Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 08-апрели N 5-р
жарандар Дастан Далабаевич Бекешовдун жана Улукбек Бактыбекович Турдубековдун кайрылуусуна байланыштуу Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы - М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап - ишеним каттын негизинде Д.Д.Бекешовдун кызыкчылыгын көздөгөн жаран У.Б.Турдубековдун;
жоопкер-тарап - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыгын көздөгөн өкүлү А.А.Джорупбекованын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын көздөгөн өкүлдөрү М.Г.Гульжигитовдун жана Ы.К.Саркуловдун;
башка жак - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү С.Р.Жээмбаевдин жана М.К.Жусупбековдун катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн (мындан ары - Конституция) жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышында Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жарандар Д.Д.Бекешовдун жана У.Б.Турдубековдун өтүнүчү себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүнү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү жөнүндө маселеде күмөндүүлүк пайда болгондугу эсептелди.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 15-октябрында Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесинин 4-бөлүгүн жана ал беренеге эскертүүнү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомду конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө Д.Д.Бекешовдун жана У.Б.Турдубековдун өтүнүчү келип түшкөн.
Арыз берүүчүлөр өтүнүчтө Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесинин 4-бөлүгү айдоочунун маңдайкы, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган же пардалар тагылган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринин айнегине жана арткы айнегине жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражатын айдоосу үчүн жоопкерчиликти карай тургандыгын белгилешет. Ошону менен автомобилдердин айнектерине күңүрттөөчү жапкычтар чапталууга тыюу салынган. Бирок белгиленген беренеге эскертүү бул тыюу салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизмедеги атайын автомобилдерге жайылтпайт.
Ошентип, арыз берүүчүлөрдүн пикиринде күңүрттөөгө укуктуу болгон жана мындай укукка ээ болбогон адамдарга чек коюп жаткан талаштуу ченем макамына, ишмердүүлүгүнүн жана кесибинин түрүнө карабастан бардык адамдардын мыйзам алдында теңчилиги белгиленген Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет.
Арыз берүүчүлөр автомобилдердин айнектерин күңүрттөөгө тыюу салууну киргизүүдө мыйзам чыгаруучу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын эске алгандыгын белгилешет. Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 токтому менен аныкталган тизмедеги айрым адамдарга алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө укук берүү менен, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын теңчилик принциби жокко чыгарылат. Ошондой эле кайрылуунун субъекттери айрым министрлерге күңүрттөөгө уруксат берилип, экинчилерине уруксат берилбеген бул тизмени түзүү принциптеринин түшүнүксүз экендигин көрсөтүштү. Буга байланыштуу арыз берүүчүлөр мындай мамиле ишмердүүлүк түрү боюнча басмырлоого жатат, жана бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептешет.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы аныктамасы менен арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кийинчерээк, ишти кароого даярдоодо, кайрылуунун субъекттери өздөрүнүн талаптарынын көлөмүн тактап жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүнү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 токтомду конституциялуу эмес деп таанууну өтүнүшкөн.
Сот жыйналышында кайрылуучу тарап өзүнүн өтүнүчүн колдоп, жана аны канааттандырууну суранды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.А.Джорупбекова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү М.Г.Гульжигитов жана Ы.К.Саркулов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин талашты туудуруучу ченеми жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептешет.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүсү каралат:
"228-статья. Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган, ошондой эле күңүрттөтүүчү жапкычтар чапталган транспорт каражаттарын айдоосу
Эскертүү. Бул норма тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган атайын автоунааларга жайылтылбайт."
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому.
Талашка түшкөн укуктук ченемдик актылар мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинин 1998-жылдын 9-сентябрындагы № 59-60 сандарында жана 2011-жылдын 25-февралындагы № 13 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы актылар болуп саналат.
2. Адамдын конституциялык укуктары менен эркиндиктери институтунун негиздөөчү принциптеринин бири болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган адамдардын мыйзамдын жана соттун алдында теңчилик принциби саналат.
Көрсөтүлгөн принцип укуктук эл аралык актыларга, ошону менен бирге Адам уктарынын Жалпы декларациясынын жоболоруна (7-берене), бардык адамдар мыйзам алдында тең жана мыйзамдын коргоосуна бирдей укукка ээ экендигин аныктаган Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга (14-берене, 20-берененин 2-бөлүгү) шайкеш келет.
Бардык адамдардын мыйзам алдындагы теңчилик конституциялык принциби биринчи кезекте мыйзамда жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалына карабастан, ошондой эле адамдын жана жарандын анын коомдук жана жеке жашоосунун ар кандай тармактарындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрүн бузууга алып баруучу кандайдыр бир айырмачылык, өзгөчөлүк же артыкчылык берүүнү орнотууга жол берүүгө болбостугун камтыган кодулоого каршы мүнөздөгү талап катары түшүнүлүшү керек.
Кодулоонун бардык тариздеринен коргоого кепилдик берүүчү теңчилик принцибин сактоо башка нерселерден тышкары объективдүү жана аң-сезимдүү актанууга ээ болбогон бир эле категорияга кирген адамдардын укуктарына ушундай айырмачылыктарды киргизүүнү түшүндүрөт; укук субъекттери тең укуктуу шарттарда тең укуктуу абалда болушу керек, эгерде шарттар бирдей эмес болсо, мыйзам чыгаруучу аларга ар түрдүү укуктук макам коюшу керек; формалдуу түрдө тең укуктуу субъекттерге бирдей мамиле жасоону камтыган конституциялык принцип ар кандай категорияларга таандык болгон адамдарга бирдей кепилдиктерди берүү зарылчылыгын шарттабайт, ал эми мыйзам алдындагы теңчилик чыныгы айырмачылыктарды жана аларды мыйзам чыгаруучу менен эске алуу зарылчылыгын жокко чыгарбайт.
Буга ылайык мыйзам чыгаруучу аткарылган иш милдеттери, корголуп жаткан кызыкчылыгы укуктуу жана өлчөмдөш жалпы маанидеги конституциялык максаттарга ылайык келген башка кырдаалдарга карата белгилүү субъекттер үчүн жалпы тартиптин ичинен айрым жоболорду алып салууга жана кандайдыр бир жеңилдиктерди киргизүүгө укуктуу.
Адамдардын так аныкталган белгилүү бир тобун укуктук коргоону жогорулатуу максатында алардын мамлекеттик жана коомдук маанилүү функцияларын аткаруу боюнча ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугун камсыздоо үчүн атайын ченемдерге киргизилген юридикалык жоопкерчилик тармагындагы жүйөлүү алып салуулар бул адамдардын коомдун жашоосундагы ролуна шайкеш келүүгө тийиш жана жеке артыкчылыктарга айланбашы керек.
3. Мыйзам чыгаруучу ага берилген укуктардын алкагында Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесинде айдоочулардын маңдайкы айнекте жана алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкыч чапталган транспорт каражатын айдоосу үчүн административдик жоопкерчиликти караган.
Маңдайкы айнекти жана алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө тыюу салууну киргизүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган, анткени жетишерлик көрүнбөгөн шарттарда жана сутканын караңгы бөлүгүндөгү чектелген көрүү жол-транспорт кырсыктарынын себеби болушу мүмкүн. Андан тышкары автотранспорттук каражаттарда күңүрттөөчү жапкычтардын чапталгандыгы автомобилдин салонунда отурган адамдар жакшы көрүнбөгөндүктөн жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан административдик тартип бузуунун башка түрлөрүн (коопсуздук курун курчанбоо, айдоочу автомобиль жүрүп бара жатканда уюлдук телефонду пайдалануусу жана башка) аныктоого жана каттоого мүмкүнчүлүк бербейт.
Ошентип мыйзам чыгаруучу тарабынан мындай тыюу салууну киргизүү конституциялык аныктоолордун алкагынан чыкпайт жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин кемсинтүү катары каралышы мүмкүн эмес.
Ошону менен бирге мыйзам чыгаруучу Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүдө атайын автомобилдер үчүн маңдайкы айнегинде жана алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтарды чаптоого тыюу салуу тууралуу көрсөтүлгөн талаптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүгө тийиш болгон тизмени алып таштоону караган.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан атайын автомобилдердин айдоочуларынын администрациялык жоопкерчиликке карата укуктук иммунитетин белгилөө мыйзамдуу укуктук каражатты түшүндүрөт, анын жардамы менен мамлекет ал үчүн маанилүү функцияларды аткарып жаткан адамды коргоону камсыздайт. Жалпы эрежедеги ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү коомдук маанилүү жыйынтыкка жетишүүгө багытталган теңчилик конституциялык принциптерине жөнгө салуучу таасир этүүнүн бир бөлүгү катары кароо керек, анткени мыйзам алдындагы теңчилик дээрлик айырмачылыктарды жана аларды мыйзам чыгаруучу тарабынан эске алууну жокко чыгарбайт. Ошол эле учурда Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүдө белгиленген укуктук иммунитет атайын автомобилдин жеке артыкчылыгы эмес, эл алдындагы кызыкчылыктарды коргоонун каражаты болуп саналат.
Бирок Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүдө автомобилдерди атайын категорияга киргизүүнүн кандайдыр бир чен белгилеринин жоктугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бул тизмени өзү каалагандай белгилөөгө укук берди, анын жыйынтыгында кайрылуунун субъектилеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 токтомунун конституциялуу эместиги туурасында гана эмес, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүнүн өзүнө карата да ушундай шектенүүлөрдү жаратты.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүнү аткаруу үчүн автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган, ошондой эле Атайын автотранспорт каражаттардын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө (жабууга) уруксат алуу тартиби бекитилген 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 жобо кабыл алынган.
Белгиленген Тизме талаштуу жобонун кириш сөзүнө ылайык Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине ылайык кайтарылуучу адамдардын жеке коопсуздугунун, ошондой эле атайын автоколонналарды коштоодо (эскорттоодо) коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү автомобилдерди атайын категорияга киргизүүнүн чен белгилери катары мамлекеттик коргоонун объектилери болуп саналган кызмат адамдарын тейлеген автотранспорт каражаттарын аныктады. Бул чен белгини Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесинин талаптары жайылтылбаган атайын автомобилдердин тизмесин түзүү үчүн пайдалануу мыйзамдуу болуп саналат, анткени мамлекеттик коргоонун алдында турган адамдардын чөйрөсү "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган. Ошону менен бирге мамлекеттик коргоонун объектисинин коопсуздугун камсыздоо үчүн бул Мыйзамга ылайык мамлекеттик кайтарууга алынган адамдын коопсуздугуна коркунучтардын бетин ачууга, алдын алууга жана жолун тосууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, кайтаруу, режимдик, техникалык жана башка чаралардын жыйындысы жүзөгө ашырылат.
Автомобилдердин айнектерин күңүрттөө автомобилдин ичиндеги мамлекеттик коргоонун объектисинин жайгашкан жерин көз менен көрүп байкоо жана аныктоо мүмкүн болбогон уюштуруучулук-техникалык иш-чараларга таандык жана белгилүү бир өлчөмдө жол жүрүүдөгү анын коопсуздугуна көмөктөшөт.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Тизме толук болуп саналбайт жана автомобилдин алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берүүнүн жардамы менен кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө талаштуу жобо менен белгиленген Тартипке ылайык жол берет. Атайын автотранспорттук каражаттардын алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнү (жабуунун) чектөөгө уруксат берүү Автомобилдин айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесине ылайык ишке ашырылууга тийиш.
Жогоруда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомдун конституциялык экендиги боюнча талашкан кириш сөзүндө Тизме түзүүнүн чен белгиси катары кайтарылуучу адамдардын жеке коопсуздугун, ошондой эле атайын автоколонналарды коштоодо (эскорттодо) коопсуздукту камсыздоонун зарылдыгын көрсөттү.
Буга байланыштуу Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын администрациялык жоопкерчиликтен укуктук иммунитети бар жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугунун башкы башкармалыгы тарабынан автомобилдин алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө (жабууга) Тартиптин негизинде атайын транспорт каражаттарына уруксат алууга укуктуу болгон субъектилердин негизсиз кеңири тизмесин караган талаштуу токтому, администрациялык жоопкерчилик тууралуу мыйзамдын милдеттерине дал келишпестигин, жеке жоопкерчилик принциптерине жана жасалган администрациялык укук бузуулар үчүн жазалоонун болбой койбостугуна дал келишпестигин белгилейт (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 2, 3-беренелери) жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мыйзамдын алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принципти бузат.
Укуктук мамлекет мыйзамдын үстөмдүгү жана юридикалык теңчилик сыяктуу конституциялык принциптер менен аныкталгандыктан, мындай укуктук жөнгө салуу ачык-айкындык жана карама-каршы келбегендик талаптарына жооп берүүгө тийиш, ал эми анын иштөө механизми тиешелүү укуктук мамилелердин субъектилерине түшүнүктүү болууга тийиш, анткени укуктук ченемди бардык укук колдонуучулар бирдей түшүнүү жана ой жүгүртүү шарттарында гана конституциялык теңчилик камсыздалышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучуга Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси анын кайсы бир башка мамлекеттик орган тарабынан кеңейтүү мүмкүнчүлүгү берилбеген толук тизмеси аныкталышы керек болгон чен белгилерди бекитүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнү (жабууну) талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин мамлекеттик коргоонун объектилери болуп саналган кызмат адамдарынын автотранспорт каражаттарын коштоодо (эскортто) ишке ашырган авто транспорт каражаттарына күңүрттөөгө уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесинин калган бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине ушул чечимдин жүйөлөөчү бөлүгүнөн келип чыккан өзгөрүүлөрдү киргизгенге чейин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктаган чен белгилерге ылайык жаңы Тизмени бекиткенге чейин колдонулсун.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Атайын автотранспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаңы тизмени кабыл алганга чейин жарактуу деп бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине ушул чечимдин жүйөөлүү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү толуктоолорду киргизсин.
4. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
6. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы