Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 токтому менен бекитилген |
1. Бул, Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары-Жобо) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына ылайык иштелип чыккан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулуктарга, жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартибинин жана аларды стандартташтыруунун негизги тартиптерин белгилейт.
2. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
муниципалдык кызматтардын аутсорсинги - аталган кызматтарды көрсөтүү тартибин белгилеген мыйзамдардын талаптары сакталган шарттарда жеке менчик жана башка менчик формаларынын негизиндеги уюмдарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү укугун өткөрүп берүү;
муниципалдык кызматтардын базалык реестри- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ыйгарым укуктарга ылайык, керектөөчүлөргө акылуу жана акысыз негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын минималдуу тизмеси;
муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси - администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде киргизилген, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө, жергиликтүү коомчулуктун керектөөсүнө жараша муниципалдык кызматтардын базалык реестринен сырткары түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечими боюнча керектөөчүлөргө акылуу жана акысыз негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын тизмеси;
муниципалдык кызматтарды аткаруучу - өздөрүнүн компетенциясынын чегинде муниципалдык кызмат көрсөткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык мекемелер;
муниципалдык кызматтардын реестри - базалык реестрден жана конкреттүү администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинен турган муниципалдык кызматтардын тизмеси;
муниципалдык кызмат - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык мекемелердин жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабын аткаруу боюнча алардын укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, ченемдик укуктук актылар менен аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга багытталган алардын компетенциясынын чегинде ишке ашырылган иштеринин натыйжасы же аймактын элинин жашоо-тиричилик маселелерин камсыздоо;
муниципалдык акысыз кызмат - кайтарымсыз негизде жеке жана юридикалык жактарга бюджеттик каражаттардын эсебинен акысыз көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат;
муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат - мыйзамдарда белгиленген акы үчүн жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү негизде (толук же жартылай) көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат;
муниципалдык кызматты керектөөчү- муниципалдык кызматты аткаруучуга түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрылган жергиликтүү коомчулук, жеке же юридикалык жак;
муниципалдык кызмат стандарты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү муниципалдык кызматтын типтүү стандартынын негизинде иштелип чыгуучу, муниципалдык кызматты аткаруучу менен кызмат керектөөчүнүн өз ара аракеттенүү жол-жобосун аныктоочу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү муниципалдык кызматка коюлган талаптардын системалаштырылган тобу;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча мамлекеттик орган.
3. Ушул Жободо белгиленген ченемдер иштери муниципалдык кызмат көрсөтүүгө байланышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жөнгө салуу жана контролдоо функцияларын аткаруу боюнча иштери муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрине киргизилбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизилген мамлекеттик кызматтар мамлекеттик кызматтардын мындай түрлөрү үчүн иштелип чыккан стандарттардын негизинде ишке ашырылат.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, типтүү стандарттын негизинде иштелип чыгуучу муниципалдык кызматтардын стандарттарына ылайык муниципалдык кызматтар көрсөтүлөт.
7. Муниципалдык кызматтардын реестрине киргизилген муниципалдык кызматтар төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
1) тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жеке жана юридикалык жактардын суроо - талабынын же тиешелүү аймактын калкынын жашоо-тиричилигин камсыздоо боюнча муктаждыктын болушу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мындай муниципалдык кызмат көрсөтүүгө компетенттүүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Кыргыз Республикасынын башка ченемдик - укуктук актыларынан келип чыгуучу тиешелүү милдеттеринин болушу;
3) аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түздөн -түз байланышкан муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;
4) муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу мүмкүнчүлүгү.
Бул критерийлердин бирине да жооп бербеген муниципалдык кызмат муниципалдык кызматтардын реестрине киргизилбейт.
8. Төмөнкү учурлардан тышкарыда муниципалдык кызматтар акысыз негизде көрсөтүлөт:
1) муниципалдык кызмат көрсөтүү аны керектөөчүгө кооптуу объекттерди ээлөөгө, пайдаланууга же айлана - чөйрө жана экология үчүн (курулуш жана аны менен байланышкан башка иш) коркунучтуулугу жогору ишти жүргүзүүгө укук берсе же ишкердик иш жүргүзүү үчүн керектүү шарттарды түзсө;
2) биринчи кызмат акысыз негизде көрсөтүлгөн шартта, экинчи жолку жана ар бир кийинки муниципалдык кызмат көрсөтүү;
3) муниципалдык кызмат көрсөтүү муниципалдык кызматтарга карата белгиленген стандарттык талаптардан ашыкча көрсөтүлсө (мөөнөтү, шарттуулугу, кызмат көрсөтүү орду боюнча ж.б.у.с.);
4) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында акысыздыгы бекитилген, ошондой эле эл аралык конвенциялар боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринен келип чыгуучу муниципалдык кызматтар акы төлөө негизинде көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн бардык муниципалдык кызматтарды баштапкы инвентаризациялоодон өткөрөт. Муниципалдык кызматтарды баштапкы инвентаризациялоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен уюшулган жумушчу комиссия (мындан ары-комиссия) жүргүзөт.
10. Комиссия өз ишин ушул Жобонун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен комиссиянын иш тартибин, чечимдерди кабыл алуу жол-жобосун, комиссиянын курамынын өзгөрүшүн жана комиссиянын максаттарына, милдеттерине жетишүү үчүн керектүү башка маселелерди жөнгө салуучу комиссия жөнүндө жобонун негизинде жүргүзөт.
11. Комиссиянын курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнөн, бизнес коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
12. Комиссиянын персоналдуу курамын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.
13. Комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- муниципалдык кызматтардын белгиленген критерийлерге ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү;
- аныкталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдик укуктук базасын инвентаризациялоо;
- базалык реестрди тактоо жана түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
- суроо-талаптары боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүлгөн жана ал таркатылган керектөөчүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн негиздүүлүгүн жана аны көрсөтүү менен байланышкан аракеттерди иликтөө;
- муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоорун даярдоо;
- муниципалдык кызматтарды базалык реестрине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча негизделген сунуштарды, ошондой эле юридикалык жана жеке адамдарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө укуктарды өткөрүп берүү боюнча сунуштарды даярдоо (аутсорсинг);
- муниципалдык кызматтарды, анын ичинде юридикалык жана жеке адамдарга берилген кызмат көрсөтүү укуктарын туруктуу негизде мониторингдөө жана сапатын талдоо;
- муниципалдык кызматтарды уюштуруунун жана көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, анын ичинде аларды регламентациялоо, стандартташтыруу жана маалыматташтыруу маселелери боюнча Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары- Ведомстволор аралык комиссия) кароосуна киргизүү үчүн сунуштарды даярдоо, ошондой эле муниципалдык кызматтардын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү(же аракеттерди ирилештирүү).
Комиссиянын чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ болот жана тиешелүү протокол менен таризделет.
14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук жана башка документтерди изилдөөнүн жана талдоонун негизинде, ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык муниципалдык кызматка киргизүүнүн критерийлерине ылайыктуулугун талдоону жана 8-пунктта белгиленген критерийлерге ылайык муниципалдык кызматтардын акы төлөнүүчү/акысыз негиздерин аныктоонун жыйынтыктары боюнча комиссия муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоорун түзөт.
Муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоору төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
- муниципалдык кызматтын түрү;
- муниципалдык кызматтын аталышы;
- муниципалдык кызматты аткаруучу;
- муниципалдык кызматтын акы төлөмө же акысыздыгы.
15. Муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоорун киргизүүдө ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн төмөнкү документтерди тиркейт:
- муниципалдык кызматты алууга кызыкдар болгон керектөөчүлөр чөйрөсүнө андай кызмат кандай ченемдик- укуктук актыларга ылайык бериле тургандыгын көрсөтүү менен тиешелүү муниципалдык кызматты муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизүү зарылдыгы жөнүндө негиздеме- маалымкат;
-муниципалдык кызматтын ушул Жободо белгиленген критерийлерге ылайыктуулугу жөнүндө таблица;
-өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду же алып салууну киргизүүнү талап кылган ченемдик- укуктук актылардын тизмеси;
- юридикалык жана жеке адамдарга кызмат көрсөтүү укугунун берилиши мүмкүн болгон муниципалдык кызматтардын тизмеси.
16. Муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбооруна тиркөө үчүн милдеттүү болгон документтердин биринин эле жоктугу талап кылынган материалдар толук такталганга чейин Ведомстволор аралык комиссиянын кароодон баш тартуусунун негизи болуп калат.
17. Муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоору Ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү чечим (корутунду) чыгаруу менен каралат.
18. Ыйгарым укуктук мамлекеттик орган Ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусун алып, тийиштүү сунуштамаларды эске алгандан кийин тиешелүү ченемдик-укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.
19. Муниципалдык кызматтардын базалык реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилгенден же ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө 10 күндүк мөөнөттө коомчулукка маалымдоо керек.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коомчулукка белгиленген тартипте маалымдайт, анын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун веб-сайттарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн имараттарында жайгаштырылган туруктуу маалыматтык такталарында же башка коомдук жерлерде жарыялайт.
20. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге көтөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери, жарандардын жыйналыштары (жыйындар) ээ болот.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери, жарандардын жыйналыштары (жыйындар) муниципалдык кызматтардын базалык реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштары менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылышат.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суроо-талаптын негизинде 30 күндүк мөөнөттө сунушту ушул Жобого ылайык карап чыгып, андан кийин муниципалдык кызматтардын базалык реестрине тиешелүү өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү демилгелейт же болбосо андан негиздүү баш тартуусун билдирет.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Ведомстволор аралык комиссиянын муниципалдык кызматтардын базалык реестрине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү маселеси боюнча оң корутундусун алгандан кийин чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизет.
24. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кызматты киргизүү боюнча сунушту жарандардын жыйналышынын (жыйыны), муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын суроо-талабынын негизинде, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзүнүн демилгеси боюнча киргизет.
25. Кошумча муниципалдык кызмат конкреттүү-администрациялык аймактык бирдиктин аймагында (шаарлар, айылдык аймактар) киргизилет жана көрсөтүлөт.
Айрым кошумча муниципалдык кызматтар муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында, бир канча администрациялык-аймактык бирдиктин (шаарлар, айылдык аймактар) аймагында киргизилиши жана көрсөтүлүшү мүмкүн.
26. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун даярдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен мүчөлөрү 5тен кем эмес курамдан турган комиссия түзүлөт. Ошол эле учурда жарандык коомдун өкүлдөрү комиссиянын курамынын 50%дан кем болбоого, ал эми бир жыныстагылардын өкүлдөрү 70%дан ашпоого тийиш.
Комиссияны төрага - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун орун басары жетектейт. Комиссиянын чечими сунуштама мүнөздөмө болуп, тиешелүү протокол менен таризделет.
27. Комиссия каралып жаткан кызматтардын муниципалдык кызматтардын критерийлерине жана ушул Жобонун 7 жана 8- пункттарына ылайык кызматтын акы төлөмө, акысыз критерийлерине ылайыктуулугун аныктайт.
Комиссия көз карандысыз эксперттерди чакыруу менен экспертиза жүргүзөт.
28. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
жергиликтүү кеңештин чечими;
муниципалдык кызматтын аталышы;
муниципалдык кызматтарды стандартташтырууга жооптуу органдын аталышы;
муниципалдык кызматты аткаруучунун аталышы;
кызмат көрсөтүүнүн (акысыз же акы төлөнүүчү) шарттары.
29. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы суроо-талап алган датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде комиссиянын сунуштамасынын негизинде жергиликтүү кеңештин кароосуна муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун киргизет же кошумча кызматтардын демилгечилерине (арыз ээлерине) негиздүү баш тартуусун билдирет.
30. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору жергиликтүү кеңештин кароосуна төмөнкү документтерди тиркөө менен киргизилет:
арыз же жарандардын жыйналышынын (жыйынын) чечиминин протоколу;
муниципалдык кызмат алууга кызыкдар болгон керектөөчүлөрдү аныктоо менен аталган кошумча муниципалдык кызматтын зарылдыгы жөнүндө негиздеме - маалымкат;
муниципалдык кызматты акысыз негизде көрсөтүү үчүн керектүү бюджеттик сарптоолор;
керектөөчүлөргө муниципалдык кызматты акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүнүн негиздемеси, муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн наркынын антимонополиялык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган эсептөөлөрү менен;
жергиликтүү кеңештин чечиминин долбоору.
31. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат.
32. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү аны түзгөндөй эле тартипте жүргүзүлөт.
33. Акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүүгө, ага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу орган жана Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашылгандан кийин гана жол берилет.
34. Муниципалдык кызматтардын стандартынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген типтүү стандарттын негизинде муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу үчүн жооптуу орган тарабынан муниципалдык кызматтардын реестрине кызмат киргизилген датадан кийинки 30 күндөн кечиктирилбестен иштелип чыгат.
35. Стандартташтырууга жооптуу орган муниципалдык кызматтын стандартын иштеп чыгууда жана бекитүүдө муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн принциптерин сактоого милдеттүү: кызматтын жеткиликтүүлүгү, кызматтын сапатын камсыздоо, керектөөчүгө багытталышы, отчеттуулук, айкындуулук, кызматты алуудагы тең укуктуулук, керектөөчүлөрдүн кызматтардын реестрлерин түзүү процессине катышуусу, көрсөтүлгөн кызматтардын натыйжалуулугу.
36. Муниципалдык кызматтардын стандартынын долбоору ушул Жобонун 9 жана 26 - пункттарына ылайык ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзгөн комиссиялар тарабынан ишке ашырылат.
37. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген муниципалдык кызматтардын стандарттарынын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашкандан кийин киргизилет.
38. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген муниципалдык кызматтардын стандартынын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан тиешелүү жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.
39. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге муниципалдык кызматтардын реестрине кирбеген кызматтарды керектөөчүлөргө көрсөтүүгө тыюу салынат.
Бул Жобонун ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген кызматтар керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн учурларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана алардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
40. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекемелер тарабынан муниципалдык кызматтардын реестрине киргизилбеген, акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн алынган кирешелер толук көлөмдө жана милдеттүү түрдө жергиликтүү бюджетке алынат.
41. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген, муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө жол берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдарына жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган муниципалдык кызматтарды уюштурууга жана көрсөтүүгө жумшалган чыгымдардын ордун толук толтуруу менен тартиптик же материалдык мүнөздөгү жаза көрүлүшү мүмкүн.