Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 360
Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Адамдын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирген кылмыштуу кол салууларды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча байланыш тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыздоо максатында, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 жана 211-беренелерине жана “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.
2. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ошондой эле электр байланышы чөйрөсүндө иштеген мамлекеттик органдар:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрүшсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 360
Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
Тармактарда жана байланыш каналдарында инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү кылмыштуу кол салууларды аныктоо, болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 жана 211-статьяларына, "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 219-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген: Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ошондой эле электр байланышы чөйрөсүндө иштеген мамлекеттик органдар:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрүшсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2014-жылдын 30-июнунда № 11-12 (464-465) жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |