Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 2-сентябры №10-р
жаран Абдиламит Мамиевич Исаевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктундагы мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын талашуу үчүн үч айлык мөөнөт орнотуучу бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
2015-жылдын 2-сентябры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, К.М.Киргизбаев, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,
сот жыйналышынын катчысы М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап: жаран А.М.Исаевдин, анын ишеним каттын негизиндеги өкүлү Т.И.Иманкуловдун;
жоопкер-тарап: ишеним каттын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыктарын коргогон Ч.М.Бердимуратовдун;
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин туруктуу өкүлү М.К.Укушовдун, ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошеванын, ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Б.А.Мусабековдун, ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Ф.Б.Ажибаевдин;
жарандык-процесстик укук тармагындагы эксперт А.Р.Салиевдин катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктундагы мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын талашуу үчүн үч айлык мөөнөт орнотуучу бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жаран А.М.Исаевдин өтүнүчү себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктундагы мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын талашуу үчүн үч айлык мөөнөт орнотуучу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 25-январында жаран А.М.Исаевдин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 260-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасы, 262-беренеси, 263-беренесинин 3-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласына, 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 40 жана 41-беренелерине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыз ээси өзүнүн өтүнүчүндө, жарандардын жана юридикалык жактардын укугун же эркиндигин чектеген же бузган мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын толугу менен же бөлүгүн талашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин көрсөтүлгөн ченемдеринде бекитилген үч айлык мөөнөт конституциялык мыйзамдарга жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка каршы келээрин белгилейт.
Жаран А.М.Исаев Бишкек шаарынын район аралык сотуна анын пенсиялык камсыздандырууга болгон укугун бузгандыгы жана чектегендиги боюнча 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун мыйзамсыз деп таануу жөнүндө арыз менен кайрылган. Бирок, Бишкек шаарынын район аралык соту жаран А.М.Исаевге арызын кайрып берген жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктунда бекитилген сотко арыз берүү үчүн үч айлык мөөнөт өтүп кетти деген шылтоону айткан.
Ушуга байланыштуу, арыз ээси Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин көрсөтүлгөн ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылган. Кайрылуу субъектинин ырастоосу боюнча, конституциялуулук предмети боюнча талашка түшкөн ченемде мамлекеттик бийлик органдарынын ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө сотко кайрылуу үчүн үч айлык мөөнөттү орнотуу сотко жетүү мүмкүндүгүн чектей турган ашыкча, чектен тышкары тоскоолдук болуп саналат.
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласында бардык кыргыз мыйзамдарын кабыл алууда жана чечмелөөдө негиз болуп бере турган Конституцияны кабыл алуунун максаттары көрсөтүлгөн деп белгилейт. Бул жерде кыргыз мыйзамдарынын негиз салуучу принциби болуп укуктун үстөмдүк принциби саналат. Экинчи бир негиз салуучу конституциялык принцип катары, ага төрөлгөндөн баштап таандык жана андан ажыратылгыс болгон адам укуктары менен эркиндиктерин таануу, урматтоо жана камсыз кылуу эсептелет, алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат (Конституциянын 16-берененин 1-бөлүгү).
Арыз ээсинин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренеси адамдын жана жарандын укугун жана эркиндиктерин чектөөнүн чектерин орноткон, алар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Бул учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен орнотулган мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуруп алууга болгон укук, ошондой эле соттук коргоого болгон укук эч кандай чектөөгө жатпайт (20-берененин 5-бөлүгү).
Жаран А. М. Исаев өз далилдерин негиздөөдө ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесине таянган, анда ар кимге Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган адам укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого болгон ар бир адамга берилүүчү кепилдиктер көрсөтүлгөн. Бул учурда арыз ээси, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 41-беренеси ар кимге, бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылуу укугуна гана кепилдик бербестен, көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиктери бузулгандыгы таанылган учурда, Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөөрүнө да кепилдик берет деп көрсөтөт (41-берене).
Ушуга байланыштуу жаран А.М.Исаев, мамлекеттик органдын иш-аракеттерине даттануу үчүн мөөнөттөрдү орнотуу арыз ээсинин көз карашын татаалдантат жана адамдын жана жарандын бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн аныкталбаган тоскоолдук жаратат, деп эсептейт.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 17-февралындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү бөлүгү боюнча арыз ээсинин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Кайрылууда Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 260-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасынын, 262-беренесинин конституциялуу эместигинин укуктук негиздемесинин жоктугунан, бул бөлүгүн өндүрүшкө кабыл алууга баш тартылган.
Андан ары - 2015-жылдын 12-мартында - арыз ээси берилген өтүнүч боюнча талаптарын тактап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктундагы мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын талашуу үчүн үч айлык мөөнөт орнотуучу бөлүктү гана кароону суранган. 2015-жылдын 22-июнунда арыз ээси өтүнүчкө толуктоо киргизип, талашка түшкөн ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна да карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Соттук жыйналышта А.М.Исаевдин ишеним каттын негизинде өкүлү болгон Т.И.Иманкулов Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктундагы мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын талашуу үчүн үч айлык мөөнөт орнотуучу бөлүктү конституциялуу эмес деп таануу тууралуу талабын колдоп, жана талашка түшкөн ченемди Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 260-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасы, 262-беренеси менен тутумдук байланышта кароону суранды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Ч.М.Бердимуратов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептеп, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранды.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, эксперттин корутундусун текшерип жана иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктундагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын талашуу үчүн үч айлык мөөнөт орнотуучу бөлүгү эсептелет:
"263-статья. Администрациялык иштер боюнча арыз берүү укугу
3. Администрациялык иш боюнча арыз сотко мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын актысынын көчүрмөсүн алган күндөн тартып же, эгерде мыйзамда башкача мөөнөттөр белгиленбесе, арыз ээси андай акты чыгарылганын билген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерине карата даттанууда арыздар сотко арыз ээси алардын жасалганын билген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын аракетсиздигине карата даттанууда арыздар сотко ал боюнча жооп берген же берген жообуна арыз ээси макул эмес болгон тийиштүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана алардын кызмат адамдарына кайрылган күндөн тартып бир айдын ичинде берилет.".
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык 1999-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, № 146, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында" 2003-жылдагы № 3 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы Кодекс болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласы, киришүү бөлүгү катарында, Негизги мыйзамды колдонуунун максаттарынын, шарттарынын жана жүйөлөрүнүн кыскача мүнөздөмөсүн камтыйт. Преамбулада төмөндөгүдөй мамлекеттин максаттары жана милдеттери аныкталат: адамдын укугун коргоо жана урматтоого негизделген эркин жана демократиялык мамлекетти куруу; кыргыз мамлекеттүүлүгүн, мамлекеттик эгемендүүлүгүн жана элдин биримдигин бекемдөө; укуктун үстөмдүгүн орнотуу, социалдык адилеттикти жана экономикалык жыргалчылыкты камсыздоо. Бул жоболор мамлекеттин Негизги мыйзамынын бардык беренелерин тепчип өтөт, натыйжада анын маанисин жана маңызын аныктап берет.
Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет болуп саналат, анда адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп жарыяланат, тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет (1-берененин 1-бөлүгү, 16-берененин 1-бөлүгү, 40-берененин 1-бөлүгү).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көрсөтүлгөн ченемдери "Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө" эл аралык пактынын 14-беренесинин 1-пунктунун жоболору менен макулдашылган, аны менен ар бир адам анын укугу жана милдеттери жөнүндө талаш келип чыккан учурда кыска мөөнөттүн ичинде мыйзамдуулуктун негизинде түзүлгөн акыйкат жана көз карандысыз сот тарабынан ачык жана акыйкаттуу каралышына болгон укугуна кепилдик бекитилген.
Ар бир адамга адилет жана көз карандысыз сот тарабынан акыйкат каралуу укугунун камсыздалышы институционалдык жана процесстик өңүттөргө ээ. Институционалдык өңүткө мамлекет тарабынан бийликти бөлүштүрүү принцибин ирээттүү камсыз кылуу, бийликтин сот бутагынын өз алдынчалуулугуна болгон кепилдиктери кирет. Адилет жана көз карандысыз сот тарабынан акыйкаттуу каралышына болгон укуктун процесстик өңүтүнө процесстик мыйзамда бекитилген принциптер жана эрежелер, негизинен, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган иштеги принциптер жана эрежелер кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси укуктар менен эркиндиктердин соттук коргоосунун кепилдиктери жөнүндө конституциялык жобону конкреттештирип, жарандардын жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын, жарандык, эмгектик, администрациялык жана башка укуктук мамилелердин субъектиси болгон башка жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу талаптарын коргоону, Кыргыз Республикасынын укуктарын жана таламдарын жана ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды коргоону жарандык сот өндүрүшүнүн милдеттери катарында аныктаган.
Жарандык сот ишин жүргүзүүнүн мыйзам тарабынан белгиленген тартиби иштердин туура жана өз убагында каралашын жана чечилишин, мыйзамдуу сот актыларынын чыгарылышын, алардын анык аткарылышын камсыз кылууга, мыйзамдуулуктун, укук тартибинин бекемделишине жана укук бузуулардын алдын алууга өбөлгө түзүүгө тийиш (3-берене).
Ошентип, мыйзам чыгаруучу сот өндүрүшүнүн милдеттерин жарандык иштерди кароо жана чечүү менен, ал эми максаттарын - ишти кароо процессине тартылган ар кандай субъектилердин кызыкчылыктарын коргоо менен аныктаган.
Жарандык сот өндүрүшүнүн милдеттери жарандык иштерди өз убагында жана туура кароону жана чечүүнү камтыйт. Туура дегени, баарынан мурда, иштин мыйзамдуу жана негизделип чечилишин түшүндүрөт. Өз убагында чечилүү деген - процесстик мыйзам менен бекитилген ишти кароо жана чечүү мөөнөтүн так сактоону шарттайт. Бул жерде маанилүү тутумдук нерсе болуп - сот жөн гана ишти карабастан, аларды маңызы боюнча чечип бергендиги эсептелет.
Жарандык сот өндүрүшүнүн максаттары, баарынан мурда, талаштуу укук мамилелеринин, мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөөгө, укук бузууларды алдын алууга, мыйзамга жана сотко урматтоо мамилесин калыптандыруу тармагына камтылган бардык субъектилердин бузулган кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Бул максатка өзүнчө жарандык ишти кароо жана чечүү учурунда да, жалпы сот адилеттигин ишке ашыруу учурунда да жетүүгө болот.
4. Жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында ченемдик укуктук актыларды талашууга болгон укук Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренеси менен бекитилген соттук коргоого болгон конституциялык укуктун элементтеринин бири болуп саналат, ага ылайык ар бир адамга анын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоого кепилдик берилет, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алардын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине), мыйзамсыз иштерине даттануу жолу менен. Сотко кайрылуу жана ченемдик укуктук актыны талашуу жөнүндө процессти козгоого болгон укук көрсөтүлгөн конституциялык укуктун зарыл элементи болуп саналат.
Так ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 260-беренеси мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын административдик иштер боюнча сот өндүрүш тартибинде ченемдик укуктук актыларды толук же бир бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө арызды карайт.
Ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндө иштер коомдук укук мамилелерине кирет, анткени каралган маселелер өз укуктарын коргоо үчүн кайрылгандарга гана таандык эмес, жоопкер катары ченем жаратуучу иш- милдеттер берилген мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары чыга турган көптөгөн жарандарга таандык. Мындай категориядагы иштер Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 26-главасы менен бекитилген өзгөчөлүктөр менен каралат.
Бул учурда сот, ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндө ишти карап, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынан башка, чоң юридикалык күчкө ээ болгон актыларга же анда камтылган актылардын ченемдеринин юридикалык ченемдерине ылайык келишине текшерүү жүргүзүшү керек.
5. Ченемдик укуктук акт - ченем жаратуучу орган тарабынан анын компетенциясынын чегинде аныкталган таризде кабыл алынган (чыгарылган) жана укуктук ченемдерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган жазуу жүзүндөгү расмий документ. Өз кезегинде укуктук ченем деп жалпы милдеттүү жазма буйруктарды түшүнсө болот, алар эреже катары, туруктуу мүнөздө болуп, адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга багытталат.
Ошентип, укуктук ченемдик акт төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт: мамлекет менен орнотулуп же санкцияланган жүрүм-турумдун жалпы милдеттүү эрежеси болуп саналат; жалпы мүнөзгө ээ, көп ирет колдонууга эсептелген жана персонифицияланган эмес; формалдык түрдө аныкталган; мамлекеттик мажбурлоо менен камсыздалат.
Муну менен катар, ар бир ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келиши керек жана ага салыштырмалуу чоң юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга каршы келбеши керек. Бардык ченемдик укуктук актылар жарыяланууга жатат, алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет (Конституциянын 6-берененин 2 жана 4-бөлүктөрү). Ушуга байланыштуу мамлекет алардын билим презумпциясынан алып караганда жана санкция салууда мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны кынтыксыз аткарууга талап кылуу укугуна ээ.
Ар бир мамлекеттин майнаптуу иш алып барышы үчүн, коомдук бийлик бир гана жакшы ойлонулган ченемдик укуктук актыларды гана чыгарбастан, укуктук ченемдердин бири-бирине каршы келишинен да качышы керек. Мындайга ченемдик укуктук актыларда учураган карама- каршылыктарга мамлекеттик органдардын уюшкан майнаптуу реакция кылуу тутуму аркылуу жетсе болот. Укуктук тутумдагы карама-каршылыктарды табуунун жана аларды оңдоонун мамлекеттик саясаты мыйзамдуулук үчүн көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органдарга гана негизделбеши керек, ал жалпы коомчулуктун мыйзамга каршы келген чечимдерди издеп, табуусуна кеңири катышуусу аркылуу негизделиши керек.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктунда мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын актыларына даттанууга үч айлык мөөнөттүн орнотулушу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 260-беренесинде каралган администрациялык иштердин каралууга тийиштүүлүгүнөн жеке-укуктук актыларга эмес, аталган органдардын жана кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларында да колдонулат.
6. Укуктук мамлекеттин принцибинин маанилүү түзүүчү бөлүгү болуп саясий туруктуулук саналат, ал бир гана сот өндүрүшүнүн процессин жөнгө салууну талап кылбастан, аны ушундай кылып түзүүнү талап кылат, бул укуктук мамиледе туруктуу болуп саналат.
Укуктук туруктуулукту камсыз кылуу максатында конкреттүү процесстик аракеттерди аткаруу үчүн мөөнөттөрдү орнотуу да багытталган.
Ушуга байланыштуу, жазык процессинде процесстик аракеттер үчүн да, административдик процессте, жарандык сот өндүрүшүнүн процессинде арыз берүү үчүн ылайык келген жана орнотулган убакыттын чектелиши зарыл.
Укуктук ченемди талашууда мүмкүн болгон негизделбеген создуктурууга байланыштуу шайкеш келбеген узак убакыттын орнотулушу алардын аракеттерине карата тараптардын аныкталбагандыгын узартат. Анын үстүнө, дайыма эле өз актуалдуулугун жоготкон иштерди канааттандыраарлык чечүүгө мүмкүн эмес. Мөөнөттү чектөө иштерди создуктуруудан жана анын зыяндуу кесепеттеринен коргойт.
Конституциялык палата, мөөнөттү орнотуу убакыттын мезгилин чектөө зарылдыгы менен негизделген деп эсептейт, анын аралыгында мыйзамдын келечеги туруктуулуктун талаптарын эске алуу менен аныкталбаган болуп калат, ал элдик укукта жеке адам менен мамлекеттин ортосунда же ченем жаратуучу иш-аракеттерге ээ бир нече мамлекеттик органдардын ортосунда өзгөчө маанилүү болуп саналат.
Жарандык процесстик кодекстин 263-беренесинин 3-пунктунда сотко кайрылуу үчүн берилген бул мөөнөттүн маңызы мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине жарандардын жана юридикалык жактардын тез реакция кылуусуна жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүүгө умтулууда турат. Бул аракеттер көптөгөн адамдар үчүн укуктарын жана милдеттерин жаратат жана убакыттын өтүшү менен алар жүзөгө ашып баштайт.
Каралып жаткан үч айлык мөөнөт укуктук туруктуулуктун элементи болуп саналат жана ал бир гана ченем жаратуучу органдын кызыкчылыктарын коргобостон, өзүнөн өзү баалуу болуп саналган укуктук аныкталгандык принцибин да коргойт.
Конституция, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин теңдигине кепил болуу менен, ошондой эле алардын укуктары менен эркиндиктерин таануу менен, мыйзам чыгаруучуга адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо тармагында жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда мамлекеттик бийлик органдарынын актысына арыз берүү мөөнөтүн орнотууга, анын ичинде белгиленген актыларды талашууга тиешелүү атайын эрежелерди киргизүүгө тыюу салбайт.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу, объективдүү жарандык укук мамилелериндеги укуктук туруктуулукту камсыз кылуу зарылдыгынан улам, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын актыларын талашуунун өзгөчө эрежелерин кароого укуктуу, бул болсо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренеси менен кепилденген укуктун бузулушу катары бааланбашы керек.
Ушуга ылайык, мамлекет тарабынан мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзамсыз аракеттери тарабынан келтирилген зыяндардын ордун жабууга болгон укукту ишке ашыруу, ошондой эле соттук коргоого болгон укук бузула албайт, бул укуктар Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбай турган өлчөмдө жана жоопкерчиликтүү ишке ашырылат (16-берененин 1-бөлүгү, 20-берененин 1, 2, 3, 5 жана 7-бөлүктөрү, 40 жана 41-беренелер).
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктундагы мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын талашуу үчүн үч айлык мөөнөт орнотуучу бөлүк Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласына, 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3, 5 жана 7-бөлүктөрүнө, 40 жана 41-беренелерге карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Төрагалык кылуучу |
| Э.Мамыров |
Судьялар: |
|