Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 15-декабры № 788
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын
1-ноябрындагы № 676 токтому менен бекитилген,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Регламентине толуктоо киргизүү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 676 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин II бөлүмүнүн 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин Планына киргизилген мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашууда алардын кагаздагысы менен кошо электрондук вариантын жалпы таанышып чыгууга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде WEB-сайтында жайгаштыруу үчүн берүүгө милдеттүү".
Биринчи вице-премьер-министр | Н.Танаев |