Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин жана Гульзар Абдыбековна Суталинованын кайрылуусуна байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
2015-жылдын 24-июну № 9-р
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,
сот жыйналышынын катчысы - Н.А.Илиязованын катчылыгы менен,
кайрылуучу тараптан - А.М.Осмоналиева, Б.К.Осмонбаев, Г.А.Суталинова,
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызыкчылыгын көздөгөн өкүлү Т.С.Калыковдун жана Кыргыз Республикасынын байланыш операторлорунун Ассоциясынын кызыкчылыгын көздөгөн А.М.Абакированын катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 беренесинин 16-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук жыйналышта карады.
Ишти кароого жарандар А.М.Осмоналиеванын, Б.К.Осмонбаевдин, Г.А.Суталинованын өтүнүчү себеп болду.
Бул ишти кароого Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюуну караган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгү Конституцияга ылайык келгендиги жөнүндө маселеде аныктык эмес пайда болгондугу, шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө жүзөгө ашыруу; талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу, ошондой эле мындай учурларда ушуга окшогон маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Э.Ж.Осконбаевдын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 1-октябрында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө жарандар А.М.Осмоналиеванын, Б.К.Осмонбаевдин, Г.А.Суталинованын өтүнүчү келип түшкөн.
Арыз ээлери, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу, ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен таратуу укугуна ээ деп көрсөтүшкөн. Алардын пикири боюнча, эркиндикти издөө, маалыматты алуу жана аны таратуу адамдын маанилүү саясий жана жеке укуктарынын бири болуп саналат. Маалыматтын эркиндиги болуп саналган сөз эркиндиги адамдын фундаменталдык укуктарынын катарына кирет. Маалымат эркиндиги өз ойлорун билдирүүнүн эркиндиги катары, алып жүрүүчүдөн жана маалыматты берүү ыкмасынан: оозеки, жазуу жүзүндө, басма сөз аркылуу, интернет аркылуу же көркөм чыгармачылык аркылуу берүүдөн көз каранды эмес. Бул эркиндикти укуктук коргоо маалыматтын мазмунуна дагы, аны чагылдыруунун каражаттарына да таратылат. Жарандардын сөз эркиндигине болгон укугун, ошондой эле маалыматты эркин издөө жана алууга болгон укугун бузууга демократиялык мамлекетте жол берилбеши керек.
Арыз ээлери, талашка түшкөн ченем чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүттү тыюу менен, маалыматтын эркиндигине болгон укукту чектейт жана Президентти жана депутаттарды шайлоо жүргүзүү учурундагы чет өлкөлүк теле- жана радиопрограммаларга карата болгон цензураны карайт деп эсептешет. Мындан сырткары, жергиликтүү жалпыга маалымат каражаттарына, талапкерлердин ар намысын, кадыр-бар- кын жана ишкердик беделин түшүрө турган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик негизделбей жүктөлөт.
Адамдын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө таянуу менен, кайрылуучу тарап көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 16-бөлүгү менен киргизилген чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан аныкталган максаттарга жооп бербейт деп эсептейт. Мындан сырткары, арыз ээлеринин пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу тигил же бул кабелдик телекөрсөтүү үчүн кол койгон керектөөчүлөрдүн, ошондой эле тигил же бул радио- жана телевизиондук каналдарды кайра трансляциялоо үчүн жыштыктын акысын төлөгөн тармактардын операторлорунун укугун бузган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 13-ноябрындагы аныктамасы менен жарандар А.М.Осмоналиеванын, Б.К.Осмонбаевдин, Г.А.Суталинованын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
2015-жылдын 13-майында ишти соттук жыйналышында кароого чейин, кайрылуучу тараптан мурда берилген талаптардан "Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат" деген сөздөр менен чагылдырылган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуу эместигин таануу жөнүндөгү талаптарды алып салуу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.
Сот жыйналышында кайрылуучу тарап талаптардын калган бөлүгүн колдоду жана аларды канааттандырууну суранышты.
Жоопкер -тараптын өкүлү К.Р.Садыков соттук жыйналышка келген жок жана ишти анын катышуусуз карай берүүнү суранган. Бул учурда жоопкер-тараптын өкүлү тарабынан талашка түшкөн ченем боюнча көз карашы билдирилген эмес. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы укук маселелерин чече тургандыгын жана тараптардын жүйөөлөрү менен байланышта эмес экенин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы К.Р.Садыковдун өтүнүчүн канааттандырды жана ишти анын катышуусуз кароону мүмкүн деп эсептеди.
Конституциялык палата тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап, башка жактын иш боюнча берген түшүндүрмөсүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда козголгон ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгүнүн ченемдик жоболору саналат:
"...16. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрдө жүргүзүлөт. Талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат".
2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 2011-жылдын 5-июлундагы № 54 "Эркин-Тоо" гезитинде жарыяланган, мыйзамдарда бекитилген тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болот деп жарыялоо менен ар кимге эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу, маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ болууга кепилдик берет. Башка укуктар жана эркиндиктер менен катар алар мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин маани жана мазмунун аныктоо менен тикелей колдонулат (16-берененин 1-бөлүгү, 31-берененин 1, 2-бөлүктөрү, 33-берененин 1-бөлүгү).
Пикирлерди билдирүү эркиндиги жана сөз эркиндиги адамдын өзүн чагылдыруунун, анын жашоо көз карашын калыптандыруунун, өзүнүн маанилүүлүгүн жана баалуулугун түшүнө билүүнүн, өзүнүн башкаларга угулуусун жана башкаларды угуу керектөөсүн канааттандырууда өтө зарыл шарттар болуп саналат. Пикирлерди билдирүү эркиндигинин кепилдиги адамды эркин жана көз карандысыз ойлонуу мүмкүнчүлүгүн чектөөдөн коргоодо турат. Демек, эгерде аны эркин айтууга мүмкүн болбосо, пикир эркин пайда боло албайт.
Сөз эркиндиги адамдын эл алдында эркин чыгып сүйлөө, өз ойлорун, пикирлерин жана ынанымдарын тоскоолдуксуз чагылдыруу, кандай болбосун ыкма менен жайылтуу, элге жеткирүү мүмкүнчүлүгүндө көрүнөт.
Басма сөз эркиндиги - бул жарандардын маалыматтын массалык басма сөз каражаттарын эркин түзүү, каалаган басма сөз продукциясын эркин чыгаруу жана таратууга болгон жеке жана саясий укугу.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген маалымат эркиндигине болгон укукту туунду катары, жана ошол эле убакта, өз пикирин эркин билдирүү жана сөз эркиндигине болгон укуктун кошумча кепилдиги катары кароо керек.
Аны менен бирге, шайлоо процессинин жүрүшүндө сөз эркиндиги жана маалымат эркиндиги элдин каалоосун билип туруп билдирүү үчүн зарыл болгон саясий маалыматтык мейкиндикти түзүү менен белгилүү бир мезгилде шайлоо институттарынын жалпы түзүмүнө кирип калат, жана мында жалпыга маалымат каражаттары өзгөчө орунду ээлейт (мындан ары - ЖМК).
3. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында, демократиялык да жана укуктук да мамлекетте Кыргызстандын эли өз бийлигин жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу жүзөгө ашырат, жарандар мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу (1-берененин 1-бөлүгү, 2-берененин 2-бөлүгү, 52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык шайлоо эркин болуп саналат, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциянын келтирилген жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн курамдык бөлүгү болгондуктан жалпы таанылган эл аралык укук принциптери эл аралык укуктун укуктук тутуму болуп эсептелет. Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакт мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө ар бир атуулдун кандай болбосун дискриминациясыз жана негизделбеген чектөөлөрсүз түздөн-түз жана эркин тандалган өкүлдөр аркылуу катышууга, шайлоочулардын каалоосун эркин билдирүүнү камсыз кылуучу жана жашыруун добуш берүүдө жалпы жана тең шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлгөн чыныгы мезгилдик шайлоолордо добуш берүү жана шайлануу укугун карайт (25-берененин "а", "b" пункттары).
Шайлоо процессинде ЖМКлардын катышуу жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү жана башка шайлоо органдарын түзүү катышуу маселелери өзгөчө мааниге ээ. Бул бир жагынан маалымат берүү каналынын кызматын аткарган, экинчи жагынан - шайлоо алдындагы үгүттөө каражаты жана коомдук көзөмөл куралы катары кызмат кылган ЖМКнын өзгөчө ишмердүүлүк чөйрөсү. Шайлоо убагындагы ЖМКнын ролу - жарандарга бийлик органдарын калыптандыруу процессин интеграциялоого жардам берүү, ачык жана мыйзамдуу саясий күрөш жүргүзүү көндүмдөрүн алуу жана ишке ашырууда турат.
Шайлоонун жүрүшүндө шайлоочуларга катталган талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программалары, ошондой эле шайлоо процессинин маңызы жөнүндө толук маалыматка жетүүнүн бардык зарыл болгон шарттары камсыз кылынышы керек. Натыйжада, шайлоочулар толук жана жетиштүү маалыматтын негизинде өзүнүн аң-сезимдүү тандоосун жасашы керек. Ошентип, эркин жана акыйкат шайлоолор жарандарга белгилүү бир тартипте добуш берүү мүмкүндүгүн камсыз кылууда гана эмес, алардын жетишээрлик маалымат алуу укугуна кепилдик берүүнү жүзөгө ашырат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31, 33-беренелеринин тутумдук байланышы, 2, 52-беренелеринин мааниси боюнча эркин шайлоолорду камсыз кылуу максатында мыйзам чыгаруучу шайлоону маалыматтык камсыз кылуунун тартибин жана шарттарын белгилеген.
Демек, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 22-беренелерине ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу эки элементтен турат: шайлоонун айкындуулугуна жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүгө түрткү берүүгө тийиш болгон шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү.
Шайлоочуларды шайлоо жөнүндө кабардар кылуу маалымат эркиндигине жана ой-пикирин билдирүү эркиндигине укукту ишке ашыруу менен түздөн түз байланышкан жана бул процесстин катышуучулары болуп саналган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, юридикалык жана физикалык жактар менен катар ЖМКлардын эң маанилүү демократиялык иш-милдети болуп саналат. Ушуну менен бирге ЖМКларда жайгаштырылуучу же башка жолдор менен таратылуучу маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү жана чынчыл болушу керек; талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбашы керек; аларда кайсы болбосун талапкерге, же саясий партияга артыкчылык берилбеши керек.
Бул шайлоо алдындагы үгүттөөгө тиешелүү болгон учурда, кырдаал укуктук маанисинде түп тамырынан бери өзгөрөт.
Колдонуудагы мыйзамда шайлоо алдындагы үгүттөө деп маалыматты таратуу эмес, шайлоочуларды тигил же бул субъекттерге добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө түртүү же түртүүчү максаты бар, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча өзгөчөлөнгөн белгилердин тизмегине ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын белгилүү иштерин түшүнүүгө болот. Мындан сырткары, шайлоо алдындагы үгүттөөгө айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдонуу билдирүү, талапкерлерди шайлоо же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу; талапкерлердин ишкердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу да кирет.
Ушуну менен бирге, ЖМК үгүт иштеринин субъекттери болуп саналбай тургандыгын эске алуу керек. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 8, 9-пункттарына жана 13-пунктунун 1-пунктчасына ылайык үгүт жүргүзүү укугу Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерине жана саясий партияларга таандык. ЖМКлар маалыматтык тейлөөнүн өндүрүүчүсү жана каналы шайлоо алдындагы үгүттөөнүн шайманы болуп гана чыгат.
Ошентип, шайлоо алдындагы үгүткө болгон укук пикирин билдирүү эркиндигине болгон, сөз жана маалымат эркиндигине болгон укук менен салыштырууга болбойт. Ал белгилүү бир катуу тартипте, шайлоо алдындагы үгүттөөнүн мезгилинде жана шайлоо укук мамилелеринин алкагында гана ишке ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.
Мамлекеттин эң маанилүү белгилеринин бири болуп, мамлекеттик бийлик органдарынын бардык түзүмүнө эң баштапкы жогорку легитимдүүлүктү берген калыптануунун негизги ыкмасы болуп саналган мезгилдүү демократиялык шайлоолордун, бийликтин өз алдынча легитимдүү тутумунун болушу саналат. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу коомдук мамилелердин ушул тармагын укуктук жөнгө салууга олуттуу көңүл бурат. Ушуну менен бирге мамлекеттик бийликти калыптандыруу жана уюштуруу маселелери сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, мамлекет тарабынан өз алдынча чечилиши керектигин белгилей кетүү керек.
Улуттук укук тартибин орнотуу өздүк конституциялык принциптерге ылайык көз карандысыз мамлекеттин ажырагыс атрибуту болуп саналат.
Шайлоо процессиндеги мамлекеттик суверенитеттин негизги мазмуну, мамлекет - эл аралык ченемдерге таянуу менен жана өз милдеттеринин алкагында, шайлоо жол жоболорун уюштуруу учурунда укук кароонун бардык толуктугу жана эркиндигине ээ болгондугунда турат. Шайлоо процессин жөнгө салууга болгон мамлекеттин укугу эл аралык мамилелердин башка субъекттер менен макулдашуусун талап кылбайт. Мындай көз караш эл аралык укукка ылайык келет. Ошентип, көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мүчө-мамлекеттериндеги Демократиялык шайлоо стандарттары, шайлоо укуктары жана эркиндиктери жөнүндө Конвенция мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, элдик (улуттук) өкүлчүлүктүн башка органдарына шайлоолорду даярдоо же өткөрүүгө түрткү болгон же тоскоолдук кылуучу иштерди жүзөгө ашырууда чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, эл аралык коомдук кыймылдардын, эл аралык уюмдардын, шайлануучу кызмат адамдарынын кандайдыр бир түз же кыйыр катышуусуна жол бербейт (1-берененин 7-бөлүгү). Мындан сырткары, Конвенциянын бир мүчө-мамлекетинин жалпыга маалымат каражаттары жана телекоммуникация каражаттары шайлоо өткөрүү учурунда үгүттөө иштерине катышуу максатында башка мамлекеттин аймагында пайдаланыла албайт (13-берененин 7-бөлүгү).
Ошентип, шайлоого коомчулукту даярдоого, жана биринчи кезекте, жарандардын аң-сезимдүү каалоосун билдирүүгө багытталган бардык маалыматтык иш чаралар шайлоонун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат жана кандайдыр бир чет өлкөлүк (эл аралык) субъекттердин кандайдыр бир кийлигишүүсүз кызмат кылышы керек.
Ушундан улам, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгүндө мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк ЖМКда шайлоо алдындагы үгүт өткөрүүгө тыюу салынууну караган.
Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программаларды жазылып алынган түрүндө берүүнү милдеттендирген ченемдик жобо жогоруда аталып кеткен тыюу салуудан келип чыккан жана анын туундусу болуп саналат. Мыйзам чыгаруучу тарабынан колдонулган укуктук жөнгө салуу ыкмасы көз карандысыз мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү фактысын эскертүүнүн укуктук механизми катары каралышы керек.
Мындай укуктук белгилөөлөрдүн болушу ар биринин анын ичинде чет элдик ЖМКлардын пикирин эркин билдирүү жана маалымат эркиндигине болгон конституциялык укугунун бузулушу катары каралбашы керек. Чет элдик теле- жана радио программаларды берүү учурунда алар шайлоо жөнүндө толук маалыматка жетүү жана шайлоо процесси жөнүндө маалымат алуу эркиндигине болгон укуктан ажыратылбайт.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык чет өлкөлүк ЖМК мамлекеттик башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өз кабарчыларын аккредитациялоо, кабарчылар пункттарын ачуу укугуна ээ. Андан сырткары, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоолорду өткөрүү учурунда аккредитацияланган чет элдик ЖМКлардын кабарчылары шайлоого даярдануу жана аны өткөрүүнү чагылдырууга катыша алышат. Ушуга ылайык, Кыргыз Республикасында шайлоону чагылдырууга болгон чет өлкөлүк ЖМКлардын катышуусу шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жана сөз жана маалымат эркиндигине болгон укукту ишке ашыруу жана шайлоолорду маалыматтык камсыз кылуу чөйрөсүнөн тышкары шайлоо алдындагы үгүткө болгон укуктун тармагын кошпогондо, мыйзамдык деңгээлде камсыз кылынат.
5. Зарылдык көз караштан коомдун маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу жана бул процессти майнаптуу уюштуруу зарыл жана негизделген болгондуктан телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тармагындагы укук мамилелери жөнгө салуунун так аныкталган жана деталдуу тартибин айырмалайт.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык телерадио берүү уюмдарынын иш-аракети лицензиялануучу иш-аракеттин түрү болуп саналат, теле жана/же радиопрограммаларды кайра трансляциялоо укугу лицензия менен берүүгө аныкталат (18, 20-беренелер). Кайра трансляциялоону лицензиялык-уруксат берүүчү ишмердүүлүктүн катарына киргизүү өзгөчө шарттардын жана талаптардын болушун божомолдойт.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кайра трансляциялоону толук же өзгөрүлбөгөн телерадио программаларды же берүүчү трансляциялаган мындай программалардын маанилүү бөлүктөрүн кабыл алуу же ошол эле мезгилде берүү катары аныктайт (3-берене). Кайра трансляциялоону жүзөгө ашыруу максатын көздөгөн жана буга өндүрүүчүдөн уруксат алган телерадио берүү уюму жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык кайра трансляциялоого арналган программалардын мазмунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ыңгайлаштырууга милдеттүү (20-берене). Мындай милдеттенмени телерадио берүү уюмдарына жүктөө өндүрүүчүнүн тандоосу боюнча жана кайра трансляциялануучу программалардын мазмуну боюнча анын эркин кароо жана ошол эле убакта, кайра трансляциялануучу программалардын мазмунунан үгүттөөчү мүнөзгө ээ маалыматтык материалдарды алып салуу укугунан келип чыгат.
6. Чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынып жаткан ретрансляциялоону караган ченем, ошондой эле талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө ретрансляциялоону тыюу салган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгүнүн ченемдик жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу максатын көздөйт. Мындай учурларда буга окшогон маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик жергиликтүү ЖМКларга жүктөлөт.
Шайлоо жүргүзүү убагында талапкерлердин ар намысы- на, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жайылтуу шайлоочулардын пикирине ал эми келечекте - шайлоонун натыйжасына маанилүү таасир этиши мүмкүн экендигине байланыштуу, мыйзам чыгаруучу бул укук мамилелерин жөнгө салуу тартибин өзгөчө бөлүп көрсөтөт.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнө ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышуу менен талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирүүчү, билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген ЖМК талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Саясий партиянын талапкерине, саясий партияга шайлоо алдында үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирген маалыматты жарыяланган ЖМКда талапкердин, саясий партиянын талапкеринин беделине зыян келтирүүгө жарамдуу маалыматты жарыялаган ЖМКда алардын коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бербегени, ошол ЖМК соттук тартипте сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы инсандын артыкчылыгын жана коомдук жашоонун бардык чөйрөсүндө анын укугун белгилөө менен ар бир адамга намысын жана кадыр баркын коргоого укукту кепилдейт (29-берененин 1-бөлүгү). Эч ким сот алдында өз ар намысын жана кадыр баркын, ошондой эле ага байланышкан укуктарды жана эркиндиктерди коргоодо чектелүүгө мүмкүн эмес. Терс маалыматты жайылтуунун натыйжасында намысына, кадыр-баркына зыян келтирилген адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын ар бир учурда коргоо реалдуу камсыз кылынышы керек. Ошол эле убакта, мындай мүмкүнчүлүк мыйзамга ылайык милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгондо чет өлкөлүк ЖМКларда талапкерлердин ар намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоону төгүнгө чыгаруу маселелерин жөнгө салуу мүмкүн эмес.
Чет өлкөлүк теле- жана радио программаларды кайра трансляциялоону жазып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө талапты камтыган талашка түшкөн ченемдик жобонун түзүмү, ошондой эле талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды таратуучу теле- жана радио программаларды. кайра трансляциялоо терс кесепеттерди алып келүүчү берилген маалыматтын мазмунун баалоо жана жергиликтүү ЖМКлар тарабынан алдын ала жазууну жүзөгө ашырууну бузуу алардын жоопкерчилиги үчүн укуктук негиз түзгөндүгүн божомолдойт.
Алдын ала эскертилүүчүлөрдөн башка механизмдердин жоктугунан улам талапкерлердин ар намысын жана кадыр баркын коргоо, жоопкерчиликти теле- жана радио программаларды кайра трансляциялоону жүзөгө ашыруучу жергиликтүү ЖМКларга жүктөө негизделген болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына кайра трансляциялануучу чет өлкөлүк теле- жана радио программалардын мазмуну көнүктүрүүнүн жалпы эрежелери менен келишет.
Ошентип, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгүнүн шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программаларды жазылып алынган түрдө жана талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салууну жүзөгө ашыруу бөлүгүндөгү ченемдик жоболор, ошондой эле ушуга окшогон маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү ЖМКларга жүктөлгөн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанылбайт.
Мыйзам чыгаруучу, мындай укуктук жөнгө салууну ишке ашырып жатып, ар биринин сөз эркиндигине болгон укугу, оюн жана маалыматты чагылдыруу, чыныгы демократиялык шайлоо мамлекеттик көз карандысыздыктын ажырагыс бөлүгү сыяктуу конституциялык маанилүү баалуулуктардын бардыгын эске алган. Мындай мыйзам чыгаруучу регламенттөөдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 2-бөлүгүндө, 33-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган укуктардын чектелишин же бузулушун көрө алган жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8-бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгүнүн "Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр менен берилген ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы