Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясы (“Ден соолук-2020”) (мындан ары – Стратегия) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген негизги багыттарды, ошондой эле 2012-жылдын сентябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык региондук комитетинин 62-сессиясында кабыл алынган “Ден соолук-2020” региондук саясатынын негиздеринин жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоого жана чыңдоого багытталган.
Стратегия мурдагы реформаларды ишке ашыруунун ийгиликтерине таянып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасын ишке ашырууну улантуу менен калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо маселесине секторлор аралык мамиленин негизинде саламаттык сактоо секторун жакшыртуу боюнча стратегиялык көз карашты камтыйт.
Европалык регионго мүчө мамлекет катарында Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун “Ден соолук-2020” региондук стратегиясынын алкагында кабыл алынган, калктын ден соолугун кыйла жакшыртып, бейпилдик деңгээлин жогорулатууга, ден соолук жагынан теңсиздикти азайтууга, коомдук саламаттык сактоону чыңдоого жана элдин муктаждыгына багытталган, жардамдын жогорку сапаты жана калкты жалпы камтуу, социалдык адилеттүүлүк жана туруктуулук принциптерин аткаруу менен мүнөздөлгөн туруктуу саламаттык сактоо системасын камсыз кылууга багытталган максаттарды колдойт.
“Ден соолук-2020” европалык саясатынын негизги принциптери адамдын ден соолугун өмүр бою чыңдоо жана сактоо маселелеринде координациялоону жана лидерликти, ден соолук үчүн туруктуу жамааттарды жана жагымдуу шарттарды түзүүнү камтыйт. Стратегиянын принциптери толугу менен 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасынын принциптерине шайкеш келет.
Бул Стратегия «Ден соолук» Программасында аныкталган негизги артыкчылыктуу тармактар боюнча андан аркы колдоо көрсөтүүгө жана чыңдоого, ошондой эле секторлор аралык кызматташууну күчөтүүгө багытталат. Ошону менен бирге эле, бул Стратегия туруктуу өнүгүү моделин эске алуу менен комплекстүү чараларды талап кылуучу башка актуалдуу маселелерди камтыйт.
Саламаттык сактоо системасында болуп жаткан зарылдыктарды жайгаруу үчүн бүгүнкү күндө жалпы мамлекеттик мамиле керек жана саламаттык сактоо маселелерин ден соолуктун абалына таасир берген башка секторлордун программалык документтерине интеграциялоо жана социалдык коргоо, билим берүү, айыл чарба жана суу менен камсыздоо, экономикалык жөнгө салуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ж.б. сыяктуу кызматтардын жеткиликтүү болушу талап кылынат.
Калктын саламаттыгына саламаттык сактоо секторунун иши айрым жактарынан гана таасир этет. Саламаттыкка генетикалык факторлор жана адамдын жашоо шарты да таасир берет; социалдык, экономикалык шарттар, ошондой эле тышкы чөйрөнүн абалы да маанилүү.
Мамлекеттик саясат калктын ден соолугун чыңдоого өбөлгө болуучу чөйрөнү түзүүнү камсыздашы керек, бул жарандарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жергиликтүү жамааттарга туура тандоого жана туура жашоо сүрүүгө жардам берет.
Стратегиянын максаты секторлор аралык мамиленин жана тилектештик принциптерин сактоонун негизинде элдин жана ар бир адамдын кызыкчылыгында ар кандай оорулардын натыйжалуу алдын алуу, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтардын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн керектүү социалдык, экономикалык жана башкаруучулук шарттарды түзүүнү көздөйт.
Ар бир жаран саламаттыгын сактоого укуктуу. Мамлекет ден соолук жагындагы теңсиздикти, анын ичинде саламаттыкты сактоо үчүн зарыл болгон социалдык-тиричилик шарттардын болушундагы айырмачылыктарды азайтууга кызыкдар.
Бул Стратегия төмөнкү ыкмаларды колдонот:
1. Саламаттык сактоо кызматтарынын жалпы элге жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
2. Элдин аялуу топторунун (өспүрүмдөр, улгайып калган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ж.б.) муктаждыктарын канааттандырууга багытталган так стратегиянын болушу.
3. Калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо маселелерине башка секторлорду да тартуу.
Социалдык-экономикалык жана маданий факторлорду, саламаттык сактоо маселелерин тармактык программаларга интеграциялоону эске алуу менен ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгы бар.
Бул Стратегия калктын бейпилдик деңгээлин жогорулатууга, эркектер менен аялдардын ортосунда ден соолук жаатында теңсиздикти азайтууга, айыл жергесиндеги жана социалдык-экономикалык төмөн статустагы адамдардын жашоо шартын жакшыртууга багытталат.
Социалдык теңсиздикти азайтуу ден соолукка жана бейпилдикке кыйла салымын кошот. Эркектердин күтүлүүчү жашоо узактыгы аялдарга салыштырмалуу 8 жылга азыраак. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон эрте өлүмдөрдө кыйла гендердик ажырым бар. 0-64 курактык топто кан айлануу тутумунун ооруларынан эркектердин өлүмгө учуроо коэффициенти аялдардын өлүмүнөн 2,5 эсеге көбүрөөк, жүрөктүн коронардык оорусунан - 3 эсе жана цереброваскулярдык оорулардан - 1,9 эсеге көп.
Эркектер арасында өлүмдүн көбүрөөк болушу бир катар факторлорго, анын ичинде жүрүм-турумдук факторлорго байланыштуу, бул тамеки жана алкоголду керектөө, тамактануу жана кыймыл-аракеттеги активдүүлүк, медициналык абалдар жөнүндө жетишсиз маалымдалганы (мисалы, артериялык кан басымдын жогорулугу), баштапкы медициналык жардамды пайдалануунун төмөн коэффициенти. Мындан улам өнөкөт оорулар кеч аныкталып жана канааттанарлык кароого алынбай калат.
Өзгөчө айыл жергесинде калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгү медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө таасир тийгизет. Мында эркектер менен аялдардын ортосунда эмгек шарттары бирдей эмес. Аялдар эркектерге салыштырмалуу аз төлөнгөн кызматтарда иштешкени алардын киреше алып келүүчү ишти үй чарбасын жүргүзүү жана үй-бүлө мүчөлөрүн кароо менен айкалыштырууга мажбур болушуна алып келүүдө.
Өзгөчө айыл жергесинде медициналык кадрларга байланыштуу кырдаал көйгөйлүү бойдон турат. Медициналык кадрлардын кетиши саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлиндеги дарыгерлердин иш жүгүнүн көбөйүшүнө алып келүүдө, бул элге медициналык жардамдын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө терс таасирин тийгизип жатат.
Улгайган курактагы адамдардын ден соолугу жашоо циклинин аралыгындагы бардык жакшы жана жаман таасирлерге жараша болот. Пренаталдык мезгил жана эрте жаштагы курак андан аркы жашоосунда ден соолукту чыңдоо үчүн, ошондой эле ден соолук жагынан социалдык теңсиздикти болтурбоо үчүн өзгөчө маанилүү мезгил. Ден соолукту өмүр бою чыңдоо өзүнө тобокелдин зыяндуу факторлорунун таасирин азайтууга, эрте жаштагы куракта баланын өсүшүнө жана элдин өз ден соолугу үчүн жооптуулугун жогорулатууга багытталган социалдык, экономикалык жана физикалык чөйрөнү түзүүчү иш-чараларды камтыйт.
Адамдын ден соолугу күндөлүк жашоо шарттарынын комплекси менен түзүлөт жана сакталат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ден соолукту оорунун же денеде мандемдин жоктугу гана эмес, дене-бойдогу, психикалык жана социалдык толук бейпилдик катары аныктайт. Ден соолук жана бейпилдик айрым адамдардын, коомдун, калктын топторунун ортосундагы көптөгөн факторлордун жана мамилелердин таасиринен жаралат. Ден соолукту сактоого карата жашоонун бардык этаптарын камтуучу чечимдерди кабыл алуу жашоодогу окуялардын, биологиялык коркунучтардын жана ден соолуктун детерминанттарынын ортосундагы татаал өз ара байланышты моюнга алууну шарттайт.
Ден соолуктун социалдык детерминанттары адамды өмүр бою коштоочу факторлор болуп саналат жана өзүнө бейпилдикти, кирешелерди жана жакырдыкты, эмгек стажын, коомдун турмушунда андан ары катышуусун, көз карандылыкты жана ооруларга социалдык аярлуулукту, майыптыкты, изоляцияны жана социалдык колдоонун жоктугун камтыйт. Ден соолуктун социалдык детерминанттары ден соолукка карата адилетсиздиктин негизги себеби болуп саналат.
Ден соолукка таасир этүүчү башка маанилүү фактор болуп айлана-чөйрөнүн абалы саналат. Ден соолукка болгон коркунучтуу факторлордун кыйла бөлүгү экологиялык шарттарга байланыштуу. Мисалы, тиричиликте катуу отунду колдонуунун натыйжасында үйдүн ичиндеги абанын булганышы Кыргыз Республикасында ооруларга чалдыгуунун жалпы түзүмүндө тобокелдиктин негизги факторлорунун бири болуп саналат. (Оорулардын глобалдуу жүгү, 2010-жыл).
Инфекциялык эмес оорулар республиканын калкынын майыптыкка, ооруга чалдыгуусунун жана эрте өлүмгө учуроосунун негизги себептери. Инфекциялык эмес негизги төрт оору (жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өнөкөт респиратордук оорулар жана диабет) эл арасындагы кыйла оор жана эрте өлүмгө дуушарланткан оорулар.
Кыргыз Республикасы Миң жылдык өнүктүрүү максаттарына (МӨМ-4, МӨМ-5, МӨМ-6) жетишүү боюнча өзүнө алган милдеттердин алкагында энелердин жана балдардын өлүмүн азайтуу, ВИЧ-инфекцияга жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча тиешелүү натыйжалуу чараларды көрүү саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет.
Азыркы кырдаалды талдоо.
Инфекциялык эмес ооруларда жалпысынан негизги төрт коркунуч факторлору бар: тамеки тартуу, алкоголду көп ичүү, туура эмес тамактануу жана дене-бой активдүүлүгүнүн жоктугу. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча инфекциялык эмес оорулардын негизги коркунуч факторлорун жоюу жүрөк оорулардын, инсульттун жана 2-типтеги диабеттин 80 % учурун болтурбоого жана рак ооруларынын 40% учурун болтурбоого мүмкүндүк берет. Бирок көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында да саламаттык сактоо кызматтары негизги көңүлдү инфекциялык эмес оорулардын алдын алууга эмес, дарылоо маселесине бөлүшөт.
Энелердин өлүмдөрүнүн себептерин талдоо, анын кош бойлуу, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде көптөгөн түз жана кыйыр себептер менен шартталганын көрсөтүп турат. Энелердин 80% өлүмү түз себептерден улам (акушердик патологиялардын себебинен) болгон. Энелердин өлүмүнүн кыйыр себептери (20 %) болуп кош бойлуулукту татаалдаткан оорулар же кош бойлуулуктан улам күчөгөн оорулар саналат.
Бала курагындагы ден соолуктун абалы кийинки жашоосундагы ден соолуктун абалын аныктайт жана болочок муундардын саламаттыгына таасирин тийгизет. Ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу багытында жүргүзүлгөн иш-чаралардан улам ымыркайлар өлүмүнүн деңгээли расмий статистиканын маалыматы боюнча 2007-жылдан бери туруктуу азаюу багытында болуп, 2012-жылы 1000 тирүү төрөлгөндөргө 19,8ди түзгөн.
ВИЧ-инфекциянын жаңы учурларын каттоонун көбөйгөнү баңги заттарды сайынуучулар арасында эпидемиянын жайылышы уланып жаткандыгына байланыштуу (ВИЧ-инфекциянын инъекциялык жайылышы негизги таркалуу жолу болуп жатат), алардын үлүшү 65,3 % түзөт (2009-жылы - 66,7 %). Бүгүнкү күндө республикада ВИЧ/СПИД эпидемиясы концентрацияланган стадиясында турат, бирок оорунун элдин жалпы популяциясына таралуу коркунучу бар.
Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында кургак учукка чалдыгуу жана андан өлүмгө учуроо азайган тенденция бар, бирок опурталдуу эпидемиологиялык абал сакталган бойдон калууда. Ооруга чалдыккан жаңы учурлар оору өтүшүп кеткен убактарда аныкталууда, мунун себеби – миграциянын көптүгү, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгү, ошондой эле кургак учук жөнүндө калктын жетишсиз маалымдалганы, кургак учуктун туруктуу түрү менен ооруган бейтаптардын санынын көбөйгөнү жана айрым контингенттерди дарылоонун кыйындыгы.
Коюлган маселелерди чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1. Инфекциялык эмес ооруларды контролдоо жана алдын алуу приоритетин жогорулатуу үчүн секторлор аралык кызматташуунун жана өнөктөштүктүн натыйжалуу тутумун түзүү;
2. Инфекциялык эмес оорулардын бүт элге жана айрым адамдарга жалпы модификациялык коркунуч факторлорунун таасирин азайтуу.
Маселелерди чечүү максатында төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
1. Инфекциялык эмес оорулардын негизги коркунуч факторлорунун таасиринин алдын алуу жана азайтуу боюнча иш-чараларды ар кайсы кызыкдар ведомстволордун жана секторлордун деңгээлинде жүргүзүү.
2. “Ден соолук” Программасында айтылган, гипертония жана диабетти эрте аныктоого, каттоого жана натыйжалуу дарылоого, катуу кармаган учурларда тийиштүү түрдө жана өз убагында кийлигишүүгө, ошондой эле инсульттан жана инфаркттан реабилитациялоо жана бул оорулардан болуучу жана токтотууга болбоочу эрте өлүмдүн деңгээлин азайтуу максатына багытталган жеке тейлөө менен камтууну кеңейтүү.
Ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу жана эненин саламаттыгын сактоону жакшыртууга байланыштуу максаттарга жетишүү боюнча аракеттер төмөнкү маселелерди чечүүгө топтолот:
1.Эненин жана баланын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
2. Эненин саламаттыгынын коопсуздугу жана үй-бүлөнү пландаштыруу, балдар арасында ооруга чалдыгуунун алдын алууну камсыздоо маселелери боюнча аялдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн маалымдоону жакшыртуу.
3. Секторлор аралык кызматташууну күчөтүү.
Бул маселелердин алкагында төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
1. Бардык балдарды сунушталган алдын алуучу кызматтардын стандарттуу пакети менен камсыздоо, анын ичинде:
- өсүшүн баалоо;
- алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына ылайык калкты 95% кем эмес камтуу деңгээли менен эмдөө;
- азык-түлүк продуктуларын микроэлементтер менен байытуу;
- оорулардын алдын алуу маселеси боюнча ата-энелерди консультациялоо.
2. Антенаталдык, перинаталдык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын, ошондой эле баштапкы деңгээлдин жана төрөткө жардамдашуучу уюмдардын өз ара байланышта аракеттенүүсүн жакшыртуу, анын ичинде аялдарга жана ымыркайларга жардам көрсөтүүнүн транспорттук-консультациялык тутумун ишке киргизүү.
3. Натыйжалуу перинаталдык кароо боюнча программанын ишке ашырылуу географиясын андан ары кеңейтүү.
Коюлган маселелерди чечүү үчүн төмөнкүлөр керек:
1. ВИЧ-инфекциянын жайылышын чектөө.
2. Стратегиялык координацияны жана мамлекеттик саясатты башкарууну өркүндөтүү.
Маселелерди чечүү максатында төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
1. Калктын негизги аялуу топтору арасында ВИЧ-инфекциянын диагностикасы үчүн кызматтардын базалык пакетин камсыз кылуу, антиретровирустук препараттар менен жабдуу жана медициналык процедуралардын коопсуздугун камсыздоо, медициналык кызматкерлерди окутуу.
2. Айылдык ден соолук комитеттери, мектептер аркылуу калк менен алдын алуучу иш жүргүзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланышта иштешүү.
Коюлган маселелерди чечүү үчүн төмөнкүлөр керек:
1. Кургак учукту, анын ичинде дарыга туруктуу кургак учукту жарандык жана пенитенциардык секторлордо өз убагында сапаттуу аныктоону жана дарылоону камсыздоо.
2. Кургак учук менен ооруп жаткан бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу.
3. Калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана кургак учукка каршы күрөшүү маселесин чечүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу.
Маселелерди чечүү максатында төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
1. Калктын бардык топторунда кургак учукту аныктоо жана диагностикасы боюнча кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
2. Кургак учукту, ошондой эле ВИЧ/КУ айкалышкан инфекцияны дарылоо жана диагностикалоо боюнча эл аралык сунуштарды жана жаңы технологияларды ишке киргизүү.
3. Кургак учук эпидемиясына каршы чараларды көрүү маселеси боюнча кургак учук кызматынын коомдук саламаттык сактоо жана баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтары менен өз ара байланышта иштөө механизмдерин иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү.
4. Калктын маалымдуулугун жакшыртуу жана коомчулуктун көңүлүн өлкөдөгү кургак учук проблемаларын чечүүгө буруу.
Кыргыз Республикасы саламаттык сактоо тутумун реформалоодо мурдагы советтик өлкөлөрдүн арасында эң алгачкылардан болду. Саламаттык сактоо секторун реформалоонун «Манас» жана «Манас таалими» улуттук программалары саламаттык сактоо тутумун орчундуу өзгөрттү, ал финансылык коргоо, медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү жана натыйжалуулугу менен далилденди. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата «Ден Соолук» улуттук программасы акыркы 17 жылдын аралыгында жүргүзүлүп келаткан реформаларды улантып, анда элге медициналык кызмат көрсөтүүнүн жана жеке кызматтардын сапатын жакшыртууга басым күчөтүлдү.
2006-жылдан баштап саламаттык сактоо секторундагы программалар кеңири сектордук ыкманы (SWAp) пайдалануу менен ишке ашырылууда, анын алкагында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр саламаттык сактоо секторун реформалоо боюнча артыкчылыктуу программаларын чечүүгө финансылык жардамын беришет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда диалог жана тыгыз кызматташуу үчүн шарттар түзүлөт.
Жетишилген ийгиликтерге карабай, калктын ден соолугун жакшыртууга жетишүүдө тоскоолдук кылып жаткан бир катар проблемалар бар, алар:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында финансылык ажырым сакталган шартта, медициналык жардамга кайрылганда финансылык чыгымдар, айрыкча амбулаториялык дары-дармектерге чыгымдар көп.
2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу гана өнүккөн.
3. Ресурстарды натыйжасыз бөлүштүрүү, анда саламаттык сактоону каржылоонун көп бөлүгү инфраструктурага жана персоналга кетип, пациенттерге медициналык сарптоолор үчүн бир аз гана бөлүгү калат.
4. Адамдык ресурстардын жетишпегени жана сарамжалсыз бөлүштүрүлгөнү, ошондой эле медициналык билим берүүнү реформалоонун зарылдыгы.
5. Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасы начар.
6. Оорулардын алдын алуу жетишсиз, калктын ден соолугун чыңдоо программаларын ишке ашыруунун натыйжасы начар.
7. Калктын медициналык кызматтардын сапатына канааттануусу төмөн, саламаттык сактоо каражаттарын жана кызматтарын башкаруунун ачык-айкындыгы жетишсиз.
Тилектештикке негизделген каржылоону бекемдөө боюнча маселелерди чечүүнүн алкагында төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
1. Саламаттык сактоону мамлекеттик каржылоо чөйрөсүндө, анын ичинде Бирдиктүү төлөөчү тутумунда бюджетти түзүү жана аткаруу маселелерин регламенттеген мыйзамдарды өркүндөтүү.
2. Медициналык камсыздандыруунун бардык түрлөрүн өнүктүрүү.
3. Медициналык жардамдын бардык деңгээлинде, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамга жана адистештирилген жардамга төлөө механизмдерин кайра карап чыгуу мүмкүндүгүн баалоо. Атап айтканда, баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде киши башына төлөө ооруларды эрте аныктоо жана активдүү дарылоо үчүн башка өбөлгөлөр менен бириктирилиши керек.
4. Саламаттык сактоо уюмдарынын тармагын жана түзүмүн оптималдаштыруу, тийиштүү мастер-пландарды иштеп чыгуу жолу менен инфраструктураны, жабдыктарды рационалдаштыруу.
5. Саламаттык сактоого инвестицияларды тартуунун эсебинен атаандаштык чөйрөсүн калыптандыруу, саламаттык сактоо тутумунда экономикалык өз ара мамилелерди өнүктүрүү, саламаттык сактоого жеке менчик сектордун катышуусунун механизмдерин чыңдоо, анын ичинде сапатты контролдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү киргизүү, аутсорсинг шартында медициналык жана башка кызматтарды өткөрүп берүү.
Кадрдык ресурстарды бекемдөө жана билим берүү тутумун өркүндөтүү боюнча маселелерди чечүү үчүн төмөнкү чаралар көрүлөт:
1. Медициналык билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу жолу менен жалпы республика боюнча жогорку жана орто медициналык жана фармацевттик билим берүү тутумун тартипке келтирүү.
2. Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки деңгээлдерде III муундагы мамлекеттик билим берүү стандарттарын киргизүү, эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграция үчүн компетенттүү мамиленин негизинде окуу программаларын, жумушчу окуу пландарын иштеп чыгуу жана адаптациялоо.
3. Медициналык кадрларга муктаждыктарды эске алуу менен региондор боюнча бюджеттик гранттарды бөлүштүрүү механизмдерин иштеп чыгуу.
4. Бир катар министрликтерди жана ведомстволорду тартуу менен ведомстволор аралык негизде айыл жеринде медицинаны жана анын кадрдык потенциалын өнүктүрүү;
5. Медициналык билим берүү уюмдарында илимий-изилдөөчү ишти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, илимдин учурдагы жетишкендиктерин билим берүү процессине киргизүү.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды андан ары өнүктүрүү маселесин чечүү үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:
1. Эл аралык медициналык маалыматтык стандарттарды колдонуу менен программалык камсыздоону ишке киргизүү.
2. Телемедициналык тармакты, телемедицина боюнча интернет сайттарды жана ресурстарды түзүү.
3. Саламаттык сактоонун ведомстволук (корпоративдик) мультисервистик корголгон тармагын түзүү.
Калктын саламаттыгын сактоо, инфекциялык, инфекциялык эмес жана мите оорулардын алдын алуу, Кыргыз Республикасынын жарандарында сергек турмуш үлгүсүн калыптандыруу коомдук саламаттык сактоо кызматынын негизги милдеттеринин бири. Ушуга байланыштуу коомдук саламаттык сактоо кызматын андан ары өнүктүрүү жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген саламаттык сактоонун негизги функцияларын бекемдөө талап кылынат, алар:
1. Ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жана калктын ден соолугун жана бейпилдигин баалоо.
2. Коомдук саламаттык сактоо тармагында өзгөчө кырдаал учуруна карата даярдыкты камсыздоо жана пландаштыруу.
3. Саламаттыкты сактоо чаралары (айлана-чөйрөнүн гигиенасы, эмгек гигиенасы, азык-түлүк продуктулардын, ичүүчү суунун ж.б. коопсуздугу жаатында);
4. Калктын ден соолугун чыңдоо.
Ден соолуктун социалдык детерминанттарына таасир этүү, опурталдарды, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү аракеттерди баалоо, эмгекти жана азык-түлүк продуктулардын коопсуздугун сактоо, адамдын ден соолугуна таасир этүүчү иштерди контролдоо аркылуу ден соолукту жакшыртуу жана ден соолукка тиешелүү теңсиздикти азайтуу максатында коомдук саламаттык сактоонун учурдагы потенциалын сактоо, коомдук саламаттык сактоочу тейлөөнү чыңдоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү зарыл.
Артыкчылыктуу чаралар:
1. Эпидемиологиялык көзөмөл тутумун өркүндөтүү.
2. Мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттарында санитардык-контролдук пункттардын ишине комплекстүү мамиленин негизинде эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин талаптарын ишке киргизүү.
3. Химиялык, радиологиялык коркунучтар жана биотерроризм учурларына карата ченемдик укуктук базаны түзүү.
Артыкчылыктуу чаралар:
1. Эл аралык стандарттарды жана Бажы союзунун талаптарын эске алуу менен гигиена, санитария жана инфекциялык эмес ооруларды контролдоо жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
2. Объекттерде гигиеналык талаптардын аткарылышына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү, азык-түлүк продуктулардын коопсуздук тутумунун эл аралык стандартынын мисалында кайра иштетүү өнөр жай ишканаларында сапат менеджментинин тутумдарын жана өндүрүштүк контролдоо программаларын ишке киргизүү.
Мамлекет менен анын жарандарынын ортосунда аткаруучу бийликтин кызыкдар мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун активдүү катышуусунда гана мүмкүн болгон өнөктөштүк жана жооптуу мамилелердин негизинде коомдо сергек турмуш үлгүсүн калыптандыруунун, медициналык профилактиканын, адамдын ар тараптуу өнүгүшү үчүн ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн жана шарттарды экологиялык чөйрөсүн түзүүнүн эсебинен калктын бакыбат жана социалдык активдүү өмүрүнүн узактыгын көбөйтүүгө багыт алуу зарыл.
Билим берүү, маданият, дене тарбия жана спорт, экология чөйрөлөрүн өнүктүрүүнү жөнгө салуучу тармактык ченемдик укуктук актылар жана мамлекеттик программалар ден соолукту чыңдоо жана сактоого багытталган иш-чараларды караштырышы керек. Калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо маселеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ведомстволордун, министрликтердин функциялык милдеттерин жана ролдорун так бөлүштүрүү керек.
Ден соолукту чыңдоонун бардык программалары бардык деңгээлдердеги секторлордун жана өнөктөштөрдүн ортосунда эриш-аркак байланышты эске алуу менен жүргүзүлүшү зарыл. Бирок, эпидемиологиялык таасирдин жыйынтыктары орто мөөнөттүк мезгилде да өтө сейрек көрүнөөрүн эске алуу керек. Ошондуктан программанын ийгилигин жана натыйжалуулугун баалаганда ооруга чалдыгуулардын көрсөткүчтөрү эле эмес, башка индикаторлор да: турмуш үлгүсүнүн өзгөрүшү, көндүмдөрдүн, билимдин өнүгүшү, уюштуруу жана укуктук жактан өнүгүү (уюмдун, жамааттын жана башка) да пайдаланылат.
Жарандарда, анын ичинде балдарда жана өспүрүмдөрдө сергек турмуш үлгүсүн калыптандыруу жарандарга алардын ден соолугу үчүн коркунуч факторлору жөнүндө маалымдоого, сергек турмуш үлгүсүндө жашоого умтулууну калыптандырууга жана ошондой жашоо үчүн шарттарды түзүүгө, ооруга чалдыктыруучу факторлорду азайтууга багытталган иш-чаралар менен коштолууга тийиш. Сергек турмуш үлгүсүн ишке киргизүү үчүн калкта милдеттүү компонент болуп ар бир жарандын өз ден соолугуна жана өз жакындарынын, өзгөчө балдарынын ден соолугуна жоопкерчиликти калыптандыруу саналат.
Калктын ден соолугунун абалы ар кандай табияттагы контаминанттагы азык-түлүк продуктулардын булганышына түздөн-түз байланышта болот. Көбүнчө эт жана эт продуктулар, сүт жана сүт продуктулары, консервалар, кремдүү кондитердик азыктар, улуттук суюктуктар булганат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык сыноолорунун жыйынтыктары боюнча 2011-жылы 973845 кг, 2012-жылы - 178183 кг продуктулар жана азык-түлүк сырье бракка чыгарылып, республиканын рыногунда сатууга тыюу салынган.
Азыркы мезгилде республиканын эгин талааларында өстүрүлгөн дыйканчылык продукциясынын коопсуздугуна контролдун жоктугу проблема болуп турат. Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, ар кандай, кээде уруксат берилбеген пестициддерди колдонуу маселеси контролго алынган эмес. Генетикалык модификацияланган организмдерди жана ингредиенттерди колдонуу менен азык-түлүк сырьену жана тамак-аш продуктуларын өндүрүү, өстүрүү, сатуу жана алып кирүүнү контролдоо зарыл. Жаныбарлардан алынуучу продуктуларда антибиотиктердин жана гормондордун колдонулушу контролду күчөтүүнү талап кылат.
Дени сак улутту калыптандыруунун негизи катары жаш муундардын ден соолугун жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарыл. Балдарда, өспүрүмдөрдө жана жаштарда сергек турмуш үлгүсүнүн адаттарын калыптандыруу.
Калктын ден соолугун чыңдоо максатында төмөнкүлөр зарыл:
1. Балдар үчүн жашоонун, тарбиялоонун, тамактануунун жана билим берүүнүн коопсуз шарттарын камсыздоо, мектеп медицинасын өнүктүрүү, “Дени сак мектеп” программасын натыйжалуу ишке ашыруу, мектепке чейинки жана мектептеги тамактанууну контролдоо.
2. Массалык дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү.
3. Элде ыймандуулукту жана адептик нормаларды калыптандыруу, эстетикалык тарбиялоо, кызыкчылыктын кеңири чөйрөсүн өнүктүрүү.
4. Дене-бой жана руханий бакыбаттыкка умтулууну калыптандыруу, массалык дене тарбия жана спортту өнүктүрүү аркылуу “жакшы” менталитетти жана көз карашты калыптандыруу
5. Калкты коопсуз продуктулар менен камсыздоо.
Инфекциялык эмес оорулар калктын ооруларга чалдыгуусунун негизги себебинин бири. Бир топ өлкөлөрдүн алгылыктуу тажрыйбасы көрсөткөндөй, профилактикалык иштерди жүргүзүүнүн эсебинен 10-20 жылдын ичинде өлүмдөрдү эки эсе жана андан көбүрөөк азайтууга жетишүү мүмкүн.
Республикада тамекиге каршы саясатты жүргүзүүдө алкоголдун зыяндуу таасирин төмөндөтүү, ошондой эле тамактануу тармагында саясатты бекемдөө боюнча айрым ийгиликтерге жетишилгенине карабай, калктын ден соолугуна орчундуу таасир берүүчү көп мүмкүндүктөр бар.
Калктын ар кандай категориясына карата профилактикалык иштин багытына жараша ар кандай стратегиялар, анын ичинде жүрөк-кан тамыр ооруларынын, диабеттин алдын алуу, тамактанууну жана дене активдүүлүгүн жакшыртуу, алкоголду ичүүнү азайтуу боюнча иш-чаралар иштелип чыккан.
Тамекиге каршы күрөшүү чараларын жүргүзүү ден соолукту жакшыртууга каражат салуунун натыйжалуулугу боюнча балдарды эмдөөдөн кийинки эле экинчи багыт. Баалар жана салыктык чаралар, анын ичинде тамекиге жана алкоголдуу продукцияга акциздердин ставкалары жарандарга сергек турмуш үлгүсүнө түрткү бергидей жана, экинчи жагынан, калктын ден соолугу үчүн бизнестин жоопкерчилигин жогорулаткыдай кылып жасалышы керек. Бул чаралар өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек: тамеки буюмдардын бардык түрлөрүнө чекене баасына салыкты (50%дан 70%га чейин) жогорулатуу; тамеки буюмдардын кутусунун жана таңгагынын бетинде тамекинин ден соолукка зыяндуулугу жөнүндө сүрөттүү медициналык эскертүүлөрдү жайгаштыруу; тамеки буюмдардын пачкасында жана таңгагында тамекинин ден соолукка зыяндуулугу жөнүндө сүрөттүү медициналык эскертүүлөрдүн аянтын чоңойтуу (кутунун эки тарабында тең 50%дан 75%га чейин), ошондой эле бардык иш орундарда жана коомдук жайларда тамеки түтүнү тарабоочу чөйрөлөрдү түзүү.
Республикада жыл сайын инфекциялык оорулардын чыгышы катталып турат. Оорулар чыккан жерлерди каттоонун эсеби боюнча республикада инфекциялык ооруларга чалдыгуу деңгээли акыркы беш жылда мындай: ич келте боюнча - 100 миң адамга 3,3төн 3,8ге чейин, паратиф боюнча - 0,8ден 1,7ге чейин; сальмонеллез боюнча - 4,2ден 13,4кө чейин; жалпы ичеги-карын инфекциялары боюнча - 294,7 - 487,9. Оорулардын локалдуу чыгышынын негизги себептери - канализациялык саркындылардын калк чарбага жана ичүүгө алуучу ачык сууларга авариялык кошулуусу, суу түтүк тармагындагы авариялар, табигый кырсыктарга (сел, жер титирөө) байланыштуу ачык көлмө-суулардын булганышы. Ичүүчү суунун сапатын мамлекеттик контролдоо функциясын негизинен коомдук саламаттык сактоо кызматтарынын органдары аткарышат, бирок өндүрүштүк контролдоо жок болуп, “Ичүү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары аткарылбай жатат.
Суу аркылуу жугуучу оорулардан болгон экономикалык чыгым өлкөбүздө жыл сайын 100 млн. АКШ долларынан ашык суммага жетет, мында жыл сайын 40 миңге жакын мите оорулар катталат, катуу кармаган ичеги-карын инфекцияларына балдардын өлүмүнүн 16 % жана чоң кишилердин өлүмүнүн 5 % туура келет. Суу менен камсыздоонун жана санитариянын мааниси боюнча маалымдуулукту жогорулатуу ичүүчү суу жеткиликсиз болгонуна байланыштуу ооруларга чалдыгуу тобокелин 23 %дан 57 %га чейинки диапазондо азайтышы мүмкүн деген ишенимдүү далилдер бар.
Республиканын аймагында радиоактивдүү таштандылар сакталган 36 калдык сактоочу жай бар, алардын жалпы салмагы 34 млн тонна, жалпы көлөмү 50 млн м3, суммалык активдүүлүгү 100 миң Кюриден ашуун. 26 кен калдыгында 1,3 млн. м3 куру породалар жана кондициялуу эмес уран тектери сакталып турат, алар уран жана торий кендерин казуучу ишканалар иштеп жатканда пайда болгон. Иштин ар кандай чөйрөлөрүндө радиоактивдүү булактар же радиоактивдүү материал менен авариялык радиациялык кырдаал пайда болуу коркунучун түзгөн иондоштуруучу нурлануу булактарын пайдалануу улантылып келатат.
Алдыңкы технологиялардын жардамы менен өлкөнүн эмгектик потенциалын жогорулатуу, кесиптик саламаттыкты сактоо жана өмүрдү узартуу, ооруларга чалдыгууну жана кокустуктарды азайтуу коомдун жана мамлекеттин негизги маселелеринин бири жана өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн мүмкүндүктөрүн жана темпин түптөйт. Ал үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жумуш берүүчүлөрдүн, коомдук уюмдардын иштерин так уюштуруу керек жана ведомстволор аралык ырааттуу мамиле зарыл.
Травмалар, уулануулар жана тышкы себептердин башка кесепеттери өлкөнүн элинде өлүмгө учуроо себептеринин түзүмүндө экинчи орунду ээлейт. Мисалы, Кыргыз Республикасында жол-транспорт кырсыгынан өлгөндөрдүн саны 2001-жылдан 2011-жылга чейин 45%га көбөйдү. Ошого карабастан травматизмдин алдын алуу, жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери саламаттык сактоонун жоопкерчилик чөйрөсүнө кирбейт.
Энелер өлүмүнүн деңгээлинин индикаторуна жетишүүдө жылыштар жетишсиз болгондуктан Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаты-5ке жетишүүнү тездетүү боюнча иш-аракеттер планы иштелип чыккан.
Эне менен баланын социалдык жеңилдиктеринин деңгээлдерин, анын ичинде кош бойлуулук, төрөт, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды кайра карап чыгуу менен бирге элге сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук маселелери боюнча маалымат жана билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жолу менен үй-бүлөдөгү ден соолук үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу зарыл.
Калктуу конуштар арасында транспорттук байланыштын төмөн деңгээли, көп учурда автоунаанын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жоктугу өзгөчө алыскы калктуу конуштардагы кош бойлуу аялдарды ооруканага кеч жаткырууга, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам өз убагында көрсөтүлбөй калышына дуушарлантып, бул энелердин өлүмүнүн, анын ичинде үйдөгү өлүмүнүн орчундуу себептеринин бири болууда.
Өспүрүмдөрдүн репродуктивдик жана сексуалдык саламаттыгын сактоо маселелерин чечүү маанилүү бойдон калууда. Эрте эне болуу проблемасы бар, өспүрүмдөрдө репродуктивдик жана сексуалдык туура жүрүм-турум маселелери боюнча маалымдуулук аз.
“Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча иш-чараларды координациялоо жана секторлор аралык иштешүү жетишсиз. Кургак учуктун алдын алуунун ийгилиги саламаттык сактоо уюмдарынын мамлекеттик бийликтин органдары жана коомдук уюмдар менен бирдикте тышкы чөйрөнүн шарттарын жакшыртууга, элдин ден соолугун чыңдоо жана материалдык бардарлыгын жогорулатууга, турак жай-тиричилик шарттарын жана тамактануусун жакшыртууга, спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө, алкоголизмге, тамеки чегүүгө жана баңгиликке каршы күрөшүүгө багытталган иш-аракеттерине жараша болмокчу.
ВИЧ-инфекциянын эпидемиясын стабилдештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты комплекстүү көп сектордук ыкмага негизделген жана гендердик теңдикти камсыздоого, калктын негизги аялуу топторунун, ошондой эле ВИЧ-инфекция менен жашаган адамдардын кызыкчылыктарынын артыкчылыгына багытталган. Өткөөл мезгилдеги социалдык-экономикалык проблемалар, ошондой эле баңги заттарды сайынууда ВИЧ-инфекциянын жугушуна байланыштуу эпидемиянын өзгөчөлүктөрү аны жеңүүдө олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда.
ВИЧ-инфекциясын алдын алуу жаатындагы программалар жаштарды жана тренерлерди (мугалимдерди, тарбиячыларды) окутуу, методологиялык ыкмаларды иштеп чыгуу, маалыматтык программаларды өнүктүрүү түрүндө ишке ашырылат. Ошону менен бирге, бул чөйрөдө бирдиктүү стандарттар, профилактикалык билим берүү программаларын баалоо жана мониторингдөө тутуму жок. Профилактикалык программаларга жаштардын лидерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн, диний ишмерлердин, педагогикалык жождордун студенттеринин катышуусу, тең окутуу программаларын киргизүү жаштарда ВИЧ-инфекциядан жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактануу боюнча программалардын жаштарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, ВИЧ-инфекцияга чалдыгууну азайтуу боюнча жооптуу жүрүм-турумдун адаттарын калыптандырууга шарт түзөт. Ошондой эле бардык адистиктеги педагогикалык багыттагы кызматкерлерди жана социалдык кызматкерлерди окутуу жана дипломдон кийинки даярдоо программаларына ВИЧ-инфекция боюнча атайын тематикалык бөлүмдөрдү киргизүү керек.
ВИЧ-инфекция менен жашаган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо түзүмдөрү жооптуу болушат, ал эми айылдык жамааттардын, айылдык ден соолук комитеттеринин деңгээлинде кароо, жардам берүү, өзүнө жана өз ара жардам берүү топторун колдоо, өнүктүрүү үчүн - жарандык коом жоопкерчиликти алат.
Саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында координациялоочу бир топ органдар түзүлгөн, анын ичинде Тамекиге каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңеш, Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия, ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча өлкөлүк координациялык комитет, Репродуктивдик саламаттыкты сактоо боюнча секторлор аралык координациялык кеңеш түзүлгөн.
Түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин натыйжалуу иштешин камсыздоо керек, анын функциясына бардык тиешелүү секторлордун иштерин координациялоо кирет.
Саламаттык сактоону реформалоодо милдеттерди, жоопкерчиликти жана отчеттуулукту так аныктоо менен башкаруу, каржылоо жана кызмат көрсөтүү функцияларын бөлүштүрүү маанилүү кадам болмокчу.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандырууга, мындан аркы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоого жооптуу орган катары бул Стратегияны ишке ашыруу үчүн жооптуу жана негизги орган болмокчу.
Стабилдүү каржылоо жана секторлор аралык натыйжалуу мамиле шартында белгиленген приоритеттер боюнча ден соолуктун көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жетишилет, оорулардын алдын алуу боюнча иш жакшыртылат, элдин ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча билими, көндүмдөрү өнүгөт, ошондой эле айлана-чөйрөнүн жагымсыз факторлоруна байланыштуу калктын ооруларга чалдыгуусу азаят.
Пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышын мониторингдөө жана баалоо Стратегияны ишке ашыруунун негизги компоненттери болуп калат. Иш-чаралар планы үч жылдык негизде түзүлүп, кийинки жылдарга карата кайра каралып жана түзөтүлүп турат.
Калктын ден соолук көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө мониторингдин индикаторлорунун иштелип чыккан пакетинин негизинде жүргүзүлөт, ошонун негизинде бул Стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугу бааланат. Мониторингди жана баалоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзөт.
Стратегияны ишке ашыруу тиешелүү жылга министрликтерге жана ведомстволорго каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле каржылоонун кошумча булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Стратегия төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:
республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден;
гранттардан жана инвестициялардан;
эл аралык донорлордун жана эл аралык уюмдардын каражаттарынан.
Стратегияны ишке ашыруудагы тобокелдер тобуна төмөнкүлөр кирет:
1. Пландаштырган иш-чараларды каржылоо көлөмүнүн кыскарышы.
2. Мамлекеттин саясий жактоочулугунун төмөндөшү.
3. Кызыкдар тараптардын секторлор аралык иштеринин жетишсиздиги.