Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 28-июну № 422
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын
ӨКМӨТҮ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Н.Танаев |
| Проект |
1-статья. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомсттору, 1999-жыл, №9, 440 ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 118-статьясынын 3-пунктундагы «жерге жайгаштырууну өткөрүүгө лицензиясы бар же» деген сөздөр алып салынсын.
2-статья. Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|