Редакцияот 07.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 7-июлу № 45

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртууга грант (MDTF №TF013478) берүү жөнүндө макулдашуу-катты бекитүү тууралуу

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртууга грант (MDTF №TF013478) берүү жөнүндө макулдашуу-кат бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банкка) Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштан күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев