Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 25-декабры № 810
Талас областынын Бакай-Ата районунун
Чалдыбар мектеп-интернатын
республикалык бюджетке
өткөрүп берүү
жөнүндө
Талас областынын Бакай-Ата районунун Чалдыбар мектеп-интернаты иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас областынын Бакай-Ата районунун Чалдыбар мектеп-интернаты 2002-жылдын 1-январынан баштап республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берилсин.
2. Талас областынын мамлекеттик администрациясы Чалдыбар мектеп-интернатынын кызмат акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр жана мурдагы жылдар жана 2001-жыл үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча карыздарды жойсун.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлиги финансылык каражаттарды бөлүштүрүүдө жана пайдаланууда такай контрол жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |