Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июлу № 368
Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында жана Анкара шаарында 2013-жылдын 29-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында жана Анкара шаарында 2013-жылдын 29-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу);
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-ноябрында жана Анкара шаарында 2013-жылдын 29-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол (мындан ары – Протокол).
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну жана Протоколду аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |