Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 321 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Г. Бекматов, Н.А. Нарматова, К.С. Дыйканбаев, Э.А. Кочкарова, А.О. Кутушев, Г.А. Скрипкина тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесиндеги милдеттерди ачып көрсөтүүчү айрым жоболор толуктап иштеп чыгууну талап кылаарын айтмакчыбыз.
Мисалы, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин жетинчи, сегизинчи жана онунчу абзацтарында айтылган маселелер долбоордун ушул беренесинин алтынчы абзацынын жоболорунда камтылган.
Ушуну менен бирге эле, долбоордун 2-беренесинин он биринчи абзацын алып салууну сунуштайбыз, анткени бул абзацтын жоболору ушул берененин экинчи жана үчүнчү абзацтарында камтылган.
Мындан тышкары, фундаменталдуу жоболорду бекитүүчү түптөөчү негиздер принцип экенине байланыштуу, ошондой эле мыйзам долбоорунун 2-беренесинин тогузунчу абзацында айтылган жоболор ушул аныктамага туура келгендиктен жана Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде жарандардын биометриялык дайындарынын базасын коргоо принциби каралгандыгын эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин көрсөтүлгөн абзацын алып салууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде он экинчи абзацты алып салууну жана сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу чечиле турган маселелердин толук тизмесин берүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жарандардын чогултулууга тийиш болгон биометриялык дайындарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда аныкталган максаттарга жараша аныктагандыктан, долбоордун көрсөтүлгөн беренесинин 1-бөлүгүндө “(санарип кол тамганын, жарандын манжаларынын тактарынын, көздүн карегин санариптик сүрөттөлүшү)” деген сөздөрдү алып салууну жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык дайындарынын жалпы аныктамасын караштырууну сунуш кылабыз.
Ушуну менен бирге эле, сунушталган Мыйзамдын долбоорунда анын максаттарын аныктоочу жоболор жок экендигин белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жарандардын биометриялык дайындарын чогултуу, текшерүү жана каттоо жергиликтүү деңгээлде тийиштүү администрациялык бирдиктин негизинде, мамлекеттик аймактык органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен жүргүзүлөт.
Ушуну менен бирге эле, жеке дайындарды атайын ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (кызмат адамдарынын) мыйзамдуу пайдалануусу жана жарандык биометриялык дайындарынын базасын коргоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык дайындарын чогултуунун принциптеринин бири экендигин эске алып, долбоордун 5-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу” деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, улуттук коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү камсыздоо, мамлекеттүүлүктү, коомдук тартипти чыңдоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле ачык-айкын шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү максатында биометриялык каттоо Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү экендигин белгилөөнү жана Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде жарандарды биометриялык каттоонун милдеттүүлүк принцибин караштырууну сунуш кылабыз.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын гана жарандарын биометриялык каттоого арналгандыгын белгилеп коюу зарыл. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 8-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле мыйзам долбоорунун ушул беренесинин 10-пунктунда көрсөтүлгөн “добуш берүү укугу” деген жыйноонун түрүн тактоону сунуш кылабыз.
Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесине ылайык шайлоо укугуна Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жарандары укуктуу экендигин белгилей кетүү керек.
Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 3-бөлүгү боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруучу бийлик органдарынын иштерине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдык деңгээлде бекитүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келээрин белгилейбиз. Ошого байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 3-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Мында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мыйзам деп белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт түшүнүлөөрүн эске алып, мамлекеттик органдын жана анын ведомствого караштуу бөлүнүштөрүнүн ыйгарым укуктарын толук санап чыгуу жана тийиштүү мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен ачып берүү ылайыктуу болот деп эсептейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 5-бөлүгүндө улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долбоордун 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык белгиленген талаптардын аткарылышын биометриялык дайындардын маалыматтык тутумдарында иштетилүүчү биометриялык дайындар менен таанышуу укугусуз контролдоону жана көзөмөлдөөнү тапшыруу сунушталат.
Ушуну менен бирге эле, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын аткарылышын ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ болгон субъекттер контролдошоорун белгилеп кетүү керек. Ошондой эле, ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышын прокуратура органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде көзөмөлдөшөт.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракеттери же аракетсиздиги боюнча даттануучу институт Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин предмети болуп эсептелээрин белгилемекчибиз. Ушуга байланыштуу долбоордун жогоруда көрсөтүлгөн беренесин алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинде өтмө жоболор каралган, атап айтканда, Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүндө “Кыргыз Республикасынын жарандары биометриялык каттоодон өтүү үчүн белгиленген пункттарга жана көрсөтүлгөн мөөнөттө келүүгө милдеттүү” болоору сунушталып жатат.
Ошондой болсо да, Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн сунушталып жаткан редакциясында кайсыл пункттар жана биометриялык каттоодон өтүүнүн кандай мөөнөттөрү жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүксүз.
Мында, ушул долбоордун беренесинин “эгерде аныкталган тартип бузулса жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жоопкерчиликке тартылаарын” белгилеп жаткан 3-бөлүгү боюнча, мыйзамдарда биометриялык каттоодон өтүүдөн качкандыгы үчүн жоопкерчилик каралбагандыгын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу мыйзамда өксүктөр болбошу үчүн Мыйзамдын долбоорун ушул мыйзам долбоорунан келип чыгуучу тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору менен чогуу пакетте киргизүүнү сунуш кылабыз.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 15-беренесине ылайык, администрациялык жоопкерчиликке администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата он алты жашка чыккан адамдар тартылаарын белгилеп кетүү зарыл.
Ушуга байланыштуу, биометриялык каттоодон өтүүгө милдеттүү жарандардын жаш курагын тактоону сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, ченем чыгаруу техникасынын эрежелерин эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун түзүмүн жана мазмунун “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 3-главасынын талаптарына ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунда мамлекеттик бюджеттен каржылоо маселелери козголгонун эске алуу керек.
Ага байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин кабыл алышы мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Бул маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоорун ишке ашырууну каржылоо үчүн булакты аныктоо боюнча бардык зарыл чараларды көрөт.
Ошондой болсо да, Кыргыз Республикасынын калкынын биометриялык дайындарын чогултуу боюнча өлкөбүздө биринчи жолу иштей турган долбоордун масштабдуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкынын биометриялык дайындарын түзүүгө багытталган керектүү товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын өзгөчөлүү мүнөздөрүн эске алып, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызматтардын өзгөчөлүү, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоого азыркы учурда мүмкүндүк жок экендигин белгилейбиз.
Ал эми жогоруда айтылган мындай мүнөздөмөлөрдүн жана көрсөткүчтөрдүн жоктугу аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү негизделген жана кылдат финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү алдын ала даярдоо мүмкүндүгүн жокко чыгарат.
Ушуга байланыштуу, бул Мыйзамдын долбоорун негизги финансылык камсыздоо республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырыла тургандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 26-майында № 185-б буйругун чыгарып, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына Кыргыз Республикасынын калкынын биометриялык маалыматтарын чогултуу үчүн “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жабдууларды, программалык камсыздоону жана маалыматтарды иштеп чыгуунун негизги жана резервдик борборлору үчүн сервердик жабдууларды сатып алууга тендер өткөрүү тапшырылган.
Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган буйругунун 2-пунктунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын калкынын биометриялык маалыматтар базасын түзүү боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берүү жана “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда ушул финансылык каражаттарды караштыруу тапшырылган.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте жогоруда айтылып жаткан долбоорду ишке ашыруу үчүн талапка ылайык негизделген жана дыкат финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү даярдап жана алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кошумча жиберилээрин билдиребиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда айтылган дооматтарды жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу ылайыктуу болот деп эсептейт.