Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-июлу № 365
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын
19-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнүн формасы (FORM STI-086) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана тапшыруу тартибинде 2-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“2. 1-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-086)
5. 1-графанын 300, 317, 334, 351, 368, 385, 402, 419, 436-уячаларында 1-таблицада көрсөтүлгөн мүлктүн кодуна ылайык мүлктүн түрлөрүнүн аталыштары көрсөтүлөт.
1-таблица
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | Турак үй |
002 | Батир |
003 | Дача үй |
Эгерде салык төлөөчүнүн бир нече мүлк объектиси болсо, анда маалыматтык эсепке мүлктүн бардык объектилери киргизилет. Мисалы, жеке адамдын үйү жана батири бар. Бул учурда эсепке: үй – “001” жана батир “002” киргизилет.
6. 2-графанын 301, 318, 335, 352, 369, 386, 403, 420, 437-уячаларында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт. Мисалы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 25-үй, 5-батир. Мүлккө укукту каттоо жок болгон учурда мүлктүн иш жүзүндөгү жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
7. 3-графанын 302, 319, 336, 353, 370, 387, 404, 421, 438-уячаларында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн далдаштыруу коду көрсөтүлөт. Мүлккө каттоо укугу жок болгон учурларда “0” мааниси коюлат.
8. 4-графанын 303, 320, 337, 354, 371, 388, 405, 422, 439-уячаларында мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес болуп 2-таблицага ылайык, мүлктү пайдалануучулардын коду боюнча көрсөтүлөт:
2-таблица
Коду | Мүлктү пайдалануучу |
МЭ | Менчик ээси |
ҮМЭ | Үлүштүү менчик ээси |
МЭЭ | Менчик ээси эмес |
9. 5-графанын 304, 321, 338, 355, 372, 389, 406, 423, 440-уячаларында мүлк объектисине ээлик кылган/пайдаланган айлардын саны көрсөтүлөт. Мисалы, 12, 6, 3.
10. 6-графанын 305, 322, 339, 356, 373, 390, 407, 424, 441- уячаларында 3-таблицада көрсөтүлгөн материалдын кодуна ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт.
3-таблица
Материалдын коду | Материалдын аталышы |
100 | Кыш |
200 | Жыгач |
300 | Курама жана чулу бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кумблоктор, көбүкблоктор, көбүкбетон, айнек |
400 | Чийки топурак (саман, маматомолок, сокмо) |
500 | Күлблок, полистиролдук курулуш блогу |
600 | Металл |
700 | Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар |
11. 7-графанын 306, 323, 340, 357, 374, 391, 408, 425, 442-уячаларында мүлк объектисин пайдаланууга берген жылы көрсөтүлөт. Мисалы: 1995.
12. 8-графанын 307, 324, 341, 358, 375, 392, 409, 426, 443-уячаларында кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунун маалыматтары боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (кв. м.) көрсөтүлөт. Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин техникалык паспортунда ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндөгү маалымат болбосо, жалпы аянт сырткы ченөө боюнча аныкталат.
Мүлккө укуктук каттоосу жок болгон учурда, курамына тиешелүү салык кызматы органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кирген комиссия даярдаган актыга ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
13. 9-графанын 308, 325, 342, 359, 376, 393, 410, 427, 444-уячаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары –Салык кодекси) 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынбаган аянт көрсөтүлөт. Мисалы: Бишкек шаарында жайгашкан жалпы аянты 120 кв. м. болгон 3 бөлмөлүү батир, бул учурда салык салынбаган аянт 80 кв. метрди түзөт.
14. 10-графанын 309, 326, 343, 360, 377, 394, 411, 428, 445-уячаларында 8-графанын 307, 324, 341, 358, 375, 392, 409, 426, 443-уячаларында жана 9-графанын 308, 325, 342, 359, 376, 393, 410, 427, 444-уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтардын айырмасы көрсөтүлөт. Мисалы, 3 бөлмөлүү батирдин жалпы аянты 120 кв. метрди түзөт, Бишкек шаары боюнча салык салынбаган 80 кв. м. аянт кемитилет, ошентип 10-графада салык салынуучу 40 кв. м. (120 кв. м. - 80 кв. м.) аянт көрсөтүлөт.
15. 11-графанын 310, 327, 344, 361, 378, 395, 412, 429, 446-уячаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 4-таблицада берилген пайдалануу мөөнөтүнө жана дубалдардын материалдарына жараша мүлк объектисинин баалоо наркы (1 кв. м., сом) көрсөтүлөт.
4-таблица
Дубалдардын материалы | Пайдалануу мөөнөтү | Баалануучу наркы 1 кв.м., сом |
Кыш | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашык | 15000 14000 13000 12000 10000 |
Жыгач | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашык | 13000 12000 11000 10000 8000 |
Курама жана чулу бетон жана темир бетон, бетон блоктору, кумблоктору, көбүкблок, көбүкбетон, айнек | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашык | 14000 13000 12000 11000 10000 |
Чийки топурак (саман, маматомолок, сокмо) | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашык | 10000 9000 8000 6000 5000 |
Күлблок, полистиролдуу курулуш блогу | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашык | 9000 8000 7000 6000 5000 |
Металл | 30 жылга чейин 30 жылдан ашык | 10000 8000
|
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | 4000 | |
Мисалы, эгерде имараттын дубалынын материалы кыш болсо, пайдалануу мөөнөтү – 18 жыл, анда мүлк объектисин баалоо наркы 1 кв. метрине 13000 сомду түзөт.
16. 12-графанын 311, 328, 345, 362, 379, 396, 413, 430, 447-уячаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 7 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык, объекттин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ордуна жараша салык салынган наркынын өзгөрүүсүн эске алган Кр региондук коэффициенти көрсөтүлөт. Эгерде региондук коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
17. 13-графанын 312, 329, 346, 363, 380, 397, 414, 431, 448-уячаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, объекттин калктуу конушта жайгашкан ордуна жараша объекттин салык салынган наркынын өзгөрүүсүн эске алган Кч чөлкөмдүк коэффициенти көрсөтүлөт. Эгерде чөлкөмдүк коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
18. 14-графанын 313, 330, 347, 364, 381, 398, 415, 432, 449-уячаларында Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонула турган Кт тармактык коэффициенти көрсөтүлөт. Эгерде тармактык коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
19. 15-графанын 314, 331, 348, 365, 382, 399, 416, 433, 450-уячаларында Салык кодексинин 328-беренесинин 1-пунктунда белгиленген, салык салынган базанын 0,35 пайызы өлчөмүндөгү салыктын коюму көрсөтүлөт.
20. 16-графанын 315, 332, 349, 366, 383, 400, 417, 434, 451-уячаларында салыктын суммасы (сом) көрсөтүлөт, (10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа), мында 10-графанын 309, 326, 343, 360, 377, 394, 411, 428, 445-уячаларынын маанилери 11-графанын 310, 327, 344, 361, 378, 395, 412, 429, 446-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт, 12-графанын 311, 328, 345, 362, 379, 396, 413, 430, 447-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт, 13-графанын 312, 329, 346, 363, 380, 397, 414, 431, 448-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт, 14-графанын 313, 330, 347, 364, 381, 398, 415, 432, 449-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт, 15-графанын 314, 331, 348, 365, 382, 399, 416, 433, 450-уячаларынын маанилерине көбөйтүлөт.
21. 17-графанын 316, 333, 350, 367, 384, 401, 418, 435, 452-уячаларында түздөн-түз мүлк объектисинин алдында жайгашкан жер тилкеси үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө жаткан жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт, бирок бул мүлк объектисине карата эсептелген мүлккө салыктын суммасынан жогору эмес. Жер участогуна укукту каттоо болбогон учурда көрсөтүлгөн уячаларга “0” мааниси коюлат.
22. “Эскертүү” деген 500- 511- чейинки уячалары салыкты кайрадан эсептөө менен байланышкан такталган эсептөөлөрдү берүү учурунда толтурулат, мында салык милдеттенмелеринин өзгөрүүлөрүн эске алуу менен салыктын суммасы айлар боюнча коюлат. Бул учурда “001” уячасында “такталган” деген сөздүн тушуна “Х” белгиси коюлат.
221. 453 жана 454- уячаларда жыйынтыктоочу суммалар көрсөтүлөт.
222. 455-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 2 жана 4- бөлүктөрүнө ылайык жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт. Мисалы, табигый кырсыктардан улам жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлккө салык төлөөдөн бошотуу берилет. Жеңилдиктер болбогон учурда “0” мааниси коюлат.
223. 456-уячада төлөнүүчү салыктын суммасы болуп эсептелген 453, 454 жана 455-уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт.
1-мисал.
Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан, кыш менен курулуп жана 1995-жылы пайдаланууга берилген, жалпы аянты 150 кв.метр болгон үч бөлмөлүү батирге салыктын суммасы төмөнкү түрдө эсептелет.
Региондук, чөлкөмдүк жана тармактык коэффициенттер 1, 1,2 жана 1 өлчөмдөрүндө белгиленген.
Салык салынуучу нарк: 13 000 х 70 х 1 х 1,2 х 1 = 1 092 000 сом.
Мүлк салыгынын суммасы: 1 092 000 сом х 0,35 % = 3 822 сом.
Түздөн-түз объекттин астында жайгашкан жер участогуна жер салыгынын суммасы – 0.
Мүлк салыгынын төлөөгө суммасы: 3 822 сом.
Маалымат-тык эсептөө | Салык салынбаган аянт (кв.м.) | Ээлик кылуунун айларынын саны | Баалоо наркы (сом) | Жалпы аянты (кв. м.) | Кр | Кч | Кт |
Баштапкы | 80 | 12 | 13000 | 150 | 1 | 1,2 | 1 |
Салык коюму | Салык суммасы | Объекттин астындагы участоктун жер салыгынын суммасы | Төлөнүүчү салыктын суммасы |
0,35 | 3822 | 0 | 3822 |
Салык төлөөчү берген маалыматтык эсептөөдө:
- 001 уячада “баштапкы” сөзүнүн тушуна “Х” белгиси коюлат;
- “Жалпы аянты” графасында – “150” мааниси, батирдин аянты көрсөтүлөт;
- Салык кодексинин 330-беренесине ылайык “Салык салынбаган аянт” графасында “80” мааниси көрсөтүлөт, анткени батир калкынын саны 500 миң жана андан жогору адамдан турган калктуу конушта жайгашкан;
- “Салык салынуучу аянт” графасында “70” мааниси, б.а. айырма көрсөтүлөт (150-80);
- “Баалануучу наркы (кв.м.)” графасында пайдалануу мөөнөтү 15тен 30 жылга чейинки мүлк объектисине колдонуучу “13 000” мааниси көрсөтүлөт (пайдаланууга берүү жылы – 1995-жыл);
- “Кр”, “Кч” жана “Кт” графаларында коэффициенттердин мааниси көрсөтүлөт (региондук, чөлкөмдүк, тармактык);
- “Салыктын коюму” графасында “0,35” мааниси көрсөтүлөт;
- “Салыктын суммасы” графасында “салык салынуучу наркты” “салыктын коюмуна”, б.а. 0,35ке көбөйтүүнүн жыйынтыгы көрсөтүлөт;
- “Мүлк объектисинин астында жайгашкан жер участогуна жер салыгынын суммасы” графасында “0” мааниси көрсөтүлөт, анткени жер участогуна укуктук каттоо жок.
224. Мүлк объектисине календардык жылдан аз мөөнөткө ээлик кылган учурларда мүлк объектисине иш жүзүндө ээлик кылуу салыгынын суммасы Салык кодексинин 332-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эсептелет, б.а. салыктын жылдык суммасы 12 айга бөлүнөт, андан кийин алынган маани иш жүзүндө ээлик кылуунун айларына көбөйтүлөт.
2-мисал.
Бишкек шаарынын борборунда кыштан курулган, пайдаланууга 1995-жылы берилген жана 2014-жылдын 10-июнуна чейин менчикте болгон жалпы аянты 150 кв.метрлүү үч бөлмөлүү батирдин салык суммасы төмөнкүчө аныкталат:
Мүлктү ажыратуу мезгили үчүн мүлк салыгы = мүлк салыгынын жылдык суммасы / 12 ай х 5 ай, мында салыктын суммасы 1 592,5 сомду түзөт.
Мында салык төлөөчү (сатуучу) берген маалыматтык эсептөөдө:
- 001-уячада “кошумча” сөзүнүн тушуна “Х” белгиси коюлат;
- 900-уячада мүлктү сатуунун датасы – 10.06.2014 көрсөтүлөт;
- “Ээлик кылуунун айларынын саны” графасында мүлк объектисине иш жүзүндө ээлик кылуунун айларынын саны, б.а. “5” мааниси көрсөтүлөт;
- “Жалпы аянты” графасында сатылган аянттын өлчөмү, б.а. “150” мааниси көрсөтүлөт;
-“Төлөөгө салыктын суммасы” графасында салыктык милдеттенме, б.а. “1 592,5 сом” мааниси көрсөтүлөт.
Бул учурда, мүлк салыгынын кийинки салык төлөөчүсү (сатып алуучу) мүлккө салык суммасын төмөнкүчө эсептейт.
Мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуу мезгили үчүн мүлк салыгы = мүлк салыгынын жылдык суммасы / 12 ай х 7 ай (3822 сом/ 12 х 7 = 2 229,50 сом).
Мында салык төлөөчү кошумча берген маалыматтык эсептөөдө:
- 001 уячада “кошумча” сөзүнүн тушуна эгерде кийинки салык төлөөчү мурда башка мүлк объектиси боюнча баштапкы маалыматтык эсепти берсе “Х” белгиси коюлат;
- 900-уячада сатып алуунун датасы – 10.06.2014 көрсөтүлөт;
- “Ээлик кылуунун айларынын саны” графасында – мүлк объектисине иш жүзүндө ээлик кылуунун айларынын саны, б.а. “7” мааниси көрсөтүлөт;
- “Жалпы аянты” графасында сатып алынган аянттын өлчөмү, б.а. “150” мааниси көрсөтүлөт;
- “Төлөөгө салыктын суммасы” графасында салык милдеттенмесинин оң мааниси, б.а. “2 229,50 сом” мааниси көрсөтүлөт.
225. Салыкты кайта эсептөө менен байланышкан маалыматтык эсеп берилген учурда “Эскертүү” толтурулат, мында салык милдеттенмесинин өзгөрүүлөрүн эсепке алуу менен айлар боюнча салык суммасы коюлат.
3-мисал.
Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан, кыштан курулган жана пайдаланууга 1995-жылы берилген жалпы аянты 150 кв.м. болгон үч бөлмөлүү батирдин салык суммасын кайра эсептөө төмөнкүчө жүргүзүлөт.
Чөлкөмдүк коэффициенттин 0,8 өлчөмүндөгү мааниси Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен 2014-жылдын май айында бекитилген. Ал 2014-жылдын 1-июнунда күчүнө кирген.
1 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен салык салынуучу наркы:
13 000 х 70 х 1 х 1 х 1 = 910 000 сом.
1 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен мүлк салыгынын жылдык суммасы:
910 000 сом х 0,35 % = 3 185 сом.
Маалымат-тык эсептөө | Салык салынбаган аянт (кв.м.) | Ээлик кылуунун айларынын саны | Баалоо наркы (сом) | Жалпы аянты (кв.м.) | Кр | Кч | Кт |
Баштапкы | 80 | 12 | 13000 | 150 | 1 | 1 | 1 |
Салык коюму | Салык суммасы | Объекттин астындагы участоктун жер салыгынын суммасы | Төлөнүүчү салыктын суммасы |
0,35 | 3185 | 0 | 3185 |
0,8 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен салык салынуучу наркы:
13 000 х 70 х 1 х 0,8 х 1 = 728 000 сом.
0,8 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен мүлк салыгынын жылдык суммасы:
728 000 сом х 0,35% = 2 548 сом.
1 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен бир айдагы салыктын суммасы:
3 185 / 12 ай = 265,4 сом.
0,8 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен бир айдагы салыктын суммасы:
2 548 / 12 ай = 212,3 сом.
1 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен январь - май айларындагы мезгил үчүн салык суммасы:
265,4 х 5 ай = 1 327 сом.
0,8 өлчөмүндөгү чөлкөмдүк коэффициенттин маанисин пайдалануу менен июнь - декабрь айларындагы мезгил үчүн салык суммасы:
212,3 х 7 ай = 1 486,1 сом.
Чөлкөмдүк коэффициенттин өзгөрүүлөрүн эсепке алуу менен мүлк салыгынын такталган жылдык суммасы:
1 327 + 1 486,1 = 2 813,1 сом.
Мында салык төлөөчү берген маалыматтык эсепте:
001 уячада “такталган” сөзүнүн тушуна “Х” белгиси коюлат;
- “Чөлкөмдүк коэффициент (Кч)” графасында өзгөртүлгөн коэффициенттин өлчөмү - 0,8 көрсөтүлөт;
- “Төлөөгө салыктын суммасы” графасында салыктын такталган суммасы – 2 813,1 сом көрсөтүлөт.
“Эскертүү” төмөнкүчө толтурулат:
Айлар | Январь | Февраль | Март | Апрель | Май | Июнь |
Салык суммасы | 265,4 | 265,4 | 265,4 | 265,4 | 265,4 | 212,3 |
Июль | Август | Сентябрь | Октябрь | Ноябрь | Декабрь |
212,3 | 212,3 | 212,3 | 212,3 | 212,3 | 212,3 |
”.
2. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |