Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 7-декабры № 768
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын
калкына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине
"Кыргызстандын учурдагы социалдык-экономикалык
абалы жана 2002-жылдагы өнүгүүнүн келечектери
жөнүндө" Кайрылуусун ишке ашыруу
боюнча Иш-чаралардын
планы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президенти 2001-жылдын 16-октябрында Кыргызстандын калкына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргызстандын учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана 2002-жылдагы өнүгүүнүн келечектери жөнүндө" Кайрылуусунда койгон милдеттерди аткаруу максатында, ошондой эле республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө ийгиликтүү жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын калкына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргызстандын учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана 2002-жылдагы өнүгүүнүн келечектери жөнүндө" Кайрылуусун ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын калкына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргызстандын учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана 2002-жылдагы өнүгүүнүн келечектери жөнүндө" Кайрылуусун ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча бардыгын камтыган чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен жогоруда айтылган иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жалпылоо үчүн беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жалпыланган маалыматты отчеттук кварталдан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын башкармасына жана бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |