Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июну № 295
Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант шаары, 3-кичирайон
дарегиндеги курулушу бүтө элек объектти – жабылган теннистик кортту Кант шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп
берүү жөнүндө
Объекттин курулушун бүтүрүү, арналышына жараша эксплуатацияга киргизүү жана пайдаланууга берүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант шаары, 3-кичирайон дарегиндеги курулушу бүтө элек объект – жабылган теннистик корт Кант шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти өткөрүп берүүнү-кабыл алууну белгиленген тартипте ишке ашырышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык өткөрүлүп берилүүчү кыймылсыз мүлк объектине укукту мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте камсыздасын.
4. Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын мэриясына жабык теннистик корттун курулушун бүтүрүү, эксплуатацияга киргизүү жана арналышы боюнча пайдаланууну камсыздоо сунушталсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |