Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 2-сентябры №10-р
жаран Немат Максутович Катагановдун кайрылуусу боюнча «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бѳлүгүнүн 1-пунктунун, 17-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча
2015-жылдын 15-апрели Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
тѳрагалык кылуучу – судья М. Ш. Касымалиевдин, судьялар – Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, Э. Т. Мамыров, А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, К. С. Сооронкулованын курамында,сот жыйналышынын катчысы М.Э. Толобалдиевдин катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап – Н.М. Катагановдун жана анын ишеним каттын негизинде ѳкүлдѳрү Т.М. Асановдун, С. Камбаралиевдин; жоопкер-тарап – ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыгын көздөгөн өкүлү К.С. Карабекованын; башка жак – ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү С.А. Ниязалиеванын катышуулары менен,
2 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышында жаран Н.М. Катагановдун кайрылуусу боюнча «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 9- бѳлүгүнүн 1-пунктунун, 17-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карады. Ишти кароого Н.М. Катагановдун өтүнүчү себеп болду. Ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына жана жергиликтүү судьяларга соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттолгондугунун жок болуусу талаптарын караган «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 9- бѳлүгүнүн 1-пункту, 17-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү жөнүндө маселеде күмөндүүлүк пайда болгондугу эсептелди. Ишти сот жыйналышына даярдоону аткарган судья-баяндамачы Ч.О. Осмонованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 5-ноябрында «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бѳлүгүнүн 1-пункту, 17-беренесинин 3- бѳлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама- 3 каршы келгендигин жана конституциялуу эместигин таануу жѳнүндѳ жаран Н.М. Катагановдун өтүнүчү келип түшкөн. Арыз ээси, соттуулугу алынган же жоюлган адамга карата судья кызматын ээлөөгө чектөө салган талашка түшкөн ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгүндө кепилденген адамдын эмгекке болгон укугун басмырлайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнѳ, 17- беренесине, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт. Арыз ээсинин пикири боюнча, талашка түшкөн ченемдер менен белгиленген эмгекти эркин тандоого чектөөлөр эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошону менен катар, адам укугунун Жалпы декларациясынын 23-беренесине карама-каршы келет, ага ылайык ар бир адам эмгектенүүгө, ишти эркин тандап алууга, адилет жана жагымдуу эмгек шартына жана жумушсуздуктан корголууга укуктуу; ар бир иштеген адам өзүн жана үй-бүлөсүнүн татыктуу жашоосун камсыз кылуучу адилет жана канааттандырарлык эмгек акы алууга укуктуу. Арыз ээси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 76- беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, соттуулугунун алынгандыгы уу же жоюлгандыгы соттолгондугу менен байланышкан укуктук кесепеттерин жокко чыгарат, атап айтканда, соттуулугу алынып же жоюлган учурдан баштап ал адам соттолгон эмес болуп таанылат, бул учурда мурда соттолгондугу менен байланыштуу болгон бардык укуктук кесепеттер жок кылынат деп эсептейт. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 18- декабрындагы аныктамасы менен Н.М. Катагановдун өтүнүчү ѳндүрүшкө кабыл алынган. Сот жыйналышында кайрылуучу тарап өздөрүнүн өтүнүчүн колдоп, жана аны канааттандырууну суранды. 4 Жоопкер-тараптын ѳкүлү К.С. Карабекова кайрылуучу тараптын жүйѳѳлѳрү менен макул болбой, талашка түшкѳн ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт. Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактын иш боюнча берген түшүндүрмѳсүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди: 1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат. Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бѳлүгүнүн 1-пункту, 17-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту каралат: «15-берене. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына коюлуучу талаптар, аларды шайлоонун тартиби 9. Жогорку сотко, Жогорку соттун Конституциялык палатасына төмөндөгүдөй адамдар судья боло алышпайт: 1) соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттолгондугу барлар; 17-берене. Жергиликтүү судьяларга коюлуучу талаптар 3. Жергиликтүү сотторго төмөнкүдөй адамдар судья болушу мүмкүн эмес: 1) соттуулугу, анын ичинде соттолгондугу алып салынган же жоюлган;». 2008-жылдын 9-июлундагы №141 «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин-Тоо» 5 гезитинде 2008-жылдын 15-июлундагы №51 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат. 2. Кыргыз Республикасы социалдык мамлекет болгондуктан, ар кимге эркин эмгектенүүгө кепилдик берет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 42-беренелер). Эмгек адамдын ажырагыс байгерчилиги болуп эсептелет, аны таануу, сактоо жана коргоо – мамлекеттин милдети. Мамлекет жашоонун татыктуу деңгээлин жана адамдын эркин өнүгүүсүн камсыз кылууга умтулат жана ушул максаттарда өзүнүн социалдык багытынын саясатын ишке ашыруу үчүн укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана башка шарттарды түзөт. Эмгек эркиндигине болгон укук ар бир инсандын субъективдүү укугу катары конституциялык-укуктук өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрү менен аныкталган жана мамлекет менен кепилденген эркиндиктин белгиленген бир деңгээлин чагылдырат. Бул укуктун фундаменталдык негизин мамлекеттүүлүктүн демократиялык маңызын чагылдырган жана инсандын экономикалык эркиндигин ырастоосуна шарт түзгөн конституциялык маанилүү принциптер түзөт. Эмгек эркиндигине болгон укук инсандын жашоо ишмердүүлүгүнүн негизги тармактарын камтыйт, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашыруучу таризи, ошондой эле адамдын эмгек тармагындагы бардык конституциялык укуктарынын кепилдигинин универсалдуу каражаты болуп саналат. Негизинен, кесибин жана иштин түрүн тандоого болгон өзүнүн эмгекке болгон мүмкүнчүлүгүн пайдалануу, эмгектик коргоого жана шарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан тѳмѳн болбогон эмгек акы алуу укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3- бөлүгүнүн мазмунунан жана маңызынан алып караганда, ар бир адам өзү эркин тандай алган же өзү эркин макул боло турган эмгек менен өз 6 жашоосуна акча табууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, конституциялык кепилдиктердин өзгөчө категориясына эмгекти тандоо эркиндиги киргизилген. Демек, эмгекти тандоого болгон укук жарандарга өзүнүн каалоосу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн тандоо мүмкүндүгүн берүү дегенди түшүндүрөт, эгер анын шарты адамдын каржы, социалдык, руханий жана башка керектөөлөрүн канааттандырса. Ошентип, мамлекет жарандардын эмгекке болгон укугун толук ишке ашыруу үчүн шарт түзүп берет, аны менен кесипти жана эмгек ишмердүүлүгүнүн түрүн тандоодо бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдейт. Бирок, ар биринин өзүнүн эмгекке болгон мүмкүнчүлүктөрүн эркин пайдалануу, ишмердүүлүк түрүн жана кесипти тандоо укугу мамлекеттин жаранды конкреттүү бир кызмат менен камсыздоого милдеттендирбейт жана мамлекеттик бийлик органдарындагы тигил же бул кызматтарда ордуна иштөөнүн атайын тартибин мыйзамда бекитүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Ушундай укуктук кѳз карашты Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2014-жылдын 30-апрелиндеги №27-Р, 2015-жылдын 18-апрелиндеги №02-Р ѳзүнүн Чечимдеринде баяндаган. 3. Кыргыз Республикасы, укуктук мамлекет болуп саналуу менен, өзүнүн укуктук тутумун укуктун үстѳмдүгүн жана адамдын укугун жана эркиндигин жогорку баалуулук деп таануу, мамлекеттин милдеттери катары аларды кармоо жана коргоо принциптеринин негизинде курат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 16-беренелер). Адамдын укугун жана эркиндигин бузулуулардан жана кол салуулардан коргоо, кармоо жана калыбына келтирүү соттук коргоого болгон конституциялык укуктун алкагында камсыздалат, ал акыйкаттуулук, көз карандысыздык, мыйзамдуулук жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде бардык субъекттерге сот адилеттигине эркин жана бирдей укугун болжолдойт. 7 Мамлекеттин көз карандысыз калыс сот менен акыйкат сот териштирүү аркылуу компетенттүү жана таасирдүү соттук коргоого болгон Кыргыз Республикасынын укукту ишке ашырууну камсыздоо милдети Адам укугунун Жалпы декларациясынын (8, 10-беренелер), Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыдан (2, 14-беренелер), Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин «Адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жѳнүндѳ» Конвенциясынын курамдык бөлүктөрүнөн келип чыгат (6, 20-беренелер). Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сот аркылуу сот адилеттигин жүргүзүү ыйгарымынын бекитилиши мамлекетке укук коргоо жана укукту ишке ашыруучу кызматтарында чагылдырылган социалдык ролун аткарууга мүмкүндүк берет. Укуктун үстѳмдүк принцибин бекитүүдөгү негизги роль так эле ошол соттко таандык. Укук коргоо жана укук колдонуучу мамлекеттик ишмердүүлүктүн түрү катары сот адилеттиги аркылуу сот бийлиги жүргүзүлөт, ал мамлекеттик жана коомдук жашоонун укуктук негиздерин, укукту бардык бузуулардан, аларды ким жасабасын коргоого тартылган. 4. Сот адилеттигинин коомдук-укуктук максаттары сот бийлигинин алып жүрүүчүлөрү катары судьялар аркылуу ишке ашырылат, алардын өзгөчө конституциялык-укуктук статусун аныктайт. Мамлекеттин маанилүү кызматын ишке ашырган судьядан адамдын укугун жана эркиндигин, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана калыптандыруу; мыйзамды жана башка ченемдик-укуктук актыларды аткарууну камсыздоо; укук субъектисин юридикалык жоопкерчиликке тартуу жана мамлекеттик таасир этүү жана мажбурлоо чараларын колдонуу түздөн түз көз каранды. Ишмердүүлүгүнүн милдетинен жана мүнөзүнөн, милдеттеринин алкагынан жана коом менен мыйзам алдындагы жоопкерчилик деңгээлинен алып караганда, судьянын кызматы өзгөчө категорияга киргизилет. Ошондуктан, судьялык кызматка өзгөчө талаптар коюлат, ал сот 8 ыйгарымдарын жөнү жок аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, ээсинин өздүгүнө, квалификациясына жана жүрүм-турумуна жогорку стандарттарды орнотуу менен чагылдырылат. Ушуга байланыштуу судьяларга Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен да, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамы менен да талаптар орнотулган, аларды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 9-бөлүгү менен шартталган. Судьялардын статусуна ылайык ага кѳрсѳтүлгѳн талаптардын катарына Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексинин талаптарын, мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактоо кирет жана судьянын кадыр- баркын жана беделин жаманатты кыла турган бардык нерселерден оолак болушу зарыл. Өз кезегинде судьянын кадыр-баркы жана бедели судьянын мурда соттолгондугунун бар болушу менен начарлашы мүмкүн, анын мурда соттуулугу, алынганын же жоюлгандыгынан тышкары. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы жѳнүндѳ айтса, Кыргыз Республикасынын Конституциясы (95-берененин 1-бѳлүгү), судья жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турганын жана өз ыйгарымдарын сактап калаарын бекиткен, ал эми бул талапты бузуу судьяны «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзам менен аныкталган тартипте жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет. Бул конституциялык талап эл аралык укуктук жалпы таанылган принциптери жана ченемдери менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдери менен макулдашат. Ошентип, соттук кызматка тандалып алынган адамдар жогорку моралдык сапаттар менен жөндөмдүүлүктөргө ээ болушу керек, ошондой эле укук тармагында тиешелүү даярдыктан жана квалификациядан өтүшү керек (БУУнун Башкы 9 Ассамблеясынын 1985-жылдын 29-ноябрындагы №40/32 жана 1985-жылдын 13-декабрындагы №40/146 резолюциясы менен жактырылган Сот органдарынын көз карандысыздыгынын негизги принциптери). 1958-жылдагы №111 «Эмгек жана иш тармагындагы кодулоо жөнүндө» Эл аралык эмгекти уюштуруу Конвенциясынын 1-беренесине ылайык, спецификалык талаптарга негизделген кандайдыр бир кызматка карата жол берилген же артыкчылык берилген бардык айырмачылыктар кодулоо болуп эсептелбей тургандыгы бекитилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мамлекеттин конституциялык маанилүү кызматтарын (жарандык жана атайын мамлекеттик кызмат, аскердик кызмат, мамлекеттик административдик жана саясий кызматтар) аткарып жаткан аныкталган бир адамдардын категориясы үчүн өзгөчө талаптарды орнотуу боюнча өз чечимдеринде (2013-жылдын 26-ноябрындагы №18-Р, 2014-жылдын 30- апрелиндеги №27-Р, 2014-жылдын 14-майындагы №31-Р, 2014-жылдын 11- июнундагы №33-Р, 2015-жылдын 18-февралындагы №02-Р) бир нече ирет белгилеп кеткендей, бул адамдардын атайын укуктук статусунун күчүндө жол берилет. Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери жана эл аралык келишимдердин ченемдери менен судьяларга, ошондой эле судьялык кызматка талапкер адамдарга да өзгөчө талаптарды коюуга жол берилет. Ошентип, судьялык кызматка болгон соттолгондугунун, анын ичинде жоюлган же алынган соттолгондугунун жок болуусу катары талаптарын орноткон талашка түшкөн ченем, судьянын өзгөчө укуктук статусунун күчүндө жарандардын укугун басмырлоочу же жокко чыгаруучу, эмгекке болгон укугун бузуучу катары каралбайт жана кодулоочу мүнөзгө ээ эмес. Кайрылуучу субъектинин, судьялык кызматка дайындалгандан кийин соттолгондугу табылгандыктан, ал судьялык кызматтан бошотууга негиз болуп кызмат кыла албайт деп келтирген далилдери негизсиз болуп саналат. 10 Алынганына же жоюлганына жана анын табылган убактысына карабай, судьянын мурда соттолгондугу судьянын кадыр-баркына карата бекитилген өзгөчө талаптарды кармабагандык катары бааланышы керек. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бѳлүктѳрүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ
1. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бѳлүгүнүн 1-пункту, 17-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 17- беренесине, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 42-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы