Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2002-жылдын 19-сентябрындагы № 636 токтомуна

ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 19-декабры № 796

Ош областынын Кара-Суу райондук администрациясынын

штатына райондук мамлекеттик администрация

башчысынын орун басары кызмат ордун

кошумча киргизүү жөнүндө

 

Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүн координациялоону жакшыртуу, экономикалык реформалар шартында анын турмуш-шартын камсыз кылуу маселелерин чечүүнүн оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош областынын Кара-Суу райондук администрациясынын штатына белгиленген эмгек акы фондунун чектеринде райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары кызмат орду кошумча киргизилсин.

2. "Областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын структурасы жана аппараттарынын штаттык сандары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-февралындагы № 47 токтомунун "Ош областынын райондук жана шаардык мамлекеттик администрацияларынын структурасы" деген № 4 тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсии:

"Кара-Суу" деген позициянын 4-графасындагы "1" деген цифра "2" деген цифра менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

К.Бакиев