Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө
жобо
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-декабры № 834, 2018-жылдын 4-январындагы № 1 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти (мындан ары – Департамент) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет.
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департаменттин аталышы:
- кыргыз тилинде: «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти»;
- орус тилинде: «Департамент информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики».
4. Департаменттин уюштуруу-укуктук формасы – мамлекеттик мекеме.
5. Департаменттин жана анын ведомстволук мекемелери менен уюмдарынын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан ишке ашырылат.
6. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар мөөргө, өз алдынча баланска, Казыналык тутумунда алыш-бериш жана башка эсептерге ээ.
7. Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, А. Пушкин көчөсү, 78.
2. Департаменттин максаты, негизги милдеттери жана функциялары
8. Департаменттин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү болуп эсептелет.
9. Департаменттин негизги милдеттери:
- жалпыга маалымдоо каражаттарын, полиграфия ишканаларын өнүктүрүү жана басма продукцияларын таратуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- улуттук аудиовизуалдык продуктуну өндүрүү үчүн шарттарды камсыздоо, телеканалдардын социалдык пакетин түзүү.
10. Департамент төмөндөгү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүлөргө өтүү Программасын ишке ашырууга катышат;
- колдонулуучу технологиясына карабастан аналогдук жана (же) цифралык берүүдөгү телерадиоканалды жайгаштырууга уруксатты берүү, кайрадан тариздөө, берүүдөн баш тартуу, токтотуп туруу, токтотуу, жокко чыгаруу жана кайрадан калыбына келтирүү жол-жоболорун ишке ашырат;
- телерадио уюмдары жана телеберүүнүн операторлору Кыргыз Республикасынын лицензия-уруксат, жалпыга маалымдоо каражаттары, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруусуна лицензиялык контролду ишке ашырат;
- колдонулуучу технологиясына карабастан аналогдук жана (же) цифралык берүүдөгү телеканалды жайгаштырууга уруксаттардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин маалымат чөйрөсүнө тийиштүү маселелер жагында аткарууну камсыздайт;
- иштеп жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана электрондук коммуникациялардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттары, мезгилдүү басылмаларды таркатуу, ошондой эле маалыматтын электрондук булактары жаатындагы кырдаалга мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, басма продукцияларды таркатууну жакшыртууга көмөктөшөт;
- өлкөнүн аймагында милдеттүү түрдө таркатылуучу теле жана радиопрограммалардын пакетин түзүүнү координациялайт;
- Департаменттин карамагындагы ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын иштерин координациялайт жана контролдойт;
- тийиштүү финансылык жылга карата чыгымдар бөлүгүндө Министрликтин бюджетин түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт;
- Департаменттин милдетине кирген маселелерди чечүү, консультация алуу, документтердин долбоорлорун даярдоо, аналитикалык, эксперттик жана иштин башка түрлөрүн аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте узак мөөнөткө уюмдарды жана адистерди ишке тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департаменттин укуктары
11. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- уюштуруу, чыгармачылык-өндүрүштүк, чарбалык-финансы маселелерин өз алдынча чечүүгө;
- Департаменттин милдетине кирген иш чөйрөсүндө иш-чараларды өткөрүү үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды тартууга;
- өндүрүлгөн продукцияга, иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө сарптоолордун көлөмүн аныктоого;
- мамлекеттик башкаруу органдарында өз кызыкчылыктарын жана Департаментке кирген ведомстволук мекемелер менен уюмдардын таламдарын коргоого;
- мамлекеттик органдардан, башка мекемелерден жана жарандардан Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
- өз ара макулдашуу боюнча жана белгиленген тартипте маалыматтык базаларды жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын базаларын колдонууга;
- мамлекеттик, ошондой эле байланыштын жана коммуникациялардын атайын тутумун пайдаланууга;
- ведомстволук мекемелерди жана уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу боюнча Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мезгилдүү басма сөз басылмаларынын контролдук нускаларын акысыз алууга;
- өз компентенциясынын чегинде ведомстволук мекемелерди жана уюмдарды башкарууга;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө байланышкан маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрүүгө, жумушчу топторду жана комиссияларды түзүүгө;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте илимий жана башка уюмдарды, илимпоздорду жана адистерди, Министрликтин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин макулдугу менен, алардын кызматкерлерин ишке тартууга;
- белгиленген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңеш берүүчү органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор) түзүүгө, координациялык жана кеңеш берүүчү, анын ичинде ведомстволор аралык органдарынын иштерине, ошондой эле кеңешмелерге, конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жана башка уюмдардын, мекемелердин өкүлдөрү менен катышууга;
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын чыгымдарынын бардык түрдөгү сметаларын бекитүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары, теле-радиоберүүлөр, басма жана полиграфиялык иштер жаатындагы инновациялык, илимий-техникалык жана билим берүү саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого;
- атайын каражаттардын эсебинен өнүктүрүүгө жана материалдык жактан сыйлоого, ошондой эле Департаменттин, ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин социалдык колдоого багыттоого;
- мыйзамда белгиленген тартипте башка юридикалык жана жеке жактар, уюмдар, ишканалар менен кызматташууга.
4. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Министрлик Департаменттин ишин координациялайт жана контролдойт.
13. Департамент өзүнүн иши тууралуу Министрликке отчет берет.
14. Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жүргүзөт.
Департаменттин директору кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясынын мүчөсү болуп эсептелет.
15. Департаменттин директору:
- жеке башкаруунун негизинде Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыздайт;
- өз компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери жана ведомстволук мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- түзүмдүк бөлүнүштөр жөнүндө жоболорду, ошондой эле Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Департаменттин ведомстволук мекемелеринин штаттык ырааттамасын жана чыгымдар сметасын бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;
- министрдин кызматтарынын номенклатурасына кирген кызматтардан тышкары, Департаменттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- башкаруу схемасына ылайык ведомстволук мекемелердин уставдарын (жоболорун) жана түзүмдөрүн бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо, кызматчылардын укуктарын сактоо боюнча чараларды камсыз кылат;
- эмгектик өргүү графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт, кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктары менен нускамаларын жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Департаменттин таламдарын бардык деңгээлде коргойт;
- өз компетенциясынын чегинде ишеним катты тариздебестен Департаменттин атынан келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл жана техникалык кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Министрлик тарабынан бекитилген Документтик камсыздоо боюнча нускамага ылайык Департаментте иш кагаздарын жүргүзүүгө контролдоону ишке ашырат;
- Департаменттин ишин пландоону жана контролдоону, анын Министрликтин башка түзүмдүк бөлүнүштөрү менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- белгиленген тартипте Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде Департаменттин өздүк мүлкүн жана каражаттарын башкарат;
- Департаменттин ишинин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди жүргүзөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-декабры № 834 токтомдун редакциясына ылайык)
16. Департаментте мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
Директор жок кезде анын кызматтык милдетин орун басары аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департаменттин мүлкү
17. Департамент өзүнө бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүргүзөт.
18. Департаменттин каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
- башка булактар;
- продукцияларды сатуудан, жумуштардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле Департаменттин мекемелеринин ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түрлөрүнөн алынган кирешелер;
- ишканалардын, уюмдардын, жарандардын, анын ичинде чет мамлекеттердин акысыз жана кайрымдуулук төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
6. Корутунду жоболор
19. Департаментти кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Департаментти кайра уюштурууда бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери укук улантуучусуна өтөт.
20. Департаменттин иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.