Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 31-декабры № 979
"Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасынын
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине
салыктык карызын реструктуралоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасында болгон табигый кырсыктын натыйжасында эскапон цехти суу алып кеткенин, даяр продукция, сырье жана материалдар бузулуп, өндүрүштүн токтошуна алып келгенин белгилейт.
Ишкананын ишин турукташтыруу жана энергетика ишканаларын жана коммуналдык чарбанын субъекттерин айнек-лак кездеме, изоляциялоочу материалдар менен өз убагында камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасынын 2004-жылдын 1-августуна карата 5619,8 миң сом суммадагы салыктык карызын аны 2008-жылдын 1-январынан баштап үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп төлөөнү белгилеп кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн берүү жолу менен реструктураласын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги жана "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин алдындагы милдеттенмелердин белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышын карыздар боюнча берилген төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга карабастан учурдагы төлөмдөрдү өз убагында төлөө жолу менен камсыздашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплексин аныкталган тартипте конкурстук негизде сатсын;
- конкурстун шартында "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасынын ордун которууну караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 2-июнундагы № 322 "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасын жаңы аймакка көчүрүү үчүн каражат бөлүү жөнүндө" токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-ноябрындагы № 740 "Кыргызэлектроизолит" мамлекеттик ишканасынын туруктуу иштешин камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткаршышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |