Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, 2016-жылдын 13-июлундагы № 390, 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бир жыштык бөлүнүштө таратылуучу телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүү тартибин аныктайт.
2. Социалдык пакет - Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын пакети, анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилип, бир жыштык бөлүнүштө калкка акысыз таратылат жана мамлекеттик бюджеттен жана/же башка булактардан каржыланат (мындан ары - Социалдык пакет).
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 390, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Социалдык пакетти түзүү төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- жарандардын санариптик телерадиоберүү боюнча сапаттуу маалыматтарды алуудагы керектөөлөрүн канааттандыруу;
- бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти сактоо жана камсыз кылуу;
- өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.
2. Социалдык пакетти түзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары
4. Социалдык пакетти түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган):
- Социалдык пакетти түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн жиберет;
- Социалдык пакетти каржылоо боюнча керектөөлөргө жана сунуштарга талдоо жүргүзөт;
- Социалдык пакетти калкка акысыз негизде таратууга жана анын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт;
- Социалдык пакетти түзүүнүн приоритеттерин аныктайт;
- Социалдык пакеттеги телеканалдардын жана/же радио-каналдардын санын аныктайт;
- жеке менчик телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын Социалдык пакетке киргизүү боюнча конкурстун жол-жобосун жарыялайт;
- жеке менчик телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын ачык-айкын жол-жоболордун негизинде Социалдык пакетке киргизүү боюнча конкурс өткөрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Социалдык пакетти түзүүнүн тартиби
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Социалдык пакетти 3 жылда бир жолу бекитет.
Социалдык пакетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилген Социалдык пакеттен бир же бир нече телеканалдарды жана/же радиоканалдарды мөөнөтүнөн мурда чыгаруу же Социалдык пакетти башка телеканалдар жана/же радиоканалдар менен толуктоо себептери боюнча гана киргизилиши мүмкүн.
Мында Социалдык пакеттин мурда бекитилген колдонулуу мөөнөтү өзгөрбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Социалдык пакеттеги телеканалдардын жана/же радио каналдардын саны бир жыштык бөлүнүштө телеканалдардын жана радиоканалдардын мүмкүн болгон максималдуу санын жайгаштыруунун техникалык шарттары менен чектелет.
7. Социалдык пакеттин тизмеги түзүүнүн төмөнкү аймактык чектөөлөрүнө ээ:
- Социалдык пакетти трансляциялоону бүткүл аймакка берүүчү республикалык маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар;
- Социалдык пакетти трансляциялоону бир нече облустардын чегинде берүүчү облустар аралык маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар;
- Социалдык пакетти трансляциялоону бир облустун чегинде берүүчү облустук маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар.
8. Социалдык пакет төмөнкүлөрдү камтыйт:
- республикалык бюджеттен каржылануучу телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын;
- республикалык бюджеттен каржыланбаган, бирок мамлекет (мамлекеттик органдар) катышуучу (катышуучулар) болуп чыккан телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана /же радиоканалдарын;
- мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында иштеген телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын;
- конкурстук шарттарда кошулуучу жеке менчик телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын.
9. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында иштеген телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын, конкурстук шарттарда киргизүүгө тийиштүү жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуюмдарын Социалдык пакетке киргизүү ушул Жобонун 8-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык телеканалдар жана/же телерадиоканалдар толук аныкталгандан кийин жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Социалдык пакетте чет өлкөнүн телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын, берүү сигналдарын таратуу кызматына республикалык бюджеттин каражаттарынан акы төлөөгө жол берилбейт.
11. Социалдык пакеттин алкагында трансляциялануучу жана ретрансляциялануучу телеканалдарда жана/же радиоканалдарда чет элдик телекөрсөтүү жана радио уюмдары тарабынан берилүүчү жарнамаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу көлөмдө жайгаштырууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Социалдык пакетке кирүүнүн конкурстук шарттары
12. Жеке менчик телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын Социалдык пакетке киргизүүгө конкурс конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Конкурстук комиссиянын жеке курамы жана иш тартиби Социалдык пакетти түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
13. Конкурс ыйгарым укуктуу орган тарабынан отчеттук мезгил башталганга чейин кеминде алты ай мурда Социалдык пакеттеги орундарды, ошондой эле берүүгө карата финансылык жана башка талаптарды так көрсөтүү менен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
14. Социалдык пакетке кирүүгө талаптанган жеке менчик телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдары жана/же радиоканалдары «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
15. Ыйгарым укуктуу орган конкурстун жеңүүчүсүн (жеңүүчүлөрүн) табыштамаларды кабыл алуу расмий түрдө аяктагандан кийинки 30 күндүн ичинде, бирок отчеттук мезгил башталганга чейин кеминде 3 ай мурда расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.
16. Конкурс жеке менчик телекөрсөтүү жана радио-уюмдары тарабынан бир же андан ашык табыштама берилген учурда өттү деп эсептелет. Табыштамалар түшпөгөн же конкурстун шарттарына билдирилген программалардын ылайык келбегендигине байланыштуу бир дагы табыштама бекитилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган конкурсту кайрадан өткөрүүгө укуктуу.
5. Телеканалдарды жана радиоканалдарды Социалдык пакеттен чыгаруу
17. Телеканалдарды жана /же радиоканалдарды Социалдык пакеттен мөөнөтүнөн мурда чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын берүү токтотулганга чейин кеминде 30 күн мурда ыйгарым укуктуу органга берген арызы боюнча;
- жеке менчик телекөрсөтүү жана радио-уюмдары тарабынан конкурстук шарттарга ылайык кабыл алынган милдеттер аткарылбаган учурда.
18. Телеканалдарды жана/же радиоканалдарды Социалдык пакеттен мөөнөтүнөн мурда чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча телекөрсөтүү жана радио-уюмдары тарабынан арыз берилген же конкурстук милдеттенмелер аткарылбаган фактылар аныкталган күндөн тартып бир айдын ичинде чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Ыйгарым укуктуу орган телеканалдарды жана/же радио каналдарды Социалдык пакеттен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө Социалдык пакетке кирүүгө жаңы конкурс жарыялоого милдеттүү.
20. Телеканалдары жана/же радиоканалдары Социалдык пакеттен чыгарылган телекөрсөтүү жана радио-уюмдары чечимдин жыйынтыгына макул болбогон учурда мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, 2016-жылдын 13-июлундагы № 390, 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бир жыштык бөлүнүштө таратылуучу телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүү тартибин аныктайт.
2. Социалдык пакет - Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын пакети, анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилип, бир жыштык бөлүнүштө калкка акысыз таратылат жана мамлекеттик бюджеттен жана/же башка булактардан каржыланат (мындан ары - Социалдык пакет).
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 390, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Социалдык пакетти түзүү төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- жарандардын санариптик телерадиоберүү боюнча сапаттуу маалыматтарды алуудагы керектөөлөрүн канааттандыруу;
- бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти сактоо жана камсыз кылуу;
- өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.
2. Социалдык пакетти түзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары
4. Социалдык пакетти түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган):
- Социалдык пакетти түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн жиберет;
- Социалдык пакетти каржылоо боюнча керектөөлөргө жана сунуштарга талдоо жүргүзөт;
- Социалдык пакетти калкка акысыз негизде таратууга жана анын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт;
- Социалдык пакетти түзүүнүн приоритеттерин аныктайт;
- Социалдык пакеттеги телеканалдардын жана/же радио-каналдардын санын аныктайт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Социалдык пакетти түзүүнүн тартиби
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Социалдык пакетти 3 жылда бир жолу бекитет.
Социалдык пакетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилген Социалдык пакеттен бир же бир нече телеканалдарды жана/же радиоканалдарды мөөнөтүнөн мурда чыгаруу же Социалдык пакетти башка телеканалдар жана/же радиоканалдар менен толуктоо себептери боюнча гана киргизилиши мүмкүн.
Мында Социалдык пакеттин мурда бекитилген колдонулуу мөөнөтү өзгөрбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Социалдык пакеттеги телеканалдардын жана/же радио каналдардын саны бир жыштык бөлүнүштө телеканалдардын жана радиоканалдардын мүмкүн болгон максималдуу санын жайгаштыруунун техникалык шарттары менен чектелет.
7. Социалдык пакеттин тизмеги түзүүнүн төмөнкү аймактык чектөөлөрүнө ээ:
- Социалдык пакетти трансляциялоону бүткүл аймакка берүүчү республикалык маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар;
- Социалдык пакетти трансляциялоону бир нече облустардын чегинде берүүчү облустар аралык маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар;
- Социалдык пакетти трансляциялоону бир облустун чегинде берүүчү облустук маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар.
8. Социалдык пакет төмөнкүлөрдү камтыйт:
- республикалык бюджеттен каржылануучу телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын;
- республикалык бюджеттен каржыланбаган, бирок мамлекет (мамлекеттик органдар) катышуучу (катышуучулар) болуп чыккан телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана /же радиоканалдарын;
- мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында иштеген телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында иштеген телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын Социалдык пакетке киргизүү ушул Жобонун 8-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык телеканалдар жана/же телерадиоканалдар толук аныкталгандан кийин жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Социалдык пакетте чет өлкөнүн телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын, берүү сигналдарын таратуу кызматына республикалык бюджеттин каражаттарынан акы төлөөгө жол берилбейт.
11. Социалдык пакеттин алкагында трансляциялануучу жана ретрансляциялануучу телеканалдарда жана/же радиоканалдарда чет элдик телекөрсөтүү жана радио уюмдары тарабынан берилүүчү жарнамаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу көлөмдө жайгаштырууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Социалдык пакетке кирүүнүн конкурстук шарттары
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Телеканалдарды жана радиоканалдарды Социалдык пакеттен чыгаруу
17. Телеканалдарды жана/же радиоканалдарды Социалдык пакеттин тизмесинен мөөнөтүнөн мурда чыгаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын берүү токтотулганга чейин кеминде 30 күн мурда ыйгарым укуктуу органга берген арызы боюнча;
- негиздүү себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын жүйөлүү сунушу боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Телеканалдарды жана/же радиоканалдарды Социалдык пакеттен мөөнөтүнөн мурда чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 , 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)