Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2014-жылдын 22-сентябры N 46-р
жаран А.А.Сариевдин кайрылуусунун негизинде "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: Н.А.Илиязованын катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап - жаран Акылбек Аблабекович Сариевдин, жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Рашид Бердибаевич Бекбасаровдун,
башка жактар - ишеним каттардын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Султан Бакасовдун, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Джалалбек Тюрегельдиевич Балтагуловдун; Нурлан Сатылканович Алымбаевдин катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жаран А.А.Сариевдин өтүнүчү себеп болду.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы К.С.Сооронкулованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2013-жылдын 6-декабрында жаран А.А.Сариевдин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун (мындан ары - Мыйзам) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Сунушталган материалдардан алып караганда, 2012-жылдын 12-октябрында А.А.Сариев 2012-жылы 26-ноябрга дайындалган бирдиктүү Бишкек аймактык округу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайлоого катышуу үчүн 2011-жылдын 9-октябрында түзүлгөн шайлоочулар тобунун жетекчиси катары Мыйзамдын 21-беренесине таянып, шайлоочулардын тобунун ыйгарымдуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган (мындан ары Бишкек АШК).
Бирок, Бишкек АШК шайлоочулардын тобунун ыйгарымдуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арызын кабыл алып, Мыйзамдын 21-беренеси менен жөнгө салынган аракеттерди көрүүдөн баш тарткан. Бишкек АШКнын 2012-жылдын 15-октябрындагы № 19 чечими менен жаран А.А.Сариевдин арызын кароодон баш тарткан.
Мыйзамдын 42-беренесинин 12-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 25-главасына таянып, арыз ээси Бишкек АШКнын чечимине доо арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылган жана Бишкек АШКны Мыйзамдын 21-беренесинин талабын аткарууга милдеттендирүүнү суранган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2012-жылдын 18-октябрындагы чечими менен А.А.Сариевдин арызын канааттандыруудан баш тарткан.
2012-жылдын 19-октябрында арыз ээси Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимине арыз менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын 2012-жылдын 29-октябрындагы токтому менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылып, көзөмөл арызы канааттануусуз калтырылган.
Арыз ээсинин пикири боюнча Мыйзамдын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту шаарлардын жергиликтүү кеңештерине шайлоого талапкерлерди коюу укугун жалгыз гана саясий партияларга берүү менен, бир катар конституциялык принциптерди бузат жана шаардык кеңешке шайлануу укугуна тоскоол болот, анын натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон укуктун маңызын бурмалайт.
Арыз ээси Мыйзамдын талашка түшкөн ченеми пассивдүү шайлоо укугун негизсиз чектеген жана кодулоочу мүнөзгө ээ деп эсептейт, анткени талапкер катары шайлоого катышууну каалаган партиянын курамына кирбеген жаран өзүнүн саясий ынанымдарынын белгилери боюнча чектелген. Мыйзам чыгаруучу, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине талапкерлигин коюу укугун саясий партияларга берип жатып, жергиликтүү коомчулуктун мүчөсүнүн тигил же бул партиянын таасиринде болуусуна мажбур кылат. Бул учурда мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган саясий көп түрдүүлүк принциби жарандын кайсы бир саясий ынанымдар менен көз караштарды бөлүшпөө жана саясий партиялардын мүчөлүгүндө турбоо укугун туюндурары көңүлгө алынган эмес. Бирок, талашка түшкөн ченем тарабынан жол берилген чектөө жаранды тек гана талапкер катары шайлоого катышуу максаты менен тигил же бул партияга кайрылууга мажбурлайт. Аны менен бирге, бул мүмкүнчүлүк деле партиянын катарына кирбеген жаран үчүн пассивдүү шайлануу укугун ишке ашырууга толук баалуу кепилдик болуп бере албайт, анткени мыйзам чыгаруучу саясий партияларды партиянын катарында турбаган жарандарды талапкерлердин тизмесине киргизүүгө милдеттендирбейт. Андан сырткары, саясий партиялардын мүчөсү болуп, бирок шайлоого катышуудан баш тарткан жарандар шайлануу укугунан таптакыр ажырайт, анткени Мыйзам шайлоо алдындагы тизмеге башка партиянын өкүлдөрүн киргизүүгө түздөн түз тыюу салган.
Ошондой эле мыйзам чыгаруучу тарабынан райондун бир административдик-аймактык бирдигинин чегинде ар башка шайлоо жол-жоболорун, анын ичинде - талапкерлерди көрсөтүү учурунда, караган эки түрдөгү шайлоо системасынын (пропорционалдуу - шаарлардын жергиликтүү кеңештерине шайлоодо жана мажоритардык - айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештерине шайлоодо) киргизилишин арыз ээси жалпыга тең жана бирдей мүмкүнчүлүктөр принцибинин бузулушу деп эсептейт.
Арыз ээси белгилегендей, пропорционалдуу шайлоо системасынын негизинде шаарлардын жергиликтүү кеңештерине шайлоолорду өткөрүү саясий партияда турбаган жарандардын өздөрүнүн көрсөтүлүүгө болгон жана, андан ары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга болгон укуктарын ишке ашырууга жол бербейт. Анын үстүнө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуучу субъекттердин партияга таандык болуудан көз карандылыгы жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн шайлоо укугун бузат жана анын натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга катышуу укугу бузулат, анткени шайлоодо партиядан тышкары жарандарды колдоо мүмкүндүгүнөн аны ажыратып, жабык партиялык тизмелерге киргизилген кандидаттардын арасынан гана шайлоого мажбур кылат. Демек, анын ою боюнча, Мыйзамдын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун жоболору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мазмунун бурмалайт, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттарга ылайык келбейт, Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген укуктарды жана эркиндиктерди чектейт.
Өзүнүн жүйөлөрүнүн негизинде, арыз берүүчү "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-абзацына, 2-беренесинин 5-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 110-беренесине жана 112-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келбейт жана конституциялык эмес деп таанууну суранат.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 22-январындагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Жаран А.А.Сариев сот жыйналышында өзүнүн талабын колдоп, аны канааттандырууну өтүнөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Р.Б.Бекбасаров кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп төмөнкү мазмундагы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту каралат:
"2. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга".
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык кабыл алынган, "Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 19-июлундагы № 58 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасы демократиялык мамлекет болуп эсептелет. Мамлекетти демократиялык түзүү максатын жактагандыгын тастыктап, Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп саналат жана өз бийлигин түздөн түз, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу ишке ашырат (преамбула, 2-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрү), жана жарандардын шайлоого жана мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укугун бекитет (52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту). Бир убакытта Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу таанылат жана кепилденет деп караштырат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылганын камсыз кылат (110-берененин 1, 2, 3-бөлүктөрү).
3. Жарандардын жергиликтүү коомчулугунун эрк билдирүүсүн туюндуруунун тикелей түрлөрүнүн бири болуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарын - жергиликтүү кеңештерди шайлоо саналат. Ошол эле убакта жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо эл аралык ченемдерге жана жалпы кабыл алынган принциптерге ылайык, адам менен жарандын башка укуктары жана эркиндиктери менен катар, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан таанылган жана кепилденген активдүү жана пассивдүү шайлоо укугун ишке ашыруу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга жергиликтүү коомчулуктун мүчөсүнүн субъективдүү укугун камсыз кылуунун түрү болуп саналат жана инсандын конституциялык-укуктук статусунун ажырагыс элементи болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын депутаттарын шайлоо жөнүндө концептуалдык жоболорду камтыйт, ал жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт (2-берененин 4-бөлүгү), ошондой эле жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо учурундагы бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо зарылдыгы да Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 1-бөлүгү менен аныкталган.
Келтирилген конституциялык жоболордун мааниси боюнча, элдин өз бийлигин ишке ашыруусуна алардын катышуусун жалпылаштырган жарандардын шайлоо укугу жергиликтүү өз алдынча башкарууну, калкка жакындатылган, элдик бийлик катары уюштурууга зарыл болгон каражаттардын бири катары кызмат кылат, ал эми шайлоо укуктарын укуктук жөнгө салуу юридикалык теңчилик принцибин кармоонун негизинде жарандардын жергиликтүү коомчулугунун эркин толук эсепке алууну жана анын шайкеш туюндурулушун камсыз кылышы керек, анын натыйжасы болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына шайлоонун жыйынтыгынын негизинде калыптанган түзүм саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы шайлоону элдик бийликти, түздөн түз ишке ашыруунун мыкты жолдорунун бири катары кароо менен, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде дагы, жана муниципалдык бийликтин уюштуруу курамында шайлоо органдарынын сөзсүз түрдө болушун көрсөтүү менен (111-берене), ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына шайлоо жүргүзүү тартибин ачык аныктап берген эмес. Бул учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык (2-беренесинин 2-бөлүгү, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту, 112-беренесинин 1-бөлүгү) бул маселелердин чечилиши - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде эркин демократиялык шайлоолорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн майнаптуу кепилдиктерин камсыз кылуу максатын көздөө менен - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана ага шайланууга болгон жарандардын укуктарын ишке ашыруунун тартиби менен шарттарын орнотууга ниет кылган мыйзам чыгаруучунун кеңири эркин кароосунун алкагында ишке ашырылат.
4. Жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн шайлоо укугунун мамлекеттик кепилдиктери, ошондой эле жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүүнүн укуктук негиздери "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзам менен жөнгө салынат.
Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктарынын мамлекеттик кепилдиги катарында бул Мыйзам (3-берененин 2-, 3-бөлүктөрү) жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын түздөн-түз шайлайт жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тең негизде катышат деп аныктаган.
"Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзам жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо, даярдоо, жүргүзүү, натыйжасын жана жыйынтыгын бекитүү тартибин, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук статусун жөнгө салат. Бул Мыйзамдын 47-беренеси шайлоо системасынын эки түрүн орнотот - шаардык жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо пропорционалдуу система боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын - мажоритардык система боюнча жүргүзүлөт. Мыйзам чыгаруучу тарабынан бекитилген шайлоо системасын колдонуу талапкерлерди көргөзүү тартибин, талапкерди шайланды деп таануу шартын, талапкерлердин тизмесинин арасында депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тартибин ж.б. аныктайт.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан шаардык жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун пропорционалдуу системасынын орнотулушу, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого караганда, талапкерлерди көрсөтүүнүн башка тартибин караган. Мыйзамдын 49-беренесинин ченемдик жоболору жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибин жана шартын жөнгө салат. Талапкерлерди көрсөтүү стадиясында, конституциялуулук предметине талашка түшкөн бул Мыйзамдын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, саясий партияларга шаардык жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди коюу укугун берген. Бул пропорционалдуу шайлоо системасынын маңызынан келип чыгат, жана шайлоо процессинин негизги субъекттери болуп өзүнчө талапкерлер эмес, саясий партиялар болуп саналаарын болжолдойт жана ал партиялардагы талапкерлердин тизмеси шайлоочулардын добушу үчүн күрөштө өз ара атаандаштыкка түшөт.
Так ушуга байланыштуу, колдонуудагы укуктук жөнгө салууда, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине өз өкүлдөрүн киргизүү аркылуу муниципалдык бийлигин жүргүзүүгө катышуу укугун ишке ашыра алган пропорционалдуу шайлоо системанын алкагындагы жападан-жалгыз жамааттык субъекттер катары тек гана саясий партиялар аныкталган. Буга ылайык, пропорционалдуу шайлоо системанын алкагында саясий партиялардын өз талапкерлерин (талапкерлердин тизмесин) көрсөтүү укугу бул системанын укуктук жаратылышы тарабынан белгилүү болгон. Саясий партия тарабынан талапкерлердин тизмесин түзүү жана көрсөтүү пропорционалдуу өкүлчүлүктүн шайлоо системасынын мүнөздүү белгиси болуп саналат.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 112-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүү тартиби мыйзам менен жөнгө салынат. Ушуну менен, мыйзам чыгаруучуга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо өткөрүү учурунда шайлоо тартиптерин жана жол-жоболорун аныктоого дискрециялык укук берилген. Буга 2002-жылдын 7-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердеги демократиялык шайлоонун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө Конвенция да шилтеме жасайт, анын 1-беренесинин 3, 4-пункттарына ылайык, жарандын шайлоо жана шайлануу укугу конституцияда жана (же) мыйзамдарда бекитилет, ал эми аны ишке ашыруу тартиби мыйзам тарабынан аныкталат. Бул учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана эл аралык шайлоо стандарттары мыйзам чыгаруучуну шайлоо системасынын кандайдыр бир түрүн орнотууга милдеттендирбейт. Шайлоо системасынын түрүн тандоо жана мыйзамда тиешелүү шайлоо жол-жоболорун бекитүү конкреттүү социалдык-саясий шарттардан жана мамлекеттик саясий системанын өнүгүү өзгөчөлүгүнөн көз каранды. Ошентип, тигил же бул шайлоо системасы жарандардын шайлоо укугун чектөө көрсөткүчү болуп саналбайт.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон укук деп Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген, жергиликтүү администрациялык-аймактык бирдиктин чөлкөмүндө өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү коомчулуктардын өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгү эсептелет (110-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү). Аны менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясы муниципалдык бийликти жарандардын жергиликтүү коомчулугунун бийлиги катары тааныйт, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген муниципалдык түзүлүштүн ишмердүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин өз алдынча чечүүгө болгон укук жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конституциялык жаратылышын бир гана элдик бийликти жүргүзүү куралы катары эмес, калктын керектөөсүнө көбүрөөк жакын болгон тутум катары, ошондой эле жергиликтүү кызыкчылыктарды канааттандыруунун мыкты ыкмасы катары аныктайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаратылышын мындай түшүнүү жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон укукту, ага ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына шайлоо жана шайлануу укугун ишке ашыруудан келип чыккан укуктук мамилелерди мыйзамдуу жөнгө салуу учурунда зарыл болгон шарт болуп саналат.
Шайлоо укугун ишке ашыруу, жарандын анын шайлоо укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берген, мыйзам тарабынан аныкталган ыкмалардын жана шарттардын болушун божомолдойт. Ошол эле учурда, шаардык жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо колдонулуп жаткан укуктук жөнгө салуу партиянын катарында турбаган жарандар үчүн пассивдүү шайлоо укугун ишке ашыруудагы кепилдиктерди жетиштүү камтыбайт. Мыйзамда, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине кандайдыр бир саясий партияга таандык эмес жана саясий көз караштарды жана ынанымдарды бөлүшпөгөн талапкерлерди көрсөтүү мүмкүндүгүн камсыз кылган укуктук механизмдин жоктугу, алардын шайлануу укугун ишке ашырууга тоскоол болот. Аны менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыз ээсинин далилдерин көңүлгө алуу менен, каралып жаткан маселеде тиешелүү укуктук жөнгө салуунун жоктугу талашка түшкөн ченемди конституциялуу эмес деп таанууга негиз болбойт деп тыянак чыгарат.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-абзацына, 2-беренесинин 5-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 110-беренесине жана 112-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп табылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы