Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб (мындан ары - Штаб) коңшу өлкөлөр менен суу-энергетикалык маселелер боюнча мамиледе бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо, ошондой эле электр жана жылуулук менен камсыздоодогу бузуктарды болтурбоо үчүн түзүлгөн коллегиялуу координациялык орган болуп эсептелет.
2. Штаб өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Штабдын ишин төрага жетектейт, ал эми төрага жок учурда төраганын орун басарларынын бирөө жетектейт.
2. Штабдын милдеттери жана функциялары
4. Штабдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесин сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын күзгү-кышкы мезгилдерге өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылуу.
5. Штаб өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- өзүнүн жыйындарында Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшүн карайт;
- мамлекеттик органдардын жана отун-энергетикалык ишканалардын суу-энергетикалык ресурстарды башкаруу, күзгү-кышкы шарттарда иштөөгө өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү, отун менен камсыз кылуу, электр, жылуулук менен жабдуудагы бузуктардын алдын алуу жана (же) алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерин координациялайт;
- зарыл болсо региондор боюнча электр, жылуулук энергиясын жана табигый газды керектөөнүн лимитин белгилөө жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет жана анын аткарылышын контролдойт;
- Токтогул ГЭСтер каскадындагы суу-энергетикалык абалга мониторинг жүргүзөт жана болжолдойт;
- суу-энергетикалык баланстын бузулушун болтурбоо боюнча зарыл чараларды көрөт;
- электр энергиясы менен иштөөчү отканаларды органикалык отунду пайдаланууга которуу жана отундун зарыл болгон запасы менен камсыздоо боюнча иштердин жүргүзүлүшүн контролдойт.
3. Штабдын укуктары
6. Штаб төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалыматын угууга жана Штабдын максаттарынын, милдеттеринин алкагында алардын ишине баа берүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, администрациялык ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Штабдын чечимдерин аткарбагандыгы жана күзгү-кышкы шарттарда иштөөгө даярдык көрүү боюнча тапшырмалардын аткарылышын үзгүлтүккө учуратканы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- республикадагы суу-энергетикалык абалдын жана экономиканын тармактарын жана калкты алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоонун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берүүгө;
- республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча башка уюштуруучулук жана координациялык чараларды көрүүгө.
4. Штабдын ишинин уюштурулушу
7. Штабдын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Штабдын төрагасы болуп кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри эсептелет, ал Штабдын ишин жетектейт. Штабдын мүчөлөрү Штабдын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча негизделген сунуштарды Штабдын талкуусуна киргизүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Штабдын ишинин формасы болуп жыйын же селектордук кеңешме эсептелет, алар Штабдын төрагасынын чечими боюнча, зарылдыгына жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Штабдын мүчөлөрү жыйындарга же селектордук кеңешмелерге жеке өзү катышат. Штабдын мүчөсү Штабдын жыйынына жүйөөлүү себепсиз катышпай койсо, ага белгиленген тартипте тартиптик жаза чарасы колдонулат.
9. Штабдын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда жыйын өттү деп эсептелет.
10. Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча протокол жазылат, ага Штабдын төрагасы кол коет.
11. Штабдын чечими добуш берүү аркылуу Штабдын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана аларды аткаруу үчүн жооптуу болгон адамдардын баарына маалымдалат.
12. Штаб кабыл алган чечимдер зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана республиканын мамлекеттик органдарына кароого жиберилет.