Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2014-жылдын 29-октябры N 52-р
жарандар Нурбек Нурканович Сабировдун, Магомедгаджи Магомедзагирович Саадуевдин жана Айнур Мусаевна Осмоналиеванын, Гульзар Абдыбековна Суталинованын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пунктунун жана 65-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья: М.Ш.Касымалиев,
судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкуловалардын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: Н.А.Илиязованын,
кайрылуучу тарап - жарандар Н.Н.Сабировдун, М.М.Саадуевдин, А.М.Осмоналиеванын, Г.А.Суталинованын, Б.К.Осмонбаевдин;
жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыгын көздөгөн өкүлү Т.Ы.Ырысбековдун;
башка жак - ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошеванын катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында көрсөтүлгөн бөлүктөгү судьядан баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуусу жөнүндө сотту аныктоосуна жеке даттануу аппеляциялык даттануу менен бир учурда каралган иш боюнча соттун чечимине берилет деген бөлүгүндө Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пунктунун жана 65-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. Ишти кароого жарандар Н.Н.Сабировдун, М.М.Саадуевдин, А.М.Осмоналиеванын, Г.А.Суталинованын, Б.К.Осмонбаевдин өтүнүчү жүйөө болду.
Көрсөтүлгөн бөлүктөгү судьядан баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуусу жөнүндө сотту аныктоосуна жеке даттануу аппеляциялык даттануу менен бир учурда каралган иш боюнча соттун чечимине берилет деген бөлүгүндө 21-беренесинин 7-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү тууралуу маселеде аныктык жок болгондугу жана конституциялуулугу талаш-тартышты туудурган Жарандык процесстик кодексинин 65-беренесинин 4-пункту ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы Ч.О.Осмонованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 23-апрелинде жарандар Н.Н.Сабировдун жана М.М.Саадуевдин, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин судьядан баш тартуусу жөнүндө өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткандыгы жөнүндө соттун даттанууну аныктоо тартибин караган 21-беренесинин 7-пунктунун ченемдик жоболору жана 65-беренесинин 4-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 93-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы экендиги жана конституциялуу эмес деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пунктуна ылайык судьядан баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуусу жөнүндө соттун аныктоосуна жеке даттануу аппеляциялык даттануу менен бир учурда каралган иш боюнча соттун чечимине берилет. Буга байланыштуу арыз берүүчүлөр, иш судьянын калыстыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө маселеде толук тыянак чыгарылмайынча, алардын калыстыгына жана көз карандысыздыгына күнөм саналганда, судьялардын маңызы боюнча кароого жол берүү туура эмес деп эсептешет.
Ошондой эле арыз берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 65-беренесинин 4-пункту талаш-тартыш туудуруучу болуп жатат. Арыз берүүчүлөр өз талаптарынын негиздемелерине Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процесстик кодекси күчүн жоготкондугуна жана арбитраждык соттор жоюлганына карабастан, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 65-беренесинин 4-пунктунун ченеми мурдагы редакцияда калгандыгын жүйөө катары келтиришет. Арыз ээлеринин пикири боюнча талаш-тартыш туудуруучу түшкөн ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралбаган арбитраждык соттордун сот актыларына преюдициалдуулукту берет. 2003-жылы бейтарап сотторунун же арбитраждар институту киргизилген жана азыркы учурда арбитраждык соттор мамлекеттик соттун түрү катары эмес, талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү институту катары иш жүргүзөт. Буга байланыштуу, укук колдонуучу тажрыйбада соттор талаш-тартыш туудуруучу ченемди бейтарап сотторуна карата колдонушат, бирок мындайга жол берилбейт деп болуп саналат.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 5-июнундагы аныктамасы менен арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 8-сентябрында жарандар А.М.Осмоналиеванын, Г.А.Суталинованын жана Б.К.Осмонбаевдин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пунктунун үчүнчү сүйлөмүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы экендиги жана конституциялуу эмес деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Арыз берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пунктунун "Баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуусу жөнүндө сотту аныктоого жеке даттануу аппеляциялык даттануу менен бир учурда каралган иш боюнча соттун чечимине берилет" деген үчүнчү сүйлөмү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы экендигине шилтеме кылышкан, анда Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген укуктарды соттук коргонууну эч чектөөгө тийиш эмес; ар кимге Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет деп каралган. Талаш-тартыш туудурган ченем, арыз берүүчүлөрдүн пикири боюнча, аталган конституциялык ченемдерди бузуу менен каралып жаткан иш боюнча соттун чечими менен бир учурда гана өзүнүн баш тартуусу жөнүндө аныктамага жеке арыз жазуу жол-жобосун орнотот. Ошону менен бирге, жарандардын соттук коргоого болгон укугун чектөө менен жарандын негизги ажыратылбаган укугуна кирген соттун ишти кароо учурунда калыс мамилени камсыз кылган учурда гана ишке ашырылат.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 15-октябрындагы аныктамасы менен арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Арыз берүүчүлөр Н.Н.Сабировдун, М.М.Саадуевдин жана А.М.Осмоналиеванын, Г.А.Суталинованын, Б.К.Осмонбаевдин өз ара байланышкандыктан, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 6-пунктунун талаптарына ылайык, судьянын 2014-жылдын 22-октябрында чыгарган аныктамасы менен аталган талаптар бир сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Сот жыйналышында кайрылуучу тарап өздөрүнүн талаптарын колдоп, аларды Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-беренесине карама-каршы экендиги тууралуу толуктап, жана аларды канааттандырууну өтүнүшкөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Т.Ы.Ырысбеков кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбостон, жана Жарандык процесстик кодексинин талаш-тартыш туудурган ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пунктунун ченемдик жобосу төмөнкүдөй мазмундагы "Баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуусу жөнүндө сотту аныктоого жеке даттануу аппеляциялык даттануу менен бир учурда каралган иш боюнча соттун чечимине берилет" жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 65-беренесинин 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы: "Арбитраждык соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен белгиленген жана сотто каралып жаткан жарандык иш үчүн мааниси бар жагдай кайрадан далилденбейт жана жарандык процесске катышып жаткан жактар тарабынан талашып-тартышууга мүмкүн" кароо предмети болот.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекс 1999-жылдын 29-декабрында № 146 мыйзамдарда белгиленген тартипте жана ага ылайык кабыл алынган, 2003-жылдын № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында" жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы кодекс болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар кимге, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндиктери соттук коргоого кепилдиктер берилет. Соттук коргонууга эч кандай чектөөгө жатпайт (40-берененин 1-бөлүгү, 20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын аталган ченемдери "Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө" эл аралык пактысынын 14-беренесинин 1-пунктунун жоболору менен макулдашылат, алар менен эгер адамдын укуктары жана милдеттери жөнүндө талаш-тартыш туудурган учурда, ар бир адамдын мыйзамдын негизинде түзүлгөн, көз карандысыз жана калыс сот тарабынан акыйкат жана эл алдында тиешелүү мөөнөттө териштирүүгө болгон укугунун кепилдиги бекитилет.
Ар бирине көз карандысыз жана калыс сот тарабынан акыйкат териштирүүгө болгон укукту камсыз кылуу институционалдык жана процесстик аспектилерге ээ. Институционалдык аспектиге мамлекет тарабынан бийликти бөлүштүрүү, сот бийлик бутагынын өз алдынчалуулук кепилдиги, өзгөчө квалификациялык талаптар жана соттук кызмат ордуна көрсөткөн талапкерлердин моралдык-нравалык сапатына коюлган талаптар кирет, бул сот органдарынын жана, атап айтканда, ар бир соттун көз карандысыздыгынын негиздерин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Процесстик аспектиге көз карандысыз жана калыс сот тарабынан акыйкат сот териштирүү болгон укук Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине бекитилген принциптер менен эрежелер кирет. Бул сот адилеттүүлүгүнүн тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун, иштердин сотко караштуулугу жана ведомствого караштуулук эрежелеринин, соттордун далилдерди баалоого болгон талаптар, сот чечимдеринин жүйөлөштүрүүсүнө, далилдерди ар тараптуу жана толук текшерүүнүн, ишти чечүүдө укук ченемдеринин туура колдонушунун негизинде жүзөгө ашыруу.
Соттук калыстыгынын так процесстик аспектиси сот өндүрүшүнүн бардык түрлөрүнө жана бардык сотторго карата судьядан баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуу институтунда ачык көрүнөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жазма буйруктарын ишке ашырууга багытталган (40-беренесинин1-бөлүгү, 94-беренесинин 1-бөлүгү, 99-беренесинин 3-бөлүгү).
Судьядан баш тартуу институтунун башкы максаты болуп, сот актыларынын мыйзамдуулугун жана акыйкаттуулугун камсыз кылуу жана аларды кабыл алуу учурунда ар кандай субъективдүү факторлордун таасир этүүсүнөн коргоо болуп саналат. Бул укуктук институт жарандык сот өндүрүшүнүн тапшырмаларын майнаптуу аткарууга багытталган.
Судьядан баш тартуу - бул судьяны ишти кароодон четтетүү, ал эгерде жеке (түз же кыйыр) иштин натыйжасына кызыкдар болсо же анын калыстыгына күмөн санаган башка жагдайлар болсо. Жарандык процессте судьядан баш тартуу (өзүнүн баш тартуусу) институту соттун калыстыгын камсыз кылуудагы маанилүү механизм болуп саналат. Анда, Жарандык процесстик кодексине ылайык судья эгерде ал ишке катышкан жактардын же алардын өкүлдөрүнүн биринин тууганы болсо, эгерде ал жеке өзү, түздөн-түз же кыйыр түрдө иштин аякталышына кызыкдар болсо же анын калыс экендигине күмөн туудурган башка жагдайлар болсо, эгерде ал иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, тилмеч, өкүл, сот отурумунун катчысы катары катышса, судья ишти карай албайт жана андан баш тартууга жатат. Ишти карап жаткан сот курамына өз ара тууганчылыкта турган адамдар кирүүгө мүмкүн эмес (17-берене).
Бирок ага карабастан, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 17-беренеси менен каралган негиздер боюнча судьядан баш тартууга жарыялап жатып, соттун жүрүм-туруму калыстык эместигин, көз карандысыз эместигин, ал эми анын ишти кароого болгон мамилеси - мыйзамдуу эмес экендигин далилдеп берүү зарыл, андай болбосо, судьянын калыстыгы презюмиленет.
Ошентип, судьялардын калыстыгы жарандык-процесстик каражаттар жана жол-жоболордун бардык жыйындысы менен камсыз кылынат, ал эми мыйзам тарабынан судьядан баш тартууга жана жеке арыз берүү менен судьядан баш тартуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө судьянын аныктамасына даттанууга көз карандысыз жана калыс сотко берилген укукту камсыз кылуучу керектүү укуктук каражат болуп саналат.
Ушундан улам, судьядан баш тартуу (өзүнүн баш тартуу) үчүн шарттуу негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 17-беренесинде көрсөтүлгөн, баалоочу мүнөзгө ээ жана судьянын мурдатан жаңылыш пикирде болбогондугу жөнүндө күбөлөндүргөн башка жагдайлар соттун чечиминде ачык көрүнөт жана судьянын калыстыгын бардыгы же жоктугу жөнүндө бир жактуу натыйжа чыгарууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, судьянын калыстыгы жана жаман ойдо болбогондугу тууралуу жыйынтык чыгаруу, баарынан мурда соттук актыда, өзгөчө анын жүйөлөштүрүлгөн бөлүгүндө негизделүүгө зарыл. Так ошол судья сот актысында далилдерди изилдөөдө жана баалоодо өзүнүн тигил же бул чечимдерин кенен жана карама-каршылыксыз кабыл алгандыгынын себебин баяндаса, андан жогору турган сот инстанциялары анын калыстыгынын бардыгы же жоктугу тууралуу баа бере алышат. Ошондуктан, кабыл алынган соттун чечимине жеке арызды апелляциялык арыз менен бирге кароону соттук укукту жана акыйкат сот адилеттүүлүгүнө болгон укукту бузуу катары кароого болбойт. Судьяны баш тартуудан жөнүндө аныктамага мындай даттануу тартиби сот процессин узартуу максатында берилген процесстик укуктарды кыянаттык менен пайдаланууну алып салууга багытталган.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 333-1-беренесине ылайык объективдүүлүк жана калыстык принцибин бузуу менен кабыл алынган соттун чечими ылайык, аны жокко чыгарууга шартсыз негиз болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 17-беренесинде каралган судьядан баш тартуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына даттануу тартиби соттун калыстыгы принциби менен ишти акылга сыйган мөөнөттө кароонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган деп эсептейт, жана судьялардын баш тартуу аргументтешпеген жүйөөлөрүн четтетет, ар биринин көз карандысыз жана калыс сот тарабынан соттук коргоого болгон жана акыйкат сот териштирүүгө болгон укугун бузбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 65-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун талашып-тартышып жатып, арыз берүүчүлөр укук ченемди колдонуучу аталган ченемди бейтарап соттордун чечимдерине колдонуп жаткандыгын билдиришет. Ошондуктан, арыз берүүчүлөрдүн талаш-тартыш туудуруучу ченемдин конституциялуулугу эместиги жөнүндө келтирген далилдери укук ченемди колдонуучу практиканын көйгөйлөрүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуу иштердин акыркы тизмеги каралган. Буга байланыштуу, кайрылган тараптын талаптары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуу эмес болгондуктан жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин негизинде токтотууга жатат.
Бул учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы аталган соттордун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Мыйзамы менен жөнгө салынуусун белгилейт. Өз учурунда аталган Мыйзамда бир гана "бейтарап сот" деген термин колдонулат. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы бул ченем арбитраждык соттордун чечимдеринде гана колдонулат деп эсептейт, алар Кыргыз Республикасынын 2004-жылы 8-августтагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып өз ишин токтоткон. Аны менен бирге, жоюлган арбитраждык соттордун чечимдери өз күчүн сактайт, жана талаш-тартыш туудурган ченем алардын преюдициалдуулугун камсыз кылат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 21-беренесинин 7-пунктун, көрсөтүлгөн бөлүгүндө судьядан баш тартуу же судьянын өзүнүн баш тартуусу жөнүндө сотту аныктоого жеке даттануу, каралып жаткан иш боюнча соттун чечимине аппеляциялык даттануу менен бир учурда берилгендиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 17-беренеге, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 65-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулсун.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы