Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 7-декабры № 769
Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин
эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз мамлекеттик консерваториясын Кыргыз улуттук консерваториясына өзгөрткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин иш аракетин стимулдаштырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бирдиктүү тариф сетканын негизинде социалдык-маданий мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлдерин дифференциациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-майындагы № 225 токтому менен бекитилген Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө боюнча Бирдиктүү тариф сеткасына жараша "1,8" коэффициенти белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2002-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинде ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын карасын.
3. Бул токтом 2002-жылдын 1-январынан баштап колдоонуга киргизилсин.
Премьер-министр | К.Бакиев |