Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-июну № 357
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад чек ара отрядынын "Барпы" чек ара тозотуна Кочкорбаев Датканын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жаш муундарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо, Кочкорбаев Датканын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад чек ара отрядынын "Барпы" чек ара тозотуна Кочкорбаев Датканын ысымы ыйгарылсын жана мындан ары: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад чек ара отрядынын Кочкорбаев Датка атындагы "Барпы" чек ара тозоту" деп аталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |