КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июну № 305
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
23-январындагы № 26 “Аракка болгон бааларды
мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө”
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Алкоголдук продукция базарынын бардык субъекттерине бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу, базарды мыйзамдаштыруунун эсебинен мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн түшүүсүн көбөйтүү максатында, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 “Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө “токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
экинчи абзацындагы «60» цифрасы «81» цифрасы менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы «70» цифрасы «90» цифрасы менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги” деген сөздөр “фискалдык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |