Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Тартип Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын толтуруунун эрежелерин аныктайт (FORM STI-101) (мындан ары – Декларация).
2. Декларация туруктуу мекемени түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн ата-мекендик уюм, чет өлкөлүк уюм (мындан ары – салык төлөөчү) тарабынан календардык жыл үчүн түзүлөт жана салыктык катталган жери боюнча отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин берилет.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары – Салык кодекси) 22-беренесине ылайык менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак ата мекендик уюм деп таанылат.
Декларация уюмдун, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана башка өзүнчө бөлүнүштөрүнүн мүлктүк жана финансылык абалы тууралуу маалыматты камтыйт.
3. Декларация “Уюмдун бирдиктүү салык декларациясы” формасынан (FORM STI - 101) жана анын төмөнкү тиркемелеринен турат:
1) 1- тиркеме “Жылдык жыйынды киреше” (FORM STI-101- 001);
2) 2- тиркеме “Эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгашалар” (FORM STI-101-002);
3) 3-тиркеме “Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булагында салык салынган кирешелер” (FORM STI-101- 003);
4) 4-тиркеме “Салыктан бошотулган пайда” (FORM STI-101- 004);
5) 5- тиркеме “Мүлк салыгы” (FORM STI-101-005) жана ушул (FORM STI-101-005-1), (FORM STI-101-005-02) тиркемелерин чечмелөө.
Эскертүү:
а) 1, 2 жана 3-топтогу мүлк объектилери боюнча чечмелөөдө ар бир объект өзүнчө көрсөтүлөт:
- мүлк объектисинин тобунун коду;
- мүлк түрүнүн коду;
- мүлктү пайдалануучунун коду;
- мүлк жайгашкан райондун коду;
- мүлктүн идентификациялык коду;
- мүлк объектисинин коду;
- жалпы аянты (чарчы метр);
- салыктын суммасы.
б) 4-топтун объекттери боюнча чечмелөөдө ар бир объект өзүнчө көрсөтүлөт:
- унаа каражатынын кыймылдаткычынын түрү;
- унаа каражатынын түрүнүн коду;
- унаа каражатын пайдалануучунун коду;
- объекттин коду
- унаа каражатынын маркасы
- салыктын суммасы.
6) 6-тиркеме “Жер салыгы” (FORM STI-101-006) жана ушул тиркеменин чечмелөөлөрү (FORM STI-101-006-1);
Эскертүү: жер участоктору боюнча чечмелөөдө ар бир участок өзүнчө көрсөтүлөт:
- жер участогунун багытынын коду;
- жер участогунун түрүнүн коду;
- жер участогу жайгашкан райондун коду;
- жер участогунун идентификациялык коду;
- объекттин коду;
- жалпы аянты (чарчы метр);
- салыктын суммасы.
7) 7-тиркеме “Атайын салык режимдери” (FORM STI-101-007);
8) 8-тиркеме “Алтын жана алтын камтылган продукцияларды өндүрүү жана сатуу боюнча кен казуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишкана” (FORM STI-101-008);
9) 9-тиркеме “Экономикалык иш менен байланышкан зыяндарды жылдырууну чечмелөө жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган кирешелер” (FORM STI-101-009).
4. Эгерде салык төлөөчү тиркемелердин ичинен кайсы бирин толтуруу үчүн көрсөткүчтөргө ээ болбосо, андай тиркеме толтурулбайт жана салык органына тапшырылбайт.
5. Толтурулган тиркемелерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр, Декларациянын формасынын тиешелүү уячаларына көчүрүлөт.
6. Декларациянын 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында чагылдырыла турган көрсөткүчтөр тиркемелердеги бул уячаларда чагылдырылган маалыматтар менен бирдей болууга тийиш.
7. Көрсөткүчтөр жок болгон учурларда, 5 жана 6-тиркемелерди кошпогондо башка тиешелүү уячаларда “0” цифрасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: Киреше алынгандыгын, төлөмдүн булагында салык кармалгандыгын, салык төлөөчү тарабынан салыктын төлөнүшүн, ошондой эле салык төлөөчүнүн эсептен чыгарууга, салык жеңилдиктерин жана/же салык төлөөдөн бошотууга болгон укугун ырастаган документтер салык төлөөчүнүн өзүндө сакталат жана Декларацияга тиркелбейт. Салык төлөөчү тарабынан салыкты эсептөөнүн жана төлөөнүн тууралыгын ырастоочу көрсөтүлгөн жана башка документтер, салык контролун жүргүзүү учурунда ал тарабынан салык кызматынын органынын кызмат адамына берилет.
8. Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү (аты, фамилиясы, атасынын аты), ээлеген кызматы көрсөтүлөт. Декларацияга жана анын тиркемелерине:
1) уюмдун жетекчиси кол коёт жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;
2) Декларация ишеним каттын негизинде уюмдун кызыкчылыгын көздөгөн ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлгөн жана берилген учурда ишенимдүү адам/өкүл-уюмдун жетекчиси кол коёт жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Декларацияга ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык ишенимдүү адам/өкүл-уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлган учурда, декларациянын төмөнкү бөлүгүндө өкүл-уюмдун аталышы, Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү (аты, фамилиясы, атасынын аты), ээлеген кызматы, салык өкүлчүлүгүн жүргүзүүгө негизделген ишеним каттын маалымдаректери көрсөтүлөт.
9. Декларация кагазга жазылган түрдө колмо-кол берилиши, тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен тапшырык кат түрүндө почта боюнча, ошондой эле электрондук түрдө жиберилиши мүмкүн.
10. Декларация колмо-кол берилгенде эки нускада толтурулат, Декларациянын биринчи нускасы салык органында калат, Декларациянын экинчи нускасы салык органынын белгиси коюлуп, салык төлөөчүгө кайтарылат.
11. Декларация почта аркылуу берилген учурда, салык органына билдирүүчү тапшырык каты менен эки нускада жөнөтүлөт.
Салык төлөөчү тапшырык катынын жеткендиги тууралуу почта байланышынын билдирүү катын алат, ал Декларация берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
12. Декларация электрондук түрдө берилгенде, салык төлөөчү Декларациянын салык органы тарабынан кабыл алынгандыгы тууралуу электрондук почта аркылуу кабар алат.
Эскертүү: Электрондук түрдө салык органына келип түшкөн Декларация юридикалык күчкө ээ, ал эми Декларацияны электрондук түрдө берген салык төлөөчү отчет берген болуп саналат жана аны кагаз жүзүндө кайталоодон бошотулат.
Эгерде салык төлөөчүнүн төмөнкүдөй электрондук билдирүүлөрү болсо, отчет бергендигинин фактысы катары таанылат:
сервистин адистештирилген операторунун ырастоосу (салык төлөөчү тарабынан салык отчетунун жөнөтүлгөн убактысы жана датасы камтылган электрондук документ);
салык кызматынын отчетту алгандыгы тууралуу ырастоосу (кирүү контролунун протоколу).
13. 001-уячада “Х” түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде, календардык жыл ичинде Декларация биринчи жолу тапшырылып жатса, белги “Алгачкы” уячасына коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле салык мезгили үчүн Декларация тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир туура эместиктер же каталар табылып, алар ушул берилген Декларацияда оңдолсо, белги “Такталган” уячасына коюлат;
3) эгерде, Декларация уюмдун жоюлушуна байланыштуу тапшырылса, белги “Жоюлуучу” уячасына коюлат;
14. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;
15. 103-уячада уюштуруучулук документтерине ылайык уюмдун толук аталышы көрсөтүлөт;
16. 104-уячада уюмдун салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
17. 107-уячада уюмду каттоо учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
18. 112-уячада уюмдун иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
19. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө орун алган калктуу конуштун (облусу, шаары, кыштагы, шаарчасы, айылы ж.б.) аталышы көрсөтүлөт;
20. 114-уячада уюмдун иш жүзүндө орун алган дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, батирдин, кеңсенин номери) көрсөтүлөт;
21. 115-уячада уюмдун телефонунун номери көрсөтүлөт;
22. 116-уячада уюмдун электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
23. 201-уячада уюм үчүн отчеттук салык мезгилинин башталган күнү көрсөтүлөт:
а) эгерде уюм мурдагы жылдары иш жүргүзсө, отчеттук жылдын башталган датасы көрсөтүлөт: 01/01/20___;
б) эгерде салык төлөөчү отчеттук жылда салык төлөөчү катары катталса, уюмдун салык органында катталган датасы көрсөтүлөт;
24. 202-уячада отчеттук салык мезгилинин аяктаган датасы көрсөтүлөт:
а) эгерде уюм отчеттук календардык жылдын ичинде иш жүргүзсө, отчеттук жылдын аяктаган датасы көрсөтүлөт: 31/12/20__;
б) эгерде салык төлөөчү календардык жылдын аягына чейин жоюлса же кайра уюштуруу, түзүмүн өзгөртүү жол-жоболорунан өтсө, жылдын башталышынан баштап жоюлуунун, кайра уюштуруунун, түзүмүн өзгөртүүнүн аякташына чейинки убакыт аралыгы ал үчүн салык мезгилинин аяктаган датасы болуп саналат. Декларация берүү максатында жоюлуунун, түзүмүн өзгөртүүнүн аяктаган күнү катары, нөлдүк көрсөткүчү менен жоюлуучу балансты белгилөө таанылат. Акыркы салык мезгили үчүн Декларация жоюлуунун, кайра уюштуруунун, түзүмүн өзгөртүүнүн аякташынан кийинки айдын аягына чейин берилет.
112, 113, 114, 115, жана 116-уячалардын көрсөткүчтөрү Декларация берилген датага карата толтурулат.
25. 1-бөлүмдүн төмөнкү бөлүгү “Х” белгиси менен белгиленет:
1) бухгалтердик эсепти жүргүзүү ыкмасы;
2) пайда салыгынын салыктык базасын эсептеп чыгуу тартиби;
3) бекитилген эсеп саясатынын уюмда болушу жана/же болбошу.
Эскертүү: салык төлөөчү отчеттук мезгилде, ал тарабынан колдонулган эсептөөнү жүргүзүү жана пайда салыгынын салыктык базасын эсептеп чыгуу ыкмасын, ошондой эле белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген эсептик саясаттын болушун ырастаган тиешелүү уячасын “Х” белгиси менен белгилейт.
26. Декларациянын формасын толтуруу үчүн алгач уюмдун көрсөткүчтөрү бар Декларациялардын тиркемелерин толтуруу зарыл.
Декларацияны толтуруу толтурулган тиркемелердеги көрсөткүчтөрдү көчүрүүдөн башталат жана Декларациянын көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
27. 050 - уячага 1-тиркеменин 176-уячасында көрсөтүлгөн жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көчүрүлөт.
28. 051-уячага 2-тиркеменин 263-уячасында көрсөтүлгөн, эсептен чыгарууга жаткан чыгашалардын жалпы суммасы көчүрүлөт.
29. 052-уячада пайда же чыгым (052=050-051 уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы) көрсөтүлөт.
Эскертүү: арифметикалык айырма салык төлөөчүнүн пайда же чыгым алгандыгына же болбосо нөлгө барабар болгондугуна жараша оң же терс болушу мүмкүн.
Эгерде чыгым алынса, 052-уячанын сол тарабында жайгашкан атайын уячага “-” кемитүү белгиси коюлат.
Эгерде пайда алынса, 052-уячанын сол тарабында жайгашкан атайын уячага белги коюлбайт.
30. 053-уячада 4-тиркеменин 460-уячасында каралган салыктык жеңилдиктердин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Жеңилдиктерге укугу жок салык төлөөчү ал уячага “0” цифрасын көрсөтөт.
31. 054-уячада салык салуудан бошотулган пайданы эсептен чыгаргандан кийинки пайданын жалпы суммасы (уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы: 054=052-053) көрсөтүлөт.
Эскертүү: арифметикалык айырма оң, терс же нөлгө барабар болушу мүмкүн. Эгерде оң натыйжа алынса, анын мааниси ушул уячада чагылдырылат. Эгерде терс натыйжа алынса же натыйжа нөлгө барабар болсо, анда бул уячада жана андан кийинки 055-065 уячаларында “0” цифрасы көрсөтүлөт.
32. 055-уячада отчеттук салык мезгилинде мурдагы салык мезгилинен көчүрүлүүгө тийиш болгон чыгымдын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада чыгымдарды кийинки жылдарга, бирок чыгым пайда болгон учурдан тартып 5 жылдан ашпаган мөөнөткө алып өтүүнү караган, Салык кодексинин 206 же 223-8-беренелерине ылайык, мурдагы жылдардын пайдасы менен жабылбаган чыгымдар чагылдырылат. Бул уяча Декларациянын 054-уячасында көрсөтүлгөн пайда бар болгондо жана ушул уячада чагылдырылган пайданын суммасынын чегинде гана толтурулат. Эгерде, өткөн жылда чыгымдар жок болсо же 052-уячада чыгым чагылдырылган болсо, анда 055-уячада “0” цифрасы көрсөтүлөт.
Мисал: өткөн жылдагы чыгым 30 000 сомду түзгөн, ал эми 054-уячада чагылдырылган пайда 20 000 сомго барабар. Декларацияга 20 000 сомду киргизүүгө болот, чыгымдын калган 10 000 сом өлчөмүндөгү суммасы кийинки жылдардын Декларациясына, бирок чыгымдын пайда болгон убактысынан 5 жылдан көп эмес мезгилге киргизилиши мүмкүн. Маселен, эгерде чыгым 2013-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча пайда болсо, анда салык төлөөчү аны 2014, 2015, 2016, 2017 жана 2018-жылдардагы салык салынган пайданы эсептөө учурунда эсептен чыгарууга укуктуу. Салык төлөөчү бул чыгымды 2019-жана андан кийинки жылдарга салык салынуучу пайданы эсептөө учурунда эсептен чыгаруу укугуна ээ боло албайт.
33. 056-уяча пайдалуу кендерди өндүрүү боюнча иш алып барган уюм тарабынан толтурулат. Бул уячада Салык кодексинин 197-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ишкананын атайын фондунда резервделген кен иштетүүчү ишкананын салык салынуучу пайдасын 15 пайызга азайтуунун суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: 056-уяча Декларациянын 054-уячасында чагылдырылган уюмдун пайдасы болгон учурда толтурулат. Эгерде 054-уячада чыгым же нөлдүк натыйжа чагылдырылса, 056-уячада дагы “0” цифрасы көрсөтүлөт.
34. 057-уячада салык салынуучу пайданын же чыгым тартуунун суммасы көрсөтүлөт:
- эгерде салык төлөөчү пайда алса 057-уячанын мааниси 057=054-055-056-уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы катары аныкталат.
- эгерде уюм чыгым тартса, анда 057-уячага 052-уячанын мааниси көчүрүлөт жана бул уячанын сол тарабында жайгашкан атайын уячада “-” кемитүү белгиси көрсөтүлөт.
35. Эгерде Декларациянын 057-уячасынын мааниси терс болсо, ал 058-уячага көчүрүлөт.
36. 059-уячада Салык кодексинин 213-беренесине ылайык, пайда салыгынын коюму көрсөтүлөт.
Эскертүү: 2013-жылдын 1-январынан баштап алтын камтыган кенди, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчүнүн пайда салыгынын коюму 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Иштин бул түрү боюнча салык төлөөчү өз-өзүнчө эсеп жүргүзөт, бул иштин кирешелеринен Салык кодексинин 221-1-беренесине ылайык киреше салыгы төлөнөт. Иштин бул түрү боюнча көрсөткүчтөр 8-тиркемеде көрсөтүлөт. Иштин башка түрлөрү боюнча көрсөткүчтөр 1, 2, 3, 4-тиркемелеринде көрсөтүлөт жана Декларацияда чагылдырылат.
37. 060-уячада төмөнкү формула боюнча эсептелген: (057-уячанын мааниси х 059-уячанын мааниси)/ 100 пайыз пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
38. 061-уячада пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча эсептөөлөргө ылайык, отчеттук жылдын ичинде кошуп эсептелген сумманын жыйынтыгы көрсөтүлөт.
39. 062-уячада чет элдик мамлекетте төлөнгөн жана чегерүүгө жаткан пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Чегерилген суммалардын өлчөмү, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган коюмдар боюнча төлөнө турган салыктын суммасынан ашып түшпөшү керек.
Эскертүү: салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, Кыргыз Республикасы менен ошол чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу болгон учурда, эгерде мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга жатса, салык милдеттенмелерин эсептөө учурунда чегерилет.
Салык төлөөчү чегерүүнү алыш үчүн белгиленген жол-жобого ылайык төмөнкү ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен салык органына арыз берет:
чет мамлекеттеги булактардан алынган кирешелердин суммалары жана чет мамлекеттеги салык органынан күбөлөндүрүлүп төлөнгөн салыктар жөнүндө;
салыкты төлөө жөнүндө
Мисал: уюм Кыргыз Республикасы кош салык салууну жоюу жөнүндөгү макулдашууга кол койгон чет мамлекетте 500 миң сомго барабар суммада киреше алды. Кирешени төлөө учурунда уюмдан 80 миң сомго барабар өлчөмдө алынган кирешеден салык кармап калышты. Декларацияны толтуруу учурунда уюм, чет мамлекетте төлөнгөн салык катары 500 х 10%=50 формуласы боюнча эсептелип чыккан 50 миң сомго барабар сумманы гана көрсөтө алат.
40. 063-уячада 063= 060 – 061 – 062-уячаларынын маанилеринин оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырмасы түрүндөгү пайда салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. Эгерде мааниси терс болсо, анда 063-уячанын алдындагы сол тарабында жайгашкан атайын уячада “-” кемитүү белгиси көрсөтүлөт.
41. Эгерде Декларациянын 063-уячасынын мааниси терс болсо, анда ал “кайтаруу салыгы” 064-уячасына көчүрүлөт, эгерде оң болсо, “төлөм салыгы” 065-уячага көчүрүлөт.
42. Декларациянын формасынын төмөнкү бөлүгүндө салык төлөөчү тарабынан толтурулган тиркеме “Х” белгиси менен белгиленет, ал тигил же бул тиркеменин берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
43. Декларацияны толтурууда салык төлөөчүлөр салык эсебинин эрежелерин жетекчиликке алуулары тийиш.
Эскертүү: салык эсеби – бухгалтердик эсеп жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана Салык кодексинде каралган тартипте топтоштурулган алгачкы документтердин маалыматтарынын негизиндеги салык боюнча салык базасын аныктоо үчүн маалыматты жалпылаштыруунун кабыл алынган системасы.
Салык кодексинин 154-беренеси жетекчинин тиешелүү буйругу (буйрутмасы) менен бекитилген салык салуу максаты үчүн эсептик саясаттагы салык эсебин жүргүзүүнүн тартиби салык төлөөчү тарабынан белгиленээрин карайт, демек, баардык салык төлөөчүлөр эсеп саясатын бухгалтердик эсептин максаты үчүн эле эмес, салык салуу үчүн да иштеп чыгуулары зарыл.
Салык кодексинин 155-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, салык төлөөчү, эгерде салык кодексинде башка талаптар белгиленбесе, бухгалтердик эсепте колдонулган ыкмалар жана эрежелер боюнча салык салуу максатында активдердин наркын, милдеттенмелердин чоңдугун, кирешелерди жана чыгашаларды аныктайт.
44. Салык эсеби үчүн көрсөткүчтөрдүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
баштапкы эсептик документтер (бухгалтердин маалымкатын кошо);
бухгалтердик жана салыктык эсептин аналитикалык регистрлери;
салык базасынын эсеби.
Эскертүү: салыктык эсептин аналитикалык регистрлери эсепке алынган баштапкы документтеринде, салык базасынын эсебинде чагылдыруу үчүн салык эсебинин аналитикалык дайындарында камтылган маалыматтарды системага салуу жана топтоо үчүн арналган.
Салыктык эсептин регистрлери, кагазга жазылган түрүндө, электрондук түрдө жана/же башка баардык алып жүрүүчүлөрдө атайын форма түрүндө жүргүзүлөт жана салык төлөөчүнүн өзү тарабынан анын салыктык эсептик саясатында белгиленет.
45. 150-175-уячаларда бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык аныкталган уюмдун ишинен түшкөн кирешелердин баардык түрлөрү көрсөтүлөт.
Эскертүү: активдердин (акча каражаттарынын, башка мүлктөрдүн) келип түшүшү, өсүшү же катышуучулардын салымдарын кошпогондо, салык төлөөчүнүн менчик капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенмелердин азайышы киреше катары таанылат.
46. 150-уячада салык амортизациясынын максаттарында салык тобуна киргизилген негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчадан сырткары, товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатуудан түшкөн акча катары таанылган жалпы сумма көрсөтүлөт.
Эскертүү: кошумча нарк салыгы жана сатуудан түшкөн салык сыяктуу кыйыр салыктарды эсептен чыгаргандан кийинки, бухгалтердик эсептин белгиленген стандарттарына жана тандалып алынган ыкмасына ылайык салык төлөөчү тарабынан товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатуудан алынган же алына турган акча каражаттары түшкөн акча катары таанылат.
Товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан, кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча төмөнкү учурларда оңдоп-түзөтүлүүгө тийиш:
товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;
бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөндө;
бүтүмдүн шарттары толук же жарым-жартылай аткарылбаганда.
Кирешенин мындай түзөтүлүшү отчеттук салык мезгилинде болуп өткөн операциялар боюнча жүргүзүлөт жана жылдык жыйынды кирешенин өлчөмүн кайтаруу суммасына же бүтүм шарттарынын өзгөртүлгөн суммасына өзгөртөт.
47. 151-уячада амортизациялоого жатпаган активдерди сатуудан түшкөн киреше, ошондой эле, пайдалануудан чыгарылган негизги каражаттарды монтаждан чыгарууда же жоюуда алынган материалдардын же башка мүлктүн наркы түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт.
Эскертүү: жер жана суу, жер казынасы жана башка жаратылыш ресурстары сыяктуу жаратылышты пайдалануунун башка объектилери, ошондой эле товардык-материалдык запастар, бүтпөгөн капиталдык курулуштун объекттери, баалуу кагаздар, финансылык аспаптар, орнотулбаган жабдуулар, салык төлөөчү тарабынан өндүрүштө жана/же товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө колдонулбаган негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер, өтүп жаткан салык жылында наркы толук түрдө аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын даяр продукциянын наркына өтүп кеткен мүлктөр амортизациялоого жатпайт.
Активдерди сатып алуунун наркы жана пайдалануудан чыгарылган негизги каражаттарды монтаждан чыгарууга же жоюуга кеткен чыгымдар, киреше алууга багытталган чыгашалар катары 2-тиркеменин 250-уячасында көрсөтүлөт.
48. 152-уячада экономикалык ишти чектөөгө же токтотууга макулдук үчүн алынган киреше көрсөтүлөт.
49. 153-уячада кайтарымсыз алынган активдерден түшкөн киреше көрсөтүлөт.
Бул уячада төмөнкүлөр көрсөтүлбөйт:
1) үлүштүк салым жана/же уставдык капиталга салым катары алынган мүлктүн наркы, ошондой эле, уюмда катышкан үлүштү сатуудан түшкөн киреше;
2) көрсөтүлгөн объекттерди иш багыты боюнча колдонгон жана пайдаланган адистештирилген уюмдарга кайтарымсыз берилген объекттердин (социалдык-маданий, тиричилик жана турак жай-коммуналдык багыттагы жолдор, электр тармактары, көмөк чордондор, буу казан жана жылуулук тармактары, суу топтоочу курулмалар, тоо-шахта жабдуулары, жарандык коргонуу объектилери) наркы, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайтарымсыз берилген негизги каражаттардын наркы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери боюнча өздөрүнүн өндүрүштүк базаларын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга берилген акча каражаттары;
3) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган:
а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү;
б) уставдык максаттарда колдонуу шартында берилген гуманитардык жардамдар жана гранттар;
в) уставдык максаттарда колдонуу шартында берилген кайтарымсыз активдердин наркы;
г) көп батирлүү үйлөрдү жана аларды тейлеген имараттарды жана курулуштарды техникалык жактан кармоо боюнча кызматтар үчүн төлөнгөн акы;
д) суу пайдалануучулардын ассоциациялары тарабынан уставдык иштин чегинде өздөрүнүн мүчөлөрү үчүн көрсөтүлгөн сугат суусун берүү боюнча кызмат акысы;
4) салык төлөөчүлөр ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер;
5) жөнөкөй шериктештиктен шериктештердин салымы катары алган мүлктүн наркы;
6) ишенимдүү башкаруучу ишеним башкарууга алган мүлктүн наркы;
7) өз акцияларынын наркы алардын номиналдык наркынан ашкан түрдөгү киреше;
8) өз акцияларын сатууда нарктын өсүшүнөн түшкөн киреше;
9) сатуу күнү эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки листингдин категориялары боюнча фонддук биржалардын листингинде болгон баалуу кагаздардын пайыздык кирешеси жана алардын наркынын өсүшүнөн түшкөн киреше;
10) негизги каражаттарды сатуудан түшкөн финансылык ижара (лизингдин) келишими боюнча алынган киреше.
Эскертүү: жогоруда саналган кирешелер 3-тиркемеде чагылдырылууга тийиш.
Киреше катары, кайтарымсыз жана өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн баа боюнча, аларды кимден алынгандыгына карабастан же эсеп саясатында тандалып алынган таануу методунан көз каранды базар баасы боюнча алынган ар кандай активдер (акча каражаттары, компьютер, эмерек, мекеме, машина, баалуу кагаздар, товарлар, дебитордук карыздар ж.б.) таанылат.
Мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү болуп, коммерциялык эмес уюмдун мүчөсү тарабынан бул уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте бериле турган активдер саналат. Мындай берүү ушул уюмдун мүчөсүнө товарларды, жумуштарды, кызматтарды бекер же өздүк наркынан төмөнкү баада берүү, аткаруу, көрсөтүү менен шартталбай турган шарттарда жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик органдарга, ошондой эле, саясий максатты көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттер, эл аралык, чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер гранттар болуп саналат.
Калктын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле аскердик, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн аларды андан ары керектөө жана/же акысыз бөлүштүрүү шарттарында азык-түлүк, техника, шаймандар, жабдуулар, медициналык каражаттар жана дары-дармектер, башка мүлк түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж адамдарга мамлекеттер, уюмдар тарабынан кайтарымсыз берилген активдер гуманитардык жардам болуп саналат.
50. 154-уячада отчеттук жыл ичиндеги жыйындыда оң курстук айырманын суммасынын терс курстук айырманын суммасынан ашкан суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: курстук айырма болуп, валюталык мүлктү сомдук баалоонун же эсептөө датасындагы сомго карата колдонулган чет өлкөлүк валюта үчүн же отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик отчетту түзгөн жана отчеттук мезгилде бухгалтердик эсепти кабыл алган датага же мурдагы отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик отчетту түзгөн датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча милдеттенменин ортолорундагы айырма саналат.
Кассадагы чет өлкөлүк валютанын калдыгы, банктардын жана башка кредиттик мекемелердин эсептериндеги чет өлкөлүк валюта (чет өлкөлүк валютадагы төлөм эсеби жана алуу эсеби), чет өлкөлүк валютадагы финансылык салымдар, эсептешүүдөгү каражаттар (чет өлкөлүк валютадагы карыз милдеттенмелери) кайра эсептелет.
Бул уяча оң курстук айырманын суммасы терс курстук айырманын суммасынан ашып түшкөн учурда гана толтурулат.
51. 155-уячада пайыздык киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү: пайыздык киреше болуп, карыз талаптарынын бардык түрлөрүнөн түшкөн киреше, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн тартуу жана финансылоо операцияларынан алынган, ошондой эле финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешени кошуп, облигациялар, векселдер жана башка карыз алуулардын түрлөрү боюнча кирешелер саналат.
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн кредиттөөнүн ислам принциптери боюнча ишке ашырылган операциялар тартуу жана финансылоо операциялары деп түшүнүлөт.
Бул уячаны толтурууда пайыздык кирешеден төлөм булагынын пайыздарынан салык кармалгандыгына көңүл буруу зарыл.
Салык кодексинин 221-беренесинин 3-бөлүгүнүн шарты боюнча пайыздардын салык салынган суммасына киреше булагына мурда салынган салыктардын пайыздары киргизилбейт.
Эгерде кирешенин булагынан пайыздык кирешеге салык кармалбаса, анда ал толугу менен 155-уячада көрсөтүлөт.
Эгерде салык салык агенти – ата мекендик уюм же жеке ишкер тарабынан кармалса, пайыздык кирешенин алынган суммасы кармалган салыкты эсептен чыгаруу менен булакта салык салынган кирешелер катары 3-тиркеменин 367-уячасында чагылдырылат.
Киреше булагынан кармалган салык суммасы тиешелүү документтер менен ырасталышы керек.
Эгерде пайыз салыгы салык агенти - чет өлкөлүк уюм тарабынан кармалса, анда эл аралык макулдашууга кайрылуу зарыл. Салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, кош салык салууну жоюу жөнүндөгү макулдашуу болгон учурда, эгерде мындай салыктын суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга жатса, салык милдеттенмесин эсептөө учурунда эсепке алынат. Эсептелген пайыздык кирешенин суммасы (анын ичинде кармалган салык) 155-уячага киргизилет. Макулдашууга ылайык эсепке киргизүүчү салык Декларациянын 062-уячасында көрсөтүлөт.
Эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки листингдин категориялары боюнча фонддук биржалардын листингинде сатуу күнүндө болгон баалуу кагаздардын пайыздык кирешеси жана алардын өсүшүнүн кирешеси бул тиркемеге киргизилбейт. Бул киреше салык салынбаган киреше деп эсептелип, 3-тиркемеге киргизилет.
52. 156-уячада алынган дивиденддер, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт. Салык төлөөчү тарабынан ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддердин суммасы салык салынбаган кирешелерге кирет жана 3-тиркеменин 358-уячасында көрсөтүлөт.
Эскертүү: дивиденд - төмөнкүлөрдү кошкондо салык төлөөчүнүн пайдасынын бир бөлүгү болуп саналат:
1) уюмду жоюу учурунда адам тарабынан ага таандык акциялардан киреше түрүндө алынган нарктын өсүшү;
2) жеке ишкердин пайда салыгын төлөгөндөн кийин анын бөлүштүрүүсүндө калган пайда;
3) адамдын капиталдагы үлүшүнө ылайык төлөнгөн бардык төлөмдөр;
4) айыл чарба товардык-сервистик кооперативдердин мүчөлөрүнө төлөнүүчү кооперативдик төлөмдөр;
5) инвестициялык фонддогу үлүшүнө ылайык төлөмдөр.
53. 157-уячада отчеттук жылдын ичинде алынган роялтинин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: роялтиге сыйакы катары алынган төлөмдүн бардык түрлөрү кирет:
1) компьютердик программаларды, кино, теле, видео фильмдерди же радио жана теле көрсөтүү үчүн жазмалар менен кошо, адабияттын, искусствонун же илимдин бардык чыгармаларын пайдалангандыгы же аларга автордук укуктарды пайдаланууга укук бергендиги үчүн;
2) өнөр жай менчигинин объекттерине, соода маркасына, жасалгалоого же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматка (ноу-хау) болгон укугун ырастоочу бардык патенттер үчүн.
54. 158-уячада уюмду башкарууга катышкандыгы үчүн алынган сыйакылар жана компенсациялар түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт. Мындай кирешелер болуп мисалы, Директорлор кеңешинин, Башкаруунун, Байкоочу Кеңештин, башкача айтканда, башка уюмдун аткаруучулук эмес, башкаруучулук иштерине катышкандыгы үчүн алынган сыйакылар жана компенсациялар саналат.
Мисал: бир юридикалык жак экинчи юридикалык жактын уюштуруучусу болуп саналат. Юридикалык жактын-уюштуруучунун бир кызматкери экинчи юридикалык жактын Директорлор кеңешинде уюштуруучунун кызыкчылыгын көздөөгө ыйгарым укуктуу. Директорлор кеңешинин жыйындары болгондо юридикалык жак-уюштуруучу жол киресин, күнүмдүк чыгымын, жатчу жерин төлөө менен өзүнүн кызматкерин иш сапарга жиберет. Мындан сырткары, экинчи юридикалык жак Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө финансылык жылдын аякташына карата сыйакы жана бонус төлөөнү белгилеген. Уюштурган юридикалык жактан сыйакылар, бонустар, жол киреге, күндөлүк чыгымдарга, жашаган жерине, өкүлчүлүк чыгымдарга компенсациялык төлөм түрүндөгү уюм-уюштуруучу тарабынан алынган суммалар 158-уячада көрсөтүлөт.
55. 159-уячада кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешелер: ижара үчүн, ижарачыларды электр кубаты, суу, күзөт жана башка коммуналдык кызматтар менен камсыз кылуу үчүн төлөмдөр, ошондой эле ижарага байланыштуу башка кирешелер көрсөтүлөт.
56. 160-уячада ишкердик иш жүргүзгөн учурда колдонулбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, атап айтканда, ишкердик максаттарында колдонулбаган социалдык багыттагы объекттерди – балдар бакчаларын, профилакторияларды, пансионаттарды, турак жайларды жана башка мүлктөрдү сатуу учурунда нарктын өсүшүнөн алынган кирешелер көрсөтүлөт.
57. 161-уячада баалуу кагаздарды жана катышуу үлүшүн сатуудан алынган кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт, анда төмөнкүлөрдү сатуу наркы чагылдырылат:
1) сатып алуунун наркын кемиткендеги акциялардын;
2) туунду баалуу кагаздардын;
3) сатуу күнүнө карата дисконттун амортизациясын жана/же сыйакыны эске алуу менен сатып алуунун наркын кемиткендеги купондорду эсепке албагандагы бересе баалуу кагаздардын;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сатып алуунун наркын кемитүү менен баалуу кагаздар деп таанылган мүлктүк укуктун башка объекттеринин;
5) салымдын, пайдын наркын кемиткендеги чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун, фонддордун капиталына, кооперативдердеги пайларга катышуу үлүшүнүн.
Эскертүү: баалуу кагаздын кармоочусунун (акционеринин) акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгүн дивиденддер түрүндө алуу, акционердик коомдун иштерин башкарууга катышуу жана ал жоюлгандан кийинки калган мүлктүн бир бөлүгүн алуу укугун ырастаган баалуу кагаз акция болуп саналат.
Туунду баалуу кагаздар – туунду баалуу кагаздардын базалык маалыматтык активине карата укуктарды ырастоочу баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздарга төмөнкүлөр кирет: опциондор, своптор, форварддар, фьючерстер, депозитардык тилкаттар, варранттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туунду баалуу кагаздар деп таанылган башка баалуу кагаздар. Товарлардын стандартташтырылган партиялары, баалуу кагаздар, валюта жана финансылык шаймандар базалык активдер болушу мүмкүн.
Акцияларды сатуудагы кирешелер катары сатуу баасынын жана сатып алуу баасынын ортосундагы оң айырма таанылат, ал ушул уячага киргизилет.
Туунду баалуу кагаздарды сатууга байланышкан чыгымдар киреше алууга багытталган чыгымдар катары 2-тиркеменин 250-уячасында көрсөтүлөт;
Бересе баалуу кагаздар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, КРУБ, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан чыгарылган же кепилденген мамлекеттик ички жана жергиликтүү зайымдардын баалуу кагаздары башка кагаздар.
Бересе баалуу кагаздар боюнча киреше - дисконт же купон (дисконтту же баштапкы жайгаштыруунун наркынан алынган сыйакыларды жана/же сатып алуунун наркын эсепке алуу менен) векселдер боюнча төлөмдөр.
Бересе баалуу кагаздар боюнча купон - чыгаруунун шарттарына ылайык бересе баалуу кагаздардын номиналдык наркынан ашык эмитент тарабынан төлөнүүчү (төлөнүүгө жаткан) сумма.
Бересе баалуу кагаздар боюнча дисконт - номиналдык нарк менен бересе баалуу кагаздарын баштапкы жайгаштыруунун наркынын (купонду эсепке албаганда) же бересе баалуу кагаздарын сатып алуунун наркынын (купонду эсепке албаганда) ортолорундагы айырма.
58. 162-уячада субсидиялар (салык төлөөчүнүн экономикалык иши менен байланышкан белгилүү шарттарды буга чейинки же келечекте аткаруусунун ордуна активдерди өткөрүп берүү түрүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан берилүүчү жардам) көрсөтүлөт.
Субсидиялардан түшкөн киреше, субсидияларды пайдаланууга байланыштуу кеткен чыгымдардын ченеминде таанылат.
Субсидиянын пайдаланылбай калган бөлүгү кийинки мезгилдерге калтырылган киреше катары эсепте чагылдырылат.
59. 163-уячада салыктык мезгилдин аягына карата амортизацияланган активдердин топтору боюнча салык эсебиндеги терс сумма көрсөтүлөт.
Эскертүү: амортизациялоого жаткан негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешеге киргизилбейт, ал Салык кодексинин 200-беренесинин жоболоруна ылайык, топтун салыктык наркын аныктоодо эске алынат. Эгерде, амортизацияланган активдердин топторунун салыктык наркы жылдын аягында нөлдөн аз болсо, салык төлөөчү өзүнүн кирешесине көрсөтүлгөн терс калдыкты кошот.
60. 164-уячада инвентаризациялоонун натыйжасында аныкталган активдердин ашыкча наркы көрсөтүлөт. Инвентаризациялоонун негизги максаты болуп активдердин эсебин тактоо саналат. Ашыкча активдер табылган учурда, алардын эсептик наркын ушул уячаны толтуруу үчүн киреше катары таануу зарыл.
61. 165-уячада 166 жана 167-уячаларда чагылдырылган салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин токтотуудан алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
62. 166-уячада кредитор тарабынан эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт. Эгерде кредиттик карыз боюнча милдеттенме карызды кечүү сыяктуу себеп менен жокко чыгарылган болсо, жабылбаган сумма киреше деп таанылышы жана Декларацияга киргизилиши керек. Эгерде карызды эсептен чыгаруу атайын мыйзамга ылайык, мисалы, бюджет алдындагы карызды реструктуризациялоо жөнүндөгү мыйзам менен ишке ашырылса, эсептен чыгарылган карыздын суммасы кирешеге киргизилбейт.
63. 167-уячада салык төлөөчүнүн милдеттенмесинин, анын ичинде үчүнчү жак тарабынан салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт. Милдеттенменин кайсыл түрү болбосун үчүнчү жак тарабынан аткарылышы мүмкүн, бирок жыйынтыгында салык төлөөчүдө бул карызды жоюу милдети келип чыкпаса, анда үчүнчү жак тарабынан төлөнгөн сумма салык төлөөчүнүн кирешеси деп таанылат.
64. 168-уячада карызды талап кылуу укугуна эпке келүүдөн түшкөн киреше көрсөтүлөт. Эгерде карызды которуунун натыйжасында салык төлөөчү киреше алса (алууга белгиленген төлөмдүн суммасы менен өткөрүлүп берилген карыздын суммасынын ортолорундагы оң айырма), анда көрсөтүлгөн айырма киреше деп таанылат жана ушул уячага киргизилет.
65. 169-уячада камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммаларынын ордун толтуруудан башка, камсыздандыруу келишимдери боюнча ордун толтуруунун камсыздандырылган суммалары көрсөтүлөт. Эгерде камсыздандыруу учурунун келишинин натыйжасында салык төлөөчү камсыздандыруу келишимине ылайык ордун толтуруу каражатын алса, анда камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммаларынын ордун толтуруудан башка көрсөтүлгөн сумма киреше деп таанылат жана ушул уячага киргизилет.
Эскертүү: салыктык амортизациянын топторуна киргизилбеген камсыздандырылган негизги каражаттардын камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган камсыздандырылган ордун толтуруулардын суммасы киреше деп таанылат жана ушул уячага киргизилет.
Негизги каражаттарды камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган, салыктык амортизациянын топторуна киргизилген камсыздандырылган төлөмдөр бул уячага киргизилбейт, ал салык кодексинин 201-беренесинин жоболоруна ылайык, негизги каражаттардын топторунун салыктык наркын аныктоо учурунда эске алынат.
66. 170-уячада 171 жана 172-уячаларда чагылдырылган шектүү милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: шектүү милдеттенме – салык төлөөчү тарабынан төлөнө турган сумма, аны ал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган соттун чечими боюнча милдеттенмелерин токтотуунун, банкрот болуунун, жоюлуунун же насыя берүүчүнүн өлүмүнүн, же доонун мөөнөтүнүн эскиришинин кесепеттеринен улам төлөгөн эмес.
67. 171-уячада Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген доонун мөөнөтүнүн эскиришине байланыштуу эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык доонун эскирүү мөөнөтү үч жылга аныкталат. Доонун эскиришинин жүрүшү насыя берүүчүдө милдеттенмени аткаруу тууралуу талап коюу укугу пайда болгон учурдан башталат. Бул эгерде карызкорго милдеттенмени аткаруу боюнча жеңилдетилген мезгил берилсе, доонун эскиришинин эсептелиши көрсөтүлгөн мезгил аяктаган күндөн кийинки күндөн башталат дегенди түшүндүрөт.
68. 172-уячада соттун чечими боюнча эсептен чыгарылган милдеттенменин суммасы көрсөтүлөт.
69. 173-уячада социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануунун натыйжасында алынган кирешелердин чыгашалардан ашып түшүшү көрсөтүлөт:
1) эгерде аталган же багыты боюнча окшош объекттердин пайдалануудан чыгарылган кирешеси бул объекттерди колдонууга байланышкан чыгашалардан ашып түшсө, ашып түшүүнүн суммасы киреше катары таанылат жана бул уячада көрсөтүлөт.
2) эгерде социалдык объекттерди пайдаланууга кеткен чыгаша андан түшкөн киреше менен тең болсо же ашып түшсө, 173-уячада “0” цифрасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: социалдык чөйрөнүн объекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) мектепке чейинки мекемелер (балдар бакчалары, яслилер);
2) медициналык мекемелер (ооруканалар, санаторийлер, эмканалар, профилакториялар);
3) маданий объекттер (маданият үйлөрү, клубдар, кинотеатрлар, китепканалар);
4) мейманканалар жана эс алуу объекттери (пансионаттар, балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлер, эс алуу базалары, туристтик базалар);
5) спорт комплекстери жана курулмалар;
6) турак жай фонду (турак жай үйлөрү жана жатаканалар);
7) коммуналдык кызмат көрсөтүүгө багытталган объекттер (суу менен жабдуу, канализация, электр кубаты, ысык суу жана жылуулук менен жабдуу, жолдор, жашылдандыруу, тазалоочу курулмалар жана башка коомдук кызматтар).
70. 174-уячада мурда эсептен чыгарылган деп саналган чыгашалар боюнча компенсациялар көрсөтүлөт. Мурунку мезгилдердеги чыгашасы, чыгымы же кайтарылгыс карыздары бар жана аларды эсептен чыгаруу түрүндө мурунку мезгилдердин Декларациясына киргизген, ал эми отчеттук жылы ордун толтурууну алган салык төлөөчү, ордун толтуруунун алынган суммасын киреше катары таанышы жана бул уячага киргизиши керек.
Мисал: подрядчы турак үйүнүн курулушуна түзүлгөн келишим боюнча андагы сметада каралбаган кошумча чыгашаларга туш болду, ал аны өткөн жылдагы чыгашалардын курамында чагылдырган. Отчеттук жылда бул чыгашалардын ордун толтуруу тууралуу тапшырыкчы менен макулдашылган. Алынган ордун толтурууну подрядчы отчеттук жылдын кирешеси катары таанууга милдеттүү.
71. 175-уячада отчеттук жыл ичинде алынган, Декларациянын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн салык салынбаган кирешелерге кирбеген жана жогоруда саналып өтпөгөн башка кирешелер, анын ичинде Декларация тапшыруучунун жөнөкөй шериктештиктин ишинен алган пайдасынын үлүшү көрсөтүлөт. Мындай кирешелер болуп төмөнкүлөр таанылышы мүмкүн:
1) жөнөкөй шериктештиктин келишими боюнча алынган, келишимге ылайык катышуучулардын ортолорунда бөлүштүрүлгөн жана ар бир шериктеште өз өзүнчө эске алынган пайда;
2) мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн аралыгында ишенимдүү башкаруучу ала турган сыйакы;
3) алынган туумдардын, айыптардын жана санкциялардын суммасы.
Мисалы, эгерде мурда резервди түзүүгө багытталган суммалар эсептен чыгарууга кошулуп, андан кийин резерв кыскарса, мындай кыскартуу Декларацияны толтуруу максатында киреше катары таанылат жана бул уячада көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамына ылайык, резервдин көрсөтүлгөн кыскаруусу кирешени көбөйтүүсү же чыгашаны азайтуусу мүмкүн, жогоруда аталган эреженин белгилениши 2-тиркеменин формасынын түзүмүнүн өзгөчөлүгү менен шартталган.
72. 176-уячада отчеттук жыл ичинде уюм тарабынан алынган жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 150-175-уячалардын маанилеринин жалпы суммасы киргизилет. Тиркеменин бул уячасында алынган маани Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.
73. Салык төлөөчүнүн чыгашалары, эгерде бул чыгашалар отчеттук жыл ичинде уюмдун ишкердик ишинен алынган кирешелер менен байланышса, бул тиркемеде көрсөтүлөт.
Эскертүү: 3 жана 7-тиркемелерде көрсөтүлгөн кирешелер менен байланышкан чыгашалар бул тиркемеде көрсөтүлбөйт.
74. 250-уячада киреше алууга багытталган чыгашалар көрсөтүлөт. Салык төлөөчү киреше алуу менен байланышкан документтик түрдө ырасталган бардык чыгашаларды, ошондой эле курстук айырманын терс суммасынын курстук айырманын оң суммасынан ашып түшүшүн эсептен чыгарууга укуктуу. Салык кодексинин 209-беренесинде көрсөтүлгөн эсептен чыгарууга тийиш болбогон чыгашалар буга кирбейт.
Эскертүү: документтик түрдө ырасталган чыгашалар катары, документтик түрдө ырасталган чыгашалар таанылат, алардын тизмеги, формасы жана маалымдаректери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген жана бүтүмдүн өлчөмүн, бүтүмдүн мүнөзүн аныктоого жана анын катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк берет.
Бул уячага төмөнкүлөр киргизилбейт:
1) негизги каражаттарды өндүрүү, сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан чыгашалар жана башка капиталдык чыгашалар, анткени алар салык амортизациясы аркылуу эсептен чыгарылат;
2) бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине төлөнүп жаткан, салык салуудан кийинки уюмдун пайдасынын булагы болуп саналган салык санкциялары, туумдар жана пайыздар;
3) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөнкү салыктар:
а) пайда салыгы;
б) Салык кодексине ылайык чегерилбеген КНСтен башка КНС, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
в) товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу учурунда жеткирүүчүлөргө төлөнө турган сатуудан алынуучу салыктан башка сатуудан алынуучу салык, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
г) Салык кодексине ылайык эсептен чыгарууга тийиш болбогон акциздик салыктан башка акциздик салык, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
4) Салык кодексинин 207-беренесинде белгиленген резервден башка резервдерге чегерүү түрүндөгү чыгашалар;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмек боюнча социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу учурунда келтирилген чыгашалардын, бул объекттерди пайдалануу учурунда алынган кирешелерден ашып түшүшү;
6) бул чыгашалар көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө максатында жүргүзүлгөндүктөн жана өндүрүштүк зарылдыктан улам келип чыккандыгынын фактысын ырастагандан башка учурларда, башка адам тарткан ар кандай чыгашалар;
7) Салык кодексине ылайык кирешесине салык салынбай турган менчиктин ар кандай түрүн сатып алууга, башкарууга же күтүүгө кеткен чыгашалар;
8) өз ара көз каранды субъект менен уюмдун менчигин сатуу же алмаштыруу менен түз же кыйыр байланышкан ар кандай чыгымдар;
9) бул уюмдун ишкердик иш менен байланышпаган үчүнчү жактарга карата уюмдун чыгашасы;
10) салык агенти тарабынан киреше салыгы салынгандан бөлөк, товарларды, жумуштарды, кызматтарды жеңилдетилген баа же тариф боюнча же базардын баасынан төмөнкү баа менен сатуу учурунда баанын айырмасын төлөөгө кеткен чыгашалар;
Эгерде уюм товарларды, жумуштарды, кызматтарды жеңилдетилген баа же тариф боюнча же базардын баасынан төмөнкү баа менен сатуу учурунда баанын айырмасына киреше салыгын кошуп эсептесе, анда ал көрсөтүлгөн чыгымдарды эсептен чыгарууга укуктуу;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ченемдик укуктук актылар менен белгиленген ченемдерден ашык табигый жоготуулардын жана азаюулардын суммасы;
12) Салык кодекси менен белгиленген учурлардан башка, мүнөзүн жана өлчөмүн ырастоочу документтер менен аныктоого мүмкүн болбогон чыгашалар;
13) киреше алууга байланышпаган чыгашалардын суммасы;
14) пайда салыгы салынбаган кирешелерге байланышпаган чыгашалар;
15) киреше салыгы салынган ашып түшүүнүн суммасынан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектен ашып түшкөн өлчөмдө уюмдун кызматкерлери кызматтык иш сапарында болгон мезгил үчүн төлөнүүчү күнүмдүк акча;
Эгерде уюм өздөрүнүн кызматкерлерине белгиленген чектен ашык төлөгөн күнүмдүк акчага киреше салыгын кошуп эсептесе, уюм көрсөтүлгөн чыгашаларды эсептен чыгарууга укуктуу, ал 251-уячада чагылдырылат;
16) банкеттерге, көңүл ачууларга же эс алууларга кеткен чыгашалар.
17. уюм-эмитенттин, ал тарабынан акцияларды (үлүштөрдү, үлүштөш салымдарды) жайгаштыруу үчүн акы катары мүлктөрдү алуу учурунда келип чыккан чыгашалар.
75. 251-уячада кызматтык иш сапарлар жана өкүлчүлүк чыгашалары боюнча чыгашалардын суммасын эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт. Кызматтык иш сапары боюнча эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгашаларга төмөнкүлөр кирет:
1) ырастоочу документтерге ылайык иш сапарынын ордуна барууга жана кайра келүүгө, анын ичинде резервге коюлуучу акы төлөөгө кеткен чыгашалар. Ырастоочу документтер жок учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегиндеги жол жүрүүгө кеткен чыгашалар эсептен чыгарылууга тийиш.
2) ырастоочу документтерге ылайык жашоого, анын ичинде резервге коюлуучу чыгымдарга акы төлөөгө кеткен иш жүзүндөгү чыгашалар. Ырастоочу документтер жок учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегиндеги турак жайды жалдоо боюнча кеткен чыгашалар эсептен чыгарылууга тийиш.
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегиндеги Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын аймагынан сырткары болгон мезгилге төлөнүүчү күндөлүк акчалар. Ошондой эле, эсептен чыгарууга өз кызматкерлерине белгиленген чектен ашык төлөнгөн күндөлүк акчанын суммасы жатат, эгерде салык төлөөчү бул суммага киреше салыгынын ашып түшүшүн кошуп эсептесе.
Эскертүү: иш сапардын чыгашалары салык төлөөчүлөрдүн кызматкерлеринин дарегине гана жүргүзүлүшү мүмкүн, бул Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен каралган. Кызматкерлерге төлөнгөн иш сапар акчаларынан башка, салык төлөөчү уюмдун башкаруу органын мүчөлөрүнө, алар өздөрүнүн милдеттерин аткаруу учурунда тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу менен байланышкан чыгымдарга туш болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн чыгашалар: берилген документтерге ылайык жол жүрүү, жашаган жери боюнча жана иш сапары үчүн белгиленген ченемдердин чегиндеги күндөлүк акчалар дагы эсептен чыгаруулар деп таанылат жана киреше алууга багытталган чыгашалар катары 2-Тиркеменин 250-уячасында чагылдырылат.
Өкүлчүлүк чыгашаларына уюм тарабынан адамдарды кабыл алууга жана тейлөөгө багытталган чыгашалар кирет:
1) өз ара кызматташтыкты белгилөө же колдоо көрсөтүү үчүн сүйлөшүүлөргө катышкандарды;
2) акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн директорлор кеңешинин жыйынына келишкен катышуучуларды. Бул чыгашалар киреше алуу менен байланыштуу болушу жана документтер менен ырасталышы керек.
76. 252-уячада кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого кеткен эсептен чыгарылган чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт. Кадрларды даярдоого, кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана кайра даярдоого багытталган чыгашалар, төмөнкү шарттарды сактоо учурунда, уюмдун кирешесин алууга байланышкан эсептен чыгаруулар катары таанылат:
1) эгерде даярдоо жана/же кайра даярдоо программасы окутулуп жаткан адисти салык төлөөчүнүн ишинин алкагында квалификациясын жогорулатууга же алда канча натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшсө: квалификациясынын деңгээлине болгон талаптардын жогорулашына байланыштуу адистердин теоретикалык жана практикалык билимдеринин жаңыланышына, кесипкөйлүк ишти аткаруу үчүн зарыл болгон кесипкөйлүк милдеттерди, кошумча билимди, ык жана көнүгүүлөрдү чечүүнүн азыркы ыкмаларын өздөштүрүүнүн зарылчылыгы;
2) эгерде даярдоодон жана/же кайра даярдоодон салык төлөөчүнүн штатында турушкан, толук жумуш күнүн иштешкен, жаш курактары 23 жана андан жогору жумушчулар өтүп жатышкан болсо;
3) эгерде билим берүү боюнча кызматтар ата мекендик уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жатса.
77. 253-уячада насыялар жана зайымдар боюнча пайыздык чыгашалар көрсөтүлөт.
Эскертүү: амортизацияланган негизги каражаттарды сатып алууга же түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизүүгө чейин алардын наркынын өзгөрүшүнө таасир берген чыгашаларга байланыштуу төлөнгөн пайыздардын суммасы, жылдык жыйынды кирешеден эсептен чыгарууга жатпайт, тескерисинче, салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун стандарттуу тартибин колдонгон учурда алардын наркын жогорулатат. Салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин колдонгон учурда, амортизацияланган негизги каражаттарды сатып алууга же түзүүгө байланышкан же алардын наркынын өзгөрүшүнө таасир берген чыгымдар менен байланышкан пайыздык чыгашалар, ушул каражаттардын наркына киргизилбейт жана жылдык жыйынды кирешеден эсептен чыгарууга жатат.
Эгерде алынган сумма ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылган болсо, салык төлөөчүнүн карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды төлөөнүн чыгашалары эсептелген же төлөнгөн пайыздардын өлчөмүндө эсептен чыгарылууга тийиш.
78. 254-уячада илимий-изилдөө, тажырыйба-конструктордук жана долбоордук-иликтөө иштерине кеткен чыгашалар боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт, бирок бул учурда ал негизги каражаттарды өндүрүүгө же сатып алууга багытталбайт. Негизги каражаттарды сатып алуу жана/же өндүрүү менен байланышкан чыгашалар негизги каражаттардын тийиштүү топторунун наркына кошулат жана амортизацияланат.
79. 255-уячада Салык кодексинин 200-беренесине ылайык эсептелген амортизациялык кошуп эсептөөлөрдүн суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: уюмдун менчигинде болгон, пайдаланууга киргизилген жана киреше алуу үчүн колдонулган, наркы 100 эседен көбүрөөк эсептик көрсөткүчтү түзгөн негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер амортизацияланууга жатат.
Ошондой эле, уюм тарабынан лизинг келишимдери боюнча алынган жана киреше алуу үчүн колдонулган негизги каражаттар амортизацияланууга жатат.
Суу, жер казынасы жана башка жаратылыш ресурстары сыяктуу жерлер жана жаратылышты пайдалануунун башка объекттери, ошондой эле товардык-материалдык кор, капиталдык курулуштун аягына чыкпаган объекттери, баалуу кагаздар, финансылык аспаптар, орнотула элек жабдуулар, негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер, салык төлөөчү тарабынан өндүрүүдө жана/же сатып алууда пайдаланылбаган товарлар, аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр амортизациялоого жатпайт. Мындан сырткары, отчеттук жыл ичинде наркы толук бойдон даяр продукциянын, аткарылган жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына көчүрүлгөн мүлктөр амортизациялоого жатпайт.
Бул уячаны толтуруу үчүн амортизациялана турган мүлктүн курамынан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылат:
1) келишимдер боюнча кайтарымсыз колдонууга берилгендер;
2) консервацияга которулгандар;
3) 12 айдан ашык убакыт реконструкцияланып жана модернизацияланып жаткандар.
Киреше алууга катышкан негизги каражаттарды өндүрүү, сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан чыгымдар жана башка капиталдык чыгымдар эсептен чыгаруулар катары таанылбайт.
Салык амортизациясынын эсеби үчүн негизги каражаттардын наркына төмөнкүлөр киргизилбейт:
1) негизги каражаттарды түзүүгө катышкан кызматкерлердин эмгегин төлөө фондуна кошуп эсептелген камсыздоо төгүмдөрүнүн суммасы;
2) жаңы негизги каражаттарды түзүүгө катышкан негизги каражаттардын оңдоосуна кеткен амортизация жана чыгымдар.
Стандарттык тартип боюнча пайда салыгынын салыктык базасын эсептеп чыгуу учурунда амортизациялоого жаткан бардык негизги каражаттар Салык кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 6-топ боюнча классификацияланат.
Бул учурда тоо кен иши боюнча уюштуруу чыгашаларын караган 6-топ боюнча амортизациянын төмөндөтүлгөн ченемин колдонууга жол берилет. Эгерде уюм амортизациянын төмөндөтүлгөн ченемин колдонууну чечсе, анда ал кийинки салыктык мезгил ичинде амортизациялоонун тандалып алынган коюмун өзгөртүүгө укуксуз.
Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн негизги каражаттарды кайра баалоо, топтун салыктык наркын көбөйтпөйт жана азайтпайт.
80. Уюмдун кирешесинен төмөнкүлөр эсептен чыгарылууга тийиш:
1) Салык кодексинин жоболоруна ылайык эсептелип чыккан, амортизациялана турган негизги каражаттарга амортизациялык кошуп эсептөөлөр;
2) отчеттук жылдын аягына карата топтун салыктык наркынын суммасы, эгерде ал 100 эсептик көрсөткүчтөн азды түзсө;
3) топтун калган салыктык наркы, эгерде топтогу бардык негизги каражаттар сатылса, башка адамга берилсе же жоюлса.
81. 256-уячада салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун стандарттуу тартиби колдонулган учурда төмөнкү негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгымдардын эсептен чыгаруулары көрсөтүлөт:
1) уюмдун менчик укугунда болгондор, ошондой эле финансылык ижаранын (лизингдин) предмети болуп саналгандар. Эсептен чыгарылууга тийиш болгон оңдоого кеткен чыгашалардын суммасы, өткөн жылдын аягына карата топтун салыктык наркы катары аныктала турган, негизги каражаттардын ар бир тобуна карата мурунку жылы эсептелген амортизациялык кошуп эсептөөлөрдүн суммасына азайтылган, жылдын башына карата топтун салыктык наркынын 15 пайызы менен чектелет. 15 пайыздык чектөөдөн ашып түшкөн сумма топтун наркына кошулган негизги каражаттардын наркы катары каралат жана отчеттук жылдын аягына карата топтун салыктык наркын жогорулатат;
2) ижарага алынган негизги каражаттардын. Ижарага алынган негизги каражаттарды оңдоо учурунда, ижарачы ар бир ижарага алынган негизги каражаттар боюнча оңдоого кеткен чыгашалардын негизинде топ түзүүгө жана амортизациялык чегерүүлөр түрүндө оңдоого кеткен чыгымдарды кармап калууга милдеттүү. Ар бир топ боюнча амортизациянын ченеми, уюм тарабынан ижара келишиминин иштөө мөөнөтүнө жараша белгиленет. Ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин ижарачы топтун калган салык наркын эсептен чыгарууга жана аны бул уячага киргизүүгө укуктуу.
Эскертүү: Салык кодексинин 199-беренесине ылайык, амортизацияны эсептөө үчүн топко 100 эседен кем эмес эсептик көрсөткүчтүн наркы бар негизги каражаттар киргизилет, ал эми оңдоого кеткен чыгашалар 100 эседен кем болгон эсептик көрсөткүчтөрдү түзгөндө, анда топ түзүлбөйт жана сумма толук өлчөмүндө эсептен чыгарууга кирет.
Салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби колдонулган учурда, негизги каражаттарга карата оңдоого кеткен чыгым чектелбеген эсептен чыгарууларга кирет.
82. 257-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүнү эсептен чыгаруу көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы эсептен чыгарууга кирет. Салык төлөөчү бул уячага, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамы менен белгиленген өлчөмдө, жумуш берүүчүнүн каражаттарынан жумушчуларга төлөмдөрдүн баардык түрлөрүнөн эсептеп чыгарылган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын киргизүүгө укуктуу.
83. 258-уячада баалуу кагаздарды сатуу учурунда келип чыккан чыгымдар көрсөтүлөт:
1) бересе баалуу кагаздардан башка, баалуу кагаздар боюнча сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортолорундагы терс айырма;
2) дисконттун амортизациясын жана/же бересе баалуу кагаздарды сатуу датасына карата сыйакыны эсепке алып сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортосундагы терс айырма;
Эскертүү: Салык кодексинин 205-беренесине ылайык, баалуу кагаздарды сатууда тартылган чыгым, башка баалуу кагаздарды сатуу учурунда алынган кирешелердин эсебинен компенсацияланат, мындай учурда бул уячада көрсөтүлгөн чыгымдын суммасы “0”гө барабар болушу мүмкүн же 1-тиркеменин 161-уячасында көрсөтүлгөн суммадан ашык болбошу керек. Баалуу кагаздарды сатуудагы чыгымдар баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелерди азайтат.
Эгерде чыгымдар, алар пайда болгон жылы компенсацияланбай турган болсо, анда алар 5 жылдык мөөнөткө узартылышы жана ушул 5 жылдын ичинде баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелердин эсебинен орду толтурулушу керек.
84. 259-уячада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) берилген банктык насыяларды жана аларга теңештирилген активдерди, ошондой эле отчеттук жылда Коргоо фондуна жиберилген депозиттерди камсыз кылуу максаты үчүн гана пайдаланылган насыялык жана лизингдик жоготууларды жана чыгымдарды жабууга резервдерди түзүү үчүн банк тарабынан багытталган суммалар. Банктардын резервине чегерүүлөрдүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.
2) отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык камсыздандыруу резердик фонддоруна камсыздандыруу ишин жүргүзгөн ата мекендик уюм тарабынан жиберилген чегерүүлөрдүн суммасы.
Эскертүү: жогоруда саналгандардан башка, бардык уюмдар үчүн резердерге чегерүү түрүндөгү чыгашалар эсептен чыгарылбайт.
85. 260-уячада кайрымдуулукка кеткен чыгашалар боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт, алар акча каражаттарын жана мүлктү кошкондо (баланстык наркы боюнча) төмөнкү даректерге кайтарымсыз берилген активдерди камтыйт:
1) кайрымдуулук уюмдарына;
2) жеке менчик формасына карабастан маданият жана спорт уюмдарына.
Эскертүү: кайрымдуулук уюму – коммерциялык эмес уюм:
а) Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук ишин жүргүзгөн;
б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу иши жана букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун ишин жүргүзбөгөн;
в) саясий партияларды же шайлоо өнөктүктөрүн колдоого катышпаган.
Маданияттын жана спорттун уюмдары катары, иштин негизги түрү болуп маданий баалуулуктарды сактоо, өнүктүрүү, жайылтуу жана өздөштүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү, маданий байгерчиликти, ошондой эле дене тарбия жана спорт тармагында кызматтарды сунуштоо болуп саналган, менчик формасына карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар таанылат.
Отчеттук мезгил ичиндеги эсептен чыгаруунун суммасы, бул активдер аларды берген салык төлөөчүнүн пайдасы үчүн колдонулбаган шартта, Декларациянын 057-уячасында көрсөтүлгөн салык салынган пайданын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
86. 261-уячада отчеттук жыл ичинде төлөнүүгө жана эсептен чыгарылууга тийиш болгон салыктардын суммасы көрсөтүлөт:
а) жер салыгынын;
б) мүлк салыгынын;
в) чегерүүгө жатпаган КНСтин;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктардын.
87. 262-уячада Салык кодексинин 209-беренесинде саналып өткөндөрдөн жана ушул тиркеменин 250-261-уячаларында көрсөтүлгөндөрдөн сырткары, башка эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
Эскертүү: мындай эсептен чыгаруулар болуп маселен, жамааттык келишимге ылайык жумушчуларга социалдык жеңилдиктердин чыгашалары (материалдык жардам, ысык тамак, жолдомолор ж.б.), башкаруу органынын мүчөлөрүнө төлөнө турган компенсациялар саналышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн төлөмдөр, эгерде аларга киреше салыгы салынган болсо, эсептен чыгарылууга тийиш болот.
88. 263-уячада 250-262-уячалардын маанилеринин жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. Бул уячанын маанилери Декларациянын 051-уячасына көчүрүлөт.
89. 3-тиркеме эки бөлүмдөн турат:
1) I. Салык салынбаган кирешелер;
2) II. Төлөм булагында салык салынган кирешелер;
90. 350-уячада төмөнкү сумма көрсөтүлөт:
1) үлүштүк салым катарында алынган мүлктүн наркынын;
2) уставдык капиталга төгүмдүн;
3) уюмга катышуунун үлүшүн анын алгачкы наркынын өлчөмүндө сатуудан түшкөн кирешенин.
90. 351-уячада төмөнкү суммалар көрсөтүлөт:
1) кайтарымсыз алынган социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы, жолдордун, электр тармактарынын, көмөк чордондордун, буу казандарынын жана жылуулук тармагынын, суу топтомо курулмаларынын, тоо-шахта жабдууларынын объекттеринин, жарандык коргонуу объекттеринин наркынын, эгерде бул уюм жогоруда саналган объекттерди багыты боюнча колдонгон жана пайдаланган адистештирилген уюмдардын катарына кирсе;
2) кайтарымсыз алынган негизги каражаттардын жана акча каражаттарынын наркынын, эгерде алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери боюнча уюмдун өзүнүн өндүрүш базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга алынса;
3) шериктештердин салымы катары жөнөкөй шериктештер тарабынан алынган мүлктүн наркынын;
4) ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкаруучу тарабынан кабыл алынган мүлктүн наркынын.
92. 352-уяча коммерциялык эмес уюм тарабынан гана толтурулат жана 353-357-уячалардын маанилеринин жыйынтыгы болгон сумманы камтыйт.
93. 353-уячада Салык кодексинин 153-беренесинде каралган алардын аныктамаларына ылайык, жыл ичинде келип түшкөн мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрүнүн суммасы көрсөтүлөт.
94. 354-уячада уставдык максаттарда пайдалануу шартында алынган гуманитардык жардамдардын жана гранттардын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячаны толтуруу үчүн Салык кодексинин 153-беренесинде каралган аныктамаларды пайдалануу керек.
95. 355-уячада уставдык максаттарда пайдалануу шартында кайтарымсыз алынган активдердин наркы көрсөтүлөт. Коммерциялык эмес уюм наркы салык салынбаган кирешелерге кирген жабдууларды, имараттарды, курулуштарды, эмеректи, техниканы жана башка активдерди кайтарымсыз ала алат.
96. 356-уячада көп батирлүү үйлөрдү техникалык жактан күтүү боюнча кызматтар үчүн, имараттарды жана курулуштарды тейлөөгө батирлердин менчик ээлеринен коммерциялык эмес уюм тарабынан алынган төлөм акы көрсөтүлөт.
97. 357-уячада суу пайдалануучуларынын ассоциациясы тарабынан, уставдык иштин чегинде сугат суусун берүү боюнча кызматы үчүн алынган төлөм акы көрсөтүлөт.
Эскертүү: пайда салыгы салынбаган кирешелерди алуу менен байланышкан чыгашалар, эсептен чыгарууга тийиштүү эмес жана 2-тиркемеде көрсөтүлбөйт.
98. 358-уячада ата мекендик уюмдарда катышкандыгы үчүн алынган дивиденддер көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк уюмдардан алынган дивиденддер киреше болуп саналат жана 1-тиркеменин 156-уячасына киргизилет.
99. 359-уячада эгерде уюмга шериктештер тарабынан жөнөкөй шериктештиктин эсебин жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсе, шериктештердин салымы катары жөнөкөй шериктештик тарабынан алынган мүлктүн наркы көрсөтүлөт. Жөнөкөй шериктештиктен кайтарылган салымдар шериктештердин кирешеси болуп саналбайт.
100. 360-уячада ишенимдүү башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкарууга кабыл алынган мүлктүн наркы көрсөтүлөт. Ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, башкаруучу менчик ээсинен түшкөн каражаттардын (негизги каражаттар, мүлк комплекстери жана башкалар) ушул уячада чагылдырыла турган наркын башкарууга алат. Ошол эле учурда, ишенимдүү башкаруучудан мүлктөрдүн менчик ээсине кайтарылышы, менчик ээсинин кирешеси болуп саналбайт
101. 361-уячада баалардын өйдө-төмөн болушунун натыйжасында өзүнүн акцияларынын алардын номиналдык наркынан ашып түшкөн түрүндөгү киреше көрсөтүлөт.
102. 362-уячада өзүнүн акцияларын сатууда нарктын өсүшүнөн түшкөн киреше көрсөтүлөт. Эгерде уюм өзүнүн акцияларын алардын эсептик наркынан ашкан наркта сатса, анда ашыкча сумма салык салынбаган киреше катары таанылат.
103. 363-уячада сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фонддук биржанын листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн киреше жана пайыздык киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү: листинг - баалуу кагазды фондулук биржада расмий соодалоого киргизүүнүн жол-жоболору. Компаниянын баалуу кагаздарынын фонддук биржалардын листингинде эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категорияларында болушу компаниянын өзүнүн иши тууралуу маалыматты мыйзамдын жана фонддук биржанын талаптарына ылайык ачыкка чыгарат дегенди билдирет, башкача айтканда, көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын биржалык котировкасы жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүккө ээ болот.
Эгерде пайыздык киреше жана баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн киреше баалуу кагаздардын ушул категориясынан алынса, алар салык салынбай тургандар деп таанылат.
104. 364-уячада салык салынбагандарга тиешелүү болгон финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү: финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешени салык салынбаган кирешелердин курамына киргизүү иштин аталган түрүн өбөлгөлөөгө багытталган убактылуу чара катары киргизилген жана ал 2017-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
105. 365-уячада белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык макулдашууларга, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык, салык салынбаган киреше катары таанылган, 3-тиркеменин 350-364-уячаларында көрсөтүлбөгөн башка салык салынбаган кирешелер көрсөтүлөт.
106. 366-уячада 350-365-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон бардык салык салынбаган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт.
107. 367-уячада төлөм булактарында мурда салык салынган пайыздык киреше көрсөтүлөт. Пайыздык кирешени аныктоо жана аны колдонуунун өзгөчөлүктөрү ушул Тартиптин 51-пунктунда баяндалган.
108. 368-уячада төлөм булактарында салык салынган, ушул Тиркеменин 366-уячасында көрсөтүлбөгөн башка кирешелер көрсөтүлөт.
109. 369-уячада төлөм булактарында салык салынган, 367 жана 368-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт.
110. Пайда салыгын төлөөдөн бошотуу салык төлөөчүнү Декларация берүү милдетинен бошотпойт.
111. 450-уячада кайрымдуулук уюмдарынын кайрымдуулук ишинен алган пайдасы көрсөтүлөт. Кайрымдуулук уюм тарабынан коммерциялык иштен алынган пайда пайда салыгынан бошотулбайт.
Эскертүү: кайрымдуулук иши - жарандарга жана юридикалык жактарга активдерди чын дилден берүү (акысыз негизде же жеңилдетилген шарттарда) же болбосо аларды сатууга кеткен чыгымдардан ашпаган акыга кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу боюнча кайрымдуулук иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кайрымдуулук максаттарын ишке ашырууга багытталган жеке жана/же юридикалык жактардын ыктыярдуу иш-аракети.
Кайрымдуулук уюму – коммерциялык эмес уюм:
а) коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук ишин жүргүзгөн;
б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу ишин жана букмекерлик кеңселердин жана тотализаторлордун ишин жүргүзбөгөн;
в) саясий партияларды же шайлоо өнөктүктөрүн колдоого катышпаган.
112. 451-уячада I жана II топтогу майыптар коомдорунун, ошондой эле Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунда иштегендердин жалпы санынын кеминде 50 пайызын майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жылдык эмгек акы фондунун кеминде 50 пайызын түзгөн уюмдардын пайдасы көрсөтүлөт.
113. 452-уячада айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн пайдасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өз өндүрүшүндөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүчү уюмдар же жеке адамдар салык максаттарында айыл чарба өндүрүүчүсү деп таанылат, мында бул продукцияны сатуудан түшкөн каражат календардык жыл ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем болбошу керек.
114. 453-уячада Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин пайдасы көрсөтүлөт.
115. 454-уячада айыл чарба товардык-сервистик кооперативдеринин пайдасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: айыл чарба товардык-сервистик кооперативи – мүчөлөрүнүн 75 пайызынан кем эмеси айыл чарба өндүрүүчүлөрү болуп саналган жана түшкөн акчасы бул календардык жыл ичинде кооператив тарабынан өндүрүлгөн товарларды жумуштарды, кызматтарды сатуудан түшкөн акчанын 75 пайызынан кем эмесин түзгөн кооператив.
116. 455-уячада негизги өндүрүштүк каражаттарды сатып алууга, реконструкциялоого, модернизациялоого багытталган бөлүгүндө, кайра иштетилүүсү салык төлөөчүнүн менчигиндеги өндүрүштүк кубаттулуктарында түздөн-түз ишке ашырылган, өз чийки затынан жер-жемиштерди жана жашылчаларды өндүрүштүк кайра иштетүүнүн товарларын сатуудан алынган салык төлөөчүнүн пайдасы көрсөтүлөт.
117. 456-уячада насыялык союз тарабынан алынган пайда көрсөтүлөт.
118. 457-уячада Салык кодексинин 212-беренесине ылайык пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан акциздик топтун товарларын өндүрүү үчүн пайдалануудан башка, айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзгөн тамак-аш жана өндүрүштүк кайра иштетүүчү ишканалардын пайдасы көрсөтүлөт.
119. 458-уячада 2017-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда салыгын төлөөдөн бошотулган лизинг компанияларынын пайдасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: лизингдик компания - түшкөн акчаларынын 90 пайыздан кем эмесин финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акча түзгөн ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюмдун филиалы жана/же өкүлчүлүгү.
120. 459-уячада салык мыйзамдары, ошондой эле эл аралык келишимдер менен каралган пайда салыгы боюнча башка жеңилдиктер таркатылган пайданын суммасы көрсөтүлөт. Эгерде уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган пайдага же анын бир бөлүгүнө салык салууга милдеттүү болбосо, бул уячада бошотулууга жаткан сумма көрсөтүлөт.
121. 460-уячада 450-459-уячалардын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячанын мааниси Декларациянын 053-уячасына көчүрүлөт.
Бул суммадан пайда салыгы келип чыкпайт, анткени салык салынган пайданын өлчөмүн аныктоодо 053-уячада көрсөтүлгөн сумма пайданын жалпы суммасынан эсептен чыгарылууга тийиш.
122. 5-тиркемеде салык төлөөчү менчик укугунда ага таандык болгон, анын ичинде салык салынууга тийиш болбогон/бошотулган, ошондой эле, 1-топтогу (FORM STI-086), 2-топтогу (FORM STI-087), 3-топтогу (FORM STI-088) жана 4-топтогу (FORM STI-089) объекттердин мүлк салыгы боюнча берилген кабардык эсептердин маалыматтарынын, ошондой эле салык салынууга тийиш болбогон/бошотулган, же жеңилдетилген салык салууга жаткан мүлк объекттери боюнча укуктук белгилөөчү жана/же укуктук күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматтарынын негизинде жеңилдетилген салык салууга жаткан бардык мүлк объектилери жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтөт.
123. Мүлк салыгынын салык төлөөчүсү болуп, менчигинде салык салынуучу мүлкү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, финансылык ижара же ипотекалык насыя келишиминин чегинде сатып алынган мүлкү бар субъект саналат. Эгерде, мүлктүн менчик ээсинин кайсыл жерде экенин аныктоого мүмкүн болбосо, мүлк салыгынын салык төлөөчүсү болуп, бул мүлктү колдонгон субъект саналат.
124. Тиркеменин I бөлүмүн толтуруу үчүн алгач 5-тиркеменин төмөнкү чечмелөөлөрү толтурулат:
1) 1, 2 жана 3-топтогу мүлк объекттери боюнча;
2) 4-топтогу (унаа каражаттар) мүлк объекттери боюнча.
125. 1-графанын уячаларында төмөнкү таблицага ылайык, мүлк объектисинин тобунун коду көрсөтүлөт:
Коду | Мүлк объектисинин тобу |
01 | 1-топ |
02 | 2-топ |
03 | 3-топ |
04 | 4-топ |
Эскертүү: 1-топтогу мүлк объекттерине туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган, ишкердик ишти жүргүзүү үчүн колдонулбаган турак-жай үйлөрү, анын ичинде жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү кирет.
2-топтогу мүлк объекттерине ишкердик ишин жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган турак жай үйлөрү, анын ичинде жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаториялар, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле башка капиталдык курулуштар кирет.
3-топтогу мүлк объекттерине ишкердик ишин жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган күркөлөр, контейнерлер сыяктуу металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар кирет.
126. 1-графанын уячаларын толтуруу төмөнкүдөй ирээтте жүргүзүлөт:
1) ишкердик ишинде колдонулбаган мүлктүн бардык объекттери 01 коду менен көрсөтүлөт;
2) ишкердик ишинде колдонулган же колдонуу үчүн арналган мүлктүн бардык объекттери 02 коду менен көрсөтүлөт;
3) ишкердик ишинде колдонулган же колдонуу үчүн арналган мүлктүн бардык объекттери 03 коду менен көрсөтүлөт;
127. 2-графанын уячаларында тиешелүү мүлктүн түрлөрүнүн коду көрсөтүлөт. Уячалардын көрсөткүчтөрүн толтуруу үчүн төмөнкү таблицадан колдонулуучу мүлктүн кодун тандап алуу зарыл:
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | Турак жай үйү |
002 | Батир |
003 | Дача |
004 | Пансионаттар |
005 | Эс алуу үйлөрү |
006 | Санаториялар |
007 | Курорттор |
008 | Өндүрүштүк |
009 | Администрациялык курулуш |
010 | Өнөр жайлык курулуш |
011 | Башка капиталдык курулуш |
012 | Күркө |
013 | Контейнер |
014 | Башка убактылуу жайлар |
128. 3-графанын уячаларында мүлктү колдонуучунун коду көрсөтүлөт:
Код | Мүлктү колдонуучу |
МЭ | Менчик ээси |
Ү/МЭ | Үлүштүү менчик ээси |
МЭ/Э | Менчик ээси эмес |
Эгерде, мүлк салыгын төлөөчү болуп мүлктүн менчик ээси саналса, анда бул уячаларда “МЭ” коду көрсөтүлөт.
Эгерде, мүлк бир нече адамдардын менчигинде болсо, “Ү/МЭ” коду көрсөтүлөт.
Эгерде, салыкты төлөөчү болуп мүлктүн ээси эмес, а колдонуучу саналса, “М/ЭЭ” коду көрсөтүлөт.
129. 4-графанын уячаларында мүлктүн жайгашкан районунун коду көрсөтүлөт, ал ушул райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү: райондун кодун ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтынан табууга болот.
130. 5-графанын уячаларында мамлекеттик каттоо органы тарабынан кыймылсыз мүлккө ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Бул код кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун титулдук барагынын жогорку уячасында көрсөтүлөт.
131. 6-графанын уячаларында төмөнкү таблицадан тандалып алына турган мүлк объектисинин категориясынын коду көрсөтүлөт:
Код | Мүлктүн объектисинин категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
эгерде, мүлк объекти жалпы негиздерде салык салынууга жатса, “С/С” коду ыйгарылат
эгерде, мүлк объекти Салык кодексинин 324-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык салуу объектиси болуп саналбаса, ага “С/СТ” коду ыйгарылат.
3) эгерде, салык төлөөчү же мүлк объектиси үчүн Салык кодексинин 330-беренесине ылайык салык төлөөгө жеңилдик/бошотуу белгиленсе, анда мындай объектиге “Ж/Б” коду ыйгарылат.
132. 7-графанын уячаларында мүлк объектисинин жалпы аянты чарчы метрде көрсөтүлөт.
133. 8-графанын уячаларында мүлктүн ар бир объектиси боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт. Мүлктүн салык салынган объектиси боюнча, Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген мүлк салыгы боюнча мурда эсептелген жана маалыматтык эсебинде чагылдырылган салыктын суммасы көрсөтүлөт:
1) эгерде, маалыматтык эсептөө берилген мүлк объектиси отчеттук жыл ичинде салык төлөөчүнүн менчигинде болсо, эсептелген салыктын суммасы мүлктүн ар бир объектиси боюнча маалыматтык эсептөөдөн бул тиркемеге көчүрүлөт.
2) эгерде, мүлк объектиси маалыматтык эсептөө берилгенден кийин, отчеттук жыл ичинде салык төлөөчүнүн менчигинен чыгып калса же түшсө, анда алар кайсы бир объекттерди сатып алуунун же аларды чыгарып салуунун фактысы боюнча берилген кошумча маалыматтык эсептөөдө чагылдырылышы керек.
3) эгерде, мүлк объектиси салык салынбаган жана салык салынууга жатпаган, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга кирсе, 8-графанын тиешелүү уячасында “0” цифрасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөнгөн салыктын суммасы көрсөтүлөт.
134. Эгерде чечмелөөдө салык төлөөчүнүн менчигиндеги 1, 2, 3-топтогу мүлк объектилери боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар бардык узундугу жана жазылыгы боюнча “Z” белгиси менен чийилет. Андан кийин “Баардыгы” уячасында чечмелөөлөрдүн 8-графасынын уячаларынын толтурулган маанилеринин суммасына барабар болгон 1, 2, 3-топтордогу мүлк объектилери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
135. Бул чечмелөөнү менчигинде унаа каражаттары бар салык төлөөчү төмөнкү таблицага ылайык толтурат.
Кыймылдаткычтын түрү | Унаанын коду | Унаанын аталышы |
А (ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар менен иштегендер) | 001 | Фургон жеңил автомобилдери жана жеңил автомобилдердин базасында иштеген пикаптар |
002 | Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар | |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол курулуш машиналары | |
004 | Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулган өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар) | |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кораблдер, теплоходдор | |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери | |
Б (башкалар) | 007 | Сатып алган наркы боюнча – 001ден 006га чейинки коддору бар унаа каражаттарынан башка унаа каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер |
Эскертүү: унаа каражатында иштеген кыймылдаткыч ичинен күйүүчү кыймылдаткыч болуп саналабы же жокпу, ушуга байланыштуу унаа каражатына тамгалуу коду, ошондой эле таблицадан тандалып алынган унаа каражатынын түрүнүн коду ыйгарылат.
136. 1-графанын уячаларында унаа каражатынын кыймылдаткычынын түрүнүн коду көрсөтүлөт.
1) эгерде, унаа каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткычтары менен иштесе, “А” коду көрсөтүлөт. Бул топко 001-006-коддору менен белгиленген унаа каражаттары киргизилет.
2) эгерде, унаа каражаты ички күймө кыймылдаткычтары менен иштебесе “Б” коду көрсөтүлөт. Бул код 007 коду менен белгиленген унаа каражаттары үчүн көрсөтүлөт.
137. 2-графанын уячаларында унаа каражатынын түрүнүн 001-007 коду көрсөтүлөт.
138. 3-графанын уячаларында мүлктү колдонуучунун коду көрсөтүлөт. Ушул Тартиптин 128-пунктунда мүлктү колдонуучунун коддорунун таблицасы берилген.
139. 4-графанын уячаларында ушул Тартиптин 131-пунктуна ылайык участканын мүлкүнүн объекттеринин категорияларынын коду көрсөтүлөт.
140. 5-графанын уячаларында унаа каражатынын унаа каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүгүнө ылайык унаа каражаттарынын маркасы көрсөтүлөт.
141. 6-графанын уячаларында ар бир унаа каражаты боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт. Салык салынган унаа каражаттары боюнча, Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчү салык органына берген мүлк салыгы боюнча мурда эсептелген жана маалыматтык эсептөөсүндө чагылдырылган салыктын суммасы көрсөтүлөт:
1) эгерде, маалыматтык эсептөө берилген унаа каражаты отчеттук жыл ичинде салык төлөөчүнүн менчигинде болсо, эсептелип чыккан салыктын суммасы ар бир унаа каражаты боюнча маалыматтык эсептөөдөн ушул тиркемеге көчүрүлөт.
2) эгерде, унаа каражаты маалыматтык эсептөө берилгенден кийин, отчеттук жыл ичинде салык төлөөчүнүн менчигинен чыгып калса же сатып алынса, анда алар кайсы бир объекттерди сатып алуунун же аларды чыгарып салуунун фактысы боюнча берилген кошумча маалыматтык эсептөөдө чагылдырылышы керек.
3) эгерде, унаа каражаты салык салынбаганга, салык салынууга тийиштүү болсо, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга туура келсе, 6-графанын тиешелүү уячасында “0” цифрасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөөгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
142. Эгерде чечмелөөдө салык төлөөчүнүн менчигинде болгон 4-топтун мүлк объекттери боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар баардык узундугу жана жазылыгы боюнча “Z” белгиси менен чийилет.
143. Чечмелөөнүн “Баардыгы” уячасында 6-графасынын уячаларынын толтурулган маанилеринин суммасына барабар болгон 4-топтун мүлк объекттери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
144. 1, 2, 3-топтордогу мүлк объекттери боюнча чечмелөөлөрдүн жана 4-топтун мүлк объекттери боюнча чечмелөөлөрдүн көрсөткүчтөрү 5-тиркеменин 1-бөлүмүнө көчүрүлөт.
145. 5-тиркеменин II бөлүмүндө чечмелөөлөрдүн аталыштарынын оң жагында жайгашкан уячаларда ”Х” белгиси көрсөтүлөт, бул белгиленген чечмелөөнү берүүнү түшүндүрөт, ошондой эле ар бир Чечмелөөлөрдүн барактарынын саны көрсөтүлөт.
146. 6-тиркемеде салык төлөөчү менчик укугундагы мөөнөттүү (убактылуу колдонуудагы), ошондой эле салык салуудан бошотулган/салык салууга жатпаган, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жаткан түздөн-түз башкаруу укугунда колдонууда болгон баардык жер участоктору тууралуу маалымат берет.
Эскертүү: жер салыгынын салык төлөөчүсү болуп жердин ээси же жерди пайдалануучу таанылат, эгерде анын жер участогуна менчик же пайдалануу укугу, жер участогу иш жүзүндө пайдаланылганына же пайдаланылбаганына карабастан, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер үлүшүнө болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү күбөлүк менен жер участогун убактылуу пайдалануу укугун күбөлөндүрүү менен, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актысы менен күбөлөндүрүлсө.
Жер салыгын эсептеп чыгуу үчүн салык базасы болуп, укукту күбөлөндүрүүчү документте белгиленген жер участогунун аянты саналат.
Жалпы менчикте же бир нече адамдын пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча жер салыгын төлөөчү болуп, укукту күбөлөндүрүүчү документте белгиленген же тараптардын макулдашуусу менен аныкталган үлүштөгү ошол адамдардын ар бири саналат.
Жалпы менчикте же бир нече адамдын пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча ар бир төлөөчү үчүн салык базасы болуп, укукту күбөлөндүрүүчү документтерде белгиленген же менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) макулдашуусу менен аныкталган жер участогунун үлүшү саналат.
147. Жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү иш кагаздары жок болгон учурда, жер пайдалануучуну жер салыгынын салык төлөөчүсү катары таануу үчүн негиз болуп, ушундай участокко иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же аны пайдалануу саналат.
148. Жер участогунун багытына карата төмөнкү таблицага ылайык ага жер участогун пайдалануунун коду ыйгарылат:
Код | Жер участогунун багыты |
А/ЧБ | Айыл чарба багытындагы |
А/ЧБЭ | Айыл чарба багытындагы эмес, калктуу конуштардын жерлерин кошкондо |
ҮК/Б | Үй алдындагы, короо жай, бак-чарбак |
149. Жер участогунун багытына жана орун алган жерине жараша ага төмөнкү таблицага ылайык жер участогунун түрүнүн атайын коду ыйгарылат:
Код | Участоктун аталышы |
001 | Сугат айдоо жери |
002 | Кайрак айдоо жери |
003 | Отургузулган көп жылдык бактар |
004 | Чөп чабындылар |
005 | Жайыттар |
111 | Шаарлар: Бишкек, Чүй-Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата |
112 | Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя |
113 | Башка шаарлар жана шаарчалар |
114 | Айылдык калктуу конуштар |
150. Салык салынган жер участоктору боюнча бул тиркеме отчеттук жыл ичинде жер салыгы боюнча берилген маалыматтык эсептөөлөрдүн (FORM STI-076, FORM STI-077) кабарларынын негизинде толтурулат. Салык салуудан бошотулган, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жаткан жер участогу боюнча ушул Тиркеме, ушул участокко укукту күбөлөндүрүүчү жана/же укукту белгилөөчү иш кагаздарында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде толтурулат.
151. Жер участогу салык салынууга жатабы же жокпу, ушуга жараша төмөнкү таблицага ылайык, жер участогунун категориясынын коду киргизилген:
Коду | Жер участогунун категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
Эскертүү: эгерде, жер участогу салык салынууга жатса, ага “С/С” коду ыйгарылат.
Эгерде, жер участогу Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салуудан бошотулса, ага “С/СТ” коду ыйгарылат.
Эгерде, салык төлөөчүгө жер жер участогуна Салык кодексинин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө жана/же 344-беренесине ылайык жеңилдик берилсе, анда мындай жер участогуна “Ж/Б” коду ыйгарылат.
152. Тиркеменин I бөлүмүн толтуруу үчүн алгач төмөнкүдөй ирээтте жер участоктору боюнча 6-тиркеменин Чечмелөөсү (FORM STI-101 – 006-01) төмөнкү тартипте толтурулат:
айыл чарба багытындагы;
2) айыл чарба багытындагы эмес, анын ичинде калктуу конуштардын жерлери;
3) үй алдындагы, короо жай жана бак-чарба жер участоктору.
153. Чечмелөөлөрдүн 1-графасынын уячаларында ушул Тартиптин 148-пунктуна ылайык жер участогунун багытынын коду көрсөтүлөт.
154. Чечмелөөлөрдүн 2-графасынын уячаларында жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт. Ушул Тартиптин 149-пунктундагы таблицадан жер участогунун түрүнүн тийиштүү коду тандалат:
155. Чечмелөөлөрдүн 3-графасынын уячаларында жер участогун пайдалануучунун коду көрсөтүлөт:
1) менчик ээси – МЭ;
2) үлүштүк менчи ээси – ҮМЭ;
3) менчик ээси эмес – МЭЭ.
156. Чечмелөөнүн 4-графасынын уячаларында жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү: райондордун коддору ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтына жайгаштырылган.
157. Чечмелөөлөрдүн 5-графасынын уячаларында Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актысында же “Жер участогунун планы” же “Айыл чарба багытындагы жерлерди экспликациялоо” кошумча барактарындагы Убактылуу пайдалануунун күбөлүгүндө көрсөтүлгөн жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт.
158. Чечмелөөнүн 6-графасынын уячаларында ушул Тартиптин 151-пунктуна ылайык жер участогунун категориясынын коду көрсөтүлөт:
159. Чечмелөөнүн 7-графасынын уячаларында жер участогунун жалпы аянты көрсөтүлөт:
1) айыл чарба багытындагы жерлер үчүн – гектар менен;
2) айыл чарба багытындагы эмес жерлер, анын ичинде калктуу конуштардын жерлери, ошондой эле, үй алдындагы, короо жай жана бак-чарба участоктору үчүн – чарчы метрде.
160. Чечмелөөлөрдүн 8-графасынын уячаларында жер участоктору боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт. Салык салынган жер участоктору боюнча төмөндө көрсөтүлгөн сумма чагылдырылат:
1) айыл чарба багытындагы жерлер үчүн – “Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөдө” (FORM STI-076);
2) калктуу конуштардын жерлерин кошкондо айыл-чарба багытындагы эмес жерлер үчүн – “Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөдө” (FORM STI-077);
3) үй алдындагы, короо жай жана бак-чарба участоктору үчүн – “Жер салыгынын кошуп эсептелген суммасы жөнүндөгү кабарлоодо”. Кабарлоо салык органы тарабынан салыкты төлөө мөөнөтүнөн кеч эмес, башкача айтканда үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин жиберилет.
Эскертүү: кабарлоону албай калуу салык төлөөчүдөн салыкты төлөө боюнча милдетти алып салбайт. Салыкты туура эсептеп чыгууга жана өз учурунда төлөөгө жоопкерчилик да салык төлөөчүгө жүктөлөт. Эгерде кабарлоо алынбаса салык төлөөчү жер салыгын өз алдынча эсептеп чыгууга жана Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.
Салык органына маалыматтык эсептөө Салык кодексинин 342-беренесинде белгиленген мөөнөттө берилет, жыл аралыгында кайсы бир өзгөрүүлөр болгон учурда маалыматтык эсептөө өзгөрүүлөрдү эске алуу менен берилет.
Салык салуудан бошотулган же жеңилдетилген салык салууга жаткан жер участогу боюнча 8-графанын уячаларында “0” салыктын суммасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөөгө салыктын тиешелүү суммасы көрсөтүлөт.
161. Эгерде, чечмелөөдө салык төлөөчүнүн менчигиндеги жер участоктору боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар баардык узундугу жана жазылыгы боюнча “Z” белгиси менен чийилет.
162. “Баардыгы” уячасында чечмелөөлөрдүн 8-графасынын уячаларындагы маанилеринин суммасына барабар болгон салык төлөөчүнүн жер салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде, жер участогу салык төлөөчүгө менчик же отчеттук жыл ичинде пайдалануу укугунда болсо, анда салык төлөөчү тиешелүү уячалардагы жер салыгынын баардык эсептик суммасын көрсөтөт. Эгерде, жер участогу маалыматтык эсептөөнү бергенден кийин бир жылдын ичинде сатып алынса же сатып жиберилсе, сатуучуларга жана сатып алуучуларга төлөөгө тиешелүү болгон жана алар тарабынан ушул форманын тийиштүү уячаларында көрсөтүлгөн жер салыгынын суммасы Салык кодекси тарабынан белгиленген тартипке ылайык аныкталат.
Бул укуктарды берип жаткан тараптын жер участогуна ээлик кылуунун жана/же пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөнүүгө жаткан салыктын суммасы, укукту мамлекеттик каттоого чейин же ошол күнгө карата бюджетке киргизилиши керек. Бул учурда жер салыгынын баштапкы төлөөчүсү үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап, ал жер участогун өткөрүп берген айдын башталышына чейин салыктын суммасын төлөйт.
Жер салыгынын андан кийинки салык төлөөчүсү, анын жер участогуна укугу пайда болгон айдын башталышынан берки мезгилде эсептелип чыккан жер салыгынын суммасын төлөйт.
Жер участогуна укуктарды мамлекеттик каттоого алуу учурунда салыктын жылдык суммасы макулдашуу боюнча тараптардын биринин бюджетине киргизилиши мүмкүн. Андан ары, жер участогуна болгон укуктарды мамлекеттик каттоого алуу учурунда төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт.
Салык кодексинин талаптарына ылайык, жер участогуна болгон менчик же аны пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо убагында же андан кийин жер салыгын төлөбөгөн учурларда, укуктар өткөрүп берилген толук салык мезгили үчүн жер салыгын төлөө боюнча милдеттенме жер участогун сатып алуучуга жүктөлөт.
163. Салык төлөөчүгө таандык же пайдалануусунда болгон жер участоктору боюнча Чечмелөөнүн көрсөткүчтөрү 6-тиркеменин I бөлүмүнө көчүрүлөт.
164. 6-тиркеменин II бөлүмүндө Чечмелөөнүн аталышынын оң жагында жайгашкан уячаларда ”Х” белгиси көрсөтүлөт, бул Чечмелөөнү берүүнү түшүндүрөт, ошондой эле Чечмелөөдөгү барактардын саны көрсөтүлөт.
165. 7-тиркеме бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөгөн салык төлөөчү тарабынан толтурулат:
1) эгерде, салык төлөөчү бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөсө, анда ал Салык кодексинин талаптарына ылайык, ар бир режим боюнча өз-өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.
2) эгерде, салык төлөөчү жалпы салыктык режим боюнча, ошондой эле бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөсө, анда ар бир салыктык режимдер боюнча уюмдун ишинин натыйжасы Декларациянын тиешелүү тиркемелеринде чагылдырылат.
166. 750-уячада салык төлөөчү тарабынан отчеттук жылдын аралыгында салык органына ар квартал сайын берилип келген “Чакан ишкердиктин субъекттеринен бирдиктүү салык боюнча отчетунун” (FORM STI-091) маалыматтарына ылайык, КНСти эсепке албагандагы түшкөн акча көрсөтүлөт.
167. 751-уячада жөнөкөйтүлгөн салык режими боюнча жүргүзүлгөн иш боюнча өз-өзүнчө бухгалтердик эсептин дайындарына ылайык салык төлөөчүгө келтирилген чыгашалар көрсөтүлөт.
168. 752-уячада 752 = 750 – 751 уячаларынын маанилеринин айырмачылыгы көрсөтүлөт.
169. 753-уячада мурдагы отчеттордо көрсөтүлгөн бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
170. 754-уячада милдеттүү патенттин негизиндеги салык төлөөчүнүн иш күндөрүнүн саны көрсөтүлөт.
171. 755-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча отчеттук жыл ичинде милдеттүү патенттин негизинде иш жүргүзүүдөн алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн кирешенин суммасынын чагылтылышы кошумча салык салууга алып келбейт.
172. 756-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча отчеттук жыл ичинде милдеттүү патенттин негизинде уюмдардын иши боюнча иштетилген чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт.
173. 757-уячада 757 = 755 – 756 уячаларынын маанилеринин айырмачылыгы көрсөтүлөт.
174. 758-уячада отчеттук жыл ичинде төлөнгөн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Эскерүү: патент болуп, салык төлөөчүгө иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүү укугун жана иштин бул түрү боюнча салыктардын төлөнүшүн күбөлөндүргөн, ошондой эле патент иштеген мезгилдин аралыгында кирешелердин алынышын ырастаган салык кызматынын органдары тарабынан берилүүчү документ саналат. Патенттин бланктары так отчеттуулуктун документи болуп саналат жана доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде башкача айтканда, 6 жыл сакталууга тийиш.
Патент берилген аймакта (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарамдуу. Патентти же анын көчүрмөсүн ишкердик ишин жүргүзүү максаттарында башка кишиге берүүгө тыюу салынат.
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык (мындан ары – салык) Салык кодексинин 348-беренесинде белгиленген иштин түрлөрүнө карата милдеттүү негизде төлөнөт.
Милдеттүү патенттин наркы төмөндөгү салыктардын түрлөрүнүн суммасын камтыйт:
1) пайда салыгынын;
2) салык салынган жеткирип берүүлөргө КНС;
3) сатуу салыгынын.
Эгерде салык төлөөчүдө жер салыгы, мүлк салыгы боюнча салык салынуучу объекттери болсо же ал бир нече салык режимдери боюнча иштесе, ал тийиштүү салыктарды эсептеп чыгууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө көрсөткүчтөрү бар Декларациянын тиркемелерин толтурууга милдеттүү.
175. 759-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык, отчеттук жыл ичинде салыктык контракттын негизинде жүргүзүлгөн иш боюнча алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
176. 760-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык, отчеттук жыл ичинде салыктык контракттын негизинде жүргүзүлгөн иш боюнча алынган чыгашалардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
177. 761-уячада 761=759-760 уячаларынын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт.
178. 762, 763, 764-уячаларында Отчеттук жыл ичинде белгиленген төлөм акы түрүндөгү (FORM STI-057) салыктарды төлөө тууралуу контрактта белгиленген пайда салыгынын, КНСтин жана сатуудан түшкөн салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: салык контракты, уюм менен салык кызматынын ортолорундагы төмөнкү салыктардын белгиленген сумманын өлчөмүндө макулдашылган салыктык милдеттенмени аныктайт.
1) пайда салыгынын;
2) салык салынган жеткирип берүүлөргө КНС;
3) сатуудан түшкөн салыктын.
Салыктык контракттын негизинде салыктарды төлөгөн уюм, Салык кодексинин талаптарына ылайык калган салыктарды: жер салыгын, мүлк салыгын жана башкаларды төлөөгө жана тийиштүү тиркемелерди толтурууга милдеттүү.
Контракттын шарттарына жараша ар бир салык боюнча ушул Бөлүмдө көрсөтүлгөн белгиленген сумма аныкталат.
179. 765-уячада бул салык режиминдеги иштен иш жүзүндө алынган акча көрсөтүлөт.
180. 766-уячада бул салык режиминдеги иштен иш жүзүндө алынган акча көрсөтүлөт.
181. 8-тиркеме Салык кодексинин 221-1-беренесине ылайык алтын камтыган кенди, алтын камтыган концентратты, аффинаждалган алтындын алтын эритмесин казып алуу жана сатуу боюнча иштерге тиешелүү бөлүгүндө, иштин бул түрлөрү боюнча өз-өзүнчө эсептин маалыматтары боюнча киреше салыгын төлөөчү кен казуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан толтурулат.
182. 850-уячада аффинаждалган алтынды жана алтын эритмесин сатуудан алынган сатуу салыгын эсепке албагандагы түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.
183. 851-уячада алтын камтылган кендеги жана алтын камтыган концентраттагы сатылган алтындын наркы көрсөтүлөт.
184. 852-уячада Салык кодексинин 221-1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, коюм боюнча эсептелген киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
185. 9-тиркеме акыркы беш жылдын аралыгында зыян тарткан жалпы режим боюнча салык милдеттенмелерин эсептөөнү же эсептеп чыгууну жүргүзүшкөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кирешелерди алышкан салык төлөөчүлөр тарабынан толтурулат.
186. 950-уячада 951-955-уячалардын маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.
187. 951-955-уячаларда мурунку отчеттук мезгилдеги беш жылдык мезгилдин ар бир жылынын башталышына карата жылдырылбаган зыяндардын калдыктары көрсөтүлөт.
188. 956-уячада отчеттук жылда жылдырылууга жаткан, Декларациянын 055-уячасынан жылдырылган зыяндын суммасы көрсөтүлөт.
189. 957-уячада 957 = 950 - 956 кемитүү 956-уячаларынын маанилеринин айырмасы катары эсептелген, отчеттук жылдын аягына жылдырылбаган зыяндын калдыгы эсептелинет.
190. 958-уячада салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алган кирешелеринин суммасы көрсөтүлөт.
191. 959-уячасында Декларация тапшыруучунун Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары, кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуу түзүлгөн өлкөлөрдөн алган кирешелеринин суммасынын бир бөлүгү көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасы кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашууну түзгөн өлкөлөрдүн тизмесин ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтынан тапса болот.