Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомуна
ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 20-апрели № 237
"Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын
структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-январындагы № 2
токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-январындагы № 2 токтомуна тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "Премьер-министрдин, Биринчи вице-премьер-министрдин, Вице-премьер-министрдин жардамчылары" позициясында "4" цифрасы "3" цифрасына алмаштырышсын;
- 8-пункттун "эксперт" позициясында "1" цифрасы "2" цифрасына алмаштырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |