Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ
2014-жылдын 31-октябры № 54-р
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө жаран Кочкорбаева Алтынбүбү Мустапаевнанын өтүнүчү боюнча
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин, судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы - М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап - жаран А.М.Кочкорбаеванын, ишеним каттын негизинде аракеттенген өкүлү С.Т.Джапаркуловдун;
жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекованын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 1, 4, 18, 19, 24, 37, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта автордук, мурас жана шайлоо укуктарын коргоодон тышкары башка иштер боюнча көзөмөл тартибинде даттанууларды же талаптарды бир жылдын ичинде берүү талабын бекиткен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жаран А.М.Кочкорбаеванын өтүнүчү себеп болду.
Автордук, мурас жана шайлоо укуктарын коргоодон тышкары башка иштер боюнча көзөмөл тартибинде даттанууларды же талаптарды бир жылдын ичинде берүү талабын бекиткен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы К.С.Сооронкулованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 27-мартында автордук, мурас жана шайлоо укуктарын коргоодон тышкары башка иштер боюнча көзөмөл тартибинде даттанууларды же талаптарды бир жылдын ичинде берүү талабын бекиткен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары - Жарандык процесстик кодекс) 344-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциянын 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна карама-каршы келет деп таап берүү жөнүндө жаран А.М.Кочкорбаеванын өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн жана ага тиркелген материалдардан келип чыккандай, жаран А.М.Кочкорбаеванын атасы Мустапа Кочкорбаев Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча кассациялык коллегиясынын 2005-жылдын 10-мартындагы токтомуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясына көзөмөл тартибиндеги даттануу менен өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 2010-жылдын 22-декабрында чыгарган аныктамасында Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2005-жылдын 10-мартындагы токтомуна көзөмөл тартибинде келтирген даттануусунун процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчүн карап, Жарандык процесстик кодекстин 344-беренесин жетекчиликке алып, көзөмөл тартибинде даттануунун өтүп кеткен процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган. Жогорку соттун соттук коллегиясы М.Кочкорбаев Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча кассациялык коллегиясынын 2005-жылдын 10-мартындагы токтому кабыл алынгандыгын билген деген тыянакка келген.
Жогоруда аталган аныктаманын кабыл алынышына Жарандык процесстик кодекстин 344-беренесинин 1-бөлүгү негиз болгондуктан, А.Кочкорбаеванын пикири боюнча, бул мыйзам ченеми анын жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратууга болгон укугун чектөө менен бирге, соттук коргонуу укугунун ишке ашырылышына жолтоо түзөт. Ошондуктан А.М.Кочкорбаева автордук, мурас жана шайлоо укуктарынан тышкары башка иштер боюнча көзөмөл тартибинде даттанууга бир жылдык мөөнөттү бекиткен Жарандык процесстик кодекстин 344-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосу Конституциянын 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна карама-каршы келет деп эсептейт.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 8-майындагы аныктамасы менен А.М.Кочкорбаеванын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Арыз берүүчү жаран А.М.Кочкорбаева, анын өкүлү С.Т.Джапаркулов сот жыйналышында өздөрүнүн талабын колдошуп, аны канааттандырууну өтүнүшөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, конституциялуулугу талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп автордук, мурас жана шайлоо укуктарын коргоодон тышкары башка иштер боюнча көзөмөл тартибинде даттанууларды же талаптарды бир жылдын ичинде берүү талабын бекиткен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосу каралат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык, 1999-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, № 146, "Эркин-Тоо" газетасынын 2000-жылдын 12-январындагы № 2 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонулуп жаткан Кодекс болуп эсептелет.
2. Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар кимге анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет. Бул укук адамдын негизги жана ажырагыс укуктарынын бири болуп, аны менен бир маалда адамдын жана жарандын бардык башка укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары таанылгандыктан, эч чектелүүгө тийиш эмес деп Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунда бекитилген. Ушуга байланыштуу, соттук коргоо укугунун конституциялык мазмунун аныктоо максатында Конституциялык палата бир нече чечимдеринде төмөнкү укуктук позицияларды келтирген: соттук коргонуу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин мамлекет тарабынан коргоонун универсалдуу укуктук каражаты катары эсептелет жана башка конституциялык укуктарга жана эркиндиктерге карата камсыз кылуу функциясын аткарат; соттук коргонуу укугу, мыйзам менен бекитилген уюштуруу-укуктук жана процессуалдык формаларда укуктардын таасирдүү калыбына келишинин кепилдиги болот (Конституциялык палатанын 2013-жылдын 22-ноябрындагы жана 27-декабрындагы, 2014-жылдын 12-февралындагы чечимдери).
3. Соттук коргонуу укугунун таасирдүү кепилдиги болуп жогору турган сот тарабынан ишти кайра кароо мүмкүнчүлүгү эсептелет. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Конституциясы, соттук коргонуу укугунун курамдык бөлүгү катары, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун максаттуу түрдө бөлүп, эч чектелүүгө тийиш эмес деп белгилейт (20-берененин 5-бөлүгүнүн 3-пункту). Ошону менен бирге, сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат деп Конституциянын 99-беренесинин 5-бөлүгүндө бекитилген.
Ушул конституциялык көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу максатында, ишти кайра каратууга болгон укукту камсыздоо үчүн адамдын жана жарандын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо системасынын алкагында, төмөнкү инстанциядагы соттордун актыларын жогору турган сотторго даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган.
Ушуга байланыштуу, бузулган укуктардын таасирдүү түрдө калыбына келишинин механизмин түзүү максатында мыйзам чыгаруучу Жарандык процесстик кодексте сот актыларын кайра кароонун төмөндөгүдөй жол-жоболорун аныктаган: биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирбеген (апелляциялык тартипте) жана күчүнө кирген (кассациялык тартипте) актыларын кайра кароо боюнча сот өндүрүшү; мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра карап чыгуу боюнча иш жүргүзүү (көзөмөл инстанциясындагы сотто иш жүргүзүү, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо).
Көзөмөл сот инстанциясынын укуктук табияты мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларындагы катачылыктарды жоюуга багытталган. Мындан тышкары, жарандык процессуалдык жөнгө салуу системасында көзөмөл сот инстанциясы биринчи инстанциядагы, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун актыларын текшерүү жана катачылыктарын жоюудан башка, мындай актылардын адилеттүүлүгүн жана мыйзамдуулугун камсыздоонун кошумча кепилдиги катары каралат.
Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча жергиликтүү соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат деп аныктаган Конституциянын 96-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, сот процессинин катышуучуларынын даттануулары боюнча сот актыларын кайра кароо түрүндө жергиликтүү соттордун сот ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жүктөлгөн (Жарандык процесстик кодекстин 2-беренесинин 7-пункту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө Мыйзамынын 14-беренесинин 1-пункту).
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын баардык аймагында аткарылууга тийиш (100-берененин 1-бөлүгү). Соттук акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып төгүндөлбөстүк, артыкчылык, милдеттүүлүк, преюдициялдуулук, аткарымдуулук белгилерине ээ болот. Бул белгилердин айкалышы соттук чечимдин мыйзамдуу күчүн билдирүү менен бирге бирдиктүүлүктө анын туруктуулугун камсыз кылат.
Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кайра кароонун негиздерин, шарттарын, тартибин жана мөөнөттөрүн мыйзам менен бекитүү зарылдыгы, жогоруда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнүн талаптарынан келип чыгат. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды текшерүү маңызы боюнча бул соттук актылардын акыркылыгын чектөө мүмкүндүгүн билдиргендиктен, мыйзам чыгаруучу аларды көзөмөл тартибинде кайра кароонун институционалдык жана жол-жоболук шарттарын тийиштүү түрдө орнотууга милдеттүү. Бул шарттар процессуалдык натыйжалуулук, соттук коргоонун каражаттарын колдонууда үнөмдүүлүк талаптарына жооп бергидей болуш керек. Соттук териштирүүнү созуу мүмкүнчүлүгүнө же негизсиз кайра жаңылантууга жол бербей жана ошону менен сот чечиминин адилеттүүлүгүн жана укуктук аныктыгын, анын ичинде соттук чечимдердин мыйзамдуу күчүн, алардын талашсыздыгын таанууну камсыз кылыш керек.
Жарандык процесстик кодекстин 10-главасына ылайык мыйзам менен бекитилген процессуалдык укуктарды ишке ашыруунун жана аракеттерди аткаруунун мөөнөттөрү бул максаттарга кызмат кылат. Булардын катарына көзөмөл тартибинде сот актысын кайра кароо жөнүндө даттанууларды же талаптарды берүүнүн мөөнөтү кирет (Жарандык процесстик кодекстин 344-беренесинин 1-бөлүгү).
Процессуалдык укуктук мамилелердин туруктуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында процессуалдык мөөнөттөрдү аныктоо менен бирге, мыйзам чыгаруучу ошол эле убакытта сот процессинин катышуучуларынын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылууну көздөйт. Анткени, эгерде бир тарап соттук коргонуу, ошонун ичинде иштин чечилишине таасир эткен сот катачылыктарын көзөмөл өндүрүшүнүн жардамы менен оңдоо мүмкүнчүлүгүнө укуктуу болсо, экинчи тарап мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими менен таанылган укуктук абалынын туруктуулугуна толук ишеничте болууга, сот чечиминин аткарылышын талап кылууга укуктуу.
Ошондуктан, кызыкдар тараптардын көзөмөл тартибинде даттанууларды берүү мүмкүнчүлүгү бир жылдык мөөнөт менен чектелгени, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугун ишке ашырууда тоскоолдук катары каралышы мүмкүн эмес. Муну менен мыйзам чыгаруучу, катачылык менен кабыл алынган сот актыларын кайра кароонун, процессуалдык натыйжалуулуктун талаптарына жана соттук коргонуунун каражаттарын колдонууда үнөмдүүлүккө жооп берген, соттук териштирүүнү созуу мүмкүнчүлүгүнө же негизсиз кайрадан башталышына жол бербеген, сот чечимдеринин адилеттүүлүгүн камсыз кылган процессуалдык шартты белгилеген.
Каралып жаткан маселенин тийиштүү түрдө жөнгө салынбагандыгы укуктук мамилелердин туруктуулугунун бузулушуна, алардын катышуучуларынын биротоло сот актысы менен белгиленген укуктук статусун эркин өзгөртүүгө алып келмек, талаш-тартыш материалдык укук мамилелеринде, ошондой эле соттук талаштарга байланыштуу болгон процессуалдык укук мамилелериндеги так эместикти билдирмек.
Демек, жарандык процесстик мыйзамдардын колдонулуп жаткан тутумунда сот актысын көзөмөл тартибинде кайра кароо жөнүндө даттанууларды же талаптарды берүү мөөнөтүнүн Жарандык процесстик кодекстин 344-беренесинин 1-бөлүгүндө бекитилиши көзөмөл өндүрүштүн милдетине ылайык келет, кызыкдар тараптарга соттук катачылыкты оңдоо максатында мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыны талашуу укугун колдонууга жолтоо болбойт жана соттук коргонуу укугун бузуу катары каралышы мүмкүн эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүгүнүн автордук, мурас жана шайлоо укуктарын коргоодон тышкары башка иштер боюнча көзөмөл тартибинде даттанууларды же талаптарды бир жылдын ичинде берүү талабын бекиткен ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы