Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июлу № 367
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 257-беренесине ылайык, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү боюнча жаңы технологияларды ишке киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Майыптар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесинде:
"ТЭИ ТН коду" графасындагы "9012 10 100 0" цифралары "9021 10 100 0" цифраларына алмаштырылсын;
- төмөнкү позициялар менен толукталсын:
2526 20 000 0 | "Отто Бокк" талькы <1> |
2916 32 | Катыргыч-күлмайда <1> |
2929 10 | Педилен үчүн катыргыч <1> |
3005 90 310 0 | Чоюлчаак гипс таңгычы <1> |
3208 20 100 0 | Ортокрил чайыры <1> |
3208 90 990 0 | Лак НЦ-598 (нитроцеллюлозалык) <1> |
3214 10 900 0 | Ортокрил майшыбагы <1> |
3214 10 900 0 | Тез байлоочу майшыбак "Акеми" <1> |
3506 10 000 0 | "Отто Бокк" контакттуу желими <1> |
3919 10 800 0 | Жабышкак тасма <1> |
3920 10 890 0 | Полиэтилен баракчалары <1> |
3920 99 590 0 | Полимер баракчалары <1> |
3920 99 900 0 | ОД мультиколору (каптоочу декор) <1> |
3921 12 000 0 | Көпшөк поливинихлоридден алынган тилкелер <1> |
3921 13 100 0 | Пластазот <1> |
3921 13 900 0 | Ортопедиялык бут кийим үчүн "Медиорт" тактачалары <1> |
3921 19 000 0 | Педилин <1> |
5602 10 380 0 | Фильц дакрон <1> |
6002 90 000 0 | Чоюлчаак токума энтилкелер <1> |
6003 30 900 0 | Перлон токума жең кабы <1> |
6114 20 000 0 | Мултук бутка кебез каптооч <1> |
6114 90 000 0 | Мултук бутка жарым жүндөн жасалган каптооч <1> |
6805 10 000 0 | Жылмалагыч гильза <1> |
7019 90 910 0; 7019 90 990 0 | Айнек нейлон токума жең кабы <1> |
7318 15 900 0 | Болот буралгы <1> |
7318 29 000 0 | Датка чыдамдуу болоттон пластина <1> |
7318 29 000 0 | Эки көзөнөктүү пластина <1> |
7415 29 000 0 | Жез кадоо <1> |
7318 14 990 0 | Бандаж үчүн розетка <1> |
7326 90 930 0 | Металл планшеттер <1> |
8308 90 000 0 | Болот тогоолор <1> |
8203 | Протездөө үчүн аспаптар <1> |
6406 20 900 0 | Полимер материалдан таман <1> |
8443 32 100 9 | Брайл шрифти үчүн принтер <1> |
4802 | Брайл боюнча басып чыгаруу үчүн кагаз <1> |
8469 00 900 0 | Брайл боюнча басып чыгаруу машинкасы <1> |
Жогоруда аталган Тизмекке эскертүү төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бул товарларды алуучу болуп эсептелет.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |