КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-майы № 274
Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү (жалпы) билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1997-жылдын 17-январындагы Протоколду бекитүү жөнүндө
Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү (жалпы) билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1997-жылдын 17-январындагы Протоколдун 3-пунктуна ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү (жалпы) билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1997-жылдын 17-январындагы Протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж. Оторбаев |