Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июну № 55
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фонду» жабык акционердик коомунун финансы каражаттарын которуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын туруктуулугун камсыздоо максатныда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фонду» жабык акционердик коомунун жоюу комиссиясы (мындан ары-«Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» ЖАКы) «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» ЖАКын капиталдаштыруу үчүн мурда бөлүнгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын резервдик фондусунун эсеби» атту эсебине которсун.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
2. «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомун жоюу комиссиясы:
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-беренесинде каралган кезектүүлүккө ылайык «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун кредиторлорунун талабын канааттандырсын;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-беренесине ылайык кредиторлордун талабын канааттандыргандан кийин, коммерциялык банктардагы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун бардык эсептериндеги каражаттардын калдыгын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун эсебине» которсун.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун эсебине» которулган каражаттар «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун 2009-жылдын 27-августундагы № 19-05/22 Карыз милдеттенмесине 2009-жылдын 28-декабрындагы № 19-05/46 Кошумча макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине болгон карызынын бир бөлүгүн тындыруу катары эсептелсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» ЖАКынын жоюу комиссиясы менен бирдикте республикалык бюджеттен «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүүфонду» ЖАКына мурда бөлүнгөн каражаттарды салыштырып текшерүүнү жүргүзсүн жана табылган каражаттарды өз убагында жана толугу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын резервдик фондусунун эсеби» аттуу эсебине которууну камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансылык полициясы мамлекеттик кызматы «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» ЖАКынын каражаттарын толук өлчөмдө табуу боюнча «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» ЖАКынын жоюу комиссиясынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы | Р. Отунбаева |