Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 28-ноябры № 740
"Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишкананын туруктуу
иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын аймагында табигый кырсыктын алдын алуу жана "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишкананын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасынын аймагынын түштүк-батыш бөлүгүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тирөөч дубалдын долбоорун иштеп чыксын жана курулушун жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2004-жылдын 1-январына чейин карыздарды жоюу мөөнөтүн жылдыруу жана үч жылга төлөмдөрдү узартуу менен 2001-жылдын 1-августуна карата пайда болгон салык төлөмдөрү боюнча (проценттерди жана айып санкцияларын кошкондо) "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасы карызын реструктуралаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасына 2001-жылдын 1-августуна карата камсыздандыруу взностору боюнча топтолгон карыздарды төлөөнү 2003-жылдын 1-январына чейин жылдырсын Белгиленген тартипте карызды жоюу графиги макулдашылсын.
4. "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасы бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон милдеттенмелерин белгилеген мөөнөткө карабастан учурдагы төлөмдөрдү өз учурунда төлөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги тиешелүү каржылоодо Майлуу-Суу шаарынын коопсуз аймактарына кыйраган зоналарында жайгашкан "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасынын цехтерин жана имараттарын этап-этабы менен көчөрүү долбоорун иштеп чыксын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 28-ноябры № 740
"Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишкананын туруктуу
иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 31-декабрындагы № 979 токтомунун
редакциясына ылайык)
Майлуу-Суу шаарынын аймагында табигый кырсыктын алдын алуу жана "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишкананын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасынын аймагынын түштүк-батыш бөлүгүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тирөөч дубалдын долбоорун иштеп чыксын жана курулушун жүргүзсүн.
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 979 токтомуна ылайык күчүн жоготкон)