Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июну № 306
Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун
жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясы жөнүндө
(“Ден соолук-2020”)
Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоо жана чыңдоо, саламаттык сактоо секторун андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясы (“Ден соолук-2020”) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үч айдын ичинде Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Стратегияны ишке ашырууну жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |