Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 11-майындагы № 347 токтомуна
ылайык күчүн жоготту
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-декабрындагы № 766 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер-министр
Аппаратынын корпоративдик өнүктүрүү
боюнча борбору жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер-министр Аппаратынын Корпоративдик өнүктүрүү борбору (мындан ары - борбор) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн.
1.2. Борбор юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого ылайык "мекеме" деген уюштуруу-укуктук түрүндө өзүнүн иш-аракетин жүргүзөт.
1.3. Кыргыз тилинде толук расмий аталышы: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер-министр Аппаратынын Корпоративдик өнүктүрүү борбору", орус тилинде: "Центр по корпоративному развитию Аппарата Премьер-министра Кыргызской Республики".
1.4. Борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер-министр Аппаратынын структуралык подразделениеси болуп эсептелет.
1.5. Борбордун мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мөөрү, штампы, бланкасы жана башка реквизиттери болот.
1.6. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 106.
2. Борбордун укуктук статусу
2.1. Борбор мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Борбордун уюштуруучусу болуп саналат.
Пайда табууну көздөө Борбордун негизги максаты болуп эсептелбейт.
Борбор ушул Жобо менен аныкталган максаттарга жетүү үчүн "Корпоративдик башкаруу жана ишканаларды реформалоо - 2 - фазасы" программасын жана башка программаларын (долбоорлорун) ишке ашырууда жооптуу уюм болуп саналат. Борбор программалык жана башка тартылган каражаттарды бөлүштүрүүнү координациялайт.
Борбор баалоо иштерин өнүктүрүү жана мамлекеттик жөнгө салуу боюнча жумушчу органдын функцияларын ишке ашырат.
2.2. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- ээлик кылуучунун макулдугу менен иш-аракеттин негизги багыттарын ишке ашырууну камсыз кылууда оперативдик башкаруу укугунун негизинде уюштуруучу ага бекиткен мүлктү пайдаланууга;
- ага таандык болгон: акчалай каражаттарды, мүлктү жана башка обьектилерди, анын иш-аракетинин натыйжасында жаралган интеллектуалдык жана чыгармачыл иштин продуктылары катары болгон материалдык эмес баалуулуктарды пайдаланууга;
- өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, милдеттерге ээ болууга, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- эсеп-кысап жана башка эсептерге ээ болууга,
2.3. Өзүнүн милдеттери боюнча Борбор Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдары белгилеген тартипте мүлктүк жоопкерчилик тартат.
Борбордун негизги каражаттары анын мүчөлөрү же ушундай уюмдун мүчөлөрүнүн бири менен байланышкан башка жактар тарабынан өзүнүн жекече пайдасы үчүн пайдаланылбайт.
2.4. Борбор өзүнүн иш аракеттеринин жана мүлктү пайдалануу максаттарына ылайык мыйзамдарда белгиленген чектерде ага бекитилген мүлккө карата пайдалануу укугун ишке ашырат.
2.5. Борбор ээлик кылуучунун (уюштуруучунун) макулдугу жок ага бекитилген мүлктү ажыратууга же башкача багытта пайдаланууга укуксуз.
2.6. Борборго пайда алып келүүчү иш аракетти жүргүзүүгө укук берилет. Мындай иш аракеттен түшкөн киреше жана ушул кирешенин эсебинен сатын алынган мүлк мекеменин өзүнчө пайдасына түшөт жана бөлүнгөн баланска эсепке алынат.
2.7. Мекеме анын карамагында болгон каражаттар үчүн өз алдынча милдеттери боюнча жооп берет.
3. Борбордун максаттары, милдеттери жана функциялары
3.1. Борбор төмөнкү максат үчүн түзүлдү:
- корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү үчүн нормативдик укуктук базасын өнүктүрүү;
- республиканын чарбакер субьекттердин үлүштөрүн-акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкаруу тажрыйбасын жакшыртууга көмөктөшүү;
- республиканын экономикасынын өндүрүш секторунун негизги чөйрөсүнө корпоративдик башкаруу принциптерин таратуу;
- Кыргыз Республикасында чарбакер субьекттердин натыйжалуу иштешин жакшыртуу үчүн корпоративдик башкаруунун тажрыйбасын киргизүү;
- финансылык отчечтуулуктун эл аралык стандартын киргизүүгө, финансылык тартипти жана республиканын чарбакер субьекттеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандартын киргизүү үчүн маалыматтык - билим берүү иш-аракетин жүргүзүү;
- укук негиздерин жана кудуретсиздиктин процедураларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө көмөк көрсөтүү;
- сот системасын өркүндөтүү боюнча иш аракетинде көмөк көрсөтүү;
- корпоративдик башкаруунун принциптери жөнүндө калкты кеңири маалымат менен камсыз кылуу;
- республикада баалуу кагаздардын рыногун иштешин өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- республиканын банк секторунда корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүүгө көмөктөшүү;
- баалоо иш аракетинин институтун өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
- баалоо иш аракетинин институтун өркүндөтүү боюнча нормативдик укуктук базасын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасында маалыматка жетиштүүлүк деңгээлин жогорулатуу жана баалоо иш аракет субьекттерин түзүү;
- корпоративдик башкаруу тажрыйбасында Интернет тармагынын башкаруу жана маалымат аспектилерин пайдалануу;
- "Корпоративдик башкаруу жана ишканаларды реформалоо - 2-фазасы" программасын даярдоо жана ишке ашыруу алкагында башка иш-чараларды, ошондой эле бул программаны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон башка техникалык жардамды ишке ашыруу.
3.2. Борбордун функциялары
Борбордун функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- корпоративдик башкаруу тажрыйбасын киргизүү үчүн институционалдык мүмкүнчүлүгүн түзүүнү ишке ашыруу;
- банкроттук (кудуретсиздик) процессинин колдонуудагы жөнгө салуу системасын изилдөө, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- банкроттук (кудуретсиздик) процессинин негизги жоболору жөнүндө маалыматка жетиштүүлүк деңгээлин жогорулатуу боюнча иш аракеттер;
- сот системасын андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды даярдоону иштеп чыгуу иштерине катышуу;
- сот системасын өркүндөтүү боюнча иш-аракеттин ар кандай багыттагы (анын ичинде мыйзам чыгаруу) уюштуруу-методикалык камсыздоо иштерине катышуу;
- Кыргыз Республикасында талаш-тартыштарды калыс чечүү институтун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
- сот процедураларына жана сот актыларына коомдун жетиштүүлүгүн жана ачыктыгын камсыздоого багытталган чараларга катышуу;
- Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти мамлекеттик жөнгө салуу нормативдик укуктук базасын иштеп чыгууга катышуу;
- финансылык отчеттулуктун эл аралык стандарттарына ылайык акционердик коомдордун финансылык отчеттуулук стандарттарын иштеп чыгуу жана аларды республиканын чарбакер субьектилерине киргизүүгө катышуу;
- эл аралык стандарттарына ылайык келген акционердик коомдор үчүн жылдык отчеттуулуктун түрлөрүн иштеп чыгууга жана түзүүгө катышуу;
- финансылык отчеттуулуктун стандарттарын колдонуу боюнча методикалык сунуштарды; түшүндөрмөлөрдү, нускаларды иштеп чыгууга жана жылдык отчеттуулуктун түрлөрүн толтурууга катышуу;
- Интернеттин жардамы менен азыркы менеджменти, укукту, маркетингди, бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарын, кризиске каршы башкарууну, коом менен байланыштарды, маалыматтык-техникалык технологияларды чарбакер субьекттердин өнүгүүсүнө киргизүү боюнча үйрөтүү программаларын өнүктүрүү жана киргизүү;
- чарбакер субьекттерди башкарууда акционерлердин ролун күчөтүү;
- уюмдарды башкаруу системасына алардын таасири аркылуу акционерлердин укугун коргоо;
- аудиттин, акцияларды каттоонун, маалымат жана мониторинг системаларды өткөрүү үчүн уюмдардын ички структураларын кайра уюштурууда жардам көрсөтүү;
- баалоо иш аракеттин нормативдик базасын түзүүдө жана ушул институтту мамлекеттик жөнгө салуунун системасына катышуу;
- мүлктү баалоо стандарттардын системасын иштеп чыгуу;
- банк чөйрөсүндө корпоративдик башкаруунун принциптерин киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
- менчиктин түрүнө карабастан чарбакер субьекттеринде кризиске каршы тажрыйбаны киргизүү боюнча жардам көрсөтүү;
- мамлекеттик үлүштү башкарууну өркүндөтүүгө катышуу;
- белгилүү секторлордо коррупцияга каршы күрөшкө багытталган чараларды ишке ашырууга зарыл болгон нормативдик укуктук базаны иштеп чыгууга катышуу;
- өнөр жай секторунда чарбакер субьекттерди реструктуралаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгелерин ишке ашырууда көмөк көрсөтүү;
- корпоративдик башкарууга, финансылык отчеттуулукка, баалоого, банкроттук процестин процедураларына, ишканаларды реструктуралаштырууга, сот реформасына байланышкан тармактарындагы маалыматтык-билим берүү иш аракети;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө стажировканы, кызматкерлердин ишкер квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш аракетти диверсификациялоо тартибинде, эгерде бул акырында Борбордун негизги ишин өнүктүрүүгө багытталган болсо;
- Кыргыз Республикасынын компанияларынын кызматкерлери үчүн өздөрүнүн жана тартылган каражаттардын эсебинен курстарды, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө корпоративдик башкаруу боюнча маалымат чогултуу;
- эл аралык байланыштарды ишке ашыруу.
4. Финансы жана мүлк
- Борбор төмөнкү каражаттардын эсебинен каржыланат:
- 3-бөлүктө каралган максаттарга жетүү үчүн Азия Өнүгүү Банкы бөлүштүргөн каражаттардан;
- эл аралык финансы институттардын жана мекемелердин гранттарынан жана кредиттеринен;
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- өздөрүнүн, Борбордун ишинен түшкөн каражаттарынан;
- мыйзамдарга каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен.
Борбор акчалай каражаттарды тейлөөнү бул Жободо аныкталган максаттарга ылайык каржылаган уюм тарабынан бекитилген бюджеттин жалпы суммасындагы чекте, ошондой эле каржылаган уюмдун көрсөтмөлөрү менен жүргүзөт.
4.2. Борбордун мүлкү негизги жана жүгүртүү каражаттардан, ошондой эле башка баалуулуктардан, жабдуулардан жана материалдардан болууга мүмкүн.
4.3. Борбордун мүлкү мамлекеттик мүлк болуп эсептелет жана Борборго оперативдик башкаруу укугунда таандык.
4.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктү алуу же берүү жөнүндө мүлккө карата ээлөчү (уюштуруучу) тарабынан чечим кабыл алынгандан тартып, Борборго оперативдик башкаруу укугу берилет.
4.5. Менчиктик укуктун пайда болушун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, башка мыйзамдарга жана укуктук актыларга ылайык оперативдик башкарууда болгон мүлктү пайдалануудан түшкөн натыйжалар, продукция жана кирешелер, ошондой эле келишим же башка негиздер менен алынган мүлк Борбордун тейлөөсүнө түшөт.
4.6. Мүлктү оперативдик башкаруу укугу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, башка мыйзамдар жана укуктук актылар менен каралган тартипте, ошондой эле ээлөчүнүн (уюштуруучу) чечими менен Борбордон укуктук негизде мүлктү алуу учурунда токтотулат.
5. Борборду башкаруу органдары
5.1. Борборду башкаруунун жогорку органы болуп ээлөчү (уюштуруучу) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
5.2. Ээлөчү (уюштуруучу) төмөнкүлөргө укуктуу:
- Борбор жөнүндө жобону бекиттүүгө;
- Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык борборду кайра уюштуруу жана жоюу жана башка маселелер жөнүндө чечим кабыл алууга.
5.3. Борборду башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык директор тарабынан жүргүзүлөт.
5.4. Борбордун директорун Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт жана кызматтан бошотот жана ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын өз алдынча бөлүм башчысынын статусуна ээ.
5.5. Директор кызматы боюнча Азия Өнүгүү Банкынын техникалык жардамды ишке ашыруу боюнча аткаруу агентство башчысынын орун басары болуп эсептелет.
5.6. Директор өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого, зэлөчүнүн (уюштуруучу) токтомдоруна жана буйруктарына, ошондой эле аны менен түзүлгөн контрактка ылайык жүргүзөт.
5.7. Директордун компетенциясына таандык маселелер боюнча чечимдер ал тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
5.8. Директор Борбордун ишине жетекчилик жүргүзөт жана төмөнкүдөй укуктарга жана милдеттерге ээ:
- Борборду түзүүдөн келип чыккан максаттарга ылайык саясатты түзөт, Борбордун алдында турган милдеттерди ишке ашырууда иш-чаралардын тизмесин аныктайт, алардын ишке ашырылышын уюштурат;
- Борбордун атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын бардык уюмдарында, ошондой эле чет өлкөлөрдө анын кызыкчылыгын коргойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого, ошондой эле аны менен түзүлгөн контрактка ылайык Борбордун мүлкүн башкарат.
- Борбордун структурасын жана штаттык раписаниесин иштеп чыгат жана бекитет, ишке алынуучу кызматкерлердин санын белгилейт, каржылоо уюмдардын талаптарына ылайык алардын эмгек акысын жана шарттарын аныктайт;
- Борбордун кызматкерлерин кызматка алат жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо чараларын жана эмгек мыйзамдарына ылайык жаза чараларын колдонот;
- Борбордун атынан Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө келишимдерди түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун негизинде Борбордун бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды, нускамаларды чыгарат;
- Борбордун каражаттарын колдонуу укугуна ээ;
- кызматкерлердин командировкалары жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
5.9. Борбордун кызматкерлер мамилелери контракттык негизде жүргүзүлөт жана эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
5.10. Директор мамлекеттик жана коммерциялык сырлардын корголушун жана алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча иш чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
6. Отчеттуулук жана көзөмөл
6.1. Борбор каржылоочу уюмдар белгилеген эрежелерге ылайык бул уюмдарга финансы отчетун берет.
6.2. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү органдарга финансылык жана статистикалык отчет берет.
6.3. Ээлик кылуучу (уюштуруучу) зарыл болгонго жараша Борбордун ишин текшерүүнү ишке ашырат, алардын натыйжаларын Борборго билдирет жана тиешелүү чараларды көрөт.
7. Борбордун персоналы
7.1. Эмгек келишими (контракт) негизинде келип чыккан Борбор менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
7.2. Эмгек келишими (контракт) негизинде айлык акыны жана кызматкерлердин социалдык жактан коргоо чараларын камсыз кылат.
7.3. Кызматкерлердин эмгек акысынын түрү, системасы жана өлчөмү 7.5-пунктта көрсөтүлгөн кызматкерлерден тышкары каржылоочу уюмдар белгилеген эрежелерге ылайык аныкталат, 7.5-пункттагы кызматкерлердин эмгек акысы мамлекеттик кызматчынын колдонуудагы эмгек акысынын шарттарына ылайык белгиленет.
7.4. Борбордун кызматкерлери иш-аракетинин өзгөчөлүгү 7.5-пунктта айтылгандан тышкары ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн Борбордун функцияларын аткарууга жоопкерчиликте болушат.
7.5. Борбордун курамына эки адамдан турган топ кирет, анын функциясына "Корпоративдик башкаруу жана ишканаларды реформалоо-2" саясат матрицасынын шарттарын аткарууга жооптуу мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин координациялоо кирет. Топтун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин Аппарат структурасына кирет жана алардын кызмат акысын төлөө республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7.6. Борбор өзүнүн кызматкерлерине коопсуз шарттарды түзүүгө милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей алардын ден-соолугуна зыян келтиргендигине жана иш жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу үчүн материалдык жоопкерчиликте болот.
8. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
8.1. Борборду кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра өзгөртүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлик кылуучунун (уюштуруучунун) чечими боюнча жүргүзүлөт.
8.2. Борбордун иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- ээлик кылуучунун (уюштуруучунун) чечими менен;
- соттун чечими менен.
8.3. Борбор ээлик кылуучу (уюштуруучу) тарабынан дайындалган жоюу комиссиясынын ээлик кылуучунун (уюштуруучунун) чечими менен жоюлат.
8.4. Кредиторлордун талабы канааттандыргандан кийин Борбордун калган мүлкү анын уюштуруучусуна берилет.
8.5. Юридикалык жактардын мамлекеттик ресстрине тиешелүү жазуу киргизилгенден тартып жоюлгандыгы, Борбор болсо иштебегендиги аныкталат.
8.6. Борбордун иш процессинде пайда болгон документтер жоюу учурунда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.