Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2018-жылдын 30-майы
Тимур Султанович Султановдун кайрылуусуна байланыштуу «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу – судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын,
кайрылуучу тарап – Тимур Султанович Султановдун ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бектур Камильевич Осмонбаевдин жана Айнура Мусаевна Осмоналиеванын;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Азат Джумгалбекович Бакаевдин, Адылбек Ишанкуловдун, Айжан Расулованын;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Сатарбек уулу Мирбектин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Улан Таштемирович Айтбаевдин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын ишеним кат боюнча өкүлү Нурлан Токтобекович Элгондиевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ишеним кат боюнча өкүлү Эльдияр Асантурович Мамбетовдун катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Тимур Султанович Султановдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 24-январында Т.С. Султановдун «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген материалдардан келип чыккандай, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көрсөтүлгөн ченемдерине ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу үчүн негиз болду. Арыздануучунун пикири боюнча, бул күмөндүүлүк, эгер арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча, жарандын жүрүү жана Кыргыз Республикасынан чегинен чыгуу эркиндигин негизсиз чектөөдө чагылдырылган. Ошентип, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8-пунктунда эгер арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча, Кыргыз Республикасынын жаранына Кыргыз Республикасынан чыгууга убактылуу баш тартылат деп көрсөтүлгөн.
Т.С. Султанов бул чектөө, жаран ага сот чечими менен жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан баш тарткан учурда гана жана милдеттенмелерин аткарганга чейин гана өлчөмдөш болушу мүмкүн деп эсептейт.
Кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга укуктуу деп белгилейт. Ошентип, анын пикири боюнча Конституция мамлекетти ар бир адамдын жүрүү, барчу жана жашоочу жерин тандап алуу эркиндигине болгон табигый укугун таанууга жана коргоого милдеттендирет.
Кайрылуу субъекти өзүнүн кайрылуусунда жүрүү эркиндигине тийиштүү Адам укуктарынын Жалпы декларациясы, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт, Көз карандысыз Шериктеш Мамлекеттердин Конвенциясы сыяктуу эл аралык келишимдердин жоболорунан да шилтемелерди келтирүүдө.
Т.С. Султанов талашылып жаткан ченем конституциялык жоболорду жана эл аралык ченемдерди бузуп, жүрүү эркиндигине, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу эркиндигине болгон укуктун жүзөгө ашырылуусуна негизсиз чектөөнү караштырат, ал эми бул укук адамга туулгандан тартып эле таандык жана табигый пайдубал укуктарынын бири болуп саналат деп белгилейт.
Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык деп белгилейт. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө шилтеме кылууда, аларга ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек, жана Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн.
Бирок, кайрылуу субъектинин пикири боюнча мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу укугун чектөө ашыкча, негизсиз болуп саналат жана эркин жүрүү укугунун маңызынын өзүнө кол салууда. Арыздануучу бул чектөөнүн максаты жарандык ишти кароодо жоопкердин келүүсүн камсыз кылуу болуп саналат деп болжойт. Бирок киргизилген чектөө көрсөтүлгөн максатка өлчөмсүз болуп саналат, анткени ал аны колдонбостон максатка жетишүүгө мүмкүн болбой турган жалгыз жана зарыл чара болуп саналбайт.
Арыздануучу мыйзамдарда жогоруда көрсөтүлгөн максатка жетишүү үчүн бардык зарыл жана жетиштүү чаралар жана механизмдер бар, алар – жарандык процессте жана сырттан жүргүзүлгѳн сот өндүрүшүндө соттук өкүлчүлүктүн институту, ошондой эле тиешелүү деңгээлде билдирме алган тараптардын катышуусуз сот тарабынан ишти кароо механизми, ушулардын болушуна байланыштуу талашылып жаткан ченем эркин жүрүү конституциялык укугуна карама-каршы келет деп белгилейт.
Жогоруда баяндалганга негизденип, кайрылуучу тарап «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 21-февралындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.
Т.С. Султановдун ишеним кат боюнча өкүлдөрү А.М. Осмоналиева жана Б.К. Осмонбаев сот отурумунда анын талаптарын колдошту. Аны менен бирге, алар тарабынан талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнѳ ылайык келүүсүн текшерүүдѳн алып салуу жөнүндө өтүнүч киргизилген.
Жоопкер тараптын өкүлү А.Дж. Бакаев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок, аларды негизсиз деп, ал эми талаптары кийинкидей негиздер боюнча канааттандырылууга жатпайт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу, ар бир адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга укуктуу. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 51-беренесине ылайык жарандар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин ченемдерине негизденип жоопкер тараптын өкүлү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу укугу абсолюттуу болуп саналбайт, андыктан ага карата укук ченемдүү чектөөлөр коюлушу мүмкүн деп белгилейт.
Ошондой эле, А.Дж. Бакаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнөн жана 5-бөлүгүнүн 10-пунктунан келип чыкканда жарандар үчүн тоскоолдуксуз болуп Кыргыз Республикасына кайтып келүү гана эсептелет, ал эми өлкөдөн чыгуу укугу Конституциянын жогоруда көрсөтүлгөн беренесинин 2-бөлүгүндө бекитилген конституциялык маанилүү максаттарда мыйзамдар актылары менен чектелиши мүмкүн. Андай максаттардын катарына улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо кирет. Конституция киргизилип жаткан чектөөлөрдүн көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөштүк принцибин жана Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектѳѳнү болтурбоо кепилдиктерин бекиткен.
Андан ары жоопкер тараптын өкүлү адамдын жана жарандын айрым укуктары менен эркиндиктерин чектөө мүмкүндүгү, Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактта да караштырылган деп көрсөтүүдө. Ошентип, адамдын жана жарандын айрым укуктары менен эркиндиктерин кийинки учурларда чектөө мүмкүн:
- алар мыйзам актыларында санкцияланат;
- алар Конституцияда жана жогоруда келтирилген эл аралык-укуктук документтерде аталган мүмкүн болуучу максаттардын бирине кызмат кылуусу керек;
- алар келтирилген максаттарды коргоо үчүн зарыл жана корголуучу кызыкчылыктарга өлчөмдөш болуусу керек.
А.Дж. Бакаев эгер доону камсыз кылуу институтун колдонууну регламенттеген Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 14-главасы менен өз ара байланышта жаранга жарандык доомат коюлган учурда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кетүүгө убактылуу чектөө мүмкүндүгүн берген талашылып жаткан ченем соттук коргоо укугунун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылууга багытталган жана сотко кайрылууда башка жактардын кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү деп болжойт.
Жоопкер тараптын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кетүүгө убактылуу чектөө сыяктуу доону камсыз кылуу түрүн колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө конкреттүү укуктук ченемдин жок болгонуна карабастан процесстик мыйзамдар сотко ишке катышкан жактардын өтүнүчү боюнча зарыл болгон учурларда, доо талаптары канааттандырылган учурларда сот чечиминин ишке ашырылуусун кепилдеген өңчөй жана башка чараларды колдонууга уруксат берет.
Процесстин катышуучуларынын өтүнүчү боюнча жоопкер башка өлкөдө туруктуу жашоо үчүн, же болбосо доо талаптары канааттандырылган учурларда сот чечиминин аткарылышын татаалдатуу же аткарылууга мүмкүн болбогудай максатта узак мөөнөткө ѳлкѳнүн аймагынан чыгып кетүү ниети тууралуу объективдүү негиздер болгон учурда, ошондой эле доону камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу мүмкүндүгү болбогондо, сот тарабынан камсыз кылуу чара түрүндө өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетүүгө убактылуу чектөөнүн колдонулушу орундуу деп болжосо болот.
Ушуну менен бирге, эгер сот Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 169-беренесинин 5-бөлүгүнөн келип чыккандай иштин жагдай-шартына байланыштуу тараптардын сот отурумунда милдеттүү катышуусун зарыл болсо деп тапкан болсо, бул камсыз кылуучу чаранын колдонулушу орундуу боло алат.
Жоопкердин Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетүү укугун чектөө мыйзам чыгаруучу тарабынан, асыресе, доонун коюлушу сыяктуу формалдуу негиздин болуусунан гана эмес, колдонула турган чектѳѳ корголуучу баалуулуктарга ѳлчѳмдѳш болушу үчүн, конституциялык укуктун маңызын бурмалабаш үчүн, процесстин катышуучуларынын жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын тиешелүү тең салмагын камсыз кылышы үчүн сот тарабынан текшерилип жана баалана тургандай болуп аны менен байланыштуу конкреттүү нагыз жагдайлардан да кѳз карандылыкка коюлат.
Жоопкер тараптын өкүлү кайрылуучу тарап шилтеме кылган соттогу өкүлчүлүк институту башка жактардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуу механизми дайыма эле болуп бере албайт, анткени Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 57-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өкүл аркылуу иштерди жүргүзүү жоопкердин милдети эмес, ал анын укугу болуп саналат, демек ниети түз болбогон жоопкер бул укуктан пайдаланбай да коюшу мүмкүн.
А.Дж. Бакаев да жоопкердин процесстик укуктарды кыянатчылык менен пайдалануудан жана процессти создуктуруудан өтүнүчтөгү доочуну коргоо чарасы катары эскертилген сырттан өндүрүш жүргүзүү институту доочунун укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушун дайыма эле толук кандуу жана кепилдигин алып камсыздап бере албайт.
Доону камсыз кылуу чарасы катары өлкөнүн чегинен чыгып кетүүгө укукту убактылуу чектөө мүмкүндүгү тууралуу ченемди мыйзамдарда бекитүү акталуу болуп саналат, анткени бул чектөөлөр жарандык процесстин катышуучуларынын укуктарын камсыз кылууга милдеттүү, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган максаттарга жооп берет жана корголуучу кызыкчылыктарга өлчөмдөш болуп саналат.
Жогоруда баяндалганга негизденип, жоопкер тараптын өкүлү Т.С. Султановдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранууда.
Жоопкер тараптын башка өкүлдөрү А. Ишанкулов жана А. Расулова А.Дж. Бакаевдин жүйөлөрүн колдошту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Сатарбек уулу М. талашылып жаткан ченемди соттор тарабынан колдонуусу жекелик мүнөзгө ээ, ушундан улам анын конституциялуулугу тууралуу маселенин коюлушу күн мурунтан болуп жатат деп белгилейт. Ошону менен бирге, бул маселенин чечилишин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конститиуцялык палатасынын карамагына калтырууда.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү У.Т. Айтбаев талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренеси адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деп жол берүүдө. Бирок бул чектөөнү колдонуу дайыма эле акталуу жана өлчөмдөш болбойт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Н.Т. Элгондиев жоопкер тараптын өкүлдөрүнүн жүйөлөрүн толугу менен колдойт жана Т.С. Султановдун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин өкүлү Э.А. Мамбетов талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу тууралуу маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын карамагына калтырууда, бирок ошону менен бирге карызкордун чыгуусуна убактылуу чектөө салуу карызкор тарабынан сот актысын аткарттыруунун натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат деп белгилеп кетти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8-пункту саналат:
«46-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектөөгө негиздер
Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу төмөнкүдөй учурларда убактылуу баш тартылат:
8) арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча;».
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинде 2000-жылдын 28-июлунда № 61 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет деп Кыргыз Республкасынын Конституциясы белгилейт. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт (16-беренесинин 1-бөлүгү). Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын өзүн да, анын субъективдүү укуктарын да баалуулук деп табуусун билдирет, алардын жүзөгө ашырылуусу Баш мыйзамда мамлекеттин биринчи кезектеги милдети катары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы кайсы бир адамдын жана жарандын укуктарына артыкчылык белгилебейт, дүйнөлүк мейкиндикке ургаалдашуу шарттарында эркин жүрүү жана өлкөнүн чегинен чыгып кетүүгө, ошондой эле анын аймагына тоскоолдуксуз кайтып келүүгө байланыштуу укуктар инсандын эркиндигинин туунду көрсөткүчтөрү болуп саналат. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ар бир адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга укуктуу.
Өлкөнүн чегинен тышкары эркин чыгуу укугу адамдын жеке эркиндигинин мерчемдүү көрүнүштөрүнүн бири болот жана башка укуктар менен эркиндиктердин, анын ичинде эмгекке болгон укуктун, экономикалык эркиндикке, өзүнүн жөндөмдөрүн жана мүлкүн ишкерчилик жана мыйзамда тыюу салынбаган экономикалык ишмерлик үчүн эркин пайдаланууга, рухий жана башка муктаждыктарын канааттандырууга болгон укуктун толук кандуу жүзөгө ашырылуусуна өбөлгө болуп кызмат кылат. Башкача айтканда, өлкөдөн эркин чыгуу укугу адамдын толук кандуу жашоосунун негизинде жана мамлекет тарабынан инсандын ар намысын таанууда жатат.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктеринин көтөрүңкү деңгээлин караштырып, бирок анын аныкталган максаттарында зарыл болгон өзгөчө ченемде гана жана мыйзамда белгиленген тартипте гана аларды чектөө мүмкүндүгүнө да жол берет (20-беренесинин 2-бөлүгү). Мындай чектөөлөрдүн мүмкүн болуу чектери эл аралык укук ченемдеринде каралган. Ошентип, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга ылайык ар бир адам ар кандай өлкөдөн, анын ичинде өз өлкөсүнөн да чыгып кетүүгө укугу бар. Жогоруда айтылган укуктар мыйзамда көрсөтүлгөн, мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, элдин ден соолугун жана рухун, же башкалардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо зарыл болуп, аталган Пактта көрсөтүлгөн башка укуктарга төп келишкен кыскартуулардан башка эч кандай чектөөлөрдүн объектиси боло албайт (12-статьянын 2, 3-пункттары).
Жогоруда аталган негиздѳѳчү орнотмолордун маңызы адамдын укуктары менен эркиндиктерине өз билемдик менен таасир этүүгө жол бербѳѳ жана мүмкүн болуучу чектөөлөрдүн өзгөчөлүгүндѳ турат. Башкача айтканда, биринчиден, чектөөлөр негиздерди жана колдонуу тартибин мыйзам менен бекитүү жолу аркылуу орнотулушу керек, экинчиден, конституциялык маанилүү максаттарга өлчөмдөш болушу керек, үчүнчүдөн, укуктук жөнгө салуунун айрым маселелерин башка укуктук каражаттар менен чечүү мүмкүн болбой калган шарттарда кабыл алынышы керек.
Демек, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгуу укугун чектөө укуктук режими мамлекеттик жана коомдук турмуштун тийиштүү чөйрөлөрүндөгү инсандын жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетүү зарылдыгын эске алуу менен киргизилиши мүмкүн.
3. Сот өндүрүшүнүн катышуучуларына соттук коргонууга конституциялык укук толук көлөмдө, калыстыктын талаптарына жооп берген сот адилеттиги аркылуу укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүү кепилденет. Бул конституциялык укук, анын ичинде жарандык процесстик мыйзамдарда конкреттештирилет, анын негизги максаты – менчик формасына карабастан жеке жана юридикалык жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгү), бул кызыкдар жак үчүн бузулган же талашылып жаткан укукту же мыйзам менен корголуучу кызыкчылыкты коргоо үчүн сотко кайрылуу укугун гана эмес, мыйзамдарда берилген башка процесстик каражаттарды пайдаланууну да болжойт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 3-беренесине ылайык жарандык сот өндүрүшүнүн мыйзамда белгиленген тартиби жарандык иштерди туура жана өз убагында кароону жана чечүүнү, мыйзамдуу сот актыларын чыгарууну, аларды аткарууну камсыз кылуусу, мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүсү болуп саналат.
Мыйзам чыгаруучу сот адилеттигинин милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн камсыз кылуучу чараларды караштыра алат, андай чараларды кабыл албоо сот адилеттигинин максатына жетишүүнү татаалдаштыруусу мүмкүн. Ошону менен бирге, чектөөчү мүнөзгө ээ болгон мындай чаралар конституциялык жактан көздөгөн максаттарга өлчөмдөш (аларга жараша) болуусу, орундуулуктун, укуктук аныктык талаптарына жооп берүүсү, кеңейтип талкууга жана аларды өз билемдик менен колдонууга жол бербеген формалдуу жактан анык, так туюндурмалардан туруш керек.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 144-беренесинде каралган доону камсыз кылуучу чаралардын негизги тизмеси менен бирге мыйзам чыгаруучу сот тарабынан башка чараларды да кабыл алуу мүмкүндүгүнө жол берет. Мындай чара катары «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгууга убактылуу баш тартылуу караштырылган (46-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8-пункту).
Талашылып жаткан ченемдин көздөгөн максаты жарандык иштердин туура жана өз убагында каралуусун жана чечилишин, сот процессинин катышуучуларынын тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууда турат. Бул максаттарга жетишүү үчүн жарандык процесстик мыйзамдарда доону камсыз кылууга багытталган дагы башка укуктук механизмдер каралган.
Асыресе, мыйзам чыгаруучу өкүлчүлүк институтун; жоопкерге таандык болгон мүлккѳ, акча каражаттарына доо суммасынын жана соттук чыгымдардын чектеринде камакка алуу мүмкүнчүлүгүн; талаптагыдай кабардар кылынган жактардын бирѳѳсүнүн катышуусуз иштерди кароону; сырттан жүргүзүлгѳн сот өндүрүшүнѳ жол берүүнү караштырган (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 57, 144, 169, 234-беренелери). Демек, жарандык процесстик мыйзамдар сот адилеттигинин максаттарына жетишүү жана ар кимдин соттук коргонууга болгон укугун камсыздоо үчүн зарыл болгон укуктук механизмдери камтыйт.
Бирок, талашылып жаткан ченем менен киргизилген Кыргыз Республикасынын ченинен чыгып кетүүгө эркиндикти чектөө, өзүнүн маңызы боюнча сот адилеттигинин тиешелүү деңгээлде жүзөгө ашырылуусун камсыз кылуучу көрсөтүлгөн укуктук механизмдеринин болгонуна карабастан жоопкерди сот процессине катышууга мажбур кылууга багытталган. Мындай шарттарда бул чектөөнү киргизүү негиздүү жана зарыл болуп эсептелбейт жана адам менен жарандын субъективдүү укуктарын чектѳѳнүн себеби боло албайт.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан ченем доону камсыз кылуу боюнча чара катары өлчөмдөштүк (пропорциялуулук) принциптерине шайкеш келбейт жана конституциялык маанилүү максаттарда укукту чектөөнүн чегинен чыгып кетүүдө деген тыянакка келүүдө.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 25-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы