Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-июну № 327
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коонсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 258-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Кыргыз Республнкасынын Бажы кодексинин 178-беренесинин 11-пунктуна ылайык Кыргыз Республнкасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республнкасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 "Кыргыз Республнкасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
9022 29 000 0* | Башка колдонуу үчүн |
жогоруда аталган Тизменин Эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"*9022 29 000 0 - жардыргыч заттардын буу детектору".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыялапган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |