Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2016-жылдын 2-ноябры N 6-р
жаран Асанбек Камчынын кызыкчылыгын көздөгөн Сереж Мкртичевич Манукяндын кайрылуусуна байланыштуу "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 21-беренесинин 3, 5, 7-бөлүктөрүн, 22-беренесинин 1-5-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров, судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында, сот жыйналышынын катчысы М.Ж.Азарованын
- кайрылуучу тарап - жаран Асанбек Камчынын ишеним кат боюнча өкүлү Сереж Мкртичевич Манукяндын;
- жоопкер-тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Чынгызбек Муртазакулович Бердимуратовдун,
- башка жактар - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Жылдыз Сейитбековна Бокошованын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Азамат Болотбекович Ногойбаев жана Кабылжан Сабыржанович Мамажановдун катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9 жана 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 21-беренесинин 3, 5, 7-бөлүктөрүнүн, 22-беренесинин 1-5-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Жаран Асанбек Камчынын кызыкчылыгын көздөгөн Сереж Мкртичевич Манукяндын өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 21-беренесинин 3, 5, 7-бөлүктөрүнүн, 22-беренесинин 1-5-пункттарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья - баяндамачы М.Р.Бобукееванын сөзүн угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына жаран Асанбек Камчынын кызыкчылыгын көздөгөн Сереж Мкртичевич Манукяндын "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 21-беренесинин 3, 5, 7-бөлүктөрүнүн, 22-беренесинин 1-5-пункттарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 3-бөлүгүнө, 33-беренесинин 2-бөлүгүнө, 40-беренесинин 3-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүсүн таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкармалыгынын башчысынын орун басарынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна берген Асанбек Камчыны ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу жөнүндө өтүнүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга себеп болду дейт.
Арыздануучу талашылып жаткан Мыйзамдын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, эгер ыйгарым укуктуу орган жана сот кайсы бир адамга карата милдеттерди жүктөө жөнүндө актыны чыгарууну ниеттенип турса, актыга негиз болгон фактылар менен жагдайларды жашырган болсо, тартылып жаткан адам өзүнүн контраргументтер менен далилдерин келтирүү менен жүйөлүү, негиздүү жооп бере албай, кийин жагында ал соттук актыга даттана албай калышы мүмкүн дейт. Арыздануучу бул жагдай Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 3-бөлүгүнө, 33-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет дейт, ага ылайык сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат; ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
Кайрылуунун субъекти төмөнкүдөй деп белгилейт, талашылып жаткан Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык сот милдеттердин түрүн белгилейт, алар болсо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 46-3-беренесиндеги чаралары менен бирдей экен. Ошону менен бирге, арыздануучу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 1-бөлүгүнө шилтеме жасап, кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табылбаган адам, ал күнөөлүү деп табылган сыяктуу эле мамлекеттин атынан соттун өкүмү боюнча колдонулуучу жана соттолгонду укуктарынан жана эркиндиктеринен ажыратууну же чектөөнү билдирген мажбурлоо чарасына туш болууда деп көрсөтүүдө. Анын пикири боюнча, укуктук мамлекетте адам эркиндигин чектөө чарасын алдын-алуу чарасы катары колдонуу мүмкүн эмес, ушуга байланыштуу, талашылып жаткан Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет, ага ылайык соттун өкүмү болгондо же мыйзамда белгиленген негиздер жана тартипте гана адам кармалып, кайтарууга алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.
Арыздануучу талашылып жаткан Мыйзамдын 21-беренесинин 3, 5-бөлүктөрү, 22-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашын, ошондой эле Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам чектөө коюлушун караган 20-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келерин белгилейт.
Кайрылуу субъектинин пикири боюнча, талашылып жаткан мыйзамда ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу жөнүндө соттук актыга даттанылуу тартиби каралган эмес, ал эми жаран мындай акт менен макул болбогон учурда, соттук актыга коргонуу чарасын жана андан ары даттануу үчүн ага даттанылуу тартибин жана мөөнөтүн мыйзамдар тарабынан регламенттөө зарыл. Ушуга байланыштуу талашылып жаткан Мыйзамдын 15-беренесинин 5-бөлүгү, 21-беренесинин 3, 5, 7-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келет деп болжойт, ага ылайык сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.
Жогоруда баяндалганына байланыштуу, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди конституциялуу эмес деп табууну сурайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 7-июнундагы аныктамасы менен жаран Асанбек Камчынын кызыкчылыгын көздөгөн Сереж Мкртичевич Манукяндын кайрылуусуна байланыштуу "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 21-беренесинин 3, 5, 7-бөлүктөрүнүн, 22-беренесинин 1-5-пункттарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 3-бөлүгүнө, 33-беренесинин 2-бөлүгүнө, 40-беренесинин 3-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө ылайыктуулугун текшерүү жөнүндө иш өндүрүшкө кабыл алынган. Укуктук негиздемеси жок болгондугуна байланыштуу өтүнүчтүн калган бөлүгү кабыл алынган эмес.
Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын тактады да, талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн ордуна 2-бөлүгүнө ылайыктуулугун текшерүүнү жана талаптарын толугу менен канааттандырылышын суранды.
Жоопкер-тараптын өкүлү Ч.М.Бердимуратов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт да, кайрылуучу тараптын арызындагы талаптарын канааттандыруудан баш тартууну сурайт.
Талашылып жаткан Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгү туурасында Ч.М.Бердимуратов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн жүзөгө ашырууда адвокаттардын сотторго катышуусун кепилдеген мыйзамдар кабыл алынган деп эсептейт.
Талашылып жаткан Мыйзамдын 21-беренесинин 5-бөлүгү боюнча жоопкер-тараптын өкүлү бул ченемде соттун милдети эмес, соттун укугу белгиленген, мында кайсы бир жак соттун чечими процесстик мыйзамдарда каралган тартипте жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.
Талашылып жаткан 22-берененин 1-бөлүгүнүн 1-5-пункттары туурасында бул ченемдер адамды камакка, кайтарууга алууну же эркиндигинен ажыратууну болжобойт деп Ч.М.Бердимуратов белгилеп кетти. Арыздануучу келтирген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин ченемдери соттолгон адамдардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөнү карайт, ал эми талашылып жаткан Мыйзамда алдына алуучу чаралары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө адамдын укуктары менен эркиндиктерине коюлууга мүмкүн болгон чектөөлөр колдонулууда. Мында талашылып жаткан Мыйзамдын милдеттеринин бири уюшкан кылмыштуулуктан жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен эркиндиктерин, коом менен мамлекеттин коопсуздугун коргоо болуп саналат.
Талашылып жаткан Мыйзамдын 15-беренесинин 5-бөлүгү жана 21-беренесинин 7-бөлүгү жагында жоопкер-тарап жалпы соттук тартип, анын ичинде мындай категориядагы иштер үчүн соттук чечимдерге даттанылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган, ушуга байланыштуу соттор кодекстин жана талашылып жаткан Мыйзамдын ченемдерин жетекчиликке алышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт жана ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлган адамдардын мүмкүн болуучу кылмыш аракеттерин алдын-алууга багытталган. Алардын пикири боюнча, мында каттоого алуу уюшкан кылмыштуулукка тиешелүү адамдарга карата гана колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү каралып жаткан иш боюнча пикирин билдирген жок жана бул маселенин чечилишин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын карамагына калтырды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн угуп, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн да угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда козголгон конституциялуулугу күмөндүүлүктү пайда кылган гана ченемдик укуктук актынын предмети боюнча акты чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 15-беренесинин 5-бөлүгү, 21-беренесинин 3, 5, 7-бөлүктөрү, 22-беренесинин 1-5-пункттары болуп саналат.
"15-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу
5. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алуу жөнүндө чечим чыгарылган адам ага сот тартибинде даттана алат.
21-берене. Сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоонун тартиби
3. Сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн сунуштама сот тарабынан ошол милдеттерди сот аркылуу салуу сунушталган адамдын жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын катышуусунда каралат.
5. Сот салуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштаманы кароого катышкан адамдар сотко түшүндүрмө берүүгө укуктуу. Сот ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берген бардык материалдар менен жарыя кылбай таанышууга укуктуу.
Берилген материалдар жөнүндө маалыматты жарыя кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.
7. Сот салуучу милдеттер жүктөлгөн адам жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамда белгиленген тартипте сот актысына даттанууга укуктуу.
22-берене. Сот тарабынан салынуучу милдеттердин түрлөрү
1. Сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштама алынгандан жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берген бардык материалдар менен таанышкандан кийин, сот адамга төмөнкү милдеттердин бирин же бир нечесин дайындайт:
1) жашаган жерин ыйгарым укуктуу органдын контролдоочу кызмат адамына билдирмейинче алмаштырбоо;
2) саналган конкреттүү адамдар менен түздөн-түз өзү; башка адамдар аркылуу; техникалык жана башка каражаттардын жардамы менен байланышка чыкпоо;
3) сутканын ага аныктаган убагында жашаган жеринде болуу;
4) сунуштамада көрсөтүлгөн белгилүү жерлерге барбоо;
5) автомототранспорт каражаттарды айдабоо;".
"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 29-майындагы № 82 Мыйзамы "Эркин-Тоо" гезитинин 2013-жылдын 4-июнундагы № 46 санында жарыяланган, мыйзамдарда бекиткен тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ченемдик укуктук актылар реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адам укуктары менен эркиндиктерин эң жогорку баалуулук деп жарыялайт. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат (16-берененин 1-бөлүгү).
Уюшкан кылмыштуулукка каршы укуктук жөнгө салуу аракети жаатында аталган конституциялык принципти ишке ашыруу жеке жана юридикалык жактар, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо үчүн тийиштүү укуктук механизмдерди пайдаланууну да, укуктук мажбурлоонун алдын-алуучу чараларын колдонууда укуктар менен эркиндиктердин артыкбаш чектелүүсүн болтурбоону да болжойт. Демек, мыйзамда белгиленүүчү чаралардын мүнөзү жана мазмуну конституцияда өзгөчө баалуулуктарды коргоо максаттары менен гана шартталбастан, уюшкан кылмыштуулуктун аракеттеринин кесепеттеринен пайда болгон жагдайларга жараша талаптардын зарылдыгынан келип чыгуусу керек.
Мыйзамда каралган чаралар, бир жагынан, конституциялык өзгөчө баалуулуктардын корголушун алсыратпастан социалдык чындыкка туура келиши керек, экинчи жагынан болсо, мамлекеттик мажбурлоонун колдонулушу артыкбаш болбошу керек. Бул Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жоболоруна туура келет, ага ылайык ар ким өз укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүнө ашырууда ар бир адам эң оболу башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тийиштүү түрдө таанууну жана урматтоону камсыз кылуу жана демократиялык коомдо адептин, коомдук тартиптин жана жалпы бакубаттыктын акыйкат талаптарын канааттандыруу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөргө гана дуушарланууга тийиш (29-берененин 2-пункту).
Демек, көптөгөн жана өсүп жаткан криминалдык коркунучтарга чыңалган азыркы учурда адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү үчүн мыйзам чыгаруучу уюшкан кылмыштуулукка каршы укуктук механизмдерди белгилөөгө ыйгарым укуктуу, бул "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу аркылуу ишке ашырылган.
3. Талашылып жаткан Мыйзамда сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн сунуштама сот тарабынан ошол милдеттерди сот аркылуу салуу сунушталган адамдын жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын катышуусунда каралат (21-берененин 3-бөлүгү).
Арыздануучу талашылып жаткан ченемде процесстин катышуучусу катары адвокаттын эскерилбей калганы, анын кызматын пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербей жатат деп эсептейт. Арыздануучунун мындай ырастамасы орунсуз, анткени укуктук регламентациянын жоктугу адамга карата алдын-алуучу чаралар колдонулуп жаткан учурда адвокаттын жардамын алууга мүмкүнчүлүк бербейт дегенди билдирбейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, тикелей иштей турган ченемдик укуктук акт катары, ар кимге өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоону кепилдейт (40-берененин 2-бөлүгү). Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 3-бөлүгүнүн мазмунунан келип чыккандай, бул укукту ишке ашыруу адвокат көрсөтүүчү квалификациялуу юридикалык жардам алуу мүмкүндүгүн болжойт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун бекитип берүү менен, кайсы бир адамдын адвокаттын жардамын пайдалануусун себеп кылып аны шектүү же айыптуу деп формалдуу түрдө таанууну болжобойт да, ошону менен бирге укук коргоо же соттук органдардын процесстик актыны кабыл алышкан учурдан тарта аны ишке ашырууда мыйзам чыгаруучуга чектөө шарттарын орнотууга укук бербейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бул ченеми укуктук жардамга муктаж болгон адамдын нагыз абалын мүнөздөгөн белгилерди көрсөтөт, анткени дал ушул жагдайда анын эркиндик менен жеке колтийгистик конституциялык укуктары чектелиши мүмкүн. Ошону үчүн конкреттүү бир адамдын адвокаттын жардамын пайдалануу конституциялык укугу, анын укуктары чындап чектелген учурдан тарта пайда болот. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинде бекитилген жоболордун тике мааниси боюнча, эгер, кайсы бир адамга карата бийликтин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан эркиндиги менен жеке колтийгистигине чындап чектөө чаралары колдонулган болсо, анын ичинде жүрүү эркиндигин, укук коргоо органдарына, сотко жеткирүүнү жана башка эркиндик менен жеке колтийгистикти олуттуу чектеген кандайдыр бир аракеттерди кошкондо, ар кимге формалдык процесстик статусуна карабастан адвокаттын юридикалык жардамын алуу укугу кепилденет.
Демек, квалификациялуу юридикалык жардамга зарыл болгон жак, ага анын процесстик статусуна карабастан сотто өз өкүлүн тандоо эркиндиги берилиши керек, ал адвокат же укук жаатында атайын билими болгон же болбогон башка сабаттуу адам болушу мүмкүн.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү менен кепилденген коргонуу жана квалификациялуу жардам алуу укугу, алдын-ала таасир этүү чараларын колдонууда адвокаттын катышуусун болжойт, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу принциби менен камсызданат.
Ушуга байланыштуу талашылып жаткан Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт.
4. Арыздануучу даттанып жаткан Мыйзамдын 21-беренесинин 5-бөлүгү сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштаманы кароого катышкан адамдар сотко түшүндүрмө берүүгө укуктуу деп бекитет. Сот ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берген бардык материалдар менен жарыя кылбай таанышууга укуктуу.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө акыйкатты аныктоо сот адилеттигинин өзөктүү элементи болуп саналат, соттун тыянактары ар тараптуу, так жана толугу менен объективдүү чындыкка дал келиши керек.
Судья, сот адилеттигин тикелей жүзөгө ашырган жак катары мыйзамдуу жана негиздүү соттук актыны чыгарууну болжогон адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылуу үчүн каралып жаткан иштин бардык жагдайын, анын ичинде мамлекеттик сыр болгон маалыматты да билиши керек.
Дал ушул максатта судьяларга каралып жаткан иштин материалдары жана жагдайлары менен тааныштыруунун тартибин эркин жана өз алдынча аныктоо укугу берилет, бул, бир жагынан, тараптардын жана процесстин башка катышуучуларынын укуктары менен эркиндиктеринин корголушун, ошондой эле, экинчи жагынан, улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке, калктын саламаттыгы менен адебине тийиштүү конституциялык-маанилүү баалуулуктардын корголушун камсыз кылуу үчүн жасалат.
Алдын-алуучу чаралар уюшкан кылмыштуулукка тиешелүү адамдарга карата колдонуларын эске алганда, сотко тапшырылган материалдар мамлекеттик сырды түзгөн маалыматты камтышы мүмкүн, андай материалдар соттук териштирүүнүн объекти болуу менен өзүнүн көйгөйлүүлүгүн жоготпойт жана жарыяланышы мүмкүн эмес. Бул сыяктуу материалдарды жарыялоо уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерде мамлекеттин кызыкчылыгына орду толгус зыян келтириши мүмкүн.
Демек, алдын-алуучу каттоого коюу жана сот тарабынан милдеттерди салуу жөнүндө маселени кароодо сот процессинин катышуучуларына мамлекеттик сырга тиешелүү болгон материалдар менен таанышуусун чектөө мүмкүн болуучу жагдай, анткени бул улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, адепти, калктын саламаттыгын, башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга багытталган.
Ошентип, мамлекеттик сырдын сакталуусун камсыз кылууга багытталган талашылып жаткан Мыйзам менен белгиленген иштин материалдары менен таанышуу тартиби, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган конституциялык максаттарга ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт.
5. "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган сот тарабынан салынуучу милдеттердин түрлөрү коомду жана анын мүчөлөрүн кооптуу кол салуулардан коргоо максатында колдонула турган коопсуздук чарасы болуп саналат. Бул коопсуздук чараларынын мазмуну өзгөчө тыюу салуулар жана милдеттер түрүндө атайын укуктук чектөөлөрдү түзүшөт жана жазык мыйзамында каралган жаза чарасы катары каралышы мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, кеп мүмкүн болушунча максималдуу коопсуздукка жетишүү максатында адам укугун максималдуу мүмкүн болгон чектөө жөнүндө гана болушу мүмкүн. Бул чектөөлөр коопсуздукту камсыз кылуучу куралы болгондуктан, кылмыштуулуктун алдын-алуу каражаты катары колдонулушу мүмкүн. Айрым укуктар менен эркиндиктердин мындай чектөөлөрү алдын-алуучу дареметке ээ болгон жана адамдын же кайсы бир топтун кылмыш жасашына тоскоол болгон каражат катары кызмат кылышат.
Уюшкан кылмыштуулук мамлекеттин коопсуздугуна, коомдук тартипке кол салып, жарандар үчүн коомдук кооптуулук кесепетин арттырганы үчүн талашылып жаткан Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган сот тарабынан салынуучу милдеттердин түрлөрү алдын-ала таасир этүү чаралары колдонула турган адамдардын укуктары менен эркиндиктерине мүмкүн болуучу чектөөлөр болуп саналат да, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган максаттарга өлчөмдөш жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көрсөтүлгөн беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт.
Ошону менен, алдын-ала таасир этүү чараларын колдонууга байланыштуу адамдын укуктары менен эркиндиктерин чектөө соттун жеке ыйгарым укугу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп белгилей кетүү керек.
6. Талашылып жаткан Мыйзамдын 15-беренесинин 5-бөлүгүндө ыкчам-алдын алуучу каттоого алуу жөнүндө соттун чечимине даттануу мүмкүнчүлүгү каралган, бул мындай каттоого алуу жөнүндө чечим чыгарылган адамдын укуктарын камсыз кылууда кошумча кепилдик болуп саналат. Ошону менен бирге, мыйзам чыгаруучу мындай категориядагы материалдарды кароо боюнча сот өндүрүшүнүн процесстик тартибин, ошондой эле ыкчам-алдын алуучу каттоого алуу жөнүндө жана сот тарабынан салынуучу милдеттердин түрлөрүн колдонуунун тартибин жөнгө салган эмес, муну мыйзамдын кенемтеси катары кароо керек.
Бирок, ыкчам-алдын алуучу каттоого алуунун процесстик тартибинин жана сот тарабынан салынуучу милдеттердин түрлөрүн колдонуу тартибинин укуктук жөнгө салынышынын жоктугу жана мындай категориядагы материалдар боюнча соттук актыларга даттануунун тартибинин жоктугу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануу үчүн негиз боло албайт. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу аталган укуктук кенемтени толукташы керек.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 5-бөлүгү, 21-беренесинин 3, 5, 7-бөлүктөрү, 22-беренесинин 1-5-пункттары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 3-бөлүгүнө, 33-беренесинин 2-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү толуктоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизсин.
3. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы