Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 27-июну № 356

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына Байсары уулу Кыдыр акенин ысымын ыйгаруу жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдун редакциясына ылайык)

Жаш муундарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо, Байсары уулу Кыдыр акенин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына Байсары уулу Кыдыр акенин ысымы ыйгарылсын жана мындан ары: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Байсары уулу Кыдыр аке атындагы Ысык-Көл чек ара отряды" деп аталсын.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев