болуп саналат.
74. 259-уячада үчүнчү тараптан алынган киреше көрсөтүлөт:
1) майып тарабынан - майыптардын техникалык каражаттар үчүн төлөмдөрү;
2) майып тарабынан - майыптыгын профилактикалоо жана аны реабилитациялоо, майыптар үчүн жол көрсөтүүчү-иттерди кармоо үчүн суммалардын өлчөмү;
3) майыптар, пенсионерлер, 16 жашка чейинки жетимдер тарабынан - жөлөкпулдар;
Ошондой эле, бул уячага жашы жете элек балдардын саны 4 же андан көп баланы түзгөн, көп балалуу үй - бүлөгө дайындалган жөлөкпулду алуучу - Декларация тапшыруучу алган жөлөкпулунун суммасын көрсөтөт.
4) социалдык жактан корголбогон адамдар - бекер тамактанууларын.
Эскертүү: Декларация тапшыруучунун саналган категориялары үчүн көрсөтүлгөн кирешелер, ким тарабынан жана кайсы булактан төлөнбөсүн салык салынбаган кирешелерге кирет.
75. 260-уячада жубайлар же мурдагы жубайлардын ортосундагы ажырашууга байланыштуу мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн жана өткөрүп берүүнүн натыйжасында Декларация тапшыруучу тарабынан алынган киреше көрсөтүлөт.
76. 261-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларация тапшыруучу тарабынан алынган алименттер көрсөтүлөт. Алименттер жашы жете элек балдарды багууга, ошондой эле, карып калган ата-энесин багууга алынышы мүмкүн.
Эскертүү: эгерде, алынган алименттин суммасы соттун чечими менен же мыйзамда белгиленген өлчөмдөн ашып кетсе, алынган алименттин бардык суммасы бул уячада чагылдырылат, себеби, жакын туугандарынан алынган белектер да салык салынбаган кирешеге киргендигине байланыштуу, салык салынбаган кирешеге кирет.
77. 262-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан гуманитардык жардам катарында алынган мүлктүн наркы, ошондой эле, жакын туугандарынан мурастоо же белекке алуу тартибинде алынган жумуштардын, кызматтын, мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде, жакын туугандары белек берсе, анда анын наркы салык салынбаган киреше болуп саналат. Бирок, эгерде жакын деп саналбаган туугандарынан белек алынса, мисалы, тай акеден, тай эжеден, жээнден, ошондой эле, тууган эместен, анын наркы салык максатында салык салынуучу киреше деп эсептелет жана 1- тиркеменин 152-уячасына киргизилет.
Эгерде, жакын тууганы ишкердик иш жүргүзсө, анда мындай тууган тарабынан берилген кайтарымсыз активдердин наркынан активдерди алган, анын ишкердик ишине катышуучу адам киреше салыгын же пайда салыгын төлөшү керек.
Мисал: зергер буюмдарын сатуу ишин жүргүзгөн жеке ишкер толугу менен кирешеленген товардын тобун алды жана зергер буюмдарынын тобун алып келүүгө кеткен чыгымды ага жараша эсептен чыгарат.
Ишкер алынган товарлардын тобунун жарымын аялына белекке берген. Эгерде, аялы жеке ишкер болуп саналбаса, ал өзүнүн Декларациясында кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан түшкөн кирешени таанууга жана анын наркын Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI – 101-001) 1-тиркемесинин 152-уячасына киргизиши керек.
Эгерде, аялы жеке ишкер болсо жана жалпы салык салуу режиминин негизинде салык төлөсө, ал өзүнүн Декларациясында кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан алынган кирешени таанууга жана анын наркын Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 1- тиркемесинин (FORM STI – 102-001) 153-уячасына киргизиши керек.
Эгерде, аялы жеке ишкер болсо жана атайын салык салуу режиминин негизинде салык төлөсө ал өзүнүн Декларациясына кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан алынган кирешени таанууга жана анын наркын Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 5- тиркемесинин (FORM STI – 102-005) кирешелердин уячасына киргизиши керек.
Ошону менен бирге, Декларация тапшыруучу-аялы-жеке ишкер үчүн товарлардын тобун өткөрүп берүү, тийиштүү баардык салыктарды төлөнгөн товарларды сатуу катары таанылат.
78. 263-уячада жеке ишкердик иш жүргүзүүнүн чегинде алынган кирешелерди кошпогондо, айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде Декларация тапшыруучу өзүнүн короо-жай участогунда өстүрүлгөн продукцияны сатса, мындай киреше Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесине тиешелүү болот жана ушул уячада чагылдырылат.
79. 264-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган, утуш түрүндө (лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан) алынган кирешенин баардык түрлөрү көрсөтүлөт. Эгерде, утуштун наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашып кетсе, анда мындай киреше салык салынуучу болот жана 1-тиркеменин 160-уячасында чагылдырылышы керек.
80. 265-уячада Декларация тапшыруучунун жеке максаты үчүн колдонулган жана ишкердик иш жүргүзүү максатында сатып алынбаган, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт, төмөнкүлөрдөн алынган кирешени кошпогондо:
1) сатып алган күндөн тартып бир жылдан аз убакыт менчик укугунда болгон автомотоунаа каражаттарын сатуудан;
2) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык жана бул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып катар келген эки жылга жетпеген мезгилде менчик укугундагы кыймылсыз мүлктү сатуудан.
Эскертүү: көрсөтүлгөн учурларда Декларация тапшыруучу 1-тиркеменин 155-уячасына киргизилген мүлктү сатуу наркынын сатып алуу наркынан ашып кеткен түрүндөгү салык салынган кирешени таанууга милдеттүү. Сатып алуу наркынын өлчөмүндө мүлктү сатуудан алынган сумма салык салынбоочу болуп саналат жана ушул уячада чагылдырылат.
81. 266-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан алынган, үлүштүк баалуу кагаздардан же катышуучунун мурда киргизилген үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндөгү наркын кайтаруу суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде катышуучунун пайы же үлүшү же акциясы отчеттук жылда Декларация тапшыруучу тарабынан, сатып алууга кеткен чыгымдан ашкан нарк боюнча сатылса, анда мындай нарктын өсүшү (алгачкы жумшалган акча каражатынын суммасы менен сатылган баанын ортосундагы айырма) 1- тиркеменин 156-уячасына киргизилет.
82. 267-уячада Декларация тапшыруучуга кайтарылуучу камсыздандыруу сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар, башкача айтканда, камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандыруучу компаниянын дарегине камсыздандыруу келишими боюнча төлөнгөн сумма көрсөтүлөт. Ошондой эле, бул уячада бул камсыздандыруу келишими ишкердик максатында түзүлбөгөн шартта, Декларация тапшыруучу тарабынан камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде алынган кайтарым акылар жана камсыздандыруучу суммалар көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу суммалардын, сыйакылардын жана ордун толтуруу төлөмүн кошпогондо, камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдү башка адам же субъект жүргүзсө, кайтарылган каражаттар Декларация тапшыруучунун салык салынуучу кирешеси деп таанылат жана 1- тиркеменин 153-уячасына киргизилиши керек.
83. 268-уячада сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча фондулук биржасынын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган пайыздар жана кирешелер көрсөтүлөт.
Эскертүү: листинг - бул фондулук биржада баалуу кагаздарды расмий соодалоого уруксат берүү жол-жобосу. Компаниянын баалуу кагаздарынын эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориядагы фондулук биржанын листингинде болушу, фондулук биржанын жана мыйзамдардын талаптарына ылайык иши жөнүндө маалыматты ачып берүүсү, башкача айтканда, көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын биржалык баалары ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлине ээ болот дегенди билдирет.
Эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки листингдин категориялары боюнча фондулук биржалардын листингинде болбогон баалуу кагаздарды сатуудан алынган сумма, сатып алуунун наркынын өлчөмүндө гана салык салынбаган болуп саналат. Сатып алуунун наркы кыймылдуу мүлк катары ушул тиркеменин 265-уячасында чагылдырылат. Сатып алуунун наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча салык салынуучу болуп саналат жана 1- тиркеменин 156-уячасында чагылдырылат.
84. 269-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын банктарындагы салымдар боюнча алынган пайыздардын суммасы көрсөтүлөт.
Пайыздык киреше чет өлкөлүк банктардан алынган учурда, кирешени 1-тиркеменин 153-уячасына киргизүү керек.
85. 270-уячада Декларация тапшыруучу 250-269-уячаларда көрсөтүлбөгөн, киреше салыгы салынбаган башка кирешелерди көрсөтөт, алар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыскы чөлкөмдөрдөгү жана бийик тоолуу шарттардагы жумуш үчүн белгиленген кошумчалар жана райондук коэффициенттер;
2) атайын кийимдердин, атайын бут кийимдердин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, жугушсуздандыруучу каражаттардын наркы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча жана тизмедеги мындай жумуштарга ылайык, иштеги зыяндуу жана коркунучтуу эмгек шарттарында иштеген жумушчулардын сүт жана дарылык-профилактикалык тамак-ашынын наркы;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жумушчуларды милдеттүү түрдө медициналык жактан текшерүүнүн жана дарылык – профилактикалык жактан тейлөөнүн наркы;
4) Декларация тапшыруучунун – жумушчунун иш сапарынын чыгымдарынын компенсациясынын, ошондой эле, уюмдун башкаруу органынын мүчөсү катары өз милдетин аткарууда ал тарткан чыгымдардын суммалары:
а) берилген документтерге ылайык – белгиленген жерге чейин барып, келүү жол киреси боюнча;
б) берилген документтерге ылайык – турак жайды жалдоо боюнча;
в) күндөлүк акчалар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде;
5) донор тарабынан кан тапшыргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрүнөн алынган суммалар.
6) Декларация тапшыруучу - Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Баңгизатты көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, жазык - аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, өрткө каршы кызматтын, Кыргыз Республикасынын жарандык коргоо аскеринин Декларация тапшыруучу - кызматкери тарабынан алынган азык - түлүк паегунун компенсациясынын наркынын жана акчалай жабдуусунун суммалары;
7) олимпиада оюндарынын чемпиондоруна, байге ээлерине, Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча курама командаларынын мүчөлөрүнө, Олимпиада оюндарынын, дүйнөнүн, Азиянын жана Азия оюндарынын чемпионаттарынын чемпион курама командаларынын мүчөлөрүнө бюджеттик каражаттын эсебинен төлөнүүчү стипендиялар, бир жолку сыйлыктар.
8) жашоо деңгээлинен төмөн кирешеси бар адамдарга, (качкындарга, оорусу катууларга) социалдык реабилитациялоого же адаптацияга, медициналык жардамга муктаж болгон адамдарга коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттин атынан кайтарымсыз берилген активдер.
9) кирешелер жана мүлктөр жөнүндө көрсөтүлгөн Декларацияга ылайык 2013-жылы жүргүзүлгөн кирешелерди жана мүлктөрдү легалдаштыруу боюнча өнөктүктүн алкагындагы кирешелердин жана мүлктөрдүн жалпы суммасы.
86. 271-уячада отчеттук жыл үчүн Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешелеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада 250- 270- уячалардын маанилеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 271-уячанын мааниси 4- тиркеменин 451-уячасына көчүрүлөт.
87. 272-уячада мурда төлөм булактарында салык салынган пайыздык киреше көрсөтүлөт.
88. 273-уячада ушул тиркеменин 272-уячасында көрсөтүлбөгөн жана жылдык жыйынды кирешеге киргизилбеген, төлөм булактарында салык салынган башка кирешелер көрсөтүлөт.
89. 274-уячада 272 жана 273-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон, төлөм булактарында салык салынган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт. 274-уячанын мааниси 4-тиркемесинин 452-уячасына көчүрүлөт.
90. 3-тиркемеде Декларация тапшыруучунун менчигиндеги баардык мүлк объекттери, анын ичинде, бул объектилер жана/же участоктору салык салууга жатабы же жокпу, ага карабастан мөөнөттүү же мөөнөтсүз колдонуусундагы жер участоктору көрсөтүлөт.
Эскертүү: мүлк салыгынын/ жер салыгынын салык төлөөчүсү болуп, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, менчигинде мүлк/ жер участогу бар же менчик ээси/ жер пайдалануучусу аныкталбаган мүлктү/ жер участогун пайдаланган жеке адам саналат.
Мүлккө/жер участогуна болгон укуктарды каттоо жок болгон учурда, пайдалануучуну мүлк/жер салыгынын салык төлөөчүсү катары таанууга негиз болуп, мүлктү/жер участогун иш жүзүндө пайдалануу саналат.
91. Мүлк/жер участоктору объекттерине салык салынууга жатканына, төлөө боюнча алардын жеңилдиктеринин бар-жогуна жараша коддор ыйгарылат:
Коду | Мүлк объектисинин категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
Эскертүү: эгерде, мүлк /жер участогу объектиси жалпы негиздерде салык салынууга жатса, ага “С/С” коду ыйгарылат.
Эгерде, мүлк /жер участогу объектиси салык салынууга жатпаса же салык салынуудан бошотулса, ага “С/СТ” коду ыйгарылат.
Эгерде, Декларация тапшыруучуга же мүлк / жер участогу объектисине жеңилдетүү/ салык төлөөдөн бошотуу белгиленсе, ага “Ж/Б” коду ыйгарылат.
92. Салык салынууга жаткан мүлк объекттери боюнча көрсөткүчтөр, Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык салык органына берилген, өткөн отчеттук жыл үчүн 1-топтогу объекттер (FORM STI – 086), 2-топтогу объекттер (FORM STI – 087), 3-топтогу объекттер (FORM STI – 088) жана 4-топтогу объекттер (FORM STI – 090) боюнча мүлк салыгынын маалыматтык эсептөөлөрдө көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн негизинде көрсөтүлөт.
93. Салык салынууга тийиштүү болгон короо-жай жанындагы, чарба жанындагы жана бак-чарбак жер участоктору боюнча көрсөткүчтөр, Салык кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Декларация тапшыруучуга тапшырылган жер салыгынын кошуп эсептелген суммасы жөнүндөгү салык органынын кабарлоосунун маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт.
94. Салык салуудан бошотулган же алар боюнча жеңилдиктер каралган мүлк/жер участогунун объекти боюнча көрсөткүчтөр, кыймылсыз мүлктүн/ жерди пайдалануу актысынын бирдигинин техникалык паспортундагы маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт.
95. Эгерде мүлк объектти салык салынбаганга, салык салууга туура келбесе, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса,1-бөлүктүн 7-графасынын тиешелүү уячасында “0” цифрасы же берилген жеңилдикти эсепке алуу менен төлөөгө жаткан салыктын суммасы көрсөтүлөт.
96. Менчик укугунда Декларация тапшыруучуга таандык болгон мүлк объектисине карата укук белгилөөчү документ жана/же техникалык паспорту жок болгон учурда, бул тиркемеде Салык кодексинин 327-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн мүлк объектисин ченөө актысынын маалыматтары көрсөтүлөт.
97. Декларация тапшыруучунун пайдалануусунда болгон үй жанындагы, чарба жанындагы жана бак-чарбактык жер участокторунун аянты көрсөтүлгөн жер участогуна карата жерди пайдаланууга укук белгилөөчү документ жана/же акты/ күбөлүгү жок болгон учурларда, бул тиркемеде Салык кодексинин 336-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн жер участогун ченөө актысынын маалыматтары көрсөтүлөт.
98. Эгерде, мүлк / жер участогу объектисине үлүштүк биргелешкен менчик укугундагы бир нече менчик ээлери/колдонуучулар ээлик кылышса, алардын ар бири укукту белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн үлүштөрүнүн катыштары же менчик ээлеринин/колдонуучулардын макулдашуусу боюнча мүлк/жер салыктарынын салык төлөөчүлөрү болуп саналышат.
Эскертүү: ар бир менчик ээлеринин/колдонуучулардын үлүшүнө туура келген салыктын бөлүгүн эсептеп чыгуу (маалыматтык эсептөөнү тапшыруу) жана төлөө алардын ар бири тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Ошондой эле, менчик ээлеринин/колдонуучулардын макулдашуусу боюнча алардын ичинен бирөөсү мүлк/жер участогу объектисине маалыматтык эсептөөнү тапшырышы жана салыктын толук суммасын төлөшү мүмкүн. Мындай учурда башка менчик ээлери тарабынан мүлк / жер участогу объектисине салыкты эсептеп чыгуу жана төлөө тапшырылган менчик ээлеринин/колдонуучулардын бирөөсү аны өзүнүн Декларациясында көрсөтөт. Салыкты эсептеп чыгуу жана төлөө боюнча анын ыйгарым укугун ырастаган документ болуп, менчик ээлеринин/колдонуучулардын ортолорундагы макулдашуу (келишим), же ар бир менчик ээлери/колдонуучулары тарабынан нотариалдуу түрдө берилген ишеним каты саналат.
99. 1-графанын уячаларында 1, 2, 3-топтордогу мүлктөрдүн түрлөрүнүн: убактылуу же туруктуу жашоо үчүн пайдаланылган жана ишкердик ишин жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган турак үйлөрдүн, анын ичинде жатаканалардын, батирлердин, жайкы үйлөрдүн, ошондой эле, пайдаланылбаган киши жашабаган жайдын коду көрсөтүлөт.
1-графанын уячаларын толтурууда төмөндөгү таблицага ылайык мүлктүн коддорун тандап алуу зарыл:
№ | Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
1. | 001 | Турак үй |
2. | 002 | Батир |
3. | 003 | Дача |
4. | 004 | Жатакана |
5. | 005 | Пайдаланылбаган, киши жашабаган жай |
100. 2-графанын уячаларында төмөндөгү таблицага ылайык Декларация тапшыруучунун коду көрсөтүлөт:
№ | Коду | Мүлктү колдонуучу |
1. | МЭ | Менчик ээси |
2. | ҮМЭ | Үлүштүк менчик ээси |
3. | МЭЭ | Менчик ээси эмес |
Эскертүү: эгерде, мүлк салыгын төлөөчү болуп мүлктүн менчик ээси саналса, анда бул уячаларда “МЭ” коду көрсөтүлөт.
Эгерде, мүлк бир нече адамдын менчигинде болсо, “ҮМЭ” коду көрсөтүлөт.
Эгерде, салык төлөөчү болуп мүлктүн ээси эмес, колдонуучу саналса, анда уячаларда “МЭЭ” коду көрсөтүлөт.
101. 3-графанын уячаларында мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат
Эскертүү: райондордун коддору ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтында жайгаштырылат.
102. 4-графанын уячаларында кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт.
Эскертүү: бул код кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун титулдук барагынын үстүңкү сабында көрсөтүлөт.
103. 5-графанын уячаларында ушул Тартиптин 91-пунктунда каралган таблицага ылайык мүлк объектисинин категориясынын коду көрсөтүлөт.
Эскертүү:
1) эгерде, мүлк объектиси жалпы негиздерде салык салынууга туура келсе, ага “С/С” коду ыйгарылат, эгерде, мүлк объектиси Салык кодексинин 324-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык салынуучу объект болуп саналбаса, анда ага “С/СТ” коду ыйгарылат.
2) Эгерде Декларация тапшыруучу же мүлк объектиси үчүн Салык кодексинин 330-беренесине ылайык (2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган 1-бөлүктүн 2-пунктун кошпогондо) салык төлөөдө жеңилдик/бошотуу белгиленсе, мындай объектиге “Ж/Б” коду ыйгарылат.
104. 6-графанын уячаларында мүлк объектисинин чарчы метрлерде иш жүзүндөгү параметрлери көрсөтүлөт.
105. 7-графанын уячаларында ушул Тартиптин 92-пунктуна жана Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөдө чагылдырылган жана мурда эсептелген мүлк объектисинин ар бири боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде Декларация тапшыруучу маалыматтык эсептөөнү салык органына берген мүлк объекттери отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучунун менчигинде/колдонуусунда болсо, эсептелип чыккан салыктын суммасы ар бир мүлк объекттери боюнча маалыматтык эсептөөдөн ушул бөлүмгө көчүрүлөт. Эгерде, мүлк боюнча маалыматтык эсептөө белгиленген мөөнөттө берилбесе, анда ал Декларация менен чогуу берилет.
106. Бул бөлүмгө ошондой эле, Декларация тапшыруучуга таандык болгон жана мүлктүн 2 жана 3-топторунун объекттери үчүн тиешелүү коэффициенттерди колдонуу менен, аны ишке ашыруу үчүн Декларация тапшыруучу тарабынан пайдаланылбаган шартта ишкердик иши үчүн арналган мүлктүн 2 жана 3-топторунун объекттери боюнча көрсөткүчтөрү киргизилет.
107. Эгерде Декларация тапшыруучуда ушул бөлүм боюнча көрсөткүчтөрү жок болсо же саптар толтурулбай калса, анда толтурулбаган саптар узун-туурасынан “Z” белгиси менен чийилет.
Эскертүү: эгерде Декларация тапшыруучу киши жашай турган жана/же жашабай турган имараттарды ишкердик иши үчүн пайдаланса, ал ишкердик ишин жүргүзгөн жеке адамдын Декларациясын толтурууга милдеттүү.
Ошону менен бирге, мүлк объекттери боюнча маалыматтык эсептөөлөр ар бир топ үчүн өз-өзүнчө түзүлөт.
108. Эгерде мүлк объектиси, маалыматтык эсептөөнү бергенден кийин отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатылып алынса же сатылса, анда мындай объект жөнүндөгү маалымат мүлктүн объектисин сатып алуу же чыгаруу фактысы боюнча берилген кошумча маалыматтык эсептөөдө чагылдырылышы керек.
109. Эгерде мүлк объектисине салык салынбаса, салык салууга туура келбесе, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга туура келсе, 7-графанын тиешелүү уячасында “0” цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөөгө туура келген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
110. Менчик укугу өткөрүлгөн учурда (сатуу, белекке берүү, мурастоо ж.б.) салыкты төлөө төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
1) мүлк объектисине болгон укуктарды мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же каттоо күнүнө карата. Мындай учурда мүлк объектисинин алгачкы ээси отчеттук жылдын 1-январынан тартып, мүлк объектисин өткөрүп берген айдын башталышына чейин эсептелип чыккан салыктын суммасын төлөйт. Мүлк салыгынын кийинки ээси, анда мүлк объектисине укугу пайда болгон айдын башталышынан берки мезгилге эсептелип чыккан салыктын суммасын төлөйт;
2) мүлк объектисин сатуучу менен сатып алуучунун макулдашуусу боюнча, мүлк объектисине болгон укукту мамлекеттик каттоо учурунда салыктын жылдык суммасы бюджетке алардын бири тарабынан киргизилиши мүмкүн. Андан кийин мүлктүн объектисине болгон укукту мамлекеттик каттоо учурунда төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт;
3) мүлк объектисине болгон менчик укугун мамлекеттик каттоого чейин же каттоо учурунда мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда, укуктар өткөрүлүп берилген, бүткүл отчеттук жыл үчүн салык төлөө боюнча андан кийинки милдеттенме жаңы ээлик кылуучуга жүктөлөт;
4) мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө салык кызматына жаңы ээси тарабынан, бул мүлккө болгон менчик укугу жүргүзүлгөн айдан кийинки айдын биринде берилиши керек.
111. Жаңы курулуш объектти же анын бир бөлүгү боюнча маалыматтык эсептөө да, объект ишке киргизилген айдан кийинки айдын биринчи күнү же объект пайдаланылган күндөн баштап, бул окуялардын кайсынысынан мурда болгонуна жараша берилет.
112. 3-тиркеменин 1-бөлүмүнүн “Баардыгы” сабынын уячасында 3-тиркеменин 7-графасынын уячаларында көрсөтүлгөн маанилердин суммасына барабар болгон 1, 2 жана 3-топтордун объекттери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
113. II бөлүктүн 1-графасынын уячаларында унаа каражатынын белгисинин коду көрсөтүлөт. Эгерде унаа каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткычтары менен иштесе, 1-графада “А” коду көрсөтүлөт, эгерде унаа каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткычтары менен иштебесе “Б” коду көрсөтүлөт. Бул топко төмөнкү таблицага ылайык унаа каражаттарынын түрлөрү боюнча 001ден 006га чейинки коддор менен белгиленген унаа каражаттары киргизилет.
Унаанын белгиси | Унаа түрүнүн коду | Унаанын аталышы |
А (ичинен күйүүчү кыймылдат-кычтар менен иштегендер) | 001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасында иштеген фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар | |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор, комбайндар), жол-курулуш машиналары | |
004 | Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулган өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар) | |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кораблдер, теплоходдор | |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери | |
Б (башкалар) | 007 | Сатып алган наркы боюнча – 001ден 006га чейинки коддордогу унаа каражаттарынан бөлөк башка унаа каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер |
114. Унаа каражатынын түрүнүн коду 2-графада көрсөтүлөт.
115. 3-графанын уячаларында ушул бөлүмдүн 100-пунктуна ылайык Декларация тапшыруучунун-унаа каражатын колдонуучунун коддорунун бири көрсөтүлөт.
116. 4-графанын уячаларында ушул тартиптин 91-пунктунда берилген таблицага ылайык тандалып алынган мүлк объектисинин категорияларынын коду көрсөтүлөт.
117. 5-графанын уячаларында унаа каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүнө ылайык унаа каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
118. 6-графанын уячаларында ар бир унаа каражаты боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: бул бөлүм менчик укугунда унаа каражаты бар Декларация тапшыруучу тарабынан толтурулат.
Унаа каражаттары төмөнкүдөй бөлүнөт:
унаа каражаттары жана/же ички күймө кыймылдаткыч менен иштеген өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер;
башка унаа каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
Салык салынган унаа каражаттары боюнча, Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Декларация тапшыруучу салык органына берген мүлк салыгы боюнча мурда эсептелген жана маалыматтык эсептөөсүндө чагылдырылган салыктын суммасы көрсөтүлөт:
эгерде маалыматтык эсептөө берилген унаа каражаты отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучунун менчигинде болсо, эсептелип чыккан салыктын суммасы ар бир унаа каражаты боюнча маалыматтык эсептөөдөн бул тиркемеге көчүрүлөт.
эгерде унаа каражаты маалыматтык эсептөө берилгенден кийин, отчеттук жыл ичинде сатып алынса же сатылса, анда ал унаа каражатын сатып алуунун же чыгарып салуунун фактысы боюнча Декларация тапшыруучунун кошумча маалыматтык эсептөөлөрүндө чагылдырылышы керек. Эгерде маалыматтык эсептөө белгиленген мөөнөттө берилбесе, анда ал Декларация менен чогуу берилет.
эгерде унаа каражаты салык салынбаганга, салык салынууга тиешелүү болбосо, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга туура келсе, 6-графанын тиешелүү уячасында “0” цифрасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөөгө туура келген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
4) эгерде Декларация тапшыруучуда бул бөлүм боюнча көрсөткүчтөрү жок болсо же саптар толтурулбай калса, анда толтурулбаган саптар бардык узун-туурасы боюнча “Z” белгиси менен чийилет.
119. “II бөлүм боюнча баардыгы” сабынын уячасында 3-тиркеменин 6-графасынын уячаларында көрсөтүлгөн маанилеринин суммасына барабар болгон 4-топтун объектилери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
120. 1-графанын уячаларында жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт:
№ | Коду | Жер участогунун аталышы |
1 | 01 | Сугат айдоо жери |
2 | 02 | Кайрак айдоо жери |
3 | 03 | Отургузулган көп жылдык бактар |
4 | 04 | Чөп чабындылар |
5 | 05 | Жайыттар |
6 | 11 | Шаарлар: Бишкек, Чүй-Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата |
7 | 12 | Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя |
8 | 13 | Башка шаарлар жана шаарчалар |
9 | 14 | Айылдык калктуу конуштары |
Эскертүү: жердин менчик ээси же пайдалануучусу деп таанылган, жерди пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участогун убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө жана жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк менен ырасталган жеке адам жер участогу пайдаланылганына же пайдаланылбаганына карабастан үй жанындагы, чарба жанындагы жана бак-чарбак участогуна салык төлөөчү деп эсептелет.
Укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты жер салыгын эсептеп чыгуу үчүн салык базасы болуп саналат.
Үй алдындагы, чарба жанындагы жана бак-чарба участоктору үчүн жер участогу кайсы калктуу конуштагы аймакта жайгашканына жараша 11ден 14кө чейинки коддорду тандап алуу зарыл.
121. 2-графанын уячаларында жер участогун пайдалануучунун-Декларация тапшыруучунун коду көрсөтүлөт:
1) менчик ээси – МЭ;
2) үлүштүк менчик ээси – ҮМЭ;
3) менчик ээси эмес – МЭЭ.
122. 3-графанын уячаларында жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү: райондордун коддору ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтында жайгашкан.
123. 4-графанын уячаларында жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актысында же Жер участогун убактылуу пайдалануу күбөлүгүнүн “Жер участогунун планы” же “Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди экспликациялоо” кошумча барагында көрсөтүлгөн жер участогуна болгон укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ыйгарылган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт.
124. 5-графанын уячаларында жер участогунун категориясынын төмөнкү коддорунун бири көрсөтүлөт:
1) эгерде, жер участогу жалпы негиздерде салык салынууга жатса, ага “С/С” коду ыйгарылат.
2) эгерде, жер участогу Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салынуудан бошотулса, ага “С/СТ” коду ыйгарылат.
3) эгерде, Декларацияга тапшыруучуга/жер участогуна Салык кодексинин 337-беренесинин 5-пунктуна же 344-беренесине ылайык жеңилдик белгиленсе, анда мындай жер участогуна “Ж/Б” коду ыйгарылат.
125. 6-графанын уячаларында жер участогунун жалпы аянты чарчы метрлерде көрсөтүлөт.
126. 7-графанын уячаларында “Жер салыгынын кошуп эсептелген суммасы жөнүндө кабарлоодо” көрсөтүлгөн отчеттук жыл үчүн кошуп эсептелген жер салыгынын суммасы чагылдырылат.
Эскертүү: кабарлоо салык органы тарабынан салыкты төлөө мөөнөтүнөн кеч эмес – 1-сентябрга чейин жиберилет.
Кабарлоону албай калуу салыкты төлөбөй коюу үчүн негиз болуп саналбайт. Салык милдеттеринин туура жана өз убагында эсептөө үчүн жоопкерчиликти Декларация тапшыруучу көтөрөт. Декларация тапшыруучу салык органы салыктын суммасын туура эсептеп чыккандыгын текшерүүгө тийиш, ал эми кандайдыр бир себептер менен кабарлоо алынбаса, ал салыктын тиешелүү суммасын өз алдынча эсептеп чыгууга жана төлөөгө тийиш. Мындай учурда Декларация тапшыруучу салыктын суммасын туура эсептеп чыгууга жана бул уячаны туура толтурууга жардам алуу үчүн салык органына кайрыла алат.
Эгерде, жер участогу салык салынбаганга, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга кирсе, 7-графанын тийиштүү уячаларында “0”цифрасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөөгө тийиш болгон салык суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде, Декларация тапшыруучуда бул бөлүм боюнча көрсөткүчтөрү жок болсо же толтурулбай калган саптар калса, анда толтурулбаган саптар бардык узун-туурасы боюнча “Z” белгиси менен чийилет.
127. III бөлүмдүн “Баардыгы” сабынын уячасында 7-графасынын уячаларында көрсөтүлгөн маанилердин суммасына барабар болгон жер салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
128. Бул тиркемени толтурууда акча каражаттарын кошпогондо, активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан укукту бекитүүчү документтердин негизинде көрсөтүлөт, ал эми ал жок болсо, же аларда активдердин наркы көрсөтүлбөсө - Декларация тапшыруучунун жеке баалоосунун негизинде декларациялануучу мезгилдин аягындагы колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Эскертүү: активдер – бул курамына негизги каражаттар, башка узак мөөнөттүү салымдар (анын ичинде материалдык эмес активдер), жүгүртүү каражаттары, финансылык активдер жана дебитордук карыздар кирген мүлк.
Мүлк кыймылсыз жана кыймылдуу болуп бөлүнөт.
Кыймылсыз мүлккө үй, батир, жер участогу жана жер менен бекем байланышкан башка мүлктөр кирет.
Кыймылдуу мүлккө акча, унаа каражаттары, эмерек, тиричилик техникасы, баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар, баалуу кагаздар, үй жаныбарлары жана кыймылсыз болуп саналган башка мүлктөр кирет.
Киреше катары, активдердин көбөйүшү, акчалай наркка ээ болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайда алуу, ошондой эле Декларация тапшыруучунун милдеттенмелеринин азайышы таанылат.
Чет өлкөлүк валютадагы активдердин наркы декларациялоочу мезгилдин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларациялоочу мезгилдин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
129. 450-уячада Декларация тапшыруучунун салык салынгандан кийинки таза кирешеси чагылдырылат, анын суммасы бул уячага Декларациянын 081-уячасынан көчүрүлөт.
130. 451-уячада 2-тиркеменин 271-уячасынан көчүрүлгөн Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесинин толук суммасы чагылдырылат.
131. 452-уячада 2-тиркеменин 274-уячасынан көчүрүлгөн, мурда төлөм булактарында салык салынган Декларация тапшыруучунун кирешесинин толук суммасы чагылдырылат.
132. 453-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан иш жүзүндө алынган насыялардын, зайымдардын жана ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
133. 454-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучуга иш жүзүндө кайтарылган насыялардын, зайымдардын жана ссудалардын негизги суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: Декларация тапшыруучу тарабынан берилген насыя жана зайымдар боюнча кайтарылган пайыздардын суммасы ал тарабынан “Башка кирешелер” катары 1-тиркеменин 163-уячасында көрсөтүлөт.
134. 455-уячада 450-454-уячаларда көрсөтүлбөгөн, отчеттук жыл ичинде жеке адам тарабынан алынган башка кирешелер жана активдер көрсөтүлөт.
135. 456-уячада 450-455-уячалардын маанилеринин арифметикалык суммасына барабар болгон, Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жыл ичинде алынган кирешелердин жана активдердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
136. 457-уячада бул бөлүктүн 458-464-уячаларынын маанилеринин арифметикалык суммасы көрсөтүлөт.
137. 458-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үйдүн (үйлөрдүн) наркы көрсөтүлөт.
138. 459-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган батирдин (батирлердин) наркы көрсөтүлөт.
139. 460-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган жер участогунун (жер участокторунун) наркы көрсөтүлөт.
140. 461-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган унаа каражатынын (унаа каражаттарынын) наркы көрсөтүлөт.
141. 462-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.
142. 463-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үй жаныбарларынын наркы көрсөтүлөт.
143. 464-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн башка түрлөрүнүн наркы көрсөтүлөт.
144. 465-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан насыя берүүчүлөргө иш жүзүндө кайтарылган пайыздарын кошкондогу насыялардын жана зайымдардын, ошондой эле ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
145. 466-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан башка субъекттерге берилген насыялардын, зайымдардын жана ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
146. 467-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу жүргүзгөн башка чыгашалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
147. 468-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу жүргүзгөн чыгашалардын: 468=457+465+466+467 жалпы суммасы көрсөтүлөт.
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартибине (FORM STI-100) 1-тиркеме |
1) Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
2) Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен түзүлгөн пенсиялык келишимдин көчүрмөсү.
3) Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго салынган төлөмдүн суммасы жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөсү.
4) Мамлекеттик эмес фондго салынган төлөмдүн суммасы жөнүндө мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун маалымкаты.
5) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүү боюнча салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган чегерүүлөр жөнүндө салык төлөөчүнүн иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкаттын түп нускасы.
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартибине (FORM STI-100) 2-тиркеме |
1) Декларация тапшыруучу менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү боюнча кызматтарды көрсөткөн билим берүү мекемесинин ортосунда түзүлгөн, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү контрактынын көчүрмөсү.
2) Кириштөө кассалык ордерине жана/же билим берүү мекемесинин кызмат көрсөтүүсүнө төлөнгөн акы үчүн төлөм тапшырмасынын квитанциясынын көчүрмөсү.
3) Багуудагы адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
4) Багуудагы адамдын паспортунун (бар болсо) көчүрмөсү.
5) Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
6)Декларация тапшыруучунун жубайынын паспортунун көчүрмөсү.
7) Нике жөнүндө же ажырашуу жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөсү.
8) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат.
9) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун жубайынын иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат.
10) Үй башкармалыгынан же кварталдык комитеттен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартибине 3-тиркеме |
1) Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
2) Декларация тапшыруучунун жубайынын паспортунун көчүрмөсү.
3) Нике жөнүндө же ажырашуу жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөсү.
4) Ипотекалык насыя алууга банктык жана/же финансы-насыялык мекеме менен түзүлгөн ипотека келишиминин көчүрмөсү.
5) Күрөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү.
6) Ипотекалык насыяны төлөө тууралуу төлөм документтеринин көчүрмөсү.
7) Алынган, кайтарылган насыялардын жана алар боюнча ипотекалык насыянын төлөнгөн пайыздарынын суммалары жөнүндө банк мекемесинин маалымкат.
8) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мүлктүк салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат.
9) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мүлктүк салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө декларация тапшыруучунун жубайынын иштеген жеринен берилген (негизги жана негизги эмес) маалымкат.